|
Сөзү : Тамга
Обону : Тамга
Ассалам алейкум азиатским городам!
Не важно Астана, Каракол или Самарканд!
Тут не судят по нации, одежде и годам!
Эң башкысы адам, эң башкысы адам!
Прием! Прием! Ну ка Как слышно?!
На радаре Бишкек! - Отлично!
Прием! Прием! Ну ка Как слышно?!
На радаре Ташкент! - Отлично!
Кош келиңиз базарлык менен келиш үчүн
Бош келиңиз тамак даамын татып кетиш үчүн!
Кош келиңиз! Кош келиңиз!
Кете албай каласың жакканда!
Жашагың келип Кыргызстанда!
Айырмасы жок эмне аркаңда!
Тоолордон бакыт тапканда!
Если ты еще не был в Бишкеке,
С Алматы тебя принесёт ветер!
Если ты еще не был в Ташкенте,
С Шымкента тебя донесёт ветер!
Тут и там, ты желанный мейман!
Понимаем если даже не A1!
Разницы нет дасторкон, дастархан!
Эң башкысы-эң жөнөкөй адам!
Сөзү : Ч. Алиев
Обону : Ч. Алиев
Боюсь я высоты
Да полетала бы
Но времени под ноль
Могу, но всё же отбой
Пусть всё будет, пусть всё будет, пусть всё как есть
По-другому, по приколу, просто не съесть
Ты не ты ли, ты ли тыришь кексики, персики
Когда видишь сладкие мордочки, пестики
На намеченном мосту, ты запал, но не на ту
На любовном я посту - лишь спасатель Малибу
Но в полнолуние манит силуэт
Королева пира ищет новых бед
Бедный твой рейтинг в топе лучших жертв
Так что милый жди момента тет-а-тет
Знаю ты же сладкоежка
За тобою ходит слежка
Сладкою девочкою притворюсь я
Момпосуй, Момпосуй, Момпосуй, Момпосуй
Сладкою девочкою притворюсь я
Момпосуй, Момпосуй, Момпосуй,
Момпосуй, Момпосуй
Все игры ни о чем
Машинки ни по чём
Ты обещал звезду
Вот жду и жду и жду
Впереди, впереди, впереди ..- тебе конец
Девочка с чупиком идет под венец
прекрасный конец! Просто прекрасный конец!
Крепко руку не сжимай, попрощайся с мамой, бай-бай
У меня теперь жених, ты ли это, ну ты псих
Но в полнолуние манит силуэт
Королева пира ищет новых бед
Бедный твой рейтинг в топе лучших жертв
Так что милый жди момента тет-а-тет
Сөзү : Ч. Алиев
Обону : Ч. Алиев
Жалган дүйнө жазылыптыр тирүү жанга
Жакшынакай көрүнүп ар бир адамга
Жолдор эки бөлүнөөрүн ар ким билет
Туура келет бир күнү бирин тандаганга, тандаганга
Жакшы ой менен жарым тилек жана,
Аракет акыры береке жамына,
Жаманы чалынып, жолдору жабылып
Соңу барып туталанып жашоо желе тузагына
Танда, туура жолду тагдыр кол сунуп турганда
Алданып а калбай кең дүйнө кучагында
Адашып а калба, танда да, танда да, танда да
Ушул дүйнө кең дүйнө, кең дүйнө,
Телегейи тең дүйнө, тең дүйнө.
Тең болсо да бул аалам,
Бирөөлөргө бирөөлөр болуп жаткан,
Болуп жаткан, болуп жаткан жем дүйнө
Учкул сөздөн ырдап өткөн залкарлар
Учкун салып жүрөктөргө жарадар
""Бул дүйнөдөн көңүл калып өтпөйлү,
Бакыт болсо, көппөйлү" деп
Кайгы болсо, чөкпөйлү" деп
Жакшы ой менен жарым тилек жана,
Аракет акыры береке жамына
Жаманы чалынып, жолдору жабылып
Соңу барып туталанып жашоо желе тузагына
Танда, туура жолду тагдыр кол сунуп турганда
Алданып а калбай кең дүйнө кучагында
Адашып а калба, танда да, танда да, танда да
Ушул дүйнө кең дүйнө, кең дүйнө,
Телегейи тең дүйнө, тең дүйнө.
