|
Өзгөчө нерсенин баары, өлкөнүн өрчүгөн жагы,
Өзгөчө нерсенин баары өлкөбүздүн мен жараны.
Келечегимдин элеси мен үчүн өзгөчө нерсе,
Кыргызым өзгөрүп кетсе, кетсе өзгөрбөсүн терске.
Жашоонун баркын билем кудай аны мага берген,
Деле сонун тилим бар жеке кыгыз тилим менен.
Желбиреген желегимдин жеке менчик гимни бар,
Дүйнөлүк картадан табас мага чакан жерим бар.
Жагабы жакпайбы сага улутум болсо кыргыз,
Алакандай тууганым бар, улуу кыргыз мына биз.
Таразанын оң жак бетин көбүрөөк байлык басат,
Анын баарын чубап көрсөң эки көзүң кычышат.
Келиңиз өтүңүз төргө уялбаңыз суранам,
Конокту тосуу милдетим алыңыз беш бармактан.
Суусасаңыз бозо, жарма, кымызды сизге сунам,
Сый урматта мейман тосуу атадан бизге калган.
Ушул жерде төрөлдүм, ак бешикке бөлөндүм,
Ата Журт жерим менин, кереги жок бөлөктүн.
Ушул жерде төрөлдүм, ак бешикке бөлөндүм,
Кыргызстан жерим менин, кереги жок бөлөктүн.
Кайырма :
Чу , Чу , Чу , Чу ,
Көлөкөдө жашынбайбыз , көкөлөп мактанбайбыз,
Өзгөчө бир башкачабыз , өсүп келе жаткандарбыз.
Азырынча көчө элекпиз жайлоо тоонун бетиндебиз,
Жакында чоң той беребиз , эгемендүү мамлекетбиз.
Эки тоонун этегинде Ысык-Көлгө келдиң беле
Адыр , адыр жайлообузда күлүк атка миндин беле
Сугу ашкан башкалардын Сулайман тообуз жатат
Жымындаган жылдыздарга чокусу жетип барат
Жүрөгү аттуу Бишкегим , Кыргызстандын борбору
Жүгүнөмүн жети жолу , жети жагынан тосуп
Таласты көздөй аттасаң, Манас күмбөзүн табасың
Нарынды көздөй жактасаң, Ташрабаттан адашасың
Жалал-Абад жакты көздөсөң Сары-Челектен өтөсүң
Кыскасы өз көзүң менен көрөрүң менен өчөсүң.
Кайырма :
Чу , Чу , Чу ,Чу
Эскертем, эске салайын, нукура кыргыз баламын,
Колдошун билем ар дайым арбагы Манас атамдын.
Басканым аскадай тоонун чокусунда чоңойгомун,
Манасчы чечен боломун комузду мендей ойногун.
Тепкеним элден өзгөчө күлүк атыма бөлсөчү,
Кыргыз менен ат чабышып, улак тартышып көрсөңчү.
Көчмөнүм аттуу кыргызмын кыялым бөрү баатырмын,
Акыл карачач энемдей акылдуунун катарымын.
Эч кимде жок бар калпагым же тебетейим жагабы?
Жамынып турган чепкеним териден жасалган нагы.
Алтыным бар, күмүшүм бар, кыргызым байдын баласы,
Кыргызстан аттуу үйүм бар асылың жерден табасың.
Ал эми көңүл буралы өрүлгөн чачтуу кыздарга,
Айымдай өзгөчө сулуу кылымдан кылымга нары.
Кыргызымдын жигиттери кыз ала качуу дегенде,
Кырк чоросун ат чаптырып кызынын жашы жеткенде.
Ушул жерде төрөлдүм, ак бешикке бөлөндүм,
Ата Журт жерим менин, кереги жок бөлөктүн.
Ушул жерде төрөлдүм, ак бешикке бөлөндүм,
Кыргызстан жерим менин, кереги жок бөлөктүн.
Кайырма :
Чу , Чу , Чу , Чу ,
Кайырма:
Өзүң болдуң мен үчүн,
Бул жашоонун өнөгү.
Билбейм сен жок болсоң,
Бул жашоого көнөмбү.
