|
Күттүм сени жолуң карап,
Күттүм сени келет деп.
Саамайымды желге тарап,
Жалгыз турдум сени эстеп.
Күттүм сени күндөп-түндөп,
Күттүм сени сагынып.
Келет деген үмүт менен,
Турам зарыгып.
Сен жүрөсүң кайда?
Таба албайм айла.
Таш беле кыздардын жүрөгү?
Кайырма:
Ансайын көрсөм деп эңсеткен,
Ак сүйүүм бир гана сен дегем!
Жоодурап көздөрүң элестеп,
Жолуңдан күтөмүн кетпестен.
Күттүм сени күн өтсө да,
Күттүм көңүл калбастан.
Үмүтүмдү үзө албай,
Максатымдан танбастан.
Күттүм сени, күтө берем,
Жашоо сенсиз жалгандай.
Жалгыз гана күтүү үчүн,
Жаралып мен калгандай.
Сен жүрөсүң кайда?
Таба албайм айла.
Таш беле кыздардын жүрөгү?
Кайырма:
Көргүм келет сенин кара көздөрүңдү,
Айткым келет сагынычка толо сөзүмдү.
Жүрөгүмдө сен, ойлорумда сен,
Дагы эле күтөм өзүңдү.
Кайырма:
Сөзү : Омор Султановдуку
Обону : Түгөлбай Казаковдуку
Эмненидир мен сага арноом керек,
Көз көрүшүү болбойт го кайрадан бир.
Ал күндөрдө кайрадан баргым келет,
Эмненидир мен сага арноом керек.
Кайырма:
Сен кайдасың бул күндө мен кайдамын?
Боз жоргодой таң ашчу жайдакталдым.
Биз жоголдук экинчи кайрылбайбыз,
Сен кайдасың бул күндө мен кайдамын?
Жакшы ыр жазып мен сага арноом керек,
Барбы алдыда кездөшүү эч ким билбейт.
Ошол түнгө түбөлүк калгым келет,
Жакшы ыр жазып мен сага арноом керек.
Кайырма:
Өзүмдү-өзүм мен эми алдоом керек,
Качандыр бир кездерде жолугам деп.
Ушул ырды жакшы деп арноом керек,
Өзүмдү-өзүм ошентип алдоом керек.
Кайырма:
Сөзү : Мелис Айдаркуловдуку
Обону : Рамис Алииевдики
Жолукпасаң жолукпагын,
Сен мага чоочун жан болуп калдың.
Жолдор башка, тагдыр бөлөк беле,
Жолукпасаң жолукпагын.
Сен эркелеп, мен бактылуу,
Күндөр ал эми кайрылбайт өткөн.
Жолукпа, жок, башкасың сен, мен да,
Жүрөгүм муз, жылдызым өчкөн.
Кайырма:
Күтүп күн өттү, аппак кар, кыш келди,
Күз өтүп, капыстан көчөдөн кездешсек.
Карабай кете бер түз өтүп,
Карааның карекке түнөтүп.
Жолукпасаң жолукпагын,
Сен мага чоочун жан болуп калдың.
Жолдор башка, тагдыр бөлөк беле,
Жолукпасаң жолукпагын.
Жолукпасаң жолукпагын сен.
Бир кездерде жанып турган ак сүйүүм сага,
Ал күндөрүм түгөнбөстөй сезилген анда.
Мейли, мейли, кетсең мейли, бирок мени сагынба,
Жүрөгүмдү кыйнап кайра, кайрылба мага.
Кайырма:
Жан, өзүңө сүйүүмдү айта албаймын,
Көңүлүмдө бир өзүң кайра жанбайсың.
Өмүрүмдү бир сага арнаган элем,
Эми, жаным, мендейди таба албайсың.
Өттү күндөр, айлар өттү, жылдар арадан,
Жүрөк сыздап, муңга толбойт эми кайрадан.
Мейли, мейли ыйласам да, өттү күндөр арадан,
Билгин, жаным, сезим жанбайт эми кайрадан.
Жигиттербиз шок, жүрөгүндө от,
Ар түркүн кыялга баткан,
Сезимде кир жок, көңүлдөрү ток,
Кайгысыз көчөдө баскан.
Кайырма:
Оппа, оппа жигиттер,
Жаштыктын жүрөгү.
Оп, эй жигиттер,
Намыстын тиреги.
Оппа, оппа жигиттер,
Сүйүүгө мас болгон,
Оп, эй жигиттер,
Калгыла жаш бойдон.
Жалындуу жүрөк, жүз кызды сүйөт.
Жакшы кыз табышты Кудайдан тилеп.
