|
Сыймык Бейшекеев
Бардык видеолор: 8
Бардык аудиолор: 83
00:06:38
00:04:35
00:04:35
00:03:41
00:04:33
00:07:01
00:03:55
Сөзү : Сыймык Бейшекеевдики
Обону : Сыймык Бейшекеевдики
Сөзү : К.Байбосуновдуку
Обону : Ж.Сыдыковдуку
Сөзү : Жыргалбек Касаболотовдуку
Обону : Сыймык Бейшекеевдики
Жаз белгиси кызгалдак,
Ай, ыргалат.
Жазгы желге жылмаят,
Ай, нурданат.
Махабаттын дастаны,
Ай, ырлары,
Бүгүн даңктап ырдалат,
Ырдалат махабат.
Кайырма:
Кызгалдактуу талаалар,
Кызык сүйүү жаралар.
Кол кармашып ал жаштар,
Гүлдүү шалбаа аралаар.
Аңкыган жаз илеби,
Ай, билеби?
Ал - өмүрдүн тиреги,
Ай, тилеги.
Махабаттын ырлары,
Ай, сырлары.
Жашыл жазбы себеби,
Себебин билели.
Кайырма:
Сүйүү ыры ырдалат,
Ай, кызгалдак.
Жүзүбүздөн нур тамат,
Ай, кызгалдак.
Бата берип сүйүүгө,
Ай, күнүгө.
Бакыт себет кызгалдак,
Кызгалдак нурданат.
Сезип дайым жүрөгүнөн ыйыктыгын мекендин,
Ишенебиз, шегибиз жок, чек аранын бекемин.
Погон кийген ар бир кыргыз офицери, силерге,
Ата Журттун сакчысы деп дайым таазим этемин.
Кайырма:
Офицерлер, офицерлер - мекенимдин сакчысы,
Офицерлер, офицерлер - тынчтык күндүн бактысы.
Силерсиңер, силерсиңер бейпилдиктин ачкычы,
Ден соолукта жүргүлөчү, өмүр болсун башкысы.
Бөтөн элди, бөтөн жерди өз жериндей корушту,
Артта калды Афганистан алааматы согуштун.
"Чептен эрдин күчү бек" дейт ата-бабам абалтан,
Билесиңер баркын-баасын ыйык ата конуштун.
Кайырма:
Көкүрөктө орден-медаль - эрдигиңдин белгиси,
Көзүндө от, жалын жүрөк болот дайым эргиши.
Өмүрүңөр өрнөк болсун урпактарга эртеңки,
Милдетиң так аткарасың, коргоп эли-жериңди.
Сагынып сага жазган каттарымды,
Билбедим же жактырбай жатканыңды.
Же күздүн бүркүмүнө бүктөп коюп,
Саргайган жалбырактай катканыңбы?
Бир кезде мага жазган каттарыңды,
Көргөзбөй жан адамга катпадымбы.
Сезимден жүрөгүмө уя салып,
Үлбүрөп балапандай бакпадымбы.
Бакпадымбы, каттарымды катпадыңбы?
Өзүңдү күттүм неге?
Өкүнүп бүттүм дебе.
Жарашып алсынчы деп,
Жаштык кез күтмөк беле?
Күн өттүбү, арадан ай өттүбү,
Сезбей калдым, сезимди түнөттүмбү?
Жообуң күтүп жол карап сен деп жүрсөм,
Жолоочудай жөн гана түз өттүңбү?
Канча ирет карааныңа жагалдандым,
Апкаарып айтар сөздү таба албадым.
Сагынсам да саргайып, жаным, бирок,
Батынып мен жаныңа бара албадым.
Бара албадым, таба албадым, жагалдандым.
Алыстан келсем сага кусаланып,
Айылымдан кетиптирсиң узап алыс.
Арнаган гүлдүн сага бариктери,
Алдымда турду түшүп ушаланып.
Кайырма:
Жомоктогу сүйүүнү пайдаланып,
Жоругуңду жазчу элем айдан алып.
Жол боюнда ыйлаарың билбептирмин,
Жоолугуңду кыйшайтып байлап алып.
Артыңдан барсам издеп кабар алып,
Алдымдан чыктың капыс балаңды алып.
Аттиң, ай, ушак ээрчип калбасын деп,
Амандык сурашканга жарабадык.
Кайырма:
Жол жок эми өзүмдү куткарууга,
Жакшы болбойт турмушуң бузганымда.
Жооткотуп өзүмдү койдум алдап,
Жолдошуңду жакшы деп укканымда.