Айтчы мага дагы
Бир жолу сени көрөмбү.
Асылым келчи кайрылып
Сен жок күндөр өтөбү.
Кайрылып келчи мага,
Бир сени сагындым.
Сезилип мн үчүн
Бул дүйнөнүн тардыгы.
Экөөбүздү кошпогон
Бул жалган тагдырбы.
Келчи кайрадан мага
Мен сага жалындым.
Өттүго күндөр сен
Экөөбүз жолукпаган.
Өттүго күндөр сен
Экөөбүз унутпаган.
Өзүңдү издеп жүрөм
Арасынан булуттардын.
Мен сени сүйөм
Жалгызым сени аны унутпагын.
Кайырма:
Эсимде сенин...
Кучагыма алып жүргөн күндөр.
Эсиңде сенин
Кучагыңда жүргөн түндөр.
Ошол күндөр эми кайда
Сен жок болсоң
Анда мага кандай пайда.
Жалгызым түшүнчү
Бул ыр сага гана.
Сени таппай калдым
Мен эми арманда
Көрүнбөйсүң сен жанымда
Көрүнбөйсүң алыстан.
Билем жүрөсүң азыр
Башканын кучагында.
Кайырма:
Жалындаган жаштык кезде,
Жадыраган жаз мезгилде,
Жолукканмын сени менен,
Анын баары дале эсте.
Кол кармашып басчу элек,
Кереметтүү айлуу кечте.
Бир саат көрбөй калсам сени,
Сагынчу элем тезден эле.
Билесиңби дагы, жаным,
Бири-бирибизди кызганчу элек.
Кызганычтын бардыгына
Жүрөктөгү сүйүү себеп.
Ошентип биз көпкө чейин,
Бактылуудай жүрдүк эле.
Бирок биздин бактыбызды,
Башкаларга бөлсө керек.
Ак жоолукту салынып сен,
Кете бердиң башка жакка,
А мен болсо кала бердим
Ак сүйүүсүз тозок жакта.
Көнгөн адат калбайт тура,
Сагынычта куса болуп,
Күнү-түнү уктабастан,
Сени эстеп жүрөк ооруйт.
Билесиңби дагы, жаным,
Ак сүйүүнүн барактарын?
Сага арнап чын жүрөктөн,
Канча ырды жаратканмын.
Ал ырларым кала берди,
Арман болуп ак баракта.
Азап кылып алып кеттиң,
Ак сүйүүмдү кайсы жакка?
Кайырма:
Жетпей кала бердим сүйүүгө,
Мен сүйүүсүз өтөмбү өмүрдө?
Жалгыз сага арналган жүрөгүм,
Сыздап ооруй берди өкүнө.
Ары басам, бери басам,
Эми кандай айла табам?
Жакшы көргөн сүйгөнүм жок,
Жалгыздыктан тажап жатам.
Жалгыз эле бул дүйнөдө,
Жүрөгүмдө сен белең?
Айлар, күндөр өтсө дагы,
Өзүңдү мен эстей берем.
Түндө туруп ыр жазамын,
Сен жөнүндө бүт арманым.
Сенден башка жүрөгүмө,
Жаккан кызды таба албадым.
Эч эсимден кетпейсиң сен,
Сени эле эстей берем.
Сүйүп жүргөн адамыңды,
Унутуш дагы кыйын экен.
Жазгы жаандай төгүлөмүн,
Жалгыз куштай көрүнөмүн.
Жандап сүйгөн адамым жок,
Мен сүйүүсүз өмүрдөмүн.
Көз жаш болуп төгүлөмүн,
Көз мончоктой көрүнөмүн,
Көздөп күткөн адамым жок,
Көңүлсүз бул өмүрдөмүн.
Жүрөк, чиркин, жерий берди,
Сүйүү мага берилбеди.
Жаз да келсе жер жашарып,
Мөңгү болуп ээрибедиң.
Жалбырактай күбүлөмүн,
Саман болуп үйүлөмүн,
Убакыттар өтүп жатат,
Мен сүйүүсүз өмүрдөмүн.
Жетпей кала бердим сүйүүгө,
Мен сүйүүсүз өтөм бул өмүрдө.