Кара көз сынап, чыкпаса кыйнап,
Калабыз көчөдө түнөп.
Сүрөттөрү көп, бирк бирдик жок,
Телефон көтөрөт темеле кымбат.
Көз айнек тагат, колунда бар саат,
Акча жок чөнтөктө сурасаң чындап.
Жашообуз кызык, тилектер тунук,
Максаты аскадай бийик.
Жолдон кайтпаган, жок деп айтпаган,
Биз азыр берешен жигит.
Кайырма:
Мактанууга зар, машинеси бар,
Сурасаң баары бир атасыныкы ал.
Колунда бүт бар, ишетеген иши бар,
Дагы да, атасыныкы да ал.
Силерде өзү эмне бар, а?
Жигиттерде күч бар, таттуу көргөн түш бар,
Көңүлдүү ыргак, акчадан кымбат.
Улууга урмат, кичүүгө ызат,
Жаштык, сүйүү, намыс,
Жакшы нерсе бүт бар.
Сөзү : Б.Борбиевдики
Обону : Б.Борбиевдики
Сүйүүмдү байкабай сен сезбегениңден,
Күтүүдөн жүдөп келем, кыйналып келем.
Билбейсиң ийилбеген мүнөзүмдү сен,
Каалаган максатыма мен баары бир жетем,
Баары бир жетем.
Кайырма:
Сүйүүңдү уурдап кетем билгизбей сага,
Көзүңдү көздөрүмө мен көндүрүп алам.
Байланган сезимдердин баардыгын чечип,
Көңүлүң жалгыз өзүмө көндүрүп алам.
Ызамдан ызгаар болуп чыйрыгат денем,
Ыкташып күлүп жүрсөң сен башкалар менен.
Удургуп, ташкын болуп агылсам дагы,
Урагыс пайдубалын мен, баары бир жеңем.
Баары бир жеңем
Кайырма:
Сүйүүңдү уурдап кетем билгизбей сага,
Көзүңдү көздөрүмө мен көндүрүп алам.
Байланган сезимдердин баардыгын чечип,
Көңүлүң жалгыз өзүмө көндүрүп алам.
Сөзү : Ш.Келдибекованыкы
Обону : Т.Казаковдуку
Турам тыңшап селейип үн катпастан,
Дирилдеткен кусалык добушуңду.
Чертким келди менин да ушул күүнү,
Бирок корком, албаймын комузумду.
Кайырма:
Жок, жок, менин уккум келет башкача үндү,
Жазгырбас жарыгына ишеничтүү.
Жок, жок, менин сезгим келет дүйнөдөгү,
Сагынычтын саргайбас албуут күчүн.
Коштоор элем мукамдуу батына албайм,
Үнсүз, тилсиз кысылат эт жүрөгүм.
Кимсиң деги бейтааныш күндүр-түндүр,
Сагынычтан, кусадан алсыраган?
Кайырма:
Сөзү : Жолболду Алыбаевдики
Обону : Жолболду Алыбаевдики
"Чолпонум" деп ат коюп
Чоң казалды баштадым.
Аялзаттан сенчелик
Ашкан сулуу таппадым.
Күлкүң кетпей оюмдан
Күндүз сенсиз баспадым.
Түшкө кирип азгырып
Түнү сенсиз жатпадым.
Сугум артып башкага
Сүйүү отун жакпадым.
Түнү күндөй, күнү айдай
Түңүлбөдүм, батпадым.
Бир өзүң жок түнөргөн
Булут болду асманым.
Бийлиги өтпөй жүрөккө да
Бир өзүңдөн башканын.
Бирибиз тоо, бирибиз түз болдук го, Чолпонум.
Бирибиз жаз, бирибиз күз болдук го, Чолпонум.
Бирибиз жай, бирибиз кыш болдук го, Чолпонум.
Бирибиз чөл, бирибиз сыз болдук го, Чолпонум.
Бирибиз кант, бирибиз туз болдук го, Чолпонум.
Бир бутакка коно албай, Бир уяда боло албай.
Күкүк менен зейнептей
Куш болдук го, Чолпонум.
Куурап калган тардырга
Биз туш болдук го, Чолпонум.
Каныкейдей кадырлап
Барктап өтөм дечү элең.
Алтын чынар теректей
Шактап өтөм дечү элең.
Айчүрөктөй актыгың
Сактап өтөм дечү элең.
Жаралансаң ок тийип,
Аттап өтөм дечү элең.
Алыс кетсең
Санаага түшүп жүрөм дечү элең.
Кенжесиндей Төштүктүн
Күтүп жүрөм дечү элең.
Күмөн ойду көңүлгө Жармаштырбайм дечү элең.
