|
Сөзү : С. Жээнбаевдики
Обону : Жамил Карабалаевдики
Ош шаарым оргуштаган Ак-Буураңды,
Жээгинде мен отурамын.
Сагынып келдим сага, билесиңби?
Көчөңдө калган жаштык, издеримди.
Кайырма:
Ош шаарым жаштыгым сен,
Жүрөккө жалын берген.
Ош шаарым сагындым мен,
Жаным биргем.
Ош шаарым кылымдарга кучак жайгын,
Көбөйүп, өнүп-өссүн урпактарың.
Чеп тура берсин түбөлүккө,
Ыйык тоо көк мелжиген Сулайман тооң.
Кайырма:
Гүл назик бүчүр жайып жашыл,
Жаз демине ачылат.
Кыз назик сүйүп калса эгер,
Махабатын жашырат.
Кусаланып жалгыз ойго чөмүп,
Кай бир кезде ирмем жаш төгүп,
Кыздын сыры, кыздын сыры
Жүрөктө катылат.
Кайырма:
Ак сүйүүгө арга жок,
Ашыктыгым артылат.
Эх, андай зор күчкө,
Адам өзү тартылат.
Сен күткөнүм байкабадың, жаным,
Арзып сүйгөн жүрөктү.
Ал кездеги жүрөгүмө сүйүү,
Махабатым түнөттүм.
Сагынычым улам-улам артып,
Карегимде ыйык нур балкып,
Сен деп гана, сен деп гана
Жашаган күн өттү.
Кайырма:
"Чын сүйүү барбы?" десе, жаным,
Сени дайым ойлоймун.
Кимде ким сүйгөн болсо дагы,
Бактылуу деп болжоймун.
Адамдагы кыял өтө күлүк,
Сүйүү шамы өңдүү бир үмүт.
Ыйык мага, ыйык мага,
Өчүрбөй коргоймун.
Кайырма:
Сөзү : Чыңгыз Турдубековдуку
Обону : Чыңгыз Турдубековдуку
Аппак карды жамынып,
Алтын аяз тагынып,
Жаңы жыл да кирип келди жаңырып.
Ак тилектер баарысын,
Ийгиликтер курчасын,
Жакшы ойлор, максаттар аткарылсын.
Бактылуулук шаңы дайым жаңырсын.
Кайырма:
Ар бир жанга өмүр, бакыт берсин,
Кирип келген жаңы жыл.
Элибизге тынчтык алып келсин,
Куттуу болсун ушул жыл.
Ар бир үйгө ырыс, бейкут келсин,
Шаңга бөлөп жаңы жыл.
Жакшылыктын баарын арнап кетсин,
Узап жаткан эски жыл.
Кубанычтын жыргалы,
Ушул күндө убайы,
Баарыбызда болбосун эч муң-кайгы.
Жылдын ар бир убагы,
Бул өмүрдүн булагы,
Маани берип өткөрөлү жылдарды.
Амандыкты, жакшылыкты сурайлы.
Кайырма:
Сөзү : Кыялбек Урманбетов
Обону : Эркин Мээрканов
Жакшы дос өчкөн жанга от берет,
Жаныңды жан досуңа кош демек.
Жаркыбай жалаң гана майрамда,
Жабыкканда жарык берген дос керек.
Көрө албас, ич тардыкты жойгула,
Бөлүнбөй акыреттик болгула.
Сыр билги досуң тунук күзгүдөй,
Сынып калса келбес кайра ордуна.
Кайырма:
Сырды бек сактаган, сыртымдан сатпай,
Тунук бол көз жаштай, досторум менин.
Чыр сөздү айтпаган, чындыктан кайтпас,
Күн болгун батпаган досторум менин.
Сүйүнтүп тарта бербей сыйыңды,
Күйүнтүп айта жүргүн сыныңды.
Күн достор силер менен бөлүшөм,
Бир тууганга билдирбеген сырымды.
Күлгүлө карегимден баш багып,
Жүргүлө жүрөгүмдө сакталып.
Баарыңды күн достор деп атадым,
Бар да силер баскан жолум жапжарык.
Кайырма:
Дооруңда түркүн адам кабылат,
Дос изде, душман өзү табылат.
Ар убак нурун төксө күн достор,
Аз өмүрдө бүт армандан арыла.
Сөзү : Чыңгыз Турдубековдуку
Обону : Чыңгыз Турдубековдуку
Көңүлүм тартып өзүңө буруп,
Кыялданып жаныңда туруп.
Ойлорум бүтпөй сага умтулуп,
Бакыттын жолдорун экөөбүз куруп.
