|
Сөзү : Т.Бектургановдуку
Обону : Т.Бектургановдуку
Тарбия бардыгына бирдей берет,
Он бала болсун, багат ата-эне.
А бирок ошол ону биригишип,
Багышпайт ата-энени эмнеге?
Кол созуп бир кездерде "Келе-келе,
Келе бер, кармат мага, өзүң жебе".
Дегендер боор көтөрүп, үй-жай күтсө,
Унутат ата-энесин эмнеге?
Оокат таап адилеттүү эмгек менен,
Адамдык сапатыңды тилеп келген.
"Ай, ушул адам болуп кетсинчи" деп,
Ата-энең болчу өргө жетелеген.
Көрүнүп эл көзүнө коройгондо,
Бой болсо ак теректей соройгондо.
Карабай атасына, энесине, энесине,
Кай мерез басып кетет чоңойгондо?
Турмуш оор, жүз каталык кеткен күндө,
Ойло, дос, жаңылыштык кылып жүрбө.
Өзүңдөй таш боордуку балдарыңдан,
Көргөндө өкүнбөгүн, ушуну ойлон.
Сөзү : Нуркан Койчуманованыкы
Обону : Алишер Мамадалиевдики
Кечеги эле эрке кызым, секелек,
Бой жеткенин байкабай да, калыпмын.
Мезгил келип үйдөн канат какканда,
Ичим тыз деп туз сепкендей ачышты.
Кайырма:
Ак куу болуп түгөйүңду жандагын,
Ардактасын арзып алган ардагың.
Үйдүн куту аял болот билип жүр,
Бакыт кушун учурбастан кармагын.
Теңиң таап, турмуш жолго аттандың,
Кубансам да, жүрөк турду күйүгүп,
Көздөрүмдөн мончок-мончок жаш тамды,
Бакыт тилеп, ичтен турдум сүйүнүп.
Кайырма:
Сен аттанган, ак жолтойлуу босого,
Ыраазы бол садагасы ошого.
Тагдыр буйруп, бешенеңден тап кызым,
Жарың менен жанып турсун жылдызың.
Непонятная боль, наполняет меня.
Своим ликом безмолвным маня,
Ты опять далеко, я не знаю как жить,
Сердце стонет надежду тая
Вспоминаю тебя,
Голубые глаза, каждый день изучают меня,
И дыхание твое, так волнует меня,
Поднимает меня для тебя .
Припев:
Никогда не потеряю я тебя
Навсегда, ты навсегда внутри меня.
Для тебя я поднимусь на небеса,
Облака найду и позову тебя...
Между нами луна освещает любя,
Наши вместе сердца навсегда.
И никто никогда не отнимет тебя,
И я буду с тобой как всегда…
Припев:
Бүгүн майрам, бүгүн той деп, ушул жаздын күнүндө,
Гүлдестелер колго кармап, келдик сенин үйүңө.
Бир сен үчүн достор келди, жадырашып, жайнашып,
"Кут болсун!" деп куттук айтып туулган сенин күнүңдө.
Кайырма:
Кут болсун сенин,
Туулган күнүң.
Куттуктап сени,
Келдик биз бүгүн.
Дасторконду кенен жайып, досторуңду күтүпсүң,
Досторуң да каалоо айтып, эрдиңден бир сүйүшсүн.
Алдыдагы бокалдарга шараптан толо куюлсун,
Айткан сөзгө тилектеш болуп, баары алып коюшсун!
Кайырма:
Менин дагы каалаганым, узун болсун өмүрүң!
Кайгы-муңга эч убакта чөмүлбөсүн көңүлүң!
Кайраттуу бол, күчтүү болгун, ден соолугуң чың болсун!
Алган жарың, балдарың да сени менен бир болсун!
Кайырма:
Сөзү : Баястан, Т. Айылчиевдики
Обону : Назгүл Токтакунованыкы
Сен мен, махабаттын гүлдүү, сүйүү багында,
Дайым эркелетип жүрчү менин жаныңда.
Таттуу балда сөзүң мени арбайт өзүңө,
Сенсиң багым, болчу жанымда.
Махабатым баасыз, көз каранды эмессиң,
Боломун мен алсыз, эстеп калсам элесиң,
Билем мага келесиң, болобуз түбөлүк биз,
Айдап сүйүү кемесин, жолубуз түбөлүк, бир.
Катуу айтсам кечир жалгызым, мага таарынба,
Ар бир аткан таң боломун дайыма жаныңда,
Сага чоң пландарым бар,
Тартип бер балдарыма.
Таттуу сүйүп жашыңда,
Сүйөм карыганыңда,
Ар убак жаныңда болом, мен,
Ар бир көз караштан күчко толом,
Аралап дүйнөнү, эң сулуу гүлдөрүн үзүп,
Сага берем, анткени жакшы көрөм.