Күмүшүндөй Жаныштын да Алмаштырбайм дечү элең.
Жолугушчу ар качан жерден күтөм, Чолпонум,
Бетегеси буралган белден күтөм, Чолпонум.
Жаздын күнү жолукчу жайдан күтөм, Чолпонум,
Агын суусу шар аккан сайдан күтөм, Чолпонум.
Күздүн күнү жолукчу түздөн күтөм, Чолпонум,
Кыштын күнү жолукчу, үйдөн күтөм, Чолпонум.
Баягыдай дагы эле жолдон күтөм, Чолпонум,
Батыш, чыгыш, оң бетинде, солдон күтөм, Чолпонум.
Күтүп жүрөм, Чолпонум,
Күтө берем, ий, Чолпонум.
Сөзү : Нурмат Садыровдуку
Обону : Аваз Акимовдуку
Сен гүл болсоң, сабагың бар мендей,
Сүйүп жүзүңдөн эзилем.
Сен күн болсоң ак нуруңа балкып,
Айдан келген перим сен.
Кайырма:
Мен өзүң үчүн жаралгандай,
Бактылуумун кайгым аздай.
Менден тунук сүйүү күтсөң,
Сен деп сүйүүм жаралагандай.
Эркелетип ак жүзүңдөн сүйсөм,
Эркелейсиң сен ансайын.
Жүрөгүмдүн жарымы сенде,
Түбөлүккө биз бир болсок.
Кайырма:
Көктөгү айсың, бүтпөгөн ойсуң,
Кайдасың, жаным, неге сен көрүнбөйсүң?
Сени издеди бул жүрөк,
Кайда жүрдүң, менин асыл сүйгөнүм?
Кайырма:
Сени, сагындым, сени,
Сыздады жүрөк.
Жанымдын эми,
Сагындым сени.
Ичимде муңдуу, сүйөсүң кимди?
Бакытым менин, тилеймин амандыгыңды.
Бар жакшыны сен деймин,
Сенден башка эч кимди мен көрбөймүн.
Кайырма:
Сөзү : Жыпара Исабаеваныкы
Обону : Съездбек Искеналиевдики
Сөзү : Т.Нурматовдуку
Обону : Т.Нурматовдуку
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Аваз Акимовдуку
Күлүп таң атып,
Ырдап шаңданып,
Алга карай, жанып барамын.
Бассам жарашып,
Баары мага ашык,
Мен турмуштан бакыт табамын, ырдай.
Кайырма:
Бий менен сеземин,
Бакытка жетемин,
Булуттай асмандагы,
Бийикке кетемин.
Сен дагы талбай,
Мезгилден калбай,
Күлкү менен жашоо баркын сез.
Жаркын күн таңдай,
Жаркырап айдай,
Ырдап, бийлеп жакштык кезди сез биз менен.
Кайырма:
Сөзү : Шайлообек Дүйшеевдики
Обону : Э.Иманалиевдики
Жамалы белең берметтин,
Жабыркап жүрөк дегдеттиң.
Кароосуз калган кайыктай,
Кайыр кош, жаным, сен кеттиң.
Кайырма:
Карап, карап, кайрадан сени самап,
Күттүм, күттүм, күттүм,
Жалжалым, жалгыздыктан тажап бүттүм.
Көпөлөк гүлгө коно албай,
Көңүлүм сыздап, толо албай.
Серпилип жүрөк кыйналды,
Сендейлер сендей боло албай.
Кайырма:
Кош дегим келбейт, кош дегим,
Козгобо, бөлөк жок кебим.
Кайгырсам, жалгыз, аргам жок,
Кош дешер жарым жок менин.
Кайырма:
Сөзү : Жыпара Исабаеваныкы
Обону : Гүлжигит Сатыбековдуку
Биз ал кезде талдай жаш элек,
Аруу элек, сулуу, наз элек.
Он гүлүнүн бири ача элек,
Жакшы ырлардай ширин, наз элек.
Кайырма:
Каректерге кайгы, убайым али ката элек,
Билип, билбей күнөөлөргө дагы бата элек.
Байлык, бийлик, мансап даамын тата элек,
Кандай таза, кандай жаш элек...
Ошондо биз өктөм, жаз элек,
Аруулукка кумар, мас элек.
Жалганчылык жанга бата элек,
Жашоонун шор даамын тата элек...
Кайырма:
Каректерге кайгы, убайым али ката элек,
Билип, билбей күнөөлөргө дагы бата элек.
Байлык, бийлик, мансап даамын тата элек,
Кандай таза, кандай жаш элек...
Жакшы ырлардай ширин, наз элек...
|