"Жаназа окуудан акы алуу - күнөө" деди муфтий Максатбек ажы Токтомушев
Көз жумган адамга жаназа окуп, акы алуу динде жоктугун Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев 30-январда Жогорку Кеңеште айтты.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Жыйында салттуу диндерди мамлекет тарабынан колдоого багытталган мыйзам долбоору каралууда. Депутат Бөдөш Мамырова дин өкүлдөрүнүн жаназа окуп, акы алган жоруктарын сынга алды.
Бул боюнча муфтий: "Бул шариятта жок, мусулман болгондон кийин жаназа окулушу керек. Эми анча-мынча имамдар каражатынын тартыштыгынан улам алып жатышат",- деди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:39
2025-11-25
14:27
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















