|
Сөзү : Дүйшөн Чомо уулунуку
Обону : Рамис Алиевдики
Ала-Тоом, Ата Журтум, Мекен энем,
Ар убак сыймыктанам сени менен!
Абалтан ал койнунда жашап келдик,
Эл болуп ак калпакчан кыргыз деген.
Кайырма:
Намыска бек, тайманбас,
Нарктуу, барктуу элибиз.
Кен байлыгы толтура,
Кең Ала-Тоо жерибиз.
Ак көңүл, пейили кенен калкым менин,
Далилдеп түбү түптүү эл экенин.
Эки миң эки жүз жыл артка таштап,
Эсен-соо ушул күнгө жете келди.
Кайырма:
Ушундай жер бейишин тапканына,
Сыйынам ата-баба арбагына.
Манасты, Чыңгыз уулду берген улут,
Кубанам кыргыз болуп калганыма.
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Эркин Мээркановдуку
Сөзү : Ильяс Кудретовдуку
Обону : Ильяс Кудретовдуку
Күндөрдүн бир күндөрүндө тааныштык,
Көздөрүңө тойбой караймын.
Сездиң бекен сен да менин ошондогу сезимим,
Жүрөгүмдүн сен деп жанганын.
Кайырма:
Жүрчү, жаным, кетеличи сүйүү багына,
Болчу дайым мени менен тагдыр жолунда.
Суранамын, жан ардагым,
Таталы өмүрдүн таттуу балын,
Бирге тосуп таңдын аппак болуп атканын.
Карагаттай көздөрүңдөн, жалжалым,
Мени карап жылмаясың ансайын.
Жаратканым берген бактым сен болуп,
Жүрөгүмдү сага арнадым.
Кайырма:
Батыш жактан сыдырым жел, шамал согуп,
Көк талаада мен отурдум көпкө ойлонуп.
Жибек сымал саамайыңды эске салам,
Шамал жеткен жоогазынды карап коюп.
Кайырма:
Кат жазам сага мен алыстан,
Зар болуп сенин элесиңе.
Бир өзүңдү теңеп жылдыздарга,
Алмаштырбаймын сени эч кимге.
Теңейм сени жоогазынга гүлүн ачкан,
Жаш бутакка эрте жазда бүрүн чачкан.
Теңеп сени жылдыздарга бүлбүлдөгөн,
Теңейм күнгө көк мейкинден нурун чачкан.
Кайырма:
Сөзү : Жылдызбек Турсунбаевдики
Обону : Нурлан Насиптики
Өмүрдөгү издеп тапканым,
Өзүң менен ачык асманым.
Ак жоолук салып, жубай болуп,
Астанамды аттадың.
Кайырма:
Оорусам дарым, жашоомдо баарым,
Таттырган бакыт даамын,
Менин түбөлүктүү жарым.
Апамдын күткөн келини сенсиң,
Айдын нуруна теңсиң,
Бир сени менен кут келсин.
Көпчүлүктү сыйлап жүгүнгөн,
Көшөгөнү көрккө бөлөгөн.
Үйдүн ичине жарык чачкан,
Татынакай затыңдан.
Кайырма:
Санаадан арыламын, садагам көрсөм сени,
Жүзүңө тойбой келет, жүрөгүм көптөн бери.
Ачылып жаз гүлүндөй, айтпачы өткөндү эми,
Бийикке калкып турам, бир жолу өпсөм сени.
Кайырма:
Сен, сезимдин барган, сересин кыйнабагын,
Мен көтөрө албайм, жүрөктүн ыйлаганын,
Бир себебин мага айтпастан таарынсаң да,
Билемин мени кызганарың, жаным.
Кагылып турсаң дагы, кантейин сүйүү экен,
Карайлап көздөрүңө, кадалдым гүлүм бекем
Кабарсыз кеткениңде кайгыдан түнүм нечен,
Ишенип тыңда жаным, өзүңдү сүйөм десем.
Кайырма:
Сөзү : К. Урманбетовдуку
Обону : Р.Бейшеналиеваныкы
Жамгырда чуркап жүргөнмүн,
Жадабай ойноп-күлгөнмүн,
Карлыгач болуп учканбы, балалыгым.
Баягы тунук жок сезим,
Каякта калды шок кезим,
Кайрып бир алар күч барбы, балалыгым.
