super.kg logo



Калыс Жакыпов " Кымбатым"

Жүктөлгөн: 05-09-2025
Көчүрүү
04:01
3,73 Мб
  • Currently 0.00/5
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 

Калыс Жакыпов
" Кымбатым"

Суу жаңыртып Ала-Тоонун жылгасын,
Талаа тыңшап торгойлордун ырдашын.
Жаз жадырап мен турамын сумсайып,
Жазда неге келбей койдуң кымбатым.
Жазда неге келбей койдуң кымбатым

Жаркын гүлдө жасалгалап кыр башын,
Жай чыгарып табигаттын сымбатын.
Жер жапжашыл менин өңүм керсары,
Жайда неге келбей койдуң кымбатым.
Жайда неге келбей койдуң кымбатым

Дарак тагып түркүм мөмө сыргасын,
Суктандырды адамдардын кыйласың.
Күтүп жүрсөм жүзүм камдап өзүңө,
Күздө неге келбей койдуң кымбатым.
Күздө неге келбей койдуң кымбатым

Эки жүрөк бирин бири тындасын,
Эзилишип элжирешип жыргасын.
Керемет бар сенде кышты жай кылар,
Келчи келчи кыш чилдеде кымбатым,
Келчи келчи кыш чилдеде кымбатым

Керемет бар сенде кышты жай кылар,
Келчи келчи кыш чилдеде кымбатым,
Келчи келчи кыш чилдеде кымбатым
Келчи келчи кыш чилдеде кымбатым
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул аудиоклипке кирди:

Видеоклиптердин саны:
2893;
Аудиоклиптердин саны:
9299;
Элдик видеолордун саны:
36849;
Элдик аудиолордун саны:
18962;