|
Сүйөмүн деп, айттың эле,
Сенин сүйүүң жалган беле?
Жашырып сен жүрүптүрсүң,
Таштап мени кеттиң неге?
Кайырма:
Үмүтүм үзбөй келем,
Үзүлбөс үмүт менен.
Күтөмүн жолуң карап,
Айла жок жашап келем.
Жүрөгүм оорутпагын,
Сүйүүмдү соолутпагын,
Сүйүктүүм кайда жүрсөң,
Эстеймин жаным, жаным.
Карай берип, карайды каным,
Махабаттын майына малдым,
Баркын билбей башканын жаным,
Ак сүйүүнү азапка салдың.
Сөзү : Мырзахит Мырзаевдики
Обону : KG Эльмураттыкы
Кайырма:
Ак гүлүм, ак гүлүм,
Арнайм сага ак сүйүүм,
Сезимдерди сен деп жашаган.
Карагат көздөрү,
Алоолонтуп көркөмү,
Аруу жансың жаным көктөгү.
Жаздым ушул ырымды көңүлүмдөгү,
Бир сен үчүн ырым арнадым.
Бактың тилейм ар дайым, жүрөгүмдү арбадың.
Сезимдерим алоолоп жанган.
Сенде менин көңүлүм, нурга бөлөгөн.
Албууттанып дилде жашаган.
Секетим өзүң деп, сени сагынып,
Махабатым чексиз садагам.
Кайырма:
Ак гүлүм, ак гүлүм,
Арнайм сага ак сүйүүм,
Сезимдерди сен деп жашаган.
Карагат көздөрү,
Алоолонтуп көркөмү,
Аруу жансың жаным көктөгү.
Жаздым ушул ырымды көңүлүмдөгү,
Бир сен үчүн ырым арнадым.
Бактың тилейм ар дайым, жүрөгүмдү арбадың.
Сезимдерим алоолоп жанган.
Сага деген махабат жүрөгүмдөгү,
Күчөп барат күн өткөн сайын.
Жан дүйнөмдө жашайсың, жаным ардагым,
Ак сүйүүмдү сага арнадым.
Сөзү : Бермет Алымбаеваныкы
Обону : Элиза Орозованыкы
Ойго батам, кусаланам, кайгырам,
Ал сүйүүбү, жүрөктү эзип кыйнаган.
Же асылым көздөрүңбү балбылдап,
Жипсиз мени бир өзүнө байлаган.
Кайырма:
Ал сүйүүбү, таалайыма айтылган?
Балким бакыт тагдырыма жазылган.
Сенсиң жаным, бул өмүрүм, бул жашоом,
Бир өзүңө махабатым арналган.
Же жамалың жагымдуубу ушунча?
Бал сөздөрүң уккулуктуу башкача.
Жүрөк туйлап сүйрдөгөнсүйм өзүңдөн,
Сага деген махабатым таптаза.
Кайырма:
Сөзү : Клара Умаралиеваныкы
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Кеч болсо да кечир мени, таарынбагын,
Кезиктирбес тагдыр бизди, жаным дагы.
Эркелетип, карегиңе толбосом да,
Эстеп сени түбөлүккө жаныңдамын.
Кечир эми жалыныпмын таңым, багым,
Кечтеринде көз жаш төгүп сагынбагын.
Эркелетип эриниңден өппөсөм да,
Эстеп сени түбөлүккө жаныңдамын.
Кайырма:
Амансыңбы, сүйгөнүм?
Ачуу жашым, күйгөнүм.
Артылгандай бүт жүгү, дүйнөнүн.
Мейли сүйбө менчелик,
Түшүнөрсүң кез келип,
Бирге өткөн күндөрдү эскерип.
Ичте калсын арманым да , махабатым,
Издерибиз өткөн эми санаалашым.
Ыза, муңга толгон ошол биздин сүйүү
Ыраазымын бир өзүмү жазаласын.
Бакыт тапкан башка жүрөк эшигинен,
Бактысыздык далай сени эзди билем.
Акым дагы калбагандай сагынууга,
Айыбымды тан алганым кечтигинен.
Обону : Мукан Рыскулбековдуку
Адыр-адыр тоолордон,
Айгыр минип түшөбүз.
А, дүйнөдө не кызык,
Ачуу айран ичебиз,
Аа-аа агайың, ачуу айран ичебиз.
Ачуу кефир ичебиз.
Ар тарапты аралап,
Кең жайлоого барабыз.
Кымыздарын аяшса,
Чийки суудан ичебиз,
Арыктан суу ичебиз ,
Аа-аа агайың, арыктан суу ичебиз
Чийки суудан ичебиз.
Алты саның аманда,
Ырда бийле карманба.