Кайырма:
Канча самаганга карабай,
Кайра боло албайбыз баладай.
Эми балам чуркап жамгырда,
Мендей ойноп-күлөт жадабай.
Ажайып күндүн биринде,
Акырын мага билинбей,
Качтыбы алтын балыктай, балалыгым.
Асманың ачык чайыттай,
Алыска кетпей, чалыкпай,
Жүрө бер жайнап бактылуу, балалыгым.
Кайырма:
Канча самаганга карабай,
Кайра боло албайбыз баладай.
Эми балам чуркап жамгырда,
Мендей ойноп-күлөт жадабай.
Байкоосуздан мен сени көрдүм,
Машинаны айдап бараттың.
Жараштырдым мен сага аны,
Уяң күлүп мага карадың.
Унута албайм ошол күнүмдү,
Ойготтуң го жүрөм сүйүүмдү.
Сагынычым сага артылып,
Жүрөмбү мен сага тартылып.
Кайырма:
Анын мерседеси бар, сулуу кыз,
Көздөрү кумар, сулуу кыз.
Нур чачып турат, сулуу кыз,
Элеси калды менде,
Ажырагыс элеси калды менде.
Жашынбачы сенден суранам,
Көрбөй калсам болом бушайман.
Айтчы эми качан жолугам,
Улам карайм жолду кайрадан.
Унута албай ошол күнүмдү,
Ойготтуң го жүрөм сүйүүмдү.
Сагынычым сага артылып,
Жүрөмбү мен сага тартылып
Кайырма:
Сөзү : Ташкент кызы Гүлдүкү
Обону : Мүзүр Мамбетовдуку
Эзилдим канча,
Эч нерсе келбей колумдан,
Эстетип мени,
Кетпедиң такыр оюмдан.
Кайырма:
Көңүлүм чөгүп, жүрөгүм турат кайгырып,
Какшыган чөлдөй, каламбы сенден айрылып.
Кубантып мени келсеңчи кайра кайрылып,
Күтөмүн сени келсеңчи жаным кайрылып.
Канчалык мага,
Кыйындай болсо айрылуу,
Жанчылып жүрөм,
Кыйындай сага кайрылуу.
Сөзү : Айардыкы
Обону : Айардыкы
Бул жашоодо жетпесем да, алтыным,
Күтөм сени түбөлүктүү жашоомдо.
Сен деп соккон жүрөгүмдү эзилтип,
Көз алдыма өткөн күндөр тартылып.
Кайырма:
Тамчым менин, мөлтүрөгөн таптаза,
Келип мага кучагыма тамчыла.
Күтүп сени кезигермин бир күнү,
Күркүрөгөн булуттардай бир сага.
Тамчы сымал биздин жандар алсырап,
Жашообуздун агымында жол салат.
Билесиңби агып барып тамчылап,
Өз жолунда түгөйүнө кошулат.
Кайырма:
Үзүлбөгөн үмүт менен эми жашаймын.
Бирок турмуш ачпайт артка барагын.
Жүрөгүмдү оорутуп, жан дүйнөмдү соолутуп,
Жаным эми кезикпейм сага.
Сөзү : Кудрет Тайчабаровдуку
Обону : Эдил Маматовдуку
Кыялымда жашаган,
Ар бир жигити самаган,
Кыргыз кызы, кыргыз кызы.
Көргөн көздү тамшантып,
Махабатымдын таңы атып,
Мен үмүттөнөм, үмүттөнөм.
Кайырма:
Басканы да, сонун да, ак маралым,
Жүрөт тоо боорунда, ай, койнунда...
Үмүттөнүп карайм, сезимимди жашырбайм.
Шөкүлөсү көрк берген,
Ашык болуп көп мерген,
Ачылат тоонун гүлү болуп.
Жашында, жашында,
Каректеринен нуру жанып,
Ширин сөздөрүнөн балы тамып,
Күлмүңдөгөн, көздөрүнөн.
Кайырма:
Басканы да, сонун да, ак маралым,
Жүрөт тоо боорунда, ай, койнунда...
Үмүттөнүп карайм, сезимимди жашырбайм.
Сезим оту жалындады,
Канат байлайт кыял дагы,
Сен жашынба, сен жашынба.
|