|
Кат жазчы мага,
Аз калган биздин өмүрдө.
Дил бурак арнап,
Токтонуп калган көңүлгө.
Мен күлсөм күлүп,
Кайгырсам кошо кайгырган.
Мен өчпөй, өчпөс,
Бир жарык жылдыз жөнүндө.
Кайырма:
Кат жазчы мага,
Билдирип аман барыңды.
Адамдар курчап,
Агылган жолдо жалгызмын.
Ак желек тагып,
Ар күнү сагыныч жөнөткөн,
Айнектей тунук сүйүүнү кайда калтырдың?
Кат жазчы мага,
Негедир абдан кусамын.
Канча жыл өттү,
А сенден дарек укпадым.
Канча бир түндөр
Кабарын бербей койду деп,
Таарынып жатып,
Сагынып жатып уктадым.
Кайырма:
Кат жазчы мага,
Жолукпа, бирок бүлүнүп.
Кат менен келсе кабарың – ошол сүйүнүч.
Катыңды жыттап,
Жарк этип жайнап алармын,
Өзүңсүз жылдар өтүштү мени үшүтүп.
Кат жазчы мага,
Кусадар күндөн ал сурап.
Кут болуп катың жанымда жүрсүн ар убак.
Жообумду жазам,
Жөнөтчү дагы жаңы кат,
Сезимдер үчүн, көңүлдөр үчүн жаркырап.
Жүрөгү дитин берип самаганды,
Теңебейм тирүүлүктө сага жанды.
Болсо да кыялымдан чагылдырам,
Теңдешсиз сүйүүдөгү даражамды.
Кайырма:
Сен азыр жемиш багы мөмөсү бар,
Сен азыр Ак-куу болдуң жөжөсү бар.
Сен азыр капкалуу шаар мен кире албас,
Сен азыр тамырлаган укмуш жылың .
Коболгон тоскоол күчөп багымдары,
Көз жеткен кетериңе жалынбадым.
Туш болуп аз өмүрдөн зор бакытка,
От болуп татаал жолдон жалындадым.
Кайырма:
Жаштык кез жаңы кийимдей,
Эскирсе, калган кийилбей.
Боз улан бойдон турбайсың сен,
Бул жолуң өтөт билинбей.
Кыярса калбас күбүлбөй,
Кырчын кез тоонун гүлүндөй.
Кыз бойдон дайым турбайсың сен,
Кызык кез өтөт билинбей.
Күнүгө сени жандаган,
Күлгүн чак келбейт кайрадан.
Элирбей жаштык кезиңде сен,
Эс-акыл менен пайдалан.
Күүлөнөт күлүк күнүндө,
Туйлайт дейт тулпар тушунда.
Турмушка өчпөс из калтыр.
Туягың бүтүн чагында.
Кайда барсам, ошондо да сен болосуң,
Өр таянсам гүлү көп да бел болосуң.
Суусап кетсем көк кашкада булак болуп,
Ысып кетсем, ысып кетсем айдарымда жел болосуң.
Түйшүк артсам жолопой да ала качып,
Жумуш кылсам турасың да каралашып
Сен келесиң жаныма да күн нуруна
Аппактыгың аппактыгың карларга да аралашып.
Китеп ачсам карайсың да тамга болуп,
Бакка кирсем карайсың да алма болуп.
Комуз алсам күү болуп да көпкө койбо,
Булбул болуп, булбул болуп сайрайсың да талга конуп.
Тереземден киресиң да аба болуп,
Дартты айдайсың денемден да даба болуп.
Канат болуп күүлөйсүң да үмүтүмдү,
Сагынтасың, сагынтасың чеги жок да санаа болуп.
Сууну көрсөм ак мөлтүр да шар болосуң,
Дайын жоктон жаралып да бар болосуң.
Баары болуп жүрөсүң го, бирок айтсаң
Качан мага, качан мага өмүрлүккө жар болосуң?
Көрүнүп көзгө дапдайын,
Көчөдө жалгыз ак кайың.
Калтырап турат сумсайып,
Кар басып бутак-шактарын
Ал эстейт жайдын кечтерин,
Атырды гүлдөр сепкенин.
Кыз-жигит келип түбүндө,
Кыналып турган кездерин.
Көңүлгө көңүл кезигип,
Көңүлдөн көңүл эзилип.
Какканы эки жүрөктүн,
Кайыңга турчу сезилип.
Ак карды азыр жамынып,
Аяздан жүдөп кайыгып.
Жалдырап турат ак кайың,
Жаз менен жайды сагынып.
Сөзү : Бактияр Токторовдуку
Обону : Бактияр Токторовдуку
Алтыным белек бол бактыма,
Табылдың бойго жеткен чагыңда.
Өчүрдүң көзгө сүртүп өзүңдү,
Зарыга, зарыга, зарыга.
Көрсөм да ак жүзүңдү дайыма,
Узатып келем кайра сагына.
Жүрөгүм кайра тартат өзүңдү,
Сагына, сагына, сагына.
Кайырма:
Адина, Адина,
Адина, Адина,
Жүрөлү жаңылбай,
Сүйүүгө багына
Сүйлөттүң сүйлөбөгөн жүрөктү,
Сүрдөттүң сүрдөбөгөн жигитти.