Сен мен, махабаттын гүлдүү, сүйүү багында,
Дайым эркелетип жүрчү мени жанымда.
Таттуу балда сөзүң мени арбайт өзүңө,
Сенсиң багым, болчу жанымда.
Кайра издеймин сени, күткөн адамың белги.
Билем таппам сендейди,
Сага тартылам деймин, эми жаныма келчи,
Аксың, тазасың, жок сендей пенде,
Оюмдун бардыгы сенде,
Сага эч ким теңелбейт, сендей эч ким түшүнбөт,
Эмнегедир мен билбейм, сага чейин үшүгөм.
Жылуулуктан алыстап калган жүрөгүм,
Сага чейин, жылуу сезимди арнап,
Жаздын демин алып келдиң.
Сен мен, махабаттын гүлдүү, сүйүү багында,
Дайым эркелетип жүрчү мени жанымда.
Таттуу балда сөзүң мени арбайт өзүңө,
Сенсиң багым, болчу жанымда.
Сүйүүнүн түрдүү сырлары терең,
Сүйүүмдү табышмак кылып келем.
Сүйөмүн сага айта албаймын...
Сөзү : Рыскулбек Турсуналиевдики
Обону : Советбек Урматбековдуку
Сенсиң менин торгоюм,
Суук көздөн коргоюн.
Ысыгыңа жылытчы,
Суугуңа тоңбоюн.
Сенсиң менин торгоюм,
Суук көздөн коргоюн,
Ашык болдум жалындап,
Калпы болсо оңбоюн.
Сенсиң менин торгоюм,
Гүлдөй болуп соолбоюн.
Ысыгыңа жылытчы,
Суугуңа тоңбоюн.
Сенсиң менин торгоюм,
Күндөп-түндөп ойлоюн.
Ишенип кой сөзүмө,
Калпы болсо оңбоюн.
Менин ырчы торгоюм,
Жолугууну болжоюн.
Алтынчы күн - кадыр түн,
Карап күтөм жол боюн.
Сен торгоюм - сүйгөнүм,
Арнап өмүр гүлдөрүн.
Бир басалы гүл бакта,
Тыңшап торгой үндөрүн.
Ырахат го жаш кезде,
Күлүп-ойноп жүргөнүң.
Саймалайлы жылдыздай,
Жашообуздун түндөрүн.
Жалын болуп жаркылда,
Чагылгандай чартылда.
Көл үстүндө ойногон,
Ак булуттай калкылда,
Канат күүлө, күү чалып.
Ойноп-күлүп жаркылда,
Кадырлашып өтөлү,
Көңүлгө кир калтырба.
Көңүл куруп, күү чалып,
Күлүп-бийлеп, үн салып.
Менин сүйгөнүм торгоюм,
Эмгек жолун бир чалып.
Айыл ичин гүлдөтүп,
Обон созуп ырдашып.
Жаркылдаган жаштык кез,
Кете электе кырды ашып.
Өмүр суусун кечели,
Жабык сырды чечели.
Ак таң болуп нурданып,
Аппак гүлдү терели.
Ак нан болсо ыр болот,
Сүйүп дайым жешели.
Ден соолукта каткырып,
Соо жүрөлү дешели.
Сөзү : Н.Жаркынбаевдики
Обону : Муратбек Бегалиевдики
Кар сапырган кыштын ызгаар аязында,
Кыялым бир гүлдөй, кооз талаасында.
Колтукташа басчу элем сени менен,
Көздөрүңдүн кымыңдаган карасында.
Кызгалдак гүлдөрүн, кызгалдак гүлдөрүн арнаймын сага...
Бой ыргаша аркы-терки, жалбарына, жалбарына, Болот кумар алар сенин жамалыңа, жамалыңа.
Жыпар аңкыйт теребел бүт, торгой таңшыйт,
Көктөм кандай көркөм, кооз, жыргалыма.
Кызгалдак гүлдөрүн,
Кызгалдак гүлдөрүн арнаймын сага...
Сөзү : Алихандыкы
Обону : Нияз Абдыразаковдуку
Жаркылдаган, садага,
Жаркырап келчи мага.
Жалгыздыкка ыраа көрбөйм,
Жакшы ырым арнайм, сага.
Кайырма:
Сен, жылдыздай жанып,
Жолукчу мага,
Мен, жолуккан сайын,
Сагынып кайра.
Айдай сулуу, садага,
Ар бир сөзүң кымбат мага.
Алоолонуп күйүп турам,
Ашыктыгым артып сага.
Кайырма:
В лесу родилась ёлочка,
В лесу она росла.
