|
Бакытым менин, жыргалы өмүрдүн,
Балына батып гүлдөрү көңүлдүн.
Баркына жете албай тез эле алыстап,
Балбылдап жанган чырагым өчүрдүң.
Кайырма:
Тебелеп сезимимди,
Теңсинбей кетериңди билбептирмин.
Булактай сезимимди кирдеттиңби?
Арнаган сезимимди,
Ашыгым, анда дагы билбедиңби?
Убакыт жылбай, унутпайм көзүңдү,
Убара кылбай, аячы сезимди.
Алмашкыс байлыгым жашоодо сен элең,
Уурдатып алдым уңгусун сөзүңдүн.
Кайырма:
Мен эми башка өкүнүп ыйлабайм,
Төгүлгөн жашка жүрөктү кыйнабайм.
Тебелеп сезимимди,
Теңсинбей кетериңди билбептирмин.
Булактай сезимимди кирдеттиңби?
Арнаган сезимимди,
Ашыгым, анда дагы билбедиңби?
Сөзү : О.Султановдуку
Обону : А.Керимбаевдики
Уурдатып жатам кимге жаштыгымды?
Улгайдым сени көрбөй көпкө көзүм.
Көөдөндү жарып чыккан үшкүрүккө,
Окшото берчү болдум өзүмдү-өзүм.
Кайырма:
Мен үчүн сени сүйбөй коюу күнөө,
“Бакыт” деп сени мага берген дүйнө.
Сенсиз өткөн өмүр жалаң арман,
Сенсиз өткөн күндөр баары жалган.
Ордуңду толтура албай сыздайт күкүк,
Муңканган күкүккө да убал керек.
Мендеги сүйүү менен бул тагдырда,
Бактысыз болууга бирок мүмкүн эмес.
Кайырма:
Түгөнгүм келет менин күйүп жүрүп,
Күтүүдөн кетти айла күтүп-күтүп.
Кагазды өрттөсөң да күлү калат,
Жүрөгүм күл калтырбай күйүп-жанат.
Кайырма:
Бүгүн майрам, бүгүн той деп, ушул жаздын күнүндө,
Гүлдестелер колго кармап, келдик сенин үйүңө.
Бир сен үчүн достор келди, жадырашып, жайнашып,
"Кут болсун!" деп куттук айтып, туулган сенин күнүңдө.
Кайырма:
Кут болсун сенин,
Туулган күнүң.
Куттуктап сени,
Келдик биз бүгүн.
Менин дагы каалаганым, узун болсун өмүрүң!
Кайгы-муңга эч убакта чөмүлбөсүн көңүлүң!
Кайраттуу бол, күчтүү болгун, ден соолугуң чың болсун!
Алган жарың, балдарың да сени менен бир болсун!
Кайырма:
Обону : А.Бөдөшовдуку
Көксөгөн кышта жүрөгүм,
Көктөмдү гана саамайт билемин.
Жайнаган кызыл гүл көрсөм,
Жаштыктын сеземин илебин.
Жан дүйнөм кошо жашарып,
Жазда бар гана кирсиз тазалык.
Жыпар жыт майдын деминен,
Жыргабайт кимдери наз алып.
Сулуулук жаздан жаралып,
Сулуулук барда койгон таралып.
Алдыман кетпей тартылат,
Алыстап калган балалык.
Сөзү : Алтынбек Алымовдуку
Обону : Өктөм Сапар уулунуку
Сөзү : Улукбек Омокеевдики
Обону : Түмөнбай Колдошовдуку
Жар бойлоп, чие тапса, санап жешкен,
Жаш кезде шоктук кылып, таяк жешкен.
Таппаймын берер дүйнө досторума,
Тандашып, жакшы кызды "аяш" дешкен.
Кайырма:
Досторум, ыйманга жол салгылачы,
Досторум, эл деп күйүп, жангылачы
Өзгөрсүн жакшы жакка тагдырыңар,
Өзүңөр ушул бойдон калгылачы.
Сүрөшкөн, күлүк болсом жарыштагы,
Таптаган, саяпкерим алыстагы.
Сезилет силер менен чечилчүдөй,
Досторум, турмушумдун табышмагы.
Кайырма:
Мен азыр арзуу, үмүт ынагымын,
Сүйүүнүн берипсиңер гүл азыгын
Силердей асылдарга кошконуна,
Миң ирет жаратканга ыраазымын.
Сөзү : Кенже Дүйшееваныкы
Обону : Кенже Дүйшееваныкы
Сөзү : Кыялбек Урманбетовдуку
Обону : И.Жунусовдуку
Карындаш астачы,
Тетири баспачы.
Жакшы эле жигитмин,
Көз кырың таштачы.
Көзүмдү албай,
Артыңдан барам жай.
Сезилдиң эң жакын,
Эң жакын адамдай.
Жароокер күлгөнүң,
Эстетти сүйгөнүм.
Сен анын сиңдиси,
Же болуп жүрбөгүн.
Көздөрү кара эле,
Сүйүүгө зар эле.
Эки жак уртунда,
Уяча бар эле...
Кечиргин карындаш,
Адам жок жаңылбас.
Бар эле сүйгөнүм,
Ал эми табылбас...
Сымбатың таптаза,
Окшошуп жатса да.
Бар эле сүйгөнүм,
Жүрөгү башкача.
Сөзү : Нуркан Койчуманованыкы
Обону : Кенже Дүйшееваныкы
Башка түшсө жалгыз тура ар адам,
Жакшы, жаман каптап өтүп арадан.
Кечеки эле адамдардын көбү жок,
Абалымды бир кайрылып сураган.
Кайырма:
Аллах, Аллахымдын сыноосуна макулмун,
Аллах, ак-караны ылгап алдым, тазардым.
