Өзгөн районундагы турак үйдөн өрт чыгып, үй ээси күйүк алды
Өзгөн районуна караштуу Чаңгет айыл өкмөтүндөгү үйлөрдүн биринен өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда ӨКМдан билдиришти. Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен үйдүн жыгач устундуу чатыры, үй мүлкү, үй документтери жана паспорттор күйүп кеткен. Ошондой эле 50 жаштагы үй ээси бетинен жана 2 колунан 2-даражадагы күйүк алып, аймактык ооруканага жеткирилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















