9-сентябрь - 16-сентябрь
|
Мурадил Данияров "Аярым"
Жүктөлгөн: 2025-04-04
Текст
Кара мончок каректериң карагат,
Караганың жүрөгүмдү жаралап. Кайырчыдай жалдырады ак сүйүүм, Кагып эшик бир өзүңө сагалап. Кага албай махабатым канатын, Кайра тапты жүрөгүмдүн жараатын. Башка менен кол кармашып бактылуу, Неге мени көзгө илбей бараттың? Кайырма: Ай, аярым, өзүңдү аядым, Жалгандан алсырап аядым. Ай, аярым, сүйүүңдү танбаймын, А бирок өзүңдү аядым. Кайгы беле махабаттын белеги? Кыйналамын таппай анын себебин. Кагып канат уччу жерге жетпесе, Айтчы анда куштун барбы кереги? Алоолонгон ак сүйүүмдү арнадым, Алыс кагып аны кабыл албадың. Башка нерсе айта албайм, түшүнгүн, Бактылуу бол, менин сага каалаарым. Кайырма: Ай, аярым, өзүңдү аядым, Жалгандан алсырап аядым. Ай, аярым, сүйүүңдү танбаймын, А бирок өзүңдү аядым.
Биз социалдык тармактарда:
Популярдуу видеолор
Жылаңач Бактыгүл (жашыруун камера, нерви жукалар көрбөгүлө!).18 жашка чейинкилерге көргөнгө болбойт.
Күн
Жума
Ай
Жыл
Баардыгы
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Медиа-портал" бөлүмүнө кирди:
|