Бишкек шаарындагы үйлөрдүн баасы акыркы 3 жылда 15-20 пайызга кымбаттаган
Бишкек шаарындагы үйлөрдүн баасы акыркы 3 жылда 15-20 пайызга кымбаттаган. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо департаментинин өкүлү Айдар Сукенбаев билдирди. Анын айтымында, кыймылсыз мүлктүн колдон колго сатылуусунун көлөмү 2012-жылы 949 миллион долларды түзгөн. Бул сумма Кыргызстандын ички дүң продукциясынын 17 пайызын түзөт. Сукенбаев Бишкекте үйлөрдүн 1 чарчы метри орточо эсеп менен 802 доллар экенин кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:30
2025-08-19
Рейтинг:
0