Кайырма:
Оюмда булкан болуп мен атылып
Буралган тульпан болуп сен ачылып
Жайдагы жалын чачкан ысык күндө
Эс алуу гүл багында келетырык
Кайырма:
Адашып барат улам курган акыл
Ах, жыттуу мойнуңдагы урган атыр
Жүздөгөн кыздан өтүп сүрдөбөгөм
Жүрөгүм суурулчудай туйлап атыр
Тамшантып таңдан кечке саматчудай,
Таасириң топ жигитти каратчудай.
Баркы эмес баасы кошо көтөрүлгөн,
Фасоль деп эркелетсем жарашчудай.
Кайырма:
Ак куунун түспөлүндөй таластыгым,
Акактай келбетиңден тамат нуру,
Билинбес бир сыр жатыр карегиңде.
Билбеймин дагы нени самап турум
Кайырма:
Адашып барат улам курган акыл
Ах, жыттуу мойнуңдагы урган атыр
Эчен бир кыздан өтүп сүрдөбөгөм
Жүрөгүм суурулчудай туйлап атыр
От жаккан карегиңде бир сыр жатыр.
Теңирим теңдеп кошкон, алган жарым,
Тереңдеп ойлоп турам ойдун баарын.
Жанымдын жарымы болуп, ой бөлүшүп,
Жакшы сөз арнаарың чын мага дайым,
Алган жарым.
Кудайым каалап кошкон, алган жарым,
Кубанып ойлоп турат ойдун баарын.
Турмушта арка-жөлөк болуп мага,
Туу болуп турарың чын мага дайым,
Алган жарым.
Бак берип, Кыдыр даарып турса дайым,
Балдарга өмүр берсин бир Кудайым.
Жарым деп тартып турган мага убайым,
Жалгыз сен, жалгыз сенсиң, сен жубайым.
Жаным деп тартып турган мага убайым,
Жалгыз сен, жалгыз сенсиң, сен жубайым.
Эңсеген карлыгачым,
Эсимден тандырасың.
Бактымдай махабатым,
Багынтып алдабачы.
Кайырма:
Шурум, шурудайым,
Сага ырдайын.
Сезим алоолонот,
Мендик болчу дайым.
Шурум, шурудайым...
Күлкүңдүн шыңк эткени,
Жүрөгүм зырп эткени.
Үлбүрөп карап койсоң,
Үмүтүм жылт эткени.
Кайырма:
Шурум, шурудайым,
Сага ырдайын.
Сезим алоолонот,
Мендик болчу дайым.
Шурум, шурудайым...
Көзүмдүн карасындай,
Көңүлдүн дабасындай.
Жүзүңдү көргүм келет,
Жүрөктө санаам тынбай.
Кайырма:
Шуру, шурудайым,
Сага ырдайын.
Сезим алоолонот,
Мендик болчу дайым.
Шурум, шурудайым...
Элимдин бейпилдигин,
Намыска бек сактаймын!
Энеке, ак сүтүңдү,
Эл коргоп мен актаймын!
Кайырма:
Эр жигит эл четинде,
Азамат жоо бетинде.
Алыста кыргыз элим,
Ар дайым сезимимде.
Эр жигит эл четинде,
Азамат жоо бетинде.
Артымда кыргыз элим,
Ар дайым сезимимде.
Сүйүктүү чек арамды,
Душманга аралатпайм.
Атаке, сөзүм берем,
Жүзүңдү жер каратпайм.
Кайырма:
Эр жигит эл четинде,
Азамат жоо бетинде.
Алыста кара көзүм,
Ар дайым сезимимде.
Эр жигит эл четинде,
Азамат жоо бетинде.
Артымда кара көзүм,
Ар дайым сезимимде.
Кыргызым, кутман элим,
Бейиштен бүткөн жерим.
Намысты алдырбайбыз,
Ишенгин, менин элим.
Кайырма:
Эр жигит эл четинде,
Азамат жоо бетинде.
Алыста кыргыз элим,
Ар дайым жүрөгүмдө.
Эр жигит эл четинде,
Азамат жоо бетинде.
Артымда кыргыз элим,
Ар дайым жүрөгүмдө.