Тең болсо да бул аалам,
Бирөөлөргө бирөөлөр болуп жаткан,
Болуп жаткан, болуп жаткан жем дүйнө
Сөзү : Ч. Алиев
Обону : Ч. Алиев
Түн караңгы агарып таң көрүнөөр ээй
Ак-карабы ниети тагдырыңа мөөр ээй
Ак-карабы ак-карабы ак-карабы
Мээнетиң тагдырыңа мөөр
Жүрөгүм алдында жол бөлүнүп иий
Сабырым шам жакса, жол көрүнүп иий
Үзүрү эмгегимдин, өзүмүн ыйманымдан ээй
Элиме болгон сүйүүдөн деймин
Ээээ Тагдырым кадырым өзүмөн, менден
Ээээ Эгемен жалгады, калганы менден
Ала таң алдындагы
Кайдагы болбосун кай кара түн өтөөр
Ала-Тоо ыйманынанбы
Айбатын орнотуп, байрагы түзөлөөр
Ала таң алдындагы
Кайдагы болбосун кай кара түн өтөөр
Адамың ыйманынанбы
Айласын орнотуп, байрагы түзөлөөр
Түн караңгы, агарып таң көрүнөөр ээй
Ак-карабы, ниети тагдырына мөөр ээй
Ак-карабы ак-карабы ак-карабы
Мээнетиң тагдырыңа мөөр
Атадан тарбия алганы, уулунун пайдасы же зыяны ээй
Аялы кордукка калганы, энени сыйлоого сыйбаган ээй
Келечек кеңдиги пейлиңде, жакыныңа болгон мээримде
Өзгөнү койгун өзүңдөн баштагын деймин баштагын дейм
Ээээ Тагдырым кадырым өзүмөн, менден
Ээээ Эгемен жалгады, калганы менден
Ала таң алдындагы
Кайдагы болбосун кай кара түн өтөөр
Ала-Тоо ыйманынанбы
Айбатын орнотуп, байрагы түзөлөөр
Ала таң алдындагы
Кайдагы болбосун кай кара түн өтөөр
Адамың ыйманынанбы
Айласын орнотуп, байрагы түзөлөөр
Түн караңгы, агарып таң көрүнөөр ээй
Ак-карабы, ниети тагдырына мөөр ээй
Ак-карабы ак-карабы ак-карабы
Мээнетиң тагдырыңа мөөр
Сөзү : Ч. Алиев
Обону : Ч. Алиев
Көкүрөгү көк асманга тартып кыргыз уулу тынбайт
Көкөлөгөн көр заманда ысык-суугу сынга сынбай
Көпөлөктөй бир күн дүйнө жыргалына жанды кыйбай
Көлөкөсү калың журтка көмүскөдөй, кызыл туудай
Эээ-ээй түндүгүнө тал-бакан
Эээ-ээй таштар жыйра шар аккан
Каштар бүркөп булут-калкан басса да дагы
Эээй айкөл жүрөк берген о Жараткан
Манас урпактары намыс ыргактары
Жүрөгүмдү булкуп жулкуп турган маалы
Ыйманыңа кыйбат кылгандар коп кыйнап
Унутпагын Кыргыз уулу ыйман арты таң атаарын
Тилиң менен көөлөгөндү токтот өзүңдү бир сында
Көгөргөндү көргө малба көңүл өчсө да кымындай
Улуу жолуң Кыргыз жолду тоспо бир бириңе чыдай
Жыгылба деп жол ачканга белек камдап койгон Кудай
Эээ-ээй түндүгүнө тал-бакан
Эээ-ээй таштар жыйра шар аккан
Каштар бүркөп булут-калкан басса да дагы
Эээй айкөл жүрөк берген о Жараткан
Манас урпактары намыс ыргактары
Жүрөгүмдү булкуп жулкуп турган маалы
Ыйманыңа кыйбат кылгандар коп кыйнап
Унутпагын Кыргыз уулу ыйман арты таң атаарын
Сөзү : Ч. Алиев
Обону : Ч. Алиев
Буйруктанбы булбулуңдун бул өмүрү
Уюк тамыр чынарыңа чырмалып
Бүткөн үнүм жаңырды го
Бүчүрлөрү жарылды го
Канаттарым карааныңа
байралып....
Жайда бүттү, күзгө батып көңүлүң
Жадап бүттү булбулуңдун кайрыгы
Жашыл төрүң жабылды го
Жаным жайды сагынды го
"Жалжалым" деп булбулуң ырда сайрады
Булбулуң, булбулуң сага
Булгалады канат кага
Аягы арзуулар сынды
Аябадың жалгызыңды
Аябадың...