Жалгыз сага арналган жүрөгүм,
Сыздап ооруй берди өкүнө.
Бул дүйнөдө сүйүү азап,
Акыйкаттуу боло бербейт.
Өкүнсөң да жүрөк ооруп,
Эски сүйүүң кайра келбейт.
Сүйүү деген ушунчалык
Кубаттуу да жана асыл.
Сүйүп жүрүп жетпей калсаң,
Жүрөк, чиркин, кандай азап.
Түбөлүккө кала бердиң,
Жүрөк сыздап, ойдо жашап.
Сенсиз жашоо кызыгы жок,
Соолуган күндөй өтүп жатат.
Кош бол эми, сүйгөнүм сен,
Түөлүккө бактылуу бол.
Кол кармашкан жарың менен,
Тунук сүйүү жана ак жол.
Өзүңсүз кала бердим мен,
Калагы жок кайыктай.
Өзгөчөм менин сен элең,
Кеттиң учкан жылдыздай.
Сүмөлөгүн кайнаткан, дасторконун жайнаткан,
Бал кымыз, тунук суусу дүйнө элин тамшанткан.
Чалкып жаткан көлүбүз, Теңир сүйгөн жерибиз,
Манас баба урпактары, эгемендүү элибиз.
Тоолоруң жайкалган, атыр жыт арчалар,
Кыргызстан жерине бүт аалам барабар.
Бөбөктөр жаралат Ала-Тоо жеринде,
Ак бата беришет меймандос элиме.
Кайырма:
Аска зоо каарданат намысты алдырсак,
Аталар арданат, алгала, уландар.
Ала-Тоо шаңданат, апалар нурданат,
Ат салып ойносо ак калпактуу кулундар.
Ак мөңгүлүү аска зоо кыргыз жерге көз салат,
Ак калпактуу кулундар, ий, оюн салып жар салат.
Сүрүп чыгат мекенден элин-жерин сатканды,
Сүрү күчтүү кулундар, ий, жеңиш менен кайтканы.
Тоолоруң жайкалган, атыр жыт арчалар,
Кыргызстан жерине бүт аалам барабар.
Бөбөктөр жаралат, Ала-Тоо жеринде,
Ак бата беришет меймандос элиме.
Кайырма:
Вечер лёг на сердце тяжёлым грузом,
Видно от того, что пропала Муза.
Что-то режет разум вновь и вновь,
Видно, от того, что прошла любовь.
Боль попала кровь и растеклась по венам,
Я говорю в окно, то повторяю стенам.
Мечты уж не видны не вооружённым глазом,
Когда становишься взрослей час за часом.
Больно когда выпадает случай один из ста,
Когда отдаёшь всё, а в ответ пустота.
Больно когда беда, а рядом никого,
Или когда трое на одного.
Больно быть одиноким когда быть с кем-то привык,
Когда пути, дороги разделяет лишь миг.
И напоминание о том, что время лечит,
Не сказать, что боль делает легче.
Кайырма:
Слова мои как стёкла, а стены бьются,
Лишь после собираются в слова.
Как больно когда хочется вернуться,
Понимая, что получится едва.
Как больно наблюдать как небо плачет,
Когда земле надо покой и тишины,
Как больно хоронить свои удачи,
Когда они особенно нужны.
Медленно рассвет строил дома и мосты,
Наслаждаясь, сиянием последней звезды.
И сходя с ума от этой красоты,
Медленно ложились строки на листы.
Всё не просто так, всё сложнее довольно,
Чтобы понять что хорошо.
Надо понять что больно,
Больно когда на рану сыпят соль.
Больно когда нет сил поменять роль,
Больно останавливаться на середине.
Не найдя мысли книги и красок картины,
Больно когда обсуждают за спиной.
Больно когда не ощущаешь чужую боль.
Кайырма:
Не уйти, не спрятаться, не скрыться,
Птицею не улететь.
Невозможно с ней смириться,
Даже если очень захотеть.
Проплывают мимо лица,
Словно листья по воде.
Невозможно с ней смириться,
Не укрыться от неё нигде.
Кайырма:
|