|
Исирадин Аманбаев
Бардык видеолор: 3
Бардык аудиолор: 25
00:05:34
00:04:56
00:03:16
Сөзү : Таш Мияшевдики
Обону : Исирадин Аманбаевдики
Сөзү : Анатай Өмүркановдуку
Обону : Исирадин Аманбаевдики
Кечке чейин тең жарышып жел менен,
Чарчаганда уктап калсаң мен менен.
Аныкында кызым коркпойт мейли деп,
Апаң издеп биздикине келбеген.
Кайырма:
Кошуна кыз, кошуна кыз, кошуна,
Балалыктын жылынганбыз балдан таттуу отуна,
Кошуна кыз, кошуна кыз, кошуна,
Жаш кезектин жылынганбыз, жан эргиткен отуна.
Эгер сени бирөө айтса жаман деп,
Оозуман октой уччу жаман кеп.
Сураганга жооп берчү элек тартынбай,
Сен тием деп, а мен болсо алам деп.
Кайырма:
Анда деле тоо ушундай жатчуле,
Анда деле суу ушундай акчу эле.
А бирок да сеникинен чыккан күн,
Алоолонуп биздикинен батчу эле.
Кайырма:
Анда деле кар асмандан түшчү эле,
Анда деле жерден түшүм күтчү эле.
А бирок да сеникинен чыккан жол,
Жүрүп-жүрүп биздин үйдөн бүтчү эле.
Кайырма:
Сөзү : Анатай Өмүркановдуку
Обону : Исирадин Аманбаевдики
Алоолонуп күйгөн жалынча,
Кучагымды жайып барынча.
Күт күткөндөй күтөм өзүңдү,
Кетпейм, кетпейм жолукмайынча.
Жыл күткөнүм жыл деп сезбестен,
Күтчү жерде турам кетпестен.
Сөзүңдү угуу - майрам мен үчүн,
Кетпейм, кетпейм жаным, жан эркем.
Мейли жамгыр суудай төгүлсө,
Мейли бороон согуп теминсе.
Көздөрүңдөн укмуш күү угуп,
Кетпейм, кетпейм көрүшмөйүнчө.
Сөзү : Чыныбай Турсунбековдуку
Обону : Исирадин Аманбаевдики
Жарыгын чачып ар кимге,
Ай элең тийген ал түндө.
Сезимдин күчүн багынтып,
Сен калып калдың кайсы үйдө?
Сен калып калдың кайсы үйдө?
Көпөлөк болуп жолдошуң,
Бөпөлөп турган колдосуң.
Ким билет, балким, кор болуп.
Чыга албай турган тордосуң.
Сен калып калдың кайсы үйдө?
Жарыгын чачып ар кимге,
Ай элең тийген ал түндө.
Сезилбей барып, жолуң ээрчийм.
Сен калып калдың кайсы үйдө?
Сен калып калдың кайсы үйдө?
Сөзү : Жолон Мамытовдуку
Обону : Исирадин Аманбаевдики
Сөзү : Исирадин Аманбаевдики
Обону : Исирадин Аманбаевдики
Мөлтүрөгөн тунук булак шылдырап,
Назик желге жазгы жамгыр тыбырап.
Махабаттын өлбөс күүсүн терметип,
Тээ алыстан торгой үнү угулат, угулат.
Кайырма:
Эй, кыздар, эй, кыздар, эй, кыздар,
Келбейлиби бак аралап бир басып,
Көңүлдөгү айтылбаган сырларды,
Чечпейлиби бирге олтуруп, сырдашып.
Эй, кыздар, эй, кыздар, эй, кыздар,
Жүрбөйлүбү айлуу түндө бир басып.
Жымыңдашкан жылдыздардын алдында,
Кол кармашып сүйүү ырын,
Кол кармашып жаштык ырын,
Шаттык ырын ырдашып.
Кеч да кирди, көктө жылдыз жымыңдап,
Ай баратат сүйүү ырына ыр улап.
Ээнсиреп бак-дарактар арасы,
Кыз-жигиттер келсе экен деп шыбырайт.
