|
Сөзү : Алтынбек Алымовдуку
Обону : Р.Алиевдики
Себелеп жамгыр сезимге,
Махабат гүлүн сепкендей.
Сезилет мага бир сүртүм,
Жомокто жашап кеткендей.
Бакытымды таптым мен өзүңдү эңсеп,
Кучагымды ачтым кубанычым эми сенсиң деп.
Кайырма:
Арзуу махабатым,
Арнайм сага жаным.
Сен деп сүйүп жашайм,
Сенсиз атпайт таңым.
Сенсиң махабатым,
Эңсеп сагынарым.
Сезим оттой жанат,
Сенде таткан балым.
Татымың кымыз гүлүндөй,
Тамшанып эңсеп сагынам.
Таалайым сага туш болуп,
Тагдырга эми багынам.
Бакытымды таптым мен өзүңдү эңсеп,
Кучагымды ачтым кубанычым эми сенсиң деп.
Сөзү : Ж.Исабаеваныкы
Обону : Ж.Момуновдуку
Биз табышкан ошол көз ирмем,
Балдай таттуу мага сезилген.
Бир адатың аны баалабай,
Барктай албай ката кетиргем.
Байкап аны эми эзилем,
Бара албай жүрөм сага мен.
Кайырма:
Кайрылчы, мени зарлантпай,
Кечирчи, келчи саргартпай.
Күдөрүм үзбөй,
Күндө жол карай,
Кутөм жалгыз, сени самай.
Карлыгачым болду таарынба,
Капаланба жаным садага.
Кадырыңа жетем кечирчи,
Кайгырбачы кол сунчу мага.
Кол кармашып экөөбүз гана,
Кетели сүйүү аралына.
Кайырма:
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Экөөбүз эңсеп күткөн,
Кезигүүбүз оңунан чыкпады.
Билбедим эмне себеп,
Же мага айтпаган сырың барбы?
Ажайып ачып турган, бир өзүңө арналган,
Гүлүмдө күнөө беле?
Кайырма:
Күтүүдөн тажабадым, көңүлүм калбады,
Убакыт өтүп жатты, жаңырган күн батты.
Сезимим күйүп-учуп, үмүтүм сынбады,
Саанаркап сени күтүп, жалооруп гүлүм калды,
Сунулбай гүлүм калды.
Күтүүдөн көңүл түшүп,
Карай берип улам ар бир жакты.
Келгениме өкүнтүп,
Түрлүү ойлор улам сабалады.
Ажайып ачып турган, бир өзүңө арналган,
Гүлүмдө күнөө беле?
Кайырма:
Сөзү : Алтынбек Алымовдуку
Обону : Өктөм Сапар уулунуку
Сөзү : Чыңгыз Турдубековдуку
Обону : Чыңгыз Турдубековдуку
Эмне күнөө табышкан тагдырга?
Эки дүйнө бир асман алдында.
Оюн эмес, сүйүүгө кабылган,
Ортобузга түшпөсүн чагылган.
Кайырма:
Эки жүрөк, көздөгөнү бир тилек,
Кубанычка батпай.
Эки жүрөк айрылбастан бир жүрөт,
Кыйындыктан качпай, сүйүүдө...
Эки жүрөк, эки жүрөк...
Улуту жок чыныгы сүйүүнүн,
Даңазалап адамдын бийигин.
Жалгыз асман, бөлбөйлү экиге,
Бүтүн дүйнө, салайын эсине.
Кайырма:
Эки жүрөк, көздөгөнү бир тилек,
Кубанычка батпай.
Эки жүрөк айрылбастан бир жүрөт,
Кыйындыктан качпай, жашоодо...
Эки жүрөк, эки жүрөк...
Сөзү : Самат Уланбековдуку
Обону : Самат Уланбековдуку
Таңда, кеч эңсеп өзүңдү,
Тамчы жаш чайкап көзүмдү.
Сагынамын, сагынамын.
Ойлонуп сенсиз тура албай,
Оюмду сенден бура албай.
Сагынамын, сагынамын.
Кайырма:
Кайдасың?
Кайдасың, азыр кайдасың?
Кай жерде, кандай жайдасың?
Санаага батып, зар болуп,
Сагындым, сени сагындым.
Кабарың айтчы барайын,
Карааның издеп табайын.
Кайгыга батып зар болуп,
Сагындым, сени сагындым,
Сагындым, сени сагындым.
Убакыт өтсө, күн өтсө,
Уйкусуз, сенсиз түн өтсө.
Сагынамын, сагынамын.
Ай жылып, батып баратса,
Агарып жаңы таң атса,
Сагынамын, сагынамын.
Кайырма:
Сөзү : Алтынбек Алымовдуку
Обону : Өктөм Сапар уулунуку
Куттукташып, кубанышып,
Сагынычтын черин жазып.
Гүл кучактап, күлүп-жайнап,
Амандашып кучак жайып.
Бийле, ырдап, бизди жандап, бүгүн майрамда,
