Ысык-Ата районунда болгон жол кырсыгынан 4 адам жабыркады
Ысык-Ата районунда болгон жол кырсыгынан 4 адам жабыркады. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 8-январда билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 4-январь күнү саат 23:30 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунун 40-чакырымында болгон. Анда 22 жаштагы Ак-Сай айылынын тургуну өз унаасын башкара албай, каршы келе жаткан Мазда унаасы менен сүзүшкөн. Анын кесепетинен Мазданын ичиндеги 4 жүргүнчү жабыркаган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