Өчүрбөйм сага болгон сезимди,
Мен эми, мен эми, мен эми.
Булбулсуң сүйүү бейиш багында,
Тумарсың жагымдуусуң жанымда.
Жүзүңдү өпкөн сайын канбаймын,
Дагы да, дагы, дагы да.
Сөзү : Бактияр Токторовдуку
Обону : Бактияр Токторовдуку
Бүгүн майрам бүгүн, бүгүн сенин күнүң,
Айтылар каалоолор, ырлар да сен үчүн.
Толтура куйгула, калтырбай бакалды,
Балалык сүйүүлөр, эми, артта калды.
Кайырма:
Туулган күнүң менен, куттуктаймын сени мен!
Туулган күнүң менен, куттуктаймын ыр менен!
Мейли, мейли, мейличи, өтө берсин өмүрлөр,
Бирок жаным калбасын, көңүлдөр, көңүлдөр, көңүлдөр.
Эскерерсиң эске түшкөнгө ардагым,
Экөөлөп үй курган балдардын бакчасын.
Дагы эскерерсиң, жароокер классташың,
Жанаша отурган, мектептин партасын.
Кайырма:
Көркүңө көзүм тойбойт асыл эркем,
Көөдөндө арзуу ыйлайт сага деген.
Армансыз бул дүйнөдөн өтөт го дейм
Айжаркын сени сүйүп, сага жеткен.
Армансыз бул жашоодон өтөт го дейм
Айжаркын сени сүйүп, сага жеткен.
Мергендин огу жетпес аркарсыңбы,
Мээнеткеч чырмаган же аркансыңбы.
Адамдан сендей сулуу жаралабы,
Акылдан адаштырган калтарсыңбы.
Адамдан сендей сулуу жаралабы,
Айжаркын адаштырган калтарсыңбы.
Туйлаган агын сууда балык болуп,
Тушалдым, туталандым карып болуп
Адашып арзуудан жол таппай жүрсөм
Айжаркын шоола чачкан жарык болдуң.
Кайыңдар, шамал уруп, бороон уруп,
Шуулдасаң, мен да кошо улутунуп.
Качанкы сезимдерди эске салдың,
Каректе бара жаткан унутулуп.
Кайыңдар, өзүң гана калыс элең,
Мен анда кекчилдиктен алыс элем.
Баарына бариктериң күбө болуп,
Бакыттын байтереги жалгыз элең.
Далдаңда далай түндү узатчу элем,
Саамайым сага гана сылатчу элем.
Кайыңдар неге бүгүн тунжурашат,
Бир кезде төлгө кылып, сыр айтчу элем.
Унутуп көп баригин кайың калды,
Унутуп ак кайыңын айыл калды.
Мен гана жалгыз сени унута албай,
Аралап басып келем кайыңдарды.
Сөзү : А.Осмоновдуку
Обону : А.Керимбевдики
Кош, жан эркем, кош дейсиң деп таарынба,
Мени күтпө, мени эстеп, сагынба.
Жаш кездердей ынак сүйүү жок экен,
Отуз жаштын улам аркы жагында.
Кош, сүйгөнүм, коштошордо жалынба,
Сен жакшы элең мен сүйө элек чагыңда.
Ак сүйүүдөн көңүл калуу көп экен
Отуз жаштын улам аркы жагында.
Сен бир кептер боз шумкарын түнөткөн,
Унутулган учар замат түнөктөн.
Сүйүү деген сүйүү эмес эринден,
Сүйүү деген - от чачышуу жүрөктөн.
Сен бир бакча мөмөлөрүң келишкен,
Мен жүргүнчү ооз тийген жемиштен.
Сүйүү деген сүйүү эмес бетиңден,
Сүйүү деген - сүзүп өтүү деңизден.
Сөзү : О.Султановдуку
Обону : А.Керимбаевдики
Кайчы өткөн тагдыр менен жолго чыгып,
Силерди, ак булуттар, жолдош кылып.
Мен келип алтын кумдуу көл жээгине,
Отурам эскерүүдөн ичтен сызып.
Сезгендей айрыларды коркор элем.
Алтын кум, сен баарына орток элең.
Өчөшүп бизди өксүткөн жаңылууга,
Өмүрдүн өрүн көздөй жалгыз келем.
Кайгынын каран түнүн жарык кылар,
Каралдым, жашоодо көп жакшылык бар.
Сен азыр эмнени ойлоп турдуң экен,
Айдалып баратканда ак булуттар.
Көл жээги, касиеттүү көлдүн жээги,
Көрбөдүң, өткөрбөдүң эмнелерди?
Адашып сүйгөнүмдөн келдим сага,
Сүйүүмдү айла кылып кайрып берчи.
Сөзү : К.Урманбетовдуку
Обону : Т.Нурматовдуку
Ала качып, ала качып,
Аргымактар арыш керет.
Азанатып, азанатып,
Азаматтар намыска бек.
Шамдай жанып алышып,
Шамал менен жарышып,
Жүзүн сүртүп булутка,
Жүрөгү - от, каны ысык.