Кайырма:
Обону : Исирадин Аманбаевдики
Сөзү : Кожогелди Култегиндики
Обону : Исирадин Аманбаевдики
Сөзү : Абжапар Эгембердиевдики
Обону : Исирадин Аманбаевдики
Сөзү : Орозбек Бердигуловдуку
Обону : Исирадин Аманбаевдики
Сөзү : Кожогелди Култегиндики
Обону : Исирадин Аманбаевдики
Сөзү : Эрмек Мамытовдуку
Обону : Исирадин Аманбаевдики
Сөзү : Кожокелди Култегин
Обону : Исирадин Аманбаевдики
Сөзү : Тазагүл Закированыкы
Обону : Исирадин Аманбаевдики
Сөзү : Жолдошбек Зарлыкбековдуку
Обону : Исирадин Аманбаевдики
Сагынба мени, саргая күтпө, сагынба,
Сары жондон соккон сыдырым желге тосуп жүр.
Санаамда жоксуң чекеңден сүйгөн чагымда,
Саргыч гүл алып, таажысын төккөн отуз күн.
Сагынба мени, саргайган анда бак дагы,
Чымчыктын үнү чыйрыгар уксаң кайрылып.
Көзүңдөн күйүтүң төгүлө жаздап аз багып,
Кыруулай чапкан атчандан калган чаңды угуп.
Менин да кээде ичимди кетет ийдилеп,
Кырмызы жыты, кырк салаа өргөн чачыңды.
Түшүмдө бирөө түпөйүл сестүү кол кезеп,
Кайталап сенин куш сымал көрктүү атыңды.
Аптабы, айбы, аралаш карга, жамгырга,
Таарынган куштай каттарың учат айылда.
Каттарың учат карабай күнгө, ай-жылга,
Сөздөрүн окуйм сөгүлө жаздап кабыргам.
Сагынба мени, саргая күтпө, сагынба,
Сагыныч бирге, сары жарык отун өчүрө.
Аманы башка, отуздун аркы жагында,
Жылдызы жапыз, асманы чоочун көпүрө.
Сөзү : Э.Мамытовдуку
Обону : И.Аманбаевдики
Кечип таштап даңктан, атактан,
Келечегин издеп бараткан.
Кайгылуу шер дүйнө кыдырат,
Кайдасың сен, Нестан-Дарежан?
Кайырма:
Ак сүйүүнүн дайрасын кечип,
Азап-кайгы жүрөктү эзип.
Алоолонуп күйүп баратам,
Ансайын мен сүйүп баратам.
Аялзаттан башкача сезип...
Тоскоол болуп тура албаган,
Тоңгон музду ызгаар Бадахшан:
Тоону тешип өтөм сен үчүн,
Тосуп чыкчы, Нестан-Дарежан.
Кайырма:
Күнү-түнү чыкпай санаамдан,
Күйгөн шамсың мен деп жаралган.
Күйүт мени мыжып жатса да,
Күдөр үзбөйм, Нестан-Дарежан.
Сөзү : А.Барпиевдики
Обону : Исрадин Аманбаевдики
Мен тоолорду сагынам,
Мелтиреп анда кар жатса.
Мелжиген бийик чокулар,
Мээрими күчтүү сыр катса.
Айланып келем күнү-түн,
Ашыктык артып тоо жакка.
Кайырма:
Жанаша бассаң
эргиткен,
Жайлоонун көркү
келишкен.
Жайдары мүнөз, кумар көз,
Тоолук кыз болду
периштем.
Тоо жели беттен сыласа,
Толкундайт жүрөк
кайрадан.
Топ улар үнү угулат,
Тоо гүлүн жыттап сайраган.
Ансайын күчөп махабат,
Сен болдуң жипсиз
байлаган.
Аба салкын, түн ортосу, Ай жарык,
Көпкө жүрдүк, бак аралап айланып.
Бир убакта мындай сунуш киргиздиң:
"Болдучу эми, түн ортосу кайталык".
Кучактадым, мен сен жакка ыктадым,
Сен да ыктадың, кучагымдан чыкпадың.
Шылтоо кылып чочубасын дегенсип,
Жакаңдагы кызыл гүлдөн жыттадым.
Дедиң дагы мага карап токтодуң,
Колду сунуп коштошууга окшодуң.
“Эсен тур” деп оң колумдан бек кысып,
Ич жылытып, жүрөгүмдү козгодуң.
Сөзү : Э.Мамытовдуку
Обону : И.Аманбаевдики
Кубулуп, нурга бөлөнүп,
Кулпуруп Соң-Көл, көгөрүп.
Түгөнбөс сүйүү кайгысын,
Түбүнө алган чөгөрүп.
Көл үстү муңдуу шыбырап,
Айткандай сырды туюлат.
Арманда ыйлап алыстан,
Ак Мөөрдүн үнү угулат.
