|
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Турдакун Ниязалиевдики
Кем болдум деп турмушуңа арданба,
Кейибегин ырыскың бар жалганда.
Кызыгына терең түшүп, берилип,
Кур дүйнөнү кумар тутуп алданба.
Кайырма:
Жараткан кураган,
Жарык нур бул аалам.
Жалынсыз ойлорго
Жеңилбе суранам.
Жеңиш бар чыдасаң.
Мансап үчүн башың жерге салбагын,
Мээнет кылчу элден калбас бар жаның.
Жер үстүндө тилек кылып жашасаң,
Жүрөк менен тапса болот калганын.
Кайырма:
Жараткан кураган,
Жарык нур бул аалам.
Жалынсыз ойлорго
Жеңилбе суранам.
Жеңиш бар чыдасаң.
Сөзү : Кыялбек Урманбетовдуку
Обону : Рамис Алиевдики
Мен махабат жарчысы,
Ырлар сезим тамчысы.
Жашоо деген жарык күн,
Караңгы түн жартысы.
Сен изденип талыкпай,
Дүйнө кезип чабыттай.
Кадырыңа жеткенди,
Карма алтын балыктай.
Кайырма:
Кара түндү айдап көңүлдөн,
Жарык күнүң өчпөй өмүрдөн.
Арууланып дайым жан дүйнөм,
Ак сүйүүгө болсун өрүлгө.
Тилек узун, күн кыска,
Тирүүлүктө бир нуска.
Өмүр бекер өтпөсүн,
Өзүңдү тап турмушта.
Кайырма:
Сөзү : Жакут Сыдыковдуку
Обону : Жакут Сыдыковдуку
Жумушум бардай байкеде эле,
Үйүңө барам атайын эле.
Ийилип сунган чайыңды унутуп,
Суктанып кечке караймын неге.
Караймын неге, караймын неге,
Карегим сизге кадалат жеңе.
Ак сүйүү болсо, кечиктим беле,
Армандуу ишке кезиктим беле.
Жылмайып мени карап коййсоңуз,
Сезиле берет сүйгөндөй эле.
Сүйгөндөй эле, сүйгөндөй эле,
Сиз мени сүйүп жүргөндөй жеңе.
Ыр менен сунам гүлүмдү жеңе,
Айта алайм эми сүйүүмдү деле.
Ак жоолугуңду сыйлап жеңеке,
Алыс жүрөйүн аттиң, ай жеңе.
Аттиң, ай жеңе, аттиң, ай жеңе.
Арманда сыздайм сүйбөсөңнеге.
Аттиң, ай жеңе, айылдаш жеңе.
Арманда сыздайм сүйбөсөң неге.
Ыр менен сунам гүлүмдү жеңе,
Сөзү : Акбар Сүйүнбаевдики
Обону : Ирлан Таалайбековдуку
Мен үчүн жаралгансың, сен менин тоодой бактыма,
Алтыным алыс кетсең ар-дайым сагынамын да.
Карагаттай көздөрүң, балдай ширин сөздөрүң,
Арбаламын мен сага, мен сага садагам.
Кайырма:
Мен сени сүйөм, мен сени сүйөм,
Жарыгым, жаным сен,
Агарган таңым.
Мен сени сүйөм, мен сени сүйөм,
Түбөлүк бактым мен өзүңдү таптым,
Эркеси дүйнөмдүн, өзүңсүң бактым.
Жылмайып мага күлсөң махабатка балкып кетем,
Жанымда бирге жүрсөң өзүмдү бактылуу сезем.
Карагаттай көздөрүң, балдай ширин сөздөрүң,
Арбаламын мен сага, мен сага садагам.
Кайырма:
Мен сени сүйөм, мен сени сүйөм,
Жарыгым, жаным сен,
Агарган таңым.
Мен сени сүйөм, мен сени сүйөм,
Түбөлүк бактым мен өзүңдү таптым,
Эркеси дүйнөмдүн, өзүңсүң бактым.
Сөзү : Т.Айылчиев, Анарбек Сапаралиевтики
Обону : Т.Айылчиевдики
Айлуу түн түнкүсүн,
Сен жанымда жүрчүсүң.
Каткырып мен күлгөндө,
Сен да кошо күлчүсүң.
Капкара кашыңдан,
Кундуздай болгон чачыңдан,
Мен ашык болгон элем,
Сен он сегиз жашыңдан.
Сүйгөнүм, сүйгөнүм,
Сени даалай күткөнмүн.
А бирок, сен билбепсиң,
Менин күтүп жүргөнүм.
Таарынам, таарынам,
Мен тагдырга таарынам.
Баарынан жаман экен,
Сүйгөнүңдөн айрылган.
Сен үчүн жазга айланып,
Сендикке көнүп алдым.
Жылытчы мээримиңе,
Жашоомду байлап салдың.
