super.kg logo



Юлия Руцкая "Сен менин жазылбаган ырларымсың"

Жүктөлгөн: 17-04-2025
Көчүрүү
03:13
7,41 Мб
Жанр: Эстрада
  • Currently 0.00/5
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 

Юлия Руцкая
"Сен менин жазылбаган ырларымсың"

Сөзү : Биримкул Алыбаев
Обону : Сардарбек Жумалиев
Сен менин жазылбаган ырларымсың,
Сен менин айтылбаган сырларымсың.
Туйлатып жүрөгүмдү алоолонткон,
Сен менин жаштык жалын, жыргалымсың!

Сен менин көк деңизим чалкып жаткан,
Үстүндө аккуу ойноп, чардак учкан.
Эң назик эрке сезим кылдарындай
Сен менин жыргалымсың нурун чачкан!

Сен менин ак кептерим канат каккан,
Сен менин мөл булагым калкып аккан.
Раазымын миң мертебе тагдырыма,
Өмүрдө издеп жүрүп сени тапкан!
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул аудиоклипке кирди:

Видеоклиптердин саны:
2893;
Аудиоклиптердин саны:
9299;
Элдик видеолордун саны:
36849;
Элдик аудиолордун саны:
18962;