Канаты кандан кайрылган,
Кан кусуп, катуу кайгырган...
Элеси келет Болоттун,
Ак Мөөрдөн анда айрылган.
Өксүгөн өмүр сезбеди,
Өткөндү бүгүн эскерип.
Сүрөтүн сактап Ак Мөөрдүн,
Сүйүүгө Соң-Көл эстелик.
Сөзү : К.Култегиндики
Обону : И.Аманбаевдики
Бабалардын батасы –
Бак-таалайдын атасы.
Өткөн күндү унутуу –
Келечектин жазасы.
Жер үстүндө баарынын,
Жер астында тамырың.
Суроо берип топ жылдыз,
Сунат күчтөп жарыгын.
Асмандагы жетиген,
Ал эмне үчүн жетиден?
Чыгарба деп жатпасын ал,
Жети атаңды эсиңен.
Асмандагы жетиген,
Ал эмне үчүн жетиден?
Кетирбе дейт энеңдин ал,
Жети нанын эсиңден.
Асмандагы жетиген,
Ал эмне үчүн жетиден?..
Аккан дайра кайрылбайт,
Аны ээрчип сай жылбайт.
Эне тилдин өзүнүн,
Эңшерилткен сан жылды айт.
Энем дешип зайыбын,
Эчендин бар айыбы.
Суроо болуп топ жылдыз,
Сунап күчтөп жарыгын.
Асмандагы жетиген,
Эл эмне үчүн жетиден?
Жети күндү өткөрбөй,
Өз тилиңе жетип өн!
Асмандагы жетиген,
Ал эмне үчүн жетиден?
Жети күндү өткөрбөй,
Өз тилиңе жетип өн!
Асмандагы жетиген,
Ал эмне үчүн жетиден?
Төрөлө элек урпактар,
Кандай ырктуу бул чакта.
Эл менен эл жоолашмай,
Эс-акылга тунсак да.
Айдаса ар ким кайыгын,
Толкутат суунун жайыгын.
Суроо болуп топ жылдыз,
Сунат күчтөп жарыгын.
Асмандагы жетиген,
Ал эмне үчүн жетиден?
Теңир өзү келсе да,
Тең бөлүнбөс экиден.
Асмандагы жетиген,
Ал эмне үчүн жетиден?
Жаратканым келсе да,
Бөлүнбөс тең экиден.
Калайык-калк, эл-журтум,
Бөлүнбөйлү биз экиден.
Сөзү : А. Кадыровдуку
Обону : И. Аманбаевдики
Жаштыктын жалындаган жылдарында,
Жүрчү элек Фрунзенин бульварында.
Андагы сенин күлкүң, менин күлкүм,
Калыптыр гитаранын кылдарында.
Кайырма:
Ай гитара, гитара ай,
Достоштук го биз далай.
Ачык мүнөз, жайдары,
Ошондогу кыздар, ай.
Ай гитара, гитара ай,
Сырдаштык го биз далай.
Токтоо мүнөз, жароокер,
Ошондогу кыздар, ай.
Эргиймин гитар үнүн уккан чакта,
Жүргөнсүйм сени менен дале бакта.
Ансайын тизмектелип өткөн күндөр,
Элестеп көзүн ымдайт алыс жакта.
Кайырма:
Жанымды гитар үнү жалындатат,
Сага деген сагынычымды калыңдатат.
Экөөбүз бирге жүргөн түндү самап,
Жүрөгүм туйлап бакыт даамын татат.
Кайырма:
Сөзү : Э.Мамытовдуку
Обону : И.Аманбаевдики
Кечип таштап даңктан, атактан,
Келечегин издеп бараткан.
Кайгылуу шер дүйнө кыдырат,
Кайдасың сен, Нестан-Дарежан?
Кайырма:
Ак сүйүүнүн дайрасын кечип,
Азап-кайгы жүрөктү эзип.
Алоолонуп күйүп баратам,
Ансайын мен сүйүп баратам.
Аялзаттан башкача сезип...
Тоскоол болуп тура албаган,
Тоңгон музду ызгаар Бадахшан:
Тоону тешип өтөм сен үчүн,
Тосуп чыкчы, Нестан-Дарежан.
Кайырма:
Күнү-түнү чыкпай санаамдан,
Күйгөн шамсың мен деп жаралган.
Күйүт мени мыжып жатса да,
Күдөр үзбөйм, Нестан-Дарежан.
|