Гейлерге каршы мыйзамды жактаган активисттер Бишкекте 3 талап менен тынч митингге чыгышты




Бүгүн, 5-февралда Бишкекте активисттер Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын Кыргызстандын ички саясатына киришүүсүнө каршы тынч митинг өткөрүшүүдө. 60 чакты активисттин катышуусундагы иш-чара саат 11:00дө Ак үйдүн астында башталды. “Калыс” саясий кыймылынын лидери Жеңиш Молдокматов билдиргендей, чогулгандардын 3 талабы бар:
1. 2014-жылы ЖКнын кароосуна кирген гомосексуализмди жайылтууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору парламент деңгээлинде каралып, кабыл алынсын;
2. Чет элдик бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүнө чектөө киргизүү;
3. Акыркы күндө педофилдер күч алып жатканына байланыштуу өлүм жазасы каралсын.
Ж.Молдокматов кошумчалагандай, тынч митингдин уюштуруучулары депутаттарды жолугушууга чакырышкан. Учурда алар депутаттарды күтүп жатышат.
Кошумчалай кетсек, митингге "Калыс" уюму, "Славян маданияты борбору" коомдук бирикмеси, "Күчтүү Кыргызстан" кыймылы, Кыргызстандын коммунисттик партиясы жана "Таза оппозиция" кыймылы катышат.
Гейлерге каршы митингди депутат колдоду


Порталдын башка колдонуучуларын кемсинтип, мазактоого жол берилбейт.
Кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.