Шаң болбосо өмүрдө,
Куруп кетсин замана
Аа-аа агайың, куруп кетсин замана.
Алты саның аманда,
Ырда бийле карманба.
Сөзү : Кыялбек Урманбетовдуку
Обону : Съездбек Искеналиевдики
Той күтүнүп ак жоолукчан,
Бой жеткен белең билинбей.
Келгин куштай колдон учкан,
Кезинде кантем күйүнбөй.
Таалайыңа талпынасың,
Башынан дүйнө ушундай.
Мөлт этсе да тамчы жашым,
Бакыт жок ушул учурдай.
Кайырма:
Аруу кызым, ананайын,
Жар болгунуң жакшыга.
Балапансың мага дайым,
Айлансаң да ак кууга.
Сага берем ак батамды,
Бактылуу бол, нур кызым.
Кубандырып эне-атаңды,
Тунук болсун турмушуң.
Жарың менен дүйнө жаркын,
Башыңа алтын куш конуп.
Эркелегиң үйдө калсын,
Жаңы үйгө баргын кут болуп.
Атала көр, жакшы келин,
Ак жоолук түшпөй башыңан.
Билгизип да ак тилегим,
Биринчи бийге чакырам.
Кайырма:
Сөзү : А.Өмүркановдуку
Обону : Э.Талиповдуку
Ар бир жандын аман болсун апасы,
Чексиз бакыт апалардын батасы.
Ойлой берем ишимде да, үйдө да,
Апакемдин болбосо деп капасы.
Арылбаган ырыскынын кемеси,
Ар бир жандын эсен болсун энеси.
Апам барда дүйнө түгөл, баш эсен,
Тоодой кубат жанда жүргөн элеси.
Бакыт балкып, бакта гүлү жайнаган,
Балалыкка булбул кушу сайраган,
Баргым келет, баргым келет апама,
Балтыр бешик бала болуп кайрадан.
Сөзү : Чыңгыз Турдубековдуку
Обону : Чыңгыз Турдубековдуку
Канча убак мезгил өттү учуп эми,
Жебе жылып өткөн сайын эстейм сени.
Кайдигерсиң кандай айла кылсам дагы,
Жок дегенде көңүл бөлүп укчу мени.
Кайырма:
Ук мени, сага болгон сезим барда,
Бул күндөр өтүп кетет, келбейт кайра.
Болбосо көңүлүмдү мажбур кылбай,
Айыпсыз жүрөгүмдү жаралаба...
Ар сындар көп өйдө-ылдый бул жалганда,
Аргасыздан көтөрүүгө не кылсаң да.
Табигаттын тартибинен тана албайсың,
Жазылбаса буюрары мандайыңа.
Кайырма:
Сөзү : Ч. Сатаевдики
Обону : Ч. Сатаевдики
Бирге жүрдүк бир далай,
Ал күндөрүм жыргал, ай.
Азыр жоксуң жанымда, сен,
Эңсеп жүрөк, кыйналам.
Бирге жүрүп кетип калдың,
Айла канча, арман, ай.
Кайырма:
Айланайын каралдым,
Кайсы күнү жаралдың?
Жүрөгүмдү эзип кеттиң,
Эми жоксуң, кайдан табам, ай?
Арман, арман, арман, ай.
Өмүр гүлү, жан эркем,
Жаштык болот турбайбы.
Ойноп-күлгөн бул күндөр, ай,
Аздык болот турбайбы.
Жалындаган жаш өмүрдү,
Жараткан, оо, ал бир келсе,
Өтпөй-кетпей турган кылбайбы.
Жалындаган жаш күндөрүн,
Кимдер гана эңсебейт?
Кайрылып ким,
Ал күндөр деп кимдер сүйүп, аны эңсебейт?
Арман, арман, арман, ай.
Бирге жүрдүк бир далай,
Ал күндөрүм жыргал, ай.
Азыр жоксуң жанымда, сен,
Эңсеп жүрөк, кыйналам.
Бирге жүрүп кетип калдың,
Айла канча, арман, ай.
Кайырма:
Үнү менен, күлкү менен, бийи менен,
Башкаларды таң калтырган элденбиз.
Манас айтып, комуз чертип, калпак кийип,
Канча миң жыл тарых менен келгенбиз.
Бабалардан бизге мурас калтырган.
Сактайбыз сахнаны.
Урпактардан урпактарга түбөлүк,
Сактайбыз сахнаны.
Кайырма:
Тагдырымдын жазганы маңдайга,
Сыймыктанам, жар салам мактана.
Ырыскы бар, бакыт бар, сыйкыр бар,
Биз жашаган, биз сүйгөн сахнада.