Кайырма:
Жалгыз дарак бизди карап,
Жалбырагы шыбырап.
Курчап кучагына, Т
Тунук сезим тартуулап.
Керемет убак уланса экен,
Деп тиленип ичимден бекем.
Көпкө биз турдук сырдашып кенен,
Арнашып сөздөрдү жүрөк дегдеткен.
Сөзү : Жылдызбек Турсунбаевдики
Обону : Кубаныч Сатаевдики
Асман жалгыз, мен жалгыз,
Адам болбойт армансыз.
Тузагында тагдырдын,
Бирге болбой калганбыз.
Эсте уюп элесиң,
Унута албай бир өзүң.
Турмуш бизди бир кылбай,
Туюп сүйүү жемесин.
Кайырма:
Сагынамын, сагынамын,
Неге, жаным, кайрылбадың?
Сагынамын ардагым деп,
Санаа тарттым жообун издеп.
Күтүп келем, күтүп келем,
Карааныңды үмүт менен,
Кең дүйнөдөн жай таба албай,
Күтүп келем, күйүп денем.
Уйкусуз таңдар атты,
Жан дүйнөм алдан азды.
Ой бөлүп эстей берип,
Жалгыздык жанга батты.
Өчүрө албай жүрөгүмдөн,
Өрт-жалында жүрөсүң сен.
Өмүр өтүп кеткиче,
Бир өзүмө келесиң сен.
Кайырма:
Күндөрдүн биринде мен жолуктургам сени,
Бир көрүп жүрөгүмдүн музу эриди. Себеби сен ачылган гүлдөйсүң, Мен аны үзбөй түбөлүк сактайм...
Кайырма:
Сезимдин аппагын,
Бир сага арнадым.
Мен өзүңө бекем байландым.
Сезимдин аппагын,
Бир сага арнадым.
Мен өзүңө бекем байландым.
Сүйдүм сени аябай, мен арнайын баарын,
Айтайын сага сүйүү саптарын. Себеби сен ачылган гүлдөйсүң, Мен аны үзбөй түбөлүк сактайм...
Кайырма:
Көп күттүргөн аруу сезим келди мага,
Көкөлөп учкан куштай ак таңымда.
Тагдырым белек берген бакытымды,
Таалайымды түбөлүк мен таптымбы?
Кайырма:
Өзүңдү мен өмүр бою издеп келгем,
Көздөрүңдөн арзуу нурун көрсөм дегем.
Мөлтүр таза менин сага махабатым,
Жообун күткөн чын сүйүүмдү кабыл алгын.
Жүрөгүмдүн оттой ысык алоосу сен,
Жаштыгымдын жанып турган каалоосу сен.
Жан биргем деп жандап жүрсөм сезим арнап,
Жалындаган сүйүүм менин сени тандайт.
Кайырма:
Айланчыктап жаныңдан чыккым келбейт,
Айды кармап сырдуу түндө күткүм келет.
Айперидей жамалыңды бир көрүүгө,
Аздек кыял айдап келем мен күнүгө.
Кайырма:
Сөзү : Кайнар Алакузовдуку
Обону : Курал Молжановдуку
Алло, бул ким?
Кимди издедиң?
Тааныдыңбы?
Жылдыз белең?
Ооба, мен жылдызыңмын жанашпаган,
Сырды издедим.
Кечириңиз, ким дедиңиз?
Бир сулуунун тирегибиз,
Азыр бойдок, башыбыз бош.
Бош орунга гүл эгиңиз.
Ой, ой, карындаш, андай дебеңиз,
Сүйлөйбүз ошондой, неге кыз
Кырк үйдүн тыюусу болсо, биз
Жаныңа кандай келебиз?
Кел сырдашалы, кел сырдашалы,
Кошулсун биздин күнүбүз.
Ой, ой, агатай, андай дебеңиз,
Кандай айт, ошондой көнөбүз.
Баркымды бил, баалай алсаң сен,
Багыңа карай көрөбүз.
Кел сырдашалы, кел сырдашалы,
Кошулсун биздин күнүбүз.
Канчада экен чын жашыңыз?
Сулуулардын сырдашыбыз.
Кыздын жашын сурабайт го,
Кай жылкы эле курдашыңыз?
Курдаштарым келсе жүзгө,
Менин жашым он сегизде.
Азыр эле жолуксам дейм,
Мейли ишен, мейли ишенбе.
Жок, жок, агатай, андай дебеңиз,
Кандай айт, ошондой көнөбүз.
Баркымды бил, баалай алсаң сен,
Багыңа карай көрөбүз.