(Булбулуң булгалап канат сага
Болобу болбойбу баары бир ага
Сен жалган, суйуу жалган
Булбулуң бушайман жан)
Керегелеп кең кучагың жайган соң
Керемет сөз, кербен сүйүүң байлады
Кайран булбул талпынды го
Канаттары кайрылды го
Созгон ыры таарынычка айланып
Жайда бүттү, күзгө батып көңүлүң
Жадап бүттү булбулуңдун кайрыгы
Жашыл төрүң жабылды го
Жаным жайды сагынды го
"Жалжалым" деп булбулуң ырда сайрады
Булбулуң, булбулуң сага
Булгалады канат кага
Болобу, болбойбу
баары бир ага
Аягы арзуулар сынды
Аябадың жалгызыңды
Аябадың...
(Булбулуң булгалап канат сага
Болобу болбойбу баары бир ага
Сен жалган, сүйүү жалган
Булбулуң бушайман жан)
Сөзү : Ч. Алиев
Обону : Ч. Алиев
Кайда эле санаасыз күн өткөн, түн өткөн кайда эле,
Кай дарек барсаңда сагынткан күндөрүнө кайра эле кайрыла
Жан отуң жанаша жаныңда жай басып кайта эле
Кайгыда жаңырган тамашалуу сөздөрүң баарына пайда эле
Жан дүйнөң жадаса жашоо жандырган жалтанбас жалын жалгыз сен
Тереңдеп тегизден тайсак термелбей дем берчү телегей жалгыз сен
Азайып дарман, алдыңан алса да арман, карагын алга, кадамың алга
Алоолоп аруу жан алсыздап алданып калба, карагын алга, кадамың алга
Аралар узарып кеткиче, шыдыр жол келгиче, байралып
Кайгылар кыстаса да кызарып тапкан айлаңды
Колуңа топтогон бир өзүң, коркпогон бир өзүң
Жайма-жай созулса да шашпастан бактылуу күндөрүң келгиче, жайдары баскын алга
Жан дүйнөң жадаса жашоо жандырган жалтанбас жалын жалгыз сен
Тереңдеп тегизден тайсак термелбей дем берчү телегей жалгыз сен
Азайып дарман, алдыңан алса да арман, карагын алга, кадамың алга
Алоолоп аруу жан алсыздап алданып калба, карагын алга, кадамың алга
Сөзү : Ч. Алиев
Обону : Ч. Алиев
Көз ирмемдер артта калган
Көгөрүп дайым ачык асман
Күлкү шаңдын мезгили
Өткөн күндөр эстеби
Ата энеден өрнөк алганың
Аруу сезим, жаңы кадамың
Жаркын ойлор мезгили
Ошол таттуу күндөр эстеби
Бул бакыт убактылуу, аны кубалап жетпедим, жетпедим, э-ей
Бул менин балалыгым бал курак
Баары көркөм, баалуу убак
Жомок түрдүү жылдар өттү
Бойго жетип боз куунак
Жаштык келди жанды, жалбырактай учту кетти балалык, э-еей
Үн созуп - ла ла ла лээй
Арнадым ырларымды, эй
Сары ат минип сан-сан жылдыз
Арасына бардыңбы, эй
Кыялымда калдың, сагынычка салдың
Алда балалык, э-еей
Күнү-түнү таттуу сезим
Күлүк аттай бала кезим
Досторума бай убак, баарына кенжетай убак
Ата-энеме дале баламын
Бирок билем артта калганын -
Оюн бүттү болбоду, ойго ойлор орноду
Бул эми башка кез, алдыга ашкан тез, э э э-ей
Ал менин балалыгым бал курак
Баары көркөм, баалуу убак
Жомок түрдүү жылдар өттү
Бойго жетип боз куунак
Жаштык келди жанды, жалбырактай учту кетти балалык, э-еей
Үн созуп - ла ла ла лээй
Арнадым ырларымды, эй
Сары ат минип сан-сан жылдыз
Арасына бардыңбы, эй
Кыялымда калдың, сагынычка салдың
Алда балалык, э-еей
Сөзү : Ч. Алиев
Обону : Ч. Алиев
Сөзү : Ч. Алиев
Обону : Ч. Алиев
Сөзү : Ч. Алиев
Обону : Ч. Алиев
Сөзү : Ч.Алиев
Обону : Ч.Алиев
Сөзү : Ч. Алиев
Обону : Ч. Алиев
Басканын кериле кериле
Текебер озуно бериле
Кемирип тамеки тутунун ду-ру-дундун
Тимеле тимеле тимеле
Отурганын алдын баары саз
Согунгонун ар бир эки соз
Сулойгонун асман а-на-на-на-нан
Алын жетпегенге ботогоз
Кыймыл аракетин понт-понт-понт
Кыйратаар жерин понт-понт-понт
Тугонобу сенин понт-понт-понт
Баардыгы эле понт-понт-понт
Припев:
Намысын кайда, кайда э-и-ээй
Создорун майда, майдалана э-ээй
Болобу пайда, пайда сенден дегиле-эээ
Намысын кайда, кайда кайда э-и-ээй
Коздорун ар кимге бурула
Кыздарга саламын ышкыра
Акыл уксан менден де-ре-ден-ден
Кулосун мага сен бышкыра
Айтаар созун дайым "жон эле"
Оюн баары дайым ашыгын (машинэ)
Озгоробу деги турумун дурудумдум
Тимеле тимеле тимеле
Кыймыл аракетин понт-понт-понт
Кыйратаар жерин понт-понт-понт
Тугонобу сенин понт-понт-понт
Баардыгы эле понт-понт-понт
Припев:
Намысын кайда, кайда э-и-ээй
Создорун майда, майдалана э-ээй
Болобу пайда, пайда сенден дегиле-эээ
Намысын кайда, кайда кайда э-и-ээй
Сөзү : Жолон Мамытов
Обону : Бакыт Алишеров
Мен сени ойлой берем, кышта, жазда,
Майрамда, ысык-суукта, сезим азда.