Комуз кылын ойнотуп жаңырта,
Кыз-жигит көп, таланты таш жарган,
Элим турса кубаттап, кол чаба.
Урпактарың үзүлбөйт сахнадан.
Арманыңды же сыркоолоп калганыңды,
Мына ушул жерден унута аласың.
Кадырласа калкым сенин өнөрүңдү,
Канатыңа канатыңды тагасың.
Баарынан да эң кымбаттуу, эң сыймык.
Ырчыга бул сахна,
Жашообуздун түйшүгү көп, жыргалы да,
Биз турган сахнада.
Сөзү : Нурмат Садыровдуку
Обону : Алмаз Шаадаев, Ильяз Абдыразаковдуку
Бактылуу бол карындашым,
Барган жериң багыңды ачсын.
Баары сага суктанышып,
Жакшы келин болсун атың.
Апасынын канаттары,
Атасынын эркетайы,
Агасынын балапаны,
Биздин үйдүн кенжетайы.
Кайырма:
Карындаш, ак багыттын жолундасың,
Карындаш, ак тилектер орундалсын.
Табылбас, жүрөгүңөр толкундасын,
Жалын жаш агасынын балапаны.
Кош ак куудай канат кактың,
Кош жүрөктөр жалындасын.
Жүрөгүңөр биригишип,
Түбөлүктүү сүйүү тапсын.
Апасынын канаттары,
Атасынын эркетайы,
Агасынын балапаны,
Биздин үйдүн кенжетайы.
Кайырма:
Карындаш, ак багыттын жолундасың,
Карындаш, ак тилектер орундалсын.
Табылбас, жүрөгүңөр толкундасын,
Жалын жаш агасынын балапаны.
Сөзү : Нуркыз Рыскул кызыныкы
Обону : Баян Акматовдуку
Апакең келин күтүп, кабагы ачык,
Ак жоолук балким жүрөт мага катып.
Өзүмдүк кылып алчы жароокерим,
Өзгөлөр кете электе ала качып.
Бооруңа кысчы бекем сүйүнөйүн,
Болду деп бойдоктуктан түңүлөйүн.
Ак жоолук куп жарашып маңдайыма,
Атакең, апакеңе жүгүнөйүн.
Деп жүрүп жараткандан сурап алдым,
Дегдеген ак өргөмдү курап алдым.
Уулуна жубай болуп жакшылардын,
Узартып учугумду улап алдым.
Жараткан тилегимди берди белем,
Жанашып нике кайып сени менен.
Бал ширин уулду күтүп, кызды күтүп,
Бакытка балкып турам кемибеген.
Сөзү : Абдыкерим Ахметовдуку
Обону : Абдыкерим Ахметовдуку
Сөзү : Г.Сатыбековдуку
Обону : Г.Сатыбековдуку
Турналар учуп өтсө, жаз келсе кайтып келер,
Жаштышгың өтүп кетсе, кайтарып кимге берер.
Толгонуп буулугамын бир собол жүрөк эзер,
Өмүрлөр өтүп кетер...
Негедир жылдан жылга, саамайлар агаргансыйт,
Жаштыгым жаздай эле, күз келип саргайгансыйт.
Өмүрдүн барактары бат-баттан айрылгансыйт,
Байгеде бараткансып...
Өкүнүп күткөн менен өткөн күн кайтмак беле?
Табигат табышмагы жалынсаң да, сырларын ачмак беле?
Билинбей мезгил менен, кошулуп агабызбы?
Анын да чеги болор жээгине барабызбы?
Убакыт токтой турчу, гул терип алайынчы,
Сагындым балалыкты...
Өкүнүп күткөн менен өткөн күн кайтмак беле?
Табигат табышмагы жалынсаң да, сырларын ачмак беле?
Сөзү : Калича Жакыпованыкы
Обону : Казак элдик ыры
Сөзү : Жоодарбешимдики
Обону : Жоодарбешимдики
Унут мени, өзүңдөн алыс кетейин,
Тагдыр ташы жолума көчтү кантейин?
Сага жалгыз тилегим бакыт каалаймын,
Сен да жаным, мага ак жол каалагын.
Кайырма:
Унут мени, жаныңа кайгы-муң салдым,
Бир болом деп, сөзүмө тура албадым.
Ким ойлоптур, турмуштун өзгөрүп каларын,
Жаныңа кайгы-муң саларым,
Билбепмин жаным, билбепмин.
Ким ойлоптур, жашоонун өзгөрүп каларын,
Жаныңа кайгы-муң саларым,
Билбепмин кечир мени, кечиргин.
Унут мени, жашооңо тынчтык бербедим.
Баарын кечтим, мен сенден алыс кетейин.
Унут эми, кечиргин мени асылым,
Сага берген убадама турбадым.
|