Аллах, мезгил өтүп, оомат кайра келгенде,
Адамдардын ким экенин биле алдым.
Күтүүсүздөн, аска болдум ураган,
Чынар болдум көчкү тийип кулаган.
Сыр бөлүшкөн жакындарым көп эле,
Табылбады көңүлүмдү улаган.
Аллах, Аллахымдын сыноосуна макулмун,
Аллах, ак-караны ылгап алдым, тазардым.
Аллах, мезгил өтүп, оомат кайра келгенде,
Кимдин ким экенин биле алдым.
Тоо суусундай берекеси агылган,
Суусун элим чаңкаганда табылган.
Тамчы сууга зар болгондо көрүнбөйт,
Дос дегенде ооруп турат кабыргам.
Аллах, Аллахымдын сыноосуна макулмун,
Аллах, ак-караны ылгап алдым, тазардым.
Аллах, мезгил өтүп, оомат кайра келгенде,
Пенделердин, пенде экенин биле алдым.
Досторумдун ким экенин биле алдым.
Сөзү : Исирадин Аманбаевдики
Обону : Исирадин Аманбаевдики
Мөлтүрөгөн тунук булак шылдырап,
Назик желге жазгы жамгыр тыбырап.
Махабаттын өлбөс күүсүн терметип,
Тээ алыстан торгой үнү угулат, угулат.
Кайырма:
Эй, кыздар, эй, кыздар, эй, кыздар,
Келбейлиби бак аралап бир басып,
Көңүлдөгү айтылбаган сырларды,
Чечпейлиби бирге олтуруп, сырдашып.
Эй, кыздар, эй, кыздар, эй, кыздар,
Жүрбөйлүбү айлуу түндө бир басып.
Жымыңдашкан жылдыздардын алдында,
Кол кармашып сүйүү ырын,
Кол кармашып жаштык ырын,
Шаттык ырын ырдашып.
Кеч да кирди, көктө жылдыз жымыңдап,
Ай баратат сүйүү ырына ыр улап.
Ээнсиреген бак дарактар арасы,
Кыз-жигиттер келсе экен деп шыбырайт.
Кайырма:
Сөзү : Алтынбек Алымовдуку
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Жүрөгүмдүн эзилгенин түшүнүп сезбедиң,
Көкүрөктө айыкпаган дартымды билбедиң.
Кайрылбадың артты карап, неге келбедиң?
Кабарыңды менден бөлүп, жашынып айтпадың,
Жол каратып кеткен бойдон күттүрүп кайтпадың.
Түшүнбөймүн ойду толгон,
Адашканымбы, жаңылдымбы, адашканымбы?
Кайырма:
Кулачың жайчы, кабарың айтчы,
Сагынып, сүйүп мен барам.
Издеп табам,
Кулачың жайчы, кабарың айтчы.
Сагынып, сүйүп мен барам,
Мен сагынам.
Өкүнүчтөн өрттөнөмүн, жүзүңдөн өппөдүм,
Оорудум го бирок сыздап, жашымды төкпөдүм.
Сапарымдан кайрылганча мени күтпөдүң,
Күндөрүмдү сага арнап, артыңдан барамын.
Ай жылдарды аттап өтүп, өзүңдү табамын,
Махабатта жанып турам.
Өчпөс түбөлүк, ал түбөлүк, багым өмүрлүк.
Кайырма:
Мен сени сагынган бойдон жүрөм, алтыным,
Жазды эңсеп сагынган боз жамгырдай,
Күкүктөп сайраган боз куштардай,
Мен сени издеп жүрөм,
Мен сени сүрөп жүрөм,
Сыртымдан сыр бербей жүргөн менен,
Ичимден ыйлап жүрөм,
Өмүмчө сыздап жүрөм,
Бир сен деп ырдап жүрөм.
Сагындым, саргайдым бир сен үчүн,
Сен муну билесиңби?
Суранам кайра бир келсеңчи сен,
Мен сени сагынган бойдон калам, ардагым,
Жете албай калсам, ай арманым көп,
Кеңчилик дүйнөнү кечип таштап,
Мен сени издей берем,
Мен сени сурай берем,
Сыртымдан сыр бербей жүргөн менен,
Ичимден ыйлай берем,
Өмүмчө сыздай берем,
Бир сен деп ырдай берем.
Кыйналдым, кысталдым бир сен үчүн,
Сен муну билесиңби,
Суранам кайра бир келсеңчи сен.
Сыртымдан сыр бербей жүргөн менен,
Ичимден ыйлап жүрөм,
Өзүмчө сыздап жүрөм,
Бир сен деп ырдап жүрөм.
Сөзү : Жоодарбешимдики
Обону : Жоодарбешимдики
Ачылган гүлдөй жадырап жамалың жарык,
Билбеймин сага кайсы күнү калдым арбалып.
Качанкы өчкөн сезимге кайра жан бердиң,
Эх, гүлдөй болгон сулуусу бардык перинин.
Кайырма:
Сенсиз мага, сенсиз мага,
Жашоонун маңызы жоктой.
Сенсиз мага, сенсиз мага,
Өмүрдүн кызыгы жоктой.
А менсиз, менсиз сага,
Жашоонун маңызы барбы?
А менсиз, менсиз сага,
Өмүрдүн кызыгы барбы?
Өткөнчө өмүр өзүңдү эле сүйөмүн,
Алыска кетсең, күтүүдө өтөр күндөрүм.
Билемин сага ашыккан жалгыз мен эмес,
Менден да башка канчалар жүрөт жетпестен сага.
Кайырма:
Сөзү : Дүйшөн Чомо уулунуку
Обону : Жолдошбек Исраиловдуку
|