Чүй облусунда болгон жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок
Кечээ, 22-январда Чүй облусунда болгон жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Жер титирөөнүн очогу Бишкек шаарынан 65 чакырым түштүк-чыгышты карай жайгашкан.
Жер титирөө Ала-Арча, Кызыл-Дөбө, Дөң-Алыш, Эпкин жана Чолпон айылдарында
3,5-4 балл, Куйручук, Кызарт айылдарында жана Ысык-Ата курортунда 3,5 балл,
Кочкор, Тёплые Ключи айылдарында 3 балл, Бишкек, Шопоков, Кемин жана Кара-Балта
шаарларында 3 балл болгон.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