Зимой и летом стройная,
Зелёная была.
Бул жакшынакай балаты,
Токойдо төрөлгөн.
Жайы да, кышы сымбаттуу,
Жапжашыл көйнөкчөн.
Метель ей пела песенку:
«Спи, ёлочка, бай-бай!»
Мороз снежком укутывал:
«Смотри, не замерзай!»
Мынакей жасалгаланды,
Татына балаты.
Балдарга ала келиптир,
Кубаныч, майрамды.
И вот она, нарядная,
На праздник к нам пришла,
И много, много радости
Детишкам принесла.
Сөзү : Алихан, Клара Умаралиеваныкы
Обону : Нияз Абдыразаковдуку
Көздөргө сүйүү толуп,
Көңүлгө шаттык конуп,
Жолугуп турдук экөөбүз.
Сымбатың арбайт мени,
Сырдашың болгум келди,
Сыйкырдуу күчкө жолугуп.
Кайырма:
Абракадабра,
Сен үчүн сүйүүнүн, селине кабылдым,
Сезимдин сересин, сез баарысын.
Сен дедим, сага арнап, сен үчүн барысы,
Сен деген сезимдин, сез аруусун.
Бакытым өзүң болуп,
Балкыдым көңүл толуп,
Бардыгы сулуу көрүнүп.
Сымбатың арбап барат,
Сырдашың болдум жандап,
Сыйкырдуу күчкө жолугуп.
Сөзү : Л. Асанбекованыкы
Обону : И.Абдыразаковдуку
Сезимди терметкен,
Көңүлдү ээриткен,
Жүрөктү оорутуп,
Жүдөтүп дегдеткен.
Сүйүүгө сөз жок,
Күттүрүп кечиккен.
Кайырма:
Күн болуп жаркыраган,
Нур болуп чачыраган.
Азапка салбай, кайгырып калбай,
Жашай бер сүйүүм, талыкпай.
Сүйүүдөй күч барбы,
Жан дүйнө кыйнаган.
Сүйгөнүн көрбөсө,
Сагынып ыйлаган.
Кең дүйнө тар болуп,
Ааламга сыйбаган.
Кайырма:
Жүрөккө сүйүү келсин,
Өзгөчө сезим берсин.
Деңиздей чалкып,
Көңүлдөй балкып,
Ырахат алсын жан дүйнө.
Кайырма:
Сөзү : Б. Борбиевдики
Обону : Б. Борбиевдики
Арбайт ар бир кыймылың,
Бийчи кызым, махабатым сен,
Махабатым сен.
Айдан түшкөн ай кызым,
Таазим кылам чырайыңа мен,
Чырайыңа мен.
Жайкалган өрмөлүңдөн,
Көзүңдөн мөлмүлдөгөн.
Кайырма:
Өткүр жаштык, өмүргө сүйүү берген,
Жүрө бергин көңүлдө,
Жүрөгүмдө бийлей бергин.
Ай кызым, ай, ай кызым,
Ай кызым менин.
Жүрө бергин көңүлдө,
Жүрөгүмдө бийлей бергиниң.
Жомоктон келдиң ханзаадам,
Сулуулардын периси белең,
Мен издеген.
Байкатпай жүрөк уурдаган,
Бийчилердин сыйкыры белең,
Мен билбеген.
Алтын көкүл саамайыңдан,
Аппак жүзүң, маанайыңдан.
Кайырма:
Над вечерним городом моим,
Проплывают тени вечеров.
Как прекрасен ты в такие дни,
На вечерний Фрунзе посмотри.
Посмотри, увидишь всю красу,
Чем объять счастливый город наш?
Как милы творения твои,
Мать природа, двери отвори.
Кайырма:
Фрунзе – красивый город наш,
Фрунзе, цвети и радуй глаз.
Фрунзе, я тебя люблю, живи…
Как прекрасен наш родимый край,
Где родились братья и отцы.
Где всю жизнь проживешь и ты,
Проживут и правнуки твои.
Все же прекрасна жизнь твоя,
Много света, счастья и тепла.
Ты несешь не только одному,
И за это тебя я люблю!
Кайырма:
Фрунзе – красивый город наш,
Фрунзе, цвети и радуй глаз.
Фрунзе, я тебя люблю, живи…
Посмотри и оглянись вокруг,
Насладись и ты, мой добрый друг
Пусть стирает время имена -
Нет прекрасней края для меня!
Кайырма:
Фрунзе – любимый, дорогой,
Фрунзе, будь всегда со мной.
Фрунзе, я тебя люблю, живи…
Сөзү : А.Исмаиловдуку
Обону : Кубаныч Сатаевдики
Кайырма:
Ай жылдарга сайып саймасын,
Ачкан мага турмуш пардасын.
