ЖКда статс-катчыларды дайындоону тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчисинин макулдугусуз жүргүзүү сунушталууда
Депутаттар Курманбек Осмонов, Айнуру Алтыбаева тарабынан демилгеленген “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору бүгүн, 6-февралда ЖКнын жыйынында каралды. Сунушталган мыйзам долбоору Мамлекеттик кызмат боюнча кеңеш тарабынан тандалган мекеменин статс-катчысын дайындоого министрликтин же мекеменин жетекчисинин макулдук берүүсүн талап кылган ченемдерди алып салуу максатында иштелип чыккан. Бул мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
15:55
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















