Сокулуктагы элдик жазалоо боюнча иликтөө бир жума аралыгында бүтүп, иш сотко жөнөтүлөт
Сокулуктагы элдик жазалоо боюнча иликтөө бир жума аралыгында бүтүп, иш сотко жөнөтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 7-январынан 8-январга караган түнү Сокулук районундагы Конуш айылынын тургундары 43 жаштагы Нурлан Амановду ур-токмокко алышкан. Анын кесепетинен жабырлануучу каза тапкан. Тургундар маркумду “ар кимге зордук-зомбулук көрсөтүп жана 1972-жылы туулган Рустамбек аттуу айылдашын зордуктаган” деп айыпташкан.
Бул боюнча кылмышка шектүү катары 6 адам кармалган. Бирок аларды райондук сот үй камагына чыгарып жиберген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