Кел сырдашалы, кел сырдашалы,
Кошулсун биздин күнүбүз.
Ой, ой, карындаш, андай дебеңиз,
Сүйлөйбүз ошондой, неге кыз
Кырк үйдүн тыюусу болсо, биз
Жаныңа кандай келебиз?
Кел сырдашалы, кел сырдашалы,
Кошулсун биздин күнүбүз.
Аппак кар себелеп,
Кыш дагы бир керемет,
Жолдор музга айланат,
Сен аны басып тайып чалынба.
Кышка ачуу кармап таарынба.
Чана тебип бийикте,
Маанайыңды бийиктет сен,
Жылуу тонду кийип теп,
Тоңбой муздак кыштын карында,
Күтсөң кирип келет жакында,
Келсин Жаңы жылым,
Аппак сыйкыр кышта.
Тынчтык болсун жеримде,
Келсин Жаңы жылым.
Биз күткөн, кечикпестен,
Келсин Жаңы жылым.
Эски жылды узатып,
Жаңы жылга аттандык биз.
Максаттарың ишке ашсын,
Кирип келген Жаңы жылында.
Жүргүн дайым күлүп, жымыңдап,
Туугандарды чогултуп,
Достор менен жолугуп биз,
Үйгө толуп белектер,
Кирип келет биздиң Жаңы жыл.
Шаңдуу майрам, сонун себепкер.
Келсин Жаңы жылым,
Алтын кыргыз жерине.
Тынчтык болуп ар дайым,
Келсин Жаңы жылым.
Биз күткөн, кечикпестен,
Келсин Жаңы жылым.
Сөзү : Руслан Нарынбаев, Нурмат Садыровдуку
Обону : Руслан Нарынбаевдики
Мен сүйгөн менен пайда жок,
Кантейин, жаным, айлам жок.
Өзүң деп соксо жүрөгүм,
Өкүнгөн менен аргам жок.
Кайырма:
Балбылдап көздөрүң кара-кара,
Айта албай сүйүүмдү сага гана.
Айтайын, башканын кереги жок,
Жылмайып жылуулук берчи мага.
Сүйдүрдүң мени, сүйүктүүм,
Үзө албай сенден үмүтүм.
Өзүң деп өтсөм өмүрдөн,
Арманым айтчы, ким үчүн?
Кайырма:
Чалкыган көлүӊ керемет,
Жаады эле жамгыр себелеп.
Арзыган сага жүрөктү,
Кетпечи, жаным, тебелеп.
Кайырма:
Сөзү : М. Улицкий
Обону : Р. Фальво
Скажите, девушки, подружке вашей,
Что я не сплю ночей, о ней мечтаю,
Что всех красавиц она милей и краше,
Я сам хотел признаться ей,
Но слов я не нашёл.
Очей прекрасных огонь я обожаю,
Скажите, что иного я счастья не желаю,
Что нежной страстью, как цепью, я прикован,
Что без нее в душе моей тревога и печаль.
Когда б я только смелости набрался,
Я б ей сказал: "Напрасно ты скрываешь,
Что нежной страстью сама ко мне пылаешь.
Расстанься с глупой маскою и сердце мне открой".
Очей прекрасных огонь я обожаю,
И на земле иного я счастья не желаю,
Что нежной страстью, как цепью, я окован,
Что без нее в душе моей тревога и печаль.
Хочу тебе всю жизнь отдать, тобой одной дышать...
Сөзү : Жаңылай Кекеева, СыймыкБектики
Обону : KG Эльмураттыкы
Жүрөктөн орун алдың, кара көз,
Айта албай сөз,
Атың биле албаймын неге?
Өзүңдөн алыс кармап,
Сени жандап жүрбөймүн дебе.
Кайырма:
Уялып басып тартынсаң,
Барамын артыңдан,
Менден башканы издебе.
Узарып, батпай күндөрүм,
Сени күтүп жүргөнмүн,
Жашоодогу үмүтүм сенде.
Көңүлүң кыйналганда, жан дүйнөң ыйлаганда,
Жакшы күндөрдү эстеп, сен алыска караганда.
Жалгыз өзүң калганда, ушул ыр ырдалганда,
Эстеп кой бир адам болуп калмак сенин жаныңда.
Мейли бол алыс менден, болгунуң башка менен,
Сезимдерим өчпөс ишенгиниң, бир сени деген.
Бактылуу болгун сен, тилеймин Теңирден.
Билип жүргүнүң бир адам бар дайым сени эңсеген.
