super.kg logo

Гүлжигит Калыков "Күттүм сени"
Жүктөлгөн: 2010-08-30
Текст
Күттүм сени жолуң карап,
Күттүм сени келет деп.
Саамайыңды желге тарап,
Жалгыз турдум сени эстеп.
Күттүм сени күндөп-түндөп,
Күттүм сени сагынып.
Келет деген үмүт менен,
Турам зарыгып.

Кайырма:

Сен жүрөсүң кайда?
Таба албайм айла.
Таш беле кыздардын жүрөгү?
Ансайын көрсөм деп эңсеткен,
Ак сүйүүм бир гана сен деген.
Жоодурап көздөрүң элестеп,
Жолуңдан күтөмүн кетпестен.

Күттүм сени күн өтсө да,
Күттүм көңүл калбастан.
Үмүтүмдү үзө албай,
Максатымдан танбастан.
Күттүм сени, күтө берем,
Жашоо сенсиз жалгандай.
Жалгыз гана күтүү үчүн,
Жаралып мен калгандай.

Кайырма:

Мен убакыт санап,
Жолуңду карап.
Күндөрүм күтүүдөн жүдөдү.
Ансайын көрсөм деп эңсеткен,
Ак сүйүүм бир гана сен деген.
Жоодурап көздөрүң элестеп,
Жолуңдан күтөмүн кетпестен.

Сагынычта өткөрөмүн күндөрүмдү,
Ойго салып, оорутпачы көңүлүмдү.
Билесиңби сен, сезесиңби сен? Күтүү менен күн өткөрүп жүргөнүмдү.
Көргүм келет сенин кара көздөрүңдү,
Айткым келет сагынычка толо сөзүмдү.
Жүрөгүмдө сен, ойлорумда сен,
Дагы эле күтөм өзүңдү.

Кайырма:
Биз социалдык тармактарда:
Видеоклиптер
00:03:46
Euphoria
6 күн мурда
00:03:33
Майда
11 күн мурда
калганы >>>
Элдик видео
00:00:31
видео
2 жыл мурда
калганы >>>
Популярдуу видеолор
Күн
Жума
Ай
Жыл
Баардыгы
Аудиоклиптер


    8 күн мурда


    8 күн мурда


    8 күн мурда


    8 күн мурда


    8 күн мурда


    8 күн мурда


    8 күн мурда


    8 күн мурда
калганы >>>
Элдик аудио


    3 жыл мурда


    3 жыл мурда
калганы >>>
Популярдуу аудиолор
Күн
Жума
Ай
Жыл
Баардыгы
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Медиа-портал" бөлүмүнө кирди:

Видеоклиптердин саны:
2893;
Аудиоклиптердин саны:
9299;
Элдик видеолордун саны:
36849;
Элдик аудиолордун саны:
18962;