Өмүрдүн өр тарттырып дөңгөлөгүн,
Жыл улап чыккан сайын ар бир жашка.
Кайырма:
Жашым жаш, чачым кара болгон менен,
Эң алыс өмүр деген жолдон келем.
Ошол жол такыр бүтүп калмайынча,
Мен сени миң жаңыртып ойлой берем.
Мен сени ойлой берем таңда, кечте,
Жарым түн жакын калып, жарык өчсө.
Алыстан из калтырып учкан жылдыз,
Арылап жер чегине сүңгүп кетсем.
Кайырма:
Өзүңдү өмүр бою ойлой берем,
Турмуштун кең дайрасын бойлой келем.
Экөөбүз түбөлүккө бир болсок деп,
Түшүмдө да, өңүмдө ойлоор элем.
Кайырма:
Сөзү : Добр
Обону : Добр
Ассаламу Алейкум кош келдин бул жашоого
Орун алгын бошогон, аттадын чон босого
Жөрмөлөп бутка туруп, өз алды турмуш куруп
А балким Эл ичинен, сен чыгасын сурулуп
Тагдырын өз колунда, кыялынды орунда
Албетте кыйынчылык, болбой койбойт жолуңда
Күнөө койбо эчкимге, жарагын кечиргенге
Болоору болду эртен, көрөсүң чечилгенде
Кудайга шүгүр, тообо кылып көп налый бербе
Жүрөктө ыйман толо болсо бар сабыр деле
Ойлонуп көрсөң терен, колундан баары келет
Сен эмне башкалардан бир аз өзгөчө белең?Кучакты жайып кенен, күндө жылмаю керек
Эмне болоорун эртен, бир гана Кудай билет!Жардам берүү кайтар, дүйнө бул сооп дешет
Жакшылык сөзсүз кайтат, тагдырлар кесилишет!
Кайырма:
Жаралган соң жашоого анда татыктуу жаша
Чөйрөгө салым кошо, оз алына жараша
Жакшылыкта жарыша, сый урматты талаша
Ар адам жаңылышат, кайра кайталанбаса Жаралсын ар убакта, намысын уятына
Чындык деп чыркырасан күч беремин кубатына
Чылбырды бекем карма, ооздукту бошотпогун
Ар дайым татыктуу бол адамдык сапатына!
2 куплет:
Жашоо бул ак кара, айрым бир так калат
Аны кек сактаба, сабырың баркталат
Мээнетиң акталат, эмгегиң данкталат Кыялдар орундалат, жатпасаң чалкалап
Ишиңе так бол, жалкоолуктан тарт кол
Көөп баратсаң токтол, жаман жолдон сак бол
Жаратканга мактоо, Ата Эне барктоо
Бир тууганды сыйлоо, деген сыпатты сактоо
керек адам баласы, кээбирде таң каласың
Албетте жакшылар көп,а жок эмес башкасы
А сен өзүңдү үлгү катары алып жургун
Сүргүн өз өмүрүңдү башка түшпөсүн бир кун
Жакшылык кылып үлгүр, көбүрөөк сооп жаса
Эгер Кудайга шүгүр колуңдан келип жатса
Жардам берүү кайтар, дүйнө бул сооп дешет
Жакшылык сөзсүз кайтат, тагдырлар кесилишет!
Кайырма:
Сөзү : Адилет Жортушев
Обону : Адилет Жортушев
Учугун сөздүн улап
чын достук мамиледен,
Айтамын ичте жаткан сырларымды анык эле,
Чыныгы досторумду унутпаймын эч убакта,
Өтсө да ортобуздан
далай жылдар дагы деле!