Ортодо сүйүү жанбай жалынсыз,
Айдай сулуу кыз,
Жашоомо кирчи сен деле.
Өмүрдү өткөрүп армансыз,
Сен кылыксыз,
Үмүт бер мендейге...
Кайырма:
Көңүлүң кыйналганда, жан дүйнөң ыйлаганда,
Жакшы күндөрдү эстеп, сен алыска караганда.
Жалгыз өзүң калганда, ушул ыр ырдалганда,
Эстеп кой бир адам болуп калмак сенин жаныңда.
Мейли бол алыс менден, болгунуң башка менен,
Сезимдерим өчпөс ишенгиниң, бир сени деген.
Бактылуу болгун сен, тилеймин Теңирден.
Билип жүргүнүң бир адам бар дайым сени эңсеген.
Сөзү : Жоодарбешимдики
Обону : Жоодарбешимдики
Жаралып мен дүйнөгө келген кезден,
Азап-кайгы мен үчүн даалай жеген.
Ал асыл зат, аймончок менин энем,
Таманынан бейиштин жыты келген.
Кайырма:
Ээй, адамдар оой, адамдар,
Энеси бар адамдар, бактысы бар адамдар.
Ээй, адамдар оой, адамдар,
Дүйнөдө теңдеши жок менин да апакем бар.
Тилегим бар тоюмда күлүп апа,
Кубанып сен батаңды берип мага.
Ай жүзүңдөн төгүлүп күн шоолосы,
Бактыбызга бар болчу жаным апа.
Кайырма:
Жаным менин, күнүм менин,
Сүйүүм менин, жаным апам...
Сөзү : Гүлмира Рыспаеваныкы
Обону : Сулайман Рыспаевдики
Сурасан бербес, качырсаң келбес,
Тирүүлүк чиркин бир келет.
Ак шоокум бал-бал,
Апапак таңдар, ар күнкү асыл бир белек
Капаңды айдап, жаз болуп жайнап,
Жаңырсаң мукам музыка.
Керемет дүйнө, чакырып бийге,
Күндөргө биздин шаң берет.
Жадырап жаздай, жаман сөз айтпай,
Жайдары ойноп күлөлү
Жарк эткен күндөй, капалык билбей,
Жашоону жаркын сүйөлү.
Ырыскы чачып, ыроолоп бакыт,
Ынтымак бизден кетпесин.
Табышмак сымал, таркабай кумар,
Өмүрдүн баркын билели.
Көңүлдүн баркын билели
Ак таңдар жанган, ар күнү майрам,
Эшигин ачып эл күтөт.
Булбул кош сайрап, дасторкон жайнап,
Жакшы сөз жанды эргитет.
Толпуруп болбой толкуган көлдөй,
Пейилдер кенен жашайлы,
Ар дайым даяр, апамдай аяр,
Мээримиң көңүл сергитет.
Кайырма:
Өтсө да өмүр, калтырбай көңүл.
Сыйлашып барктап жүрөлү.
Өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк
Бир тууган таза жүрөгү.
Дем берип деми, кыйбаган сени
Кадырын билгин досуңдун.
Өткөрүп алба, өкүнүп калба.
Баалаган куунак өмүрдү
Кайырма:
Сөзү : Жыпара Исабаеваныкы
Обону : Асема, И.Абдыразаковдуку
Отту кечип ойногон,
Оюнга, ишке тойбогон.
Оомал-төкмөл дүйнөнүн,
Оош-кыйышын оңдогон.
Ооргуп-баргып күч-кубат,
Ооруу-сыркоо болбогон.
Ошол кыргыз бий менен,
Ойдолоктоп ойгоном.
Кайырма:
Эриндери бүлкүлдөп,
Үкүлөрү үлпүлдөп.
Кыздар бийлейт ийиктей,
Ийиндери сүлкүлдөп.
Карек күйгөн биликтей,
Чарчаганды билишпей.
Бийге дене жибитпей,
Турган жигит жигитпи эй!
Шамал менен жарышкан,
Шам тилегин жагышкан.
Шаан-шөөкөттүү кыргыз эл,
Шаабайы аткан жарык таң.
Шарактаган келин-кыз,
Шайдоот жигит бери чык.
Шай оогончо бийлейли,
Шалкылдасын дене ысып.
Кайырма:
Бүткөн бойлор дүркүрөп,
Жигит сүрү күркүрөп.
Бийде кубат, күлкү көп,
Бийле турбай мүңкүрөп.
Бийле кары жаш дебей,
Бийле кубат аз дебей.
Бир келген бул өмүрдө,
Бийлеп турган жакшы эмей.
|