Ала-Тоону бел кылып,
Ата Журтту дем кылып.
Абалтадан шок болот,
Алоолонгон от болот.
А болбосо жок болот,
Кыргызымдын жигиттери!
Дүңгүрөтүп, дүңгүрөтүп,
Жердин бетин тулпар келет.
Дүркүрөтүп, дүркүрөтүп,
Дүйнө жүзүн шумкар келет.
Кубанышат кыргыздар,
Кубатташат жылдыздар.
Ал анткени алардын,
Арасында Чыңгыз бар.
Аалам кезет жомоктой,
Ак калпагын жоготпой.
Акыл-эсин камчылап,
Аккуладай алкынат.
Ай-жылдызга талпынат,
Кыргызымдын жигиттери!
Учту мына, учту мына,
Айчүрөкпү же ак куубу?
Шукшурулуп, шукшурулуп,
Жигит шумкар сыяктуубу?
Закымдады кыз улам,
Жакындады боз улан.
Ана жетти, жетти, жетти,
Бек кучактап кетти, кетти, кетти.
Ак сүйүүгө бек болот,
Ак достукка чеп болот.
Кызыл гүлүң соолбосун,
Кыдыр болуп жолдошуң,
Кыраан Манас колдосун,
Кыргызымдын жигиттери!
Сөзү : А.Өмүркановдуку
Обону : А.Керимбаевдики
Бар тарабым бир гана сен жыттанып,
Бажырайган көздөрүңө суктанып.
Бакытымдай мүнөт сайын сени эстейм,
Баскан изиң башкалардан кызганып.
Бирин-бири көрөйүн деп батыраак,
Гүлдөр гүлгө арзуу айтып ачылат.
Сенин шаңдуу шаркыратма сыяктуу,
Шайыр күлкүң уксам жарпым жазылат.
Өзүңө деп гүлдөр терип адырдан,
Ырларды окуйм өзүңө деп жазылган.
Кайсы күнү сылаарымды билбеймин,
Желден башка сылабаган чачыңдан.
Жылдыз болуп көзүң турса күлүңдөп,
Уктай албайм бүткөн боюм дүрүлдөп.
Булбул бактан күнү бою тил безейт,
Бул дүйнөнүн ырахаты сүйүү деп
Сөзү : Н.Алымбековдуку
Обону : А.Бедияровдуку
Көзүңдөгү керемет, көзүңдөгү,
Көрүнбөгөн жазуулар сезимдеги.
Жалжылдаган каректин сырын билбей,
Жаман экен жүрөктүн эзилгени.
Катасыңбы сырыңды, катасыңбы?
Карегиңде айталбай жатасыңбы?
Айтпасаң да жактырып калдым окшойт,
Адеби бар адамдык сапатыңды.
Мүнөзүңдү жактырдым, мүнөзүңдү,
Күнөөкөрдөй айталбай билгенимди.
Билип жүрсөң болду эле мындан ары,
Үмүт үзбөй өзүңдөн жүргөнүмдү.
Сүйүүмү сунсам сага,
Сүйүүмө болбой даба.
Ооруган жүрөгүмдү,
Оорутуп койдуң кайра.
Көкөлөп көккө төбөм,
Кыялда эрдин өбөм
Ырахат тартууласаң
Ыр менен жашым төгөм.
Сүйүүнүн жолу бекем,
Байкабай сүйдүм беле.
Өзөктү өрттөп кеткен,
Өзүңө кантип жетем.
Түртүшүп турмуш жүгүн,
Түшкүчө эңир бүгүн.
Тагдырга табалатпай,
Түгөйүм болчу бүгүн
Жыңайлак баскан издерим,
Жылгаңдан келет издегим.
Ардайым кубат жаныма,
Ак шоокум мейкин түздөрүң.
Сууларың тунук агылган,
Бүткөндөй менин таңымдан.
Учурган канат байлатып,
Уям сен жүрөк сагынган.
Мээримиң кимге теңелсин?,
Мен үчүн атам-энемсиң.
Жакыным боорум тууган жер,
Жанымдан артык белемсиң.
Ысык-Көл сага барам деп,
Ырыска бүтсө жагар деп.
Ойлогон эмес экенмин,
Ошондо сени табам деп.
Ойлогон эмес экенмин
Гүлкайыр, сени табам деп.
Көрсөм да сени миң жолу,
Көл бойлоп бастым түн бою.
Гүлкайыр, сенин мас болуп,
Гүлүңдү искеп бир жолу.
Гүлкайыр, сенин мас болуп,
Өзүңдү жыттап бир жолу.
Дартыма даба эте албай,
Даалайлар жүрсө жете албай.
Өмүрдүн баркын кеч билип,
Өзүңдөн турам кете албай.
Жашоонун баркын кеч билип,
Жаныңдан турам кете албай.
Күүгүмгө толгон кечимдин,
Күкүгүн кайда кетирдиң?
Гүлкайыр, гүлүм кош эми,
Гүлүңдү үзсөм кечиргин.
Гүлгө окшош эркем, кош эми,
Күнөөлүү болсом кечиргин.
|