|
Гүлбү Ороскул кызы
Бардык видеолор: 7
Бардык аудиолор: 14
00:03:00
00:03:36
00:03:47
00:03:52
00:03:28
00:03:14
00:04:08
Сөзү : Расул Маматкуловдуку
Обону : Расул Маматкуловдуку
Сөзү : Абдырасул Кенжебаевдики
Обону : Расул Маматкуловдуку
Көгүлтүр көлдүн бетинде,
Кайыкта жүрдүк кечинде.
Калкылдап сүзүп баратып,
Каралдым дедиң эсимде.
Кайыкта сүзүп баратып,
Сүйөмүн дедиң эсимде.
Кечээги күндөр эсимде,
Келбедиң күттүм кечинде.
Кайдасың, азыр кайдасың?
Элесиң турат эсимде.
Кайдасың, азыр кайдасың?
Күтөмүн көлдүн жээгинде.
Көлүмдө сүйүү түптөлүп,
Махабат бизге жүктөлүп
Ортомчу болду Ысык-Көл,
Сүйүүгө бизге күч берип.
Калкылдап сүзүп баратып,
Каралдым дедиң эсимде.
Кайыкта сүзүп баратып,
Сүйөмүн дедиң эсимде.
Жан жүрөктөн жаралган,
Жаным менин, жан балам.
Таянар тоо болсун деп,
Теңир мага арнаган.
Эркин куштай талпынган,
Эрезеге жет, балам.
Эмгегиңди бааласаң,
Зирек болгун акылман.
Укта балам, жан балам,
Аппак жүздүү, нур балам.
Укта балам, жан балам,
Аппак жүздүү, нур балам.
Айдай жүзүң нурчалган
Адам болгун жөлөгүм.
Адал иштеп ар убак,
Аткарылсын тилегиң.
Күндөн жүзүң нурчалган,
Күзөтү бол элиңдин,
Элин-жерин коргогон, ай
Опол тоодой милдетиң.
Жараткандан суранам,
Узун болсун өмүрүң.
Жакшыларга жанашкын,
Эмгек болсун көңүлүң.
Кызмат кылып журтуңа,
Өсүп-өнгүн көбөйгүн,
Кабыл кылсын теңирим, ай
Ата-энеңдин тилегин.
Укта балам, жан балам,
Аппак жүздүү, нур балам.
Укта балам, жан балам,
Аппак жүздүү, нур балам.
Алдей, алдей, алдей, ай,
Укта балам, ай балам.
Сөзү : Гүлжамиля Шакированыкы
Обону : Сыймык Бейшекеевдики
Багытын беттеп шамалга,
Баратса жалгыз жел кайык.
Баладай коштоп сүйүнгөн,
Бактылуу жанда эмне айып?
Утурлай тосуп алдынан,
Уччудай колун кең жайып.
Кынала калып теңине,
Кылгырган көздө эмне айып?
Жазгырып жандын дүйнөсүн,
Жыпарын чачса кең жайып.
Жаркытып турган демине,
Жароокер жанда эмне айып?
Эңсетип сүйүү элеси,
Эсиңде турса тор жайып.
Санаага батып, жол карап,
Сагынган жанда эмне айып?
Баладай коштоп сүйүнгөн,
Бактылуу жанда эмне айып?
Сагынган жанда эмне айып?
Сөзү : А.Өмүркановдуку
Обону : А.Керимбаевдики
Жылдызың күйүп жылмайдың жүрөк жаралап,
Жылыттың жанды от-жалын болуп аралап.
Жылгадан ылдый агылып мөлтүр булактай,
Жылуулук издейм өзүңдү көздөй, жан адам.
Жан алат, чиркин, жаралап дене-боюмду,
Жан алат, чиркин, жаралап асыл оюмду.
Жалгыздык деген жүрөгүм бүгүн кубанып,
Жаным, ай, күтөм күнүгө келчү жолуңду.
Үнүңдү уксам үлбүрөк сезим кубарып,
Үзүктөй болуп үмүтүм сенден уланып.
Жүгүргөн суудай кан-жаным сага тамырлайт,
Жүрөктү жүрөк сүйүүсү менен сугарып.
Сөзү : Бурул Рыскулбекованыкы
Обону : Асеин Добулбекованыкы
Өзүңдү өмүр бою унута албай,
Өткөрдүм өмүрүмдүн жашыл жазын.
Жаралып жан дүйнөмдөн жайнап чыккан
Сенсиң го менин сүйгөн өмүр жазым.
Күйгүзгөн жалынына сенин отуң,
Отуңа кактап коюп өзүң жоксуң.
Кечигип кемитпечи, асылзатым,
Кечигип неге келбей, көңүл болсун?
Сенсиң го менин сүйгөн асылзатым,
Өзүңө өмүр бою багынайын.
Кылымдар кылым санап өтсө дагы,
Карыбайт сага деген махабатым.
Жаралып жан дүйнөмдөн жайнап чыккан,
Сенсиң го менин сүйгөн өмүр жазым.
Сөзү : Ж.Исабаеваныкы
Обону : Б.Мамаевдики
Көңүлгө да көңүл тушалып,
Көрүшпөс болуп узадык.
Көңүлдө калды, а бирок ай,
Көксөткөн санаа, кусалык.
Байыр алып, басып наздана,
Баш ийип калдың башкага.
Бактылуу кылып башканы сен,
Бактылуу болдуң аз гана.
Сагындым, мынча сезбейсиң,
Сезесиң, сен да эстейсиң.
Томогоңду үзүп бир ирет,
Анда не келип кетпейсиң?
Агарып таңдын атканы,
Кызарып күндүн батканы.
Кызыксыз мага өмүрдүн,
Өзүңсүз өтүп жатканы.
|