Достун дагы досу болот,
баардыгы билет аны,
Колуңда болгон кезде,
көбөйөт анын саны,
Белчеңден сазга батып, кыйналып калган кезде,
Кээ бири чилче тарайт таппайсың, бирин дагы,
Достун дагы досу болот,
чын дилинен сага күйгөн,
Доомат кылып догурунбай,
Дайыма чогу жүргөн,
Суук кышта, бирге тоңгон,
Ыссык жайда муздак болгон,
Чыныгы бул досторду табалбайсын узак жолдон,
Андыктан чын достуктун,
Убадасын бекем карма,
Ичи тар, арамзага карыш жолоп жакын барба,
Такап койсо сени жарга,
Кыла албай эч бир арга,
Таң калам досум деген, жасалма адамдарга,
Жамандын жолдошу көп, жанында бир пайдасы жок,
Акча үчүн дос болгон бар,
башка кылар айласы жок,
Досум деп баарын билбе,
четинен бирден ирге,
Жолобо эки жүздүү,
ичи тар арам кирге!
Кайырма:
Чыныгы жакын досум таштабайт ара жолго,
Жыгылсаң эңип кетчү шамдагай кара жорго,
Жасалма калп досторум андайда четке чыгат,
Кайгырып чың дилиңден
аларга капа болбо!
Жаралсын ар убакта
намысын уятыңа,
Чындык деп чыркырасаң
күч беремин кубатыңа,
Чылбырды бекем карма,
Ооздукту бошотпогун,
Ардайым татыктуу бол, энчилүү бул атыңа!
2 куплет:
Бөлүнөт өз ич ара,
достор да далай топко,
Саны бар, сапатсызды
жолотпо жакын кошпо,
Аяба жардамынды
эң жакын досторуңдан,
Жакшылык кайра кайтат андан сен такыр коркпо,
Кээ бири четке чыгат
бөлүнүп өз тобунан,
Эч качан кол үзбөгүн
татыктуу досторуңдан,
Сезерсин баркын билип алыста жүргөнүңдө,
Эң жакын досторуңдун жоруктарын эстеп улам,
Билинет достун досу
башыңа иш түшкөндө,
Карайлап караан таппай кайсалап күн бүткөндө,
Билинет мына ошондо
кимдин чын ким экени,
Жардамга муктаж болуп
жол карап сен күткөндө,
Өткөрдүм өз башымдан
достун дагы далай түрүн,
Досмун деп саналгандардын көбү жок эми бүгүн,
Сакталып калдарада
саналуу гана достор,
Кеткендер кете берсин, болбоймун ага тоскоол!
Кайырма:
Чыныгы жакын досум таштабайт ара жолго,
Жыгылсаң эңип кетчү шамдагай кара жорго,
Жасалма калп досторум андайда четке чыгат,
Кайгырып чын дилиңден
аларга капа болбо!
Жаралсын ар убакта
намысын уятыңа,
Чындык деп чыркырасаң
күч беремин кубатыңа,
Чылбырды бекем карма
Ооздукту бошотпогун,
Ардайым татыктуу бол энчилүү бул атыңа!
"Жубайым"
Менден кетсе кечир,
Ачууңду мага берчи,
Антип тиктебечи!
Жиндиге теңелбечи!
Өчүң бардай,
жүрөгүң бат муздайт!
Таарынычын кандай,
ошол замат тарайт!
Бактымды таптым жолуктум,
Мен сени алам деп оолуктум,
Байлап башка ак жоолукту,
Жубайым болдуң колуктум!
Кудайыма миң ыраазымын,
Маңдайыма сендей жардын калганына жазылып!
Асыл, жаным, жарым, жарыгым,
Жүрөгүмдүн тең жарымы,
Бирге көгөрүп, агарып,
Келет чогу бир карыгым,
Балдарымдын, апакеси, энеси,
Атакесинин жубайы, жүрөктүн кожойкеси!!!
Кайырма:
Өмүр бою түбөлүкө,
Деп кол коюп күбөлүкө,
Биргеликте бул өмүрдө! -
деп чиелик күндөлүкө!
Турмуш үй бүлө куруп,
Бирге алдыга умтулуп,
Мүчөлөрү толук,
Балачакалуу бололук!
Ата Эне жоопкерчилик,
Ар кимде бар бир кемчилик,
Кимден кетсе да кечирим,
Сурап кою пендечилик!
Ортобузда, болбосунчу таарынуу,
Андан көрө, келчи чогу бололучу бактылуу!!!
Сөзү : Самаган Абдукадыровдуку
Обону : Мурадил Данияровдуку
|