Тумчугуп жашоом туман
Чыйрыгып көзүм жумам
Туңгуюк бул жашоодон
Түгөндү такыр аргам
Тажадым бул чөйрөдөн, тажадым ушул көйгөйдөн
Алсырап куурап барам , үн салчы тээ өйдөдөн
Мен деле адам болуп, алыска сызгым келет
Жубайым эркелетип, боорума кыскым келет
Арданам арданамын
Неге артта кармалганмын
Жаш кездеменин деле
Жакшы эле самаганым
Тажадым бул чөйрөдөн, тажадым ушул көйгөйдөн
Алсырап куурап барам , үн салчы тээ өйдөдөн
Мен деле адам болуп, алыска сызгым келет
Баламды эркелетип, боорума кыскым келет
Кызымды эркелетип боорума кыскым келет
Ата-энем күнөөлөбөйм
Чалынган тагдырыма
Башынан баарын баштайм
Буюрса баары алдыда
Тажадым бул чөйрөдөн, тажадым ушул көйгөйдөн
Алсырап куурап барам, үн салчы тээ өйдөдөн
Мен деле адам болуп, закымдап сызгым келет
Баламды эркелетип, боорума кыскым келет
Кызымды эркелетип боорума кыскым келет
Тажадым бул чөйрөдөн адам болгум келет
Көп ойлоп дайым өзүңдү,
Жалынга таштайм өзүмдү.
Жароокер курбум болсоң деп,
Айжамал, Айжамал, укчу сөзүмдү.
Кыйнаба менин, жаркыным,
Жыттайын тосчу алкымың.
Ушул күн сага арналат,
Айжамал, Айжамал, келчи, алтыным.
Көп ойлоп дайым өзүңдү,
Жалынга таштайм өзүмдү.
Жароокер курбум болсоң деп,
Айжамал, Айжамал, укчу сөзүмдү.
Сөзү : С.Бейшекеевдики
Обону : С.Бейшекеевдики
Кызылдан көйнөк секелек сенсиң,
Кыраңда өскөн байчечек сезим.
Сүйүүмдү айтсам билмексен болгон,
Сүйкүмдүү кызым эселек кезиң.
Түрлөнтүп айткан баяным сенсиң,
Түшүмдө берген аяным сенсиң.
Кылымдап айткан жомогум сенсиң,
Кыйналып жазган обонум сенсиң.
Апталап айткан баяным сенсиң,
Ал түндө берген аяным сенсиң,
Айлап бир айткан жомогум сенсиң,
Араңдан жазган обонум сенсиң.
Саамайдан сылаар салкын бир желсиң,
Сүйүүмө жөлөк болчу сен белсиң,
Жылдызың чачып жылмайып койчу,
Сүйүүмө жалгыз сен эле теңсиң.
Түрлөнтүп айткан баяным сенсиң,
Түшүмдө берген аяным сенсиң.
Кылымдап айткан жомогум сенсиң,
Кыйналып жазган обонум сенсиң.
Апталап айткан жомогум сенсиң,
Ал түндө берген обонум сенсиң,
Сүрдөнүп айткан жомогум сенсиң,
Сүйүүдөн тапкан обонум сенсиң.
Нөшөрлөп жааган жамгырым сенсиң,
Көөшөрүп жазган жаңы ырым сенсиң.
Сүйүүнүн сырлуу сандыгы сенсиң,
Сүрдөнүп айтсам, бардыгы сенсиң,
Бардыгы сенсиң, бардыгы сенсиң.
Сүйүүнүн алтын сандыгы сенсиң.
Бардыгы сенсиң, бардыгы сенсиң,
Сүйүүмө жалгыз сен эле тенсиң.
Бардыгы сенсиң, бардыгы сенсиң,
Сүйүүнүн алтын сандыгы сенсиң,
Бардыгы сенсиң, бардыгы сенсиң,
Сүйүүмө жалгыз сен эле тенсиң.
Сөзү : Сыймык Бейшекеев
Обону : Сыймык Бейшекеев
Көнөктөп жамгыр төксө жеңилдеймин,
Көөнөрүп ал оюма жеңилбеймин.
Кусадан курган жүрөк жанчылса да,
Кумарлуу көздөрүңө тигилбеймин.
Кайырма:
Аптыгып ак жамгырда сейилдеймин,
Артылып карабасаң кейибеймин.
Мендеги бул сезимди түшүнбөсөң,
Мен сага бул сүйүүмдү билдирбеймин.
Жалгыздык жандап баскан жолдошумдай,
Жаңыра ойлор уюп коргошундай.
Сезилет күндө бир маал көрүнбөсөң,
Сергибей, бөксө жерим толбочудай.
Кайырма:
Сен туруп көңүлүмдүн борборунда,
Камалдым махабаттын коргонуна.
Тийгенде ал сендик деп кубулгансыйт,
Тамчысы ак жамгырдын колдорума.
Кайырма:
|