|
Сөзү : Кудрет Тайчабаровдуку
Обону : Эдил Маматовдуку
Бир көрүп жактырдым, жамалың азгырды,
Самап сени, арбады мени.
Жүрөгүм ыйлады, жан дүйнөм сыздады,
Сезчи мени, сагынамын сени.
Өзүңдү сүйөмүн, бир сенде жүрөгүм,
Махабат оту жанса.
Сүйүүнүн желегин, бир сага беремин,
Суранам бекем карма, жалгыз калтырба.
Кайырма:
Сезимим сага, махабатыңды арна сен,
Ойлорум, кыялым, ашыгым сен.
Сүйүүгө жанам, сага ыр сунуп барам мен,
Жашоомо бак берген асылымсың.
Унутпай эстеймин, оюмдан кетпейсиң,
Үмүт бердиң, менден бакыт сездиң.
Бир болуп түбөлүк, жанаша жүрөлүк,
Жаным дечи, кабыл алчы мени.
Өзүңдү сүйөмүн, бир сенде жүрөгүм,
Махабат оту жанса.
Сүйүүнүн желегин, бир сага беремин,
Суранам бекем карма, жалгыз калтырба.
Кайырма:
Тектирге чыккан буудайды,
Теңселтип шамал ыргайбы?
Теңдиктүү ушул турмушта,
Теңтуштар, ойноп-жыргайлы.
Курбуга чыккан буудайды,
Кулпунтуп шамал ыргайбы?
Кулпунган ушул турмушта,
Курдаштар, ойноп-жыргайлы.
Жаркырап аткан таңдайсың,
Жарыгың жарык шамдайсың.
Жаш өмүрдүн күнүндө,
Жанаша чыккан талдайсың.
Кыраңга чыккан айдайсың,
Кызыл гүл болуп жайнайсың.
Кызыл гүл турса ачылган,
Кылчайып, булбул, сайрайсың.
Сөзү : Шахназар Бөрүкуловдуку
Обону : Аваз Акимов, Нурлан Насиптики
Кайрылып келбедиң,
Жүрөк толкуп бир өзүңдү эңседим.
Сагындым жаным жүдөдүм, күтүп жүрөмүн,
Суранам келчи кайра.
Кайырма:
Кайгырбай, сагынбай,
Кантемин өзүңсүз жаным, ай.
Жалгызым кара көзүм, бактым өзүң,
Кайрылып келчи кайра.
Билбедиң, сезбедиң,
Бирге жүргөн күндөрүмдү издедиң.
Сагындым жаным күтөмүн, чексиз сүйөмүн,
Кайрылчы эми кайра.
Кайырма:
Сезбедиңби, билбедиңби?
Сагынып өзүңдү жүрөмүн.
Үзбөй үмүтүм, күтө берем өзүңдү.
Кайырма:
Сапарыңдан сен кайтпай,
Экөөбүздүн жолубуз башка.
Кыйналамын, суранам сенден,
Башка сөзүң айтпа...
Көздөрүңдөн төгүлгөн,
Көрдүм өмүрүң сенин өткөн.
Жылдызы жок сезимим муздак,
Жалындары өчкөн...
Кайырма:
Адаштырган арзууларың ал жалган,
Сага жазган, жалгыз калган.
Кадамыңдын кайрымы жок алданган,
Махабаттан сен тамшанган, биз алданган.
Аттап өтүп жылдарды,
Арман кылып жүрөбүз эми.
Кыйнабагын суранам сенден,
Кайрылбагын эми.
Кайырма:
Экөөбүз жолугушкан күндөр жалган,
Эсепсиз жылдыз баскан түндөр жалган.
Эркимди байлап алган ал,
Жалган арман...
Кайырма:
Сапарыңдан сен кайтпай,
Экөөбүздүн жолубуз ар башка.
Гүл назик бүчүр жайып жашыл,
Жаз демине ачылат.
Кыз назик сүйүп калса эгер,
Махабатын жашырат.
Кусаланып жалгыз ойго чөмүп,
Кай бир кезде ирмем жаш төгүп,
Кыздын сыры, кыздын сыры
Жүрөктө катылат.
Кайырма:
Ак сүйүүгө арга жок,
Ашыктыгым артылат.
Эх, андай зор күчкө,
Адам өзү тартылат.
Сен күткөнүм байкабадың, жаным,
Арзып сүйгөн жүрөктү.
Ал кезде жүрөгүмө сүйүү,
Махабатын түнөттүм.
Сагынычым улам-улам артып,
Карегимде ыйык нур балкып,
Сен деп гана, сен деп гана
Жашаган күн өттү.
Кайырма:
"Чын сүйүү барбы?" десе, жаным,
Сени дайым ойлоймун.
Ким мендей сүйгөн болсо дагы,
Бактылуу деп болжоймун.
Адамдагы кыял өтө күлүк,
Сүйүү шамы өңдүү бир үмүт.
Ыйык мага, ыйык мага,
Өчүрбөй коргоймун.
Кайырма:
Сөзү : Г. Сатыбековдуку
Обону : И.Абдыразаковдуку
Кечинде жөнөймүн садага,
Колумда дайыма гитара.
Бүгүн да айтамын серенада,
Жолугам ай, Гули мен сага.
Кайырма:
Ботокөз Гули, Гули, Гули,
Бой салат апапакай Гули.
Кече эле жолугуп кетсем да,
Сагындым го жакшынакайым.
Дайыма боло берсин сүйүү кечи,
Эх, Гули күндө мени күтө берчи.
Кеч кирсе сагынычтан келе берем,
Түбөлүк жүрөктө жашай берчи.
Кайырма:
Биздин ортобуздагы аралык,
Сенин сүйүүң жаш балалык.