Кайырма:
Мен сенсиз жашай албайм,
Башканы карай албайм.
Жүрөгүң ачып мага,
Сүйүүңдү чаччы кайра.
Өмүрдүн баары сенсиң,
Жүрөккө дары сенсиң,
Маликам, түбөлүгүм,
Бактыма өзүң теңсиң.
Кайырма:
Сөзү : Н.Алымбековдуку
Обону : Г.Айдосованыкы
Ар үйдө аксакалдуу кары болсо,
Балпайган байбичеси дагы болсо.
Баласы баар таап эмгегинен,
Жанында жаркылдаган жары болсо.
Чоң ата бардыгына калыс болсо,
Чоң эне суук сөздөн алыс болсо.
Келини кербезденип бой көтөрбөй,
Уулунда уят менен намыс болсо.
Жакшылык эсеби жок эчен болсо,
Жоогазын өмүр сүрүп эсен болсо.
Береке, ырыс тилеп ар бир үйгө,
Элибиз ынтымактуу элден болсо.
Уулунда уят менен намыс болсо,
Кыргызым ынтымактуу элден болсо.
Сөзү : Жаңылай Кекееваныкы
Обону : KG Эльмураттыкы
Талабы эмнеде сүйүүнүн?
Таштадың неге, гүлүмдү?
Жообун бербе, кайра келбе,
Эстегенде, кайрылба, жүрөк эзбе.
Кайырма:
Сен, эми...
Унуткун мени, узатам сени,
Уйкусуз түнгө калбайм.
Алыстык сездим, арман дебеймин,
Кайра сага кайрылбайм.
Карабайм мен да, артыма,
Караба сен да, жалынба!
Каалайм ак жол, сен аман бол,
Болбо тоскоол, айтарым сага ошол.
Кайырма:
Сен, эми...
Унуткун мени, узатам сени,
Уйкусуз түнгө калбайм.
Алыстык сездим, арман дебеймин,
Кайра сага кайрылбайм.
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Руслан Нарынбаевдики
Сөзү : Кудрет Тайчабаровдуку
Обону : Мирбек Атабековдуку
Жүрөгүмдө жашайт бир сендей,
Кыялданам сагына...
Жашасам дейм бакыт издебей,
Сен болсоң жанымда.
Жүрөгүмдө жашап сен,
Кусалыкка калтырба мени, сезбей сен.
Жүрөк ээсин атап мен,
Көкөлөтүп алдымбы сени, жалгызым сен.
Кайырма:
Кыялымда жашайсың, ойду ээледиң,
Каректерим жашырбайт, аны сезбедиң.
Куса болуп сөз айтсам жообун бербедиң,
Күндө келчү жерге сен, неге келбедиң.
Багындырып жүрөк бир сендей,
Жашайт анда миң жылга.
Сүрөтүңдү калам тиктебей,
Сен жүрсөң жанымда,
Жүрөгүмдө жашап сен,
Кусалыкка калтырба мени, сезбей сен.
Жүрөк ээсин атап мен,
Көкөлөтүп алдымбы сени, жалгызым сен.
Кайырма:
Сөзү : Кубаныч Сатаевдики
Обону : Кубаныч Сатаевдики
Сөзү : Бек Борбиевдики
Обону : Бек Борбиевдики
Сөзү : Бек Борбиевдики
Обону : Бек Борбиевдики
Тийишкенде сөзү көп, кудуксуңар жигиттер,
Сүйгөн кыздын алдында, дудуксуңар жигиттер.
Доого түшүп калгандай жалгыз жүрсө сөзү жок,
Достор болсо жанында куудулсуңар жигиттер.
Кайырма:
Тамаша, бул тамаша,
Чындыгына жараша.
Таарынганга себеп жок,
Турмуш өзү тараза.
Сүйлөп тоону томкоруп, коймок болгон жигиттер,
Ишке келсе жалтаңдап ойнок болгон жигиттер.
Жети кадам алыстап калса сүйгөн кызынан,
Бүт баардыгын унутуп бойдок болгон жигиттер.
Сөзү : Замир Сыдыевдики
Обону : Замир Сыдыевдики
Жактырдым сизди мугалим эже,
Көргөнү келем сизди мектепке.
Жашым жетпейт сизге сүйүү арноого,
Ай, билбейм эжеке, кантип айтам сүйүүмдү сизге?
Кайырма:
Мугалим эжекем ай, мугалим,
Алайын өзүңүздөн мен билим.
Дептериме жазайын мен сыялап,
Жүрөгүңүздө турайын мен уялап, эжеке...
Айырмаңыз жок экен го кызыл гүлдөн,
Суктанам го ууртуңузга сиздин күлгөн.
Сиздин берген сабагыңыз - сүйүү сабак,
Ай, кыялданам эжеке, жалгыз жигит мен сизди сүйгөн.
|