Сүйүү, сынак, күлкү жыттанган,
Студенттик күндөр кайдасың?
Бүркүт сымал кагып канатты,
Бизге коюп катуу талапты.
Мен сагындым абдан берилип,
Мугалимдер өткөн сабакты.
Кайырма:
Ай жылдарга сайып саймасын,
Ачкан мага турмуш пардасын.
Сүйүү, сынак, күлкү жыттанган,
Студенттик күндөр кайдасың?
Билим издеп келип алыстан,
Бактым менен беш жыл жарышкам.
Далай кызды сүйгөм ошондо,
Дептер берип, китеп алышкан.
Кайырма:
Өзгөрүлүп жылдар жаңырды,
Өмүр сүрдүм кызык, жалындуу.
Сонундар көп, бирок баарынан,
Студенттик жашоо жагымдуу.
Студенттик күндөр жагымдуу.
Унуттуңбу мени, унуттуңбу мени неге жаным,
Сагынттың мени, саргайттың мени, билбейм жаным.
Жүрөгүм ооруйт, жан дүйнөм сыздайт,
ойлоп сени,
Күндөрүм күнгө окшошпой барат, сагынычтан сени.
Кайырма:
Жалган, жалган баары жалган,
Сүйөм деген сөзүң жалган.
Арман, арман баары жалган,
Күтөм деген сөзүң жалган.
Бул күндөр өтөт, бул түндөр өтөт унутамын сени.
Алоолоп күйгөн жалын да өчөт билсең эгер жаным.
Ашыккам сага, жүрөктөн сүйүп, барктабадың мени,
Балача алдап, бактымды байлап, башкага кеттиңби?
Кайырма:
Сөзү : Аалы Токомбаевдики
Обону : Таалай Бейшеевдики
Ааламды жеке билсе да,
Алтындан үйгө кирсе да,
Асманда жылдыз аралап,
Бакытка тойбойт адамзат.
Сагынтып дайым турса да,
Кусалык бакыт сунcа да,
Жылуулук сезим аралап,
Сүйүүгө тойбойт адамзат.
Кылымды кыйла көрсө да,
Кызыкты өзү бөлсө да,
Кырчындай жаштан айрылып,
Өмүргө тойбойт адамзат.
Жанында өмүр турса да,
Жалтантып кылыч сунса да,
Ирмелбей көзү тунса да,
Үмүткө тойбойт адамзат.
Бакытка тойбойт адамзат,
Өмүргө тойбойт адамзат.
Сөзү : Ж.Кайыповдуку
Обону : Ж.Кайыповдуку
Көлдүн үстү, толкунду араладым,
Өмүр учун канткенде таба аламын?
Кандай кылам, көлдөгү жалгыз кайык,
Көрүнбөдүң, жүрөктү жараладың.
Канат шилтеп баратам түгөй издеп,
Табигаттын татына жытын искеп.
Кубаныч күтүп, үмүттө жашасам да,
Кыйын экен жете албай, үмүт үзбөө.
Көл бетинде балбылдап жанат жарык,
Кумарланам көрмөккө сүзүп барып.
Мага булгап жоолугун ал да келет,
Мен издеген баягы жалгыз кайык.
Сөзү : Бактыгүл Чотурованыкы
Обону : Доктурбай Урманбетовдуку
Кызы бардын назы бар, изи болот турбайбы,
Кыз бергенде кудагый сөзү болот турбайбы.
Өйдөлөтүп көтөрүп өз кызыңдай багып ал,
Ак жүзүнө жарашкан алтын сырга тагып ал.
Периштедей кызымды тилеп жүрүп тапканбыз,
Күлүп жүрүп өтсүн деп күн тийгизбей бакканбыз.
Өйдөлөтүп көтөрүп өз кызыңдай багып ал,
Ак жүзүнө жарашкан алтын сырга тагып ал.
Ак көйнөгү не деген,
Күттүм апа, жар-жар
Ак сүтүңө ыраазы бол,
Кеттим апа, жар-жар
Чапаныңдын этегин
Бүктүм ата, жар-жар,
Бакканыңа ыраазы бол,
Кеттим ата, жар-жар.
Төбөсүндө төрт чачы төрт жылкынын баасы эле,
Саамайында көкүлү сан жылкынын баасы эле.
Өйдөлөтүп көтөрүп өз кызыңдай багып ал,
Ак жүзүнө жарашкан алтын сырга тагып ал.
Беш көкүлүн атырлап бермет, мончок такканбыз,
Элге чыксын аты деп эркелетип бакканбыз.
Өйдөлөтүп көтөрүп өз кызыңдай багып ал,
Ак жүзүнө жарашкан алтын сырга тагып ал.
|