super.kg logo



Мирбек Иманбеков "Мөлмөлүм"

Жүктөлгөн: 27-09-2012
Көчүрүү
03:03
2,8 Мб
Жанр: Эстрада
  • Currently 5.00/5
Комментарийлер(1)
08.01.2017. 03:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Клас
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 

Мирбек Иманбеков
"Мөлмөлүм"

Сөзү : Барпыныкы
Обону : Барпыныкы
Беттин көркү нур менен,
Белдин көркү кур менен.
Биз сүйгөн сулуу Мөлмөлүм,
Белгилүү болсун ыр менен.

Эки илебиң - кызыл гүл,
Ачылгандай, Мөлмөлүм,
Бир карасам жүрөккө от,
Чагылгандай, Мөлмөлүм.
Маңдай чачың Маргалаң,
Жибегиндей, Мөлмөлүм.
Сенин ышкың баланын,
Тилегиндей, Мөлмөлүм.

Өтүмдүүсүң Өзгөндүн
Күрүчүндөй, Мөлмөлүм.
Созулганың зергердин
Күмүшүндөй, Мөлмөлүм.
Майиндигиң жоргонун
Жүрүшүндөй, Мөлмөлүм.
Гүлзар кылчы жүрөктүн
Какшып жаткан чөлдөрүн.

Күйдүм, Мөлмөл аппагым,
Ааламдан сендей таппадым.
Издеп-издеп күн-түнү,
Мөлмөлүм деп какшадым.
Секин баскан бутуңдан,
Сейдана мончок жытыңдан.
Кадам койгон бутуңдан,
Калемпир мончок жытыңдан.

Бетиме түшсө жамалың,
Ашыктык отко жанамын.
Боорукер болсоң колдоп ал,
Боздоп жүргөн баламын.
Алкымыңа жарашкан,
Алтын иймек
-сагагың.
Ай тийгенсип көрүнөт,
Ак бермет таккан тамагың.
Боз уланды какшаткан,
Болор-болбос баш баккан,
Сенин бөдөнө тумшук мамагың.

Айдап-айдап мал бербей,
Айры өркөчтүү нар бербей.
Сүрүп-сүрүп мал бербей,
Сүйрү өркөчтүү нар бербей.
Башымды берсем тартууга,
Алар белең, Мөлмөлүм?
Ашыглыкка бир даба,
Табар белең, Мөлмөлүм?
Мал бербей, өзүн берет деп,
Өлбөсө кимге керек деп,
Чанар белең, Мөлмөлүм?

Чыныга куйган бал болсоң,
Чымындай ага малынсам.
Чыгалбай жатып ошондо
Чын өзүңө багынсам.
Чыгарып койсоң боор ооруп,
Чырагың болуп жагылсам.
Алты оролуп мойнуңа мен,
Ак маржан болуп тагылсам.

Берейин десем малым жок,
Мал табууга алым жок.
Кедейликтин дартынан
Тышым жалын, ичим чок.
Маңдайга жазган ушубу?..
Чече албадым мен ойлоп.
Бирок да мунун баарына,
Карабайт экен көңүл шок.
Көрүнүп койсоң бир жолу,
Булуттан чыккан айга окшоп.
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул аудиоклипке кирди:

Видеоклиптердин саны:
2893;
Аудиоклиптердин саны:
9299;
Элдик видеолордун саны:
36849;
Элдик аудиолордун саны:
18962;