Биз экөөбүз бакыт табалык,
Бүл өмүрдө түбөлүк болуп калалык.
Менден сен бир топ эле жашсың,
Карындашым акпасынчы жашың.
Ар дайым жылмайып көздү уялтсын,
Болдум го бир өзүңө мен ашык
Сени теңейм жаңы аткан таңыма
Жүргүм келет алып өз кучагыма,
Жакындап сен орун алчы жаныман,
Өзүң менен түшөм бала чагыма.
Суйлөсөң кулак сүйүнөт,
Жагымдуу чыккан үнүңдөн,
Көп чыкпайсың сен үйүңдөн,
Көрүп калсам мен сүйүнөм.
Кайырма:
Сезим менен ойнодуң, эч койбодуң,
Алып өз кучагыма, кысам жаныма, сени сүйөмүн.
Өзүңө ашыгам, карабайм жашыңа,
Сүйүүнүн тамгасын, түбөлүк алгансың сени сүйөмүн.
Азбы-көппү күндөр өтөт,
Калды карындаш жүрөктө
Сактап калдым эсимде мен,
Сан жеткис жылуу мүнөттөп
Тазалык сени айланат,
Тазарат бассаң айлана.
Жаныңда жүргөн адамдар,
Тартылып сага байлана.
Мен дагы сени жактырам,
Биз ойлонуп көрөлү жакшылап,
Бил, мен дагы сени жактырам,
Жазылдыңбы сен бактыа?
Билсең жок сенде айып,
Ар дайым жүргүн жылмайып,
Эркемсиң, күнүм, айым дейм,
Колдосун сени Кудайым.
Сөзү : Динара Акулованыкы
Обону : Динара Акулованыкы
Таалайымдан, ий,
Таалайымдан, оо,
Таалайымдан сурайын.
Өчпөй турса өмүр берген чырагым,
Элимден, өз журтумдан сурарым.
Эл-журтумдун ынтымагы бек болуп,
Болбосунчу бөөдө, кайгы-убайым.
Жалгап турса жаратканым Кудайым,
Жан бүткөнгө сурайт эле ырайым.
Адамдардын бүт күнөөсүн кечирип,
Ар пендеге ыйман бер деп сурайын.
Кайырма:
Таалайымдан, ий,
Таалайымдан, оо,
Таалайымдан сурайын.
Тагдыр мага байлык берсе ынайын,
Таалайымдан дал ошону сурайын.
Байлыгы көп, бактылуу эл ичинде,
Алпурушуп адал эмгек кылайын.
Өчпөй турса өмүр берген чырагым,
Элимден, өз журтумдан сурарым.
Эл-журтумдун ынтымагы бек болуп,
Болбосунчу бөөдө, кайгы, убайым.
Кайырма:
Сөзү : Т.Айылчиевдики
Обону : Т.Айылчиевдики
Сөзү : Айбек Эмилбек уулунуку
Обону : С.Искеналиевдики
Сөзү : Б.Борбиевдики
Обону : Б.Борбиевдики
Махабат – зор мейкиндик,
Булуту жок, көпкөк асман.
Махабат – караңгы түн,
Кээде дайра, толкуп, ашкан.
Махабат - туйбаганга,
Аны сезе билбегенге.
Ал азап, ал адашуу,
Ажырашуу, ачуу арман.
Кайырма:
Сен, сен сезими жок,
Мерез болсоң сүйүүгө мээримиң жок.
Гүл, гүл, гүл болсоң да,
Сулуулугуң эч кимге кереги жок.
Мамилең мага болгон,
Чөлдөн кургак, кыштан муздак.
Кирдеди махбатым,
Гүлдөй куурап, кетти урап.
Көп жашап көнгөнүңдөн,
Кетүү кандай өкүнүчтүү?
Бир кезде жанган сезим,
Калды ыйлап, калды узак.
Кайырма:
Сөзү : Б.Борбиевдики
Обону : Б.Борбиевдики
Сөзү : Шахназар Бөрүкуловдуку
Обону : И.Абдыразаковдуку
Билбей кабылдым ай,
Жомоктогу кызга.
Жандап басып өтсөм,
Калды жүрөк сыздай
Кайырма:
Ачылган кызыл гүлдөйсүң,
Азгырып назик сүйлөйсүң.
Ашыккан сага жүрөгүм,
Айттырбай неге билбейсиң?
Сезбей карындаш ай,
Кыйнадыңго мени,
Кантип багындырам,
Жүрөгүңдү сенин?
Кайырма:
Сөзү : Э.Эрматовдуку
Обону : А.Карыбаевдики
Элибизге мейман келсе,
Жайылат ак дасторкон.
Дүйүм тамак, шербет мейиз,
Анар, алма жык толгон.
Кыргыз пейили тоодой бийик,
Көлдөй терең, туптунук.
Колдо барын төгүп чачып,
Аябагын достордон.
Кайырма:
Дасторконду кенен жайгын,
Күлкү болсун, ыр болсун.
Бабалардан мурас калып,
Келе жатат бул жосун.
Элге-жерге берсин бакыт,
Кут төгүлгөн береке.
Умай эне, Теңир ата,
Урпактарын колдосун.
Дасторкондун даамын татып,
Жарык кылып көңүлдү.
Ынтымактын сөзүн сүйлөп,
Болсун элим өмүрлүү.
Намысыңды дасторкондой,
Кирсиз, таза сактагын.
Арам ойлуу адам келсе,
Тебелетпе төрүңдү.
Кайырма:
Сөзү : Кудрет Тайчабаровдуку
Обону : Эдил Маматовдуку
Сөзү : К.Урманбетовдуку
Обону : А.Өзүбековдуку
|