Сөзү : Бек Борбиевдики
Обону : Бек Борбиевдики
Таң да атты, таалайым батып баратты,
Үмүт катты, үзүлүп көздөн жаш акты.
Болду го деп өзүмө суроо бере албай,
Козгой албай, кансырап турган жараатты.
Кайырма:
Ак көгүчкөн, ак көгүчкөн,
Жан сырым сага бөлүшкөм.
Барбы же билбейм башка арга,
Көл кылып көз жаш төгүштөн?
Ак көгүчкөн, ак көгүчкөн,
Сырдашып сага көнүшкөм.
Билбеймин, неден жаңылдым,
Адаштым кайсы өрүштөн?
Арман кылар айтылбай, балким, сыр калар,
Унутулар, ырдалбай, балким, көп ырлар.
Ак көгүчкөн, сен дагы жалгыз, мен жалгыз,
Эгиз сыңар окшошту биздин тагдырлар.
Кайырма:
Ак көгүчкөн, ак көгүчкөн,
Жан сырым сага бөлүшкөм.
Барбы же билбейм башка арга,
Көл кылып көз жаш төгүштөн?
Ак көгүчкөн, ак көгүчкөн,
Сырдашып сага көнүшкөм.
Билбеймин, неден жаңылдым,
Адаштым кайсы өрүштөн?
Мен үзүлбөйм, аскада гүлдөй үзүлбөйм,
Мен өкүнбөйм, чайпалып көлдөй төгүлбөйм.
Мен жанамын, күндүзү күндөй, түнү айдай,
Булуттардай, бир көрүнүп, бир көрүнбөйм.
Кайырма:
Ак көгүчкөн, ак көгүчкөн,
Жан сырым сага бөлүшкөм.
Барбы же билбейм башка арга,
Көл кылып көз жаш төгүштөн?
Ак көгүчкөн, ак көгүчкөн,
Сырдашып сага көнүшкөм.
Билбеймин, неден жаңылдым,
Адаштым кайсы өрүштөн?
Аракет кылабыз ))
Сунушуңуз эсибизде.
+10
http://www.super.kg/media/?search_term=Камчыбек+Турсункулов&search_author=0&media_search=1&x=0&y=0
Саламатсызбы! Ырдын аталышын жазып койсоңуз издөөгө ыңгайлуу болмок. Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
Эн сонун союз жок
"jigiti bar eken dep emi sen bilip jyrgyn" degen yryn jyktop koisonuzdar soopko kalat elenizder aldyn ala 4oon rahmat.
http://www.super.kg/media/audio/70935/