|
Мелис Абдрашитов
Бардык видеолор: 3
Бардык аудиолор: 9
00:04:11
00:04:12
00:02:42
Сөзү : Баян Акматовдуку
Обону : Баян Акматовдуку
Сөзү : М.Осмоновдуку
Обону : М.Осмоновдуку
Сөзү : Ж.Исабаева
Обону : Б.Мамаев
Тагдырдын көрүп жазганын, эй,
Таттуусу болдуң башканын.
Тамшанган менен жете албай,
Талпынып алыс жактамын.
Кайырма:
Түңүлбөй, бирок жүрөгүм,
Түпөйүл болуп жүрөмүн.
Түгөйүң болуп түндө мен,
Түшүңө кирип жүрөйүн.
Өзүң деп өтүп көп күнүм, эй,
Өксүдүм, жаным, өксүдүм.
Өткүнү болуп өзөктүн,
Өртүнө суу сээп өткөнүң.
Кайырма:
Сөзү : К.Оторбаев
Обону : Б.Мамаев
Ал күнү сенин добушуң болчу дилдирек,
Сүйүүдөн бекен, сүрдөдүң бекен ким билет.
Арзыдым билсең, албырып жүзүм от болуп,
Асманда Ай да аярлап калган токтолуп.
Кайырма:
Жазгүлүм менин, ак сүйүүм.
Жазгүлүм менин, ак сүйүүм.
"Сүйөмүн" дедиң жүзүмдөн сүйүп акырын.
Жүрөгүм туйлап сүрдөдүм мен да, асылым,
Сыдырым желге саамайың учуп сеңселет,
Жан дүйнөм сага сүйүүсүн айтат эркелеп.
Кайырма:
Жазгүлүм менин, ак сүйүүм.
Жазгүлүм менин, ак сүйүүм.
Жалжылдап жайнап, жалт карап алган көздөрүң,
Жаныма жакын, жагымдуу болчу сөздөрүң.
Санаага салбай, сагынтпай такыр башканы,
Сагындым сени, сагынтты мени жаз дагы.
Кайырма:
Жазгүлүм менин, ак сүйүүм.
Жазгүлүм менин, ак сүйүүм.
Сөзү : Абдырашит Супаналиевдики
Бир гана сүйүү чындык, Калгандары буйруксуз, Утурумдуу, жалган баары.
Мезгилдин канатында кайык болуп,
Качандыр өчөт дешет сүйүүм дагы.
Кейибе, садагасы, жүрөктү эзип,
Ансыз да жүрөт баарын жүрөк сезип.
Ойлорго салчу болдуң карегимде,
Кайыктай капыл-тапыл түнөп кетет.
Кайырма:
Жоготкум келбейт сени жүрөгүмдөн,
Эч күнөө кылба, жаным, сүйөрүмдөн.
Жүрөгүмдөн, ар дайым жүрөгүмдөн,
Арманда өзүмдү-өзүм алаксытып,
Күдөр үзбөй жашап жүрөм.
Кейибе, садагасы, жүрөктү эзип,
Ансыз да жүрөт баарын жүрөк сезип.
Ойлорго салчу болдуң карегимде,
Кайыктай капыл-тапыл түнөп кетет.
Бир гана сүйүү чындык, Калгандары буйруксуз, утурумдуу, жалган баары.
Мезгилдин канатында кайык болуп,
Качандыр өчөт дешет сүйүүм дагы.
Кайырма:
|