|
Сөзү : Барпы Алыкуловдуку
Обону : Барпы Алыкуловдуку
Беттин көркү нур менен,
Белдин көркү кур менен.
Биз сүйгөн сулуу Мөлмөлүм,
Белгилүү болсун ыр менен.
Эки илебиң кызыл гүл ачылгандай, Мөлмөлүм.
Бир карасаң жүрөккө от
чачылгандай, Мөлмөлүм.
Маңдай чачың Маргалаң
жибегиндей, Мөлмөлүм.
Сенин ышкың баланын
тилегиндей, Мөлмөлүм.
Өтүмдүүсүң Өзгөндүн
күрүчүндөй, Мөлмөлүм.
Созулганың зергердин
күмүшүндөй, Мөлмөлүм.
Майиндигиң жоргонун
жүрүшүндөй, Мөлмөлүм.
Гүлзар кылчы жүрөктүн
какшып жаткан чөлдөрүн.
Күйдүм, Мөлмөл, аппагым,
Ааламдан сендей таппадым.
Издеп-издеп күн-түнү
"Мөлмөлүм!" деп какшадым.
Секин баскан бутуңдан,
Сейдана мончок жытыңдан.
Кадам койгон бутуңдан,
Калемпир мончок жытыңдан.
Чыныга куйган бал болсоң,
Чымындай ага малынсам.
Чыга албай жатып ошондо,
Чын өзүңө багынсам.
Чыгарып койсоң боор ооруп,
Чырагың болуп жагылсам.
Алты оролуп мойнуңа мен,
Ак маржан болуп тагылсам.
Берейин десем малым жок,
Мал табууга алым жок.
Кедейликтин дартынан,
Тышым жалын, ичим чок.
Бирок да мунун баарына
Карабайт экен көңүл шок.
Көрүнүп койсоң бир жолу,
Булуттан чыккан айга окшоп.
Сөзү : Каныкей Алымбекованыкы
Обону : Каныкей Алымбекованыкы
Неге, тагдыр, сен аядың экен?
Жаштыгымдын жалгыз арманы.
Жалгыздык жандап, караңгы каптап,
Өттү, өттү жаштык өмүрүм.
Кайырма:
Жарк эткен күнгө,
Зар болуп күндө,
Күйбөй отум күндө кубарат.
Капыстан калган, жалгыздык арман,
Коё бербеди мени жанынан.
Көрбөдүм жайды,
Көгүлтүр барбы?
Көргүм келет ачык асманды.
Караңгы түндө, жалгызмын күндө,
Зар боломун жаштык өмүргө.
Кайырма:
Сөзү : Адахан Мадумаровдуку
Обону : Жоодарбешимдики
Балапан, ыйлабачы заманыңа,
Бүгүн да түшпөсө эт казаныңа.
Сен эмес, ата-энеңдин башы катты,
Боору жок бул турмуштун азабына.
Кайырма:
Ыйлаба, айланайын, жаш канатым,
Көптөгөн азап чеккен кыргыз атың.
Түшүнөм, айткан менен жеңил болбос,
Колуңда турбаган соң майлуу наның.
Күлбөсөң, көңүлүңдү көтөрбөсөң,
Кубанып өз үйүңдө төрөлбөсөң.
Кантип мен айта аламын кыргызсың деп,
Кыргыздын жеринде да көгөрбөсөң.
Кайырма:
Балапан, аман болуп, эр жеткенде,
Бактыңды таба албастан өз жергеңде.
Бабалар ушул күнгө калтырды деп,
Боз үйдө калбагайсың биз кеткенде.
Кайырма:
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Өктөм Сапар уулунуку
Ассалому алейкум, кыргыз жерим, аманбы?
Таазим кылып алдыңарга, калкым, айтам саламды.
Улуу тоодой бийик сен, улуулугуң билип мен,
Аталардын ак сөзү азык болуп жүрөк жибиткен.
Аруулукту тандаган эл, мага кымбат эсени,
Асман тиреп алгалай бер, асыл турак мекеним.
Ак калпакчан атадан акыл кени жаралган,
Ак элечек ападан ааламга эл таралган.
Тээ байыртан көчүп-конуп Ала-Тоого келгенбиз,
Канчалаган кыйын күндү, кеменгербиз, жеңгенбиз.
Асыл элим - тунук жан, ырын ырдап, куруп шаң,
Четтен келген элдерге достук колун дайым сунушкан.
Улутумдун амандыгын эңсеп согот жүрөгүм,
Алакандай Кыргызстандын өркүндөшүн тилеймин.
Жаштар бирге жалын күндө келечекке жол салып,
Эл-жерине жанып күндө, жарык болуу - чоң бакыт.
Сөзү : Жыпара Исабаеваныкы
Обону : Жолдош Апасовдуку
Көздөрүнө өзгөнүн,
Окшобогон көздөрүң...
Мынча көпкө тигилип,
Менден нени көздөдүң?
Айтчы, эмне? Арзуубу же
Азгырыкпы сөздөрүң?
Кайырма:
Тийген кезде колума,
Чоктой ысык эриниң.
Коргошундай колуңда,
Балмуздактай эридим.
Кош билегиң билерик,
Боорго тартып имерип.
Көздөрүмө көзүңдү,
Көз ирмемге жиберип,
Окуп алдың сен мени,
Тапканымды тиленип.
Кайырма:
Сөзү : Кайрат Примбердиевдики
Обону : Кайрат Примбердиевдики
Сен деги кандай немесиң?
Сүйүүмдү качан сезесиң?
Жалт карай өтсөм жаныңдан,
Байкабай кете бересиң.
Сүйүмдү арнай беремин,
Жообуңду күтүп келемин,
Мамилең муздак болсо да,
Көзүңдөн сүйүү издеймин.
Кайырма:
Ак сүйүү баркын билбеген,
Сен өзү кандай немесиң?
Башкалар айткан сөздөрдүн,
Жалганын кантип сезбейсиң?
Чын эле кантип сезбейсиң?
Кадырым билбе, сен үчүн,
Жанымды чабам не үчүн?
Бир күнү "сүйөм" деп келсе,
Деп жүрөм үзбөй үмүтүм.
Сен өзү кандай немесиң?
Сүйүүмдү качан сезесиң?
Жалт карай өтсөм жаныңдан,
Байкабай кете бересиң.
Сөзү : Кыялбек Урманбетовдуку
Обону : Марат Жунушовдуку
Сөзү : Жыпара Исабаеваныкы
Обону : Майрамбек Осмоновдуку
All I hear is raindrops
Falling on the rooftop
Oh baby tell me why’d you have to go
Cause this pain I feel
It wont go away
And today
I’m officially missing you
I thought that from this heartache
I could escape
But I fronted long enough to know
There ain’t no way
And today
I’m officially missing you
Oh can’t nobody do it like you
Said every little thing you do
Hey baby say it stays on my mind
And I, I’m officially
All I do is lay around
Two ears full of tears
From looking at your face on the wall
Just a week ago you were my baby
Now I don’t even know you at all
I don’t know you at all
Well, I wish that you would call me right now
So that I could get through to you somehow
But I guess it’s safe to say baby safe to say
That I’m officially missing you
Oh can’t nobody do it like you
Said every little thing you do
Hey baby say it stays on my mind
And I, I’m officially
Well, I thought I could just get over you baby
But I see that’s something I just can’t do
From the way you would hold me
To the sweet things you told me
I just can’t find a way
To let go of you
Oh can’t nobody do it like you
Said every little thing you do
Hey baby say it stays on my mind
And I, I’m officially
All I hear is raindrops
And I’m officially missing you
Сөзү : Кудрет Тайчабаровдуку
Обону : Рамис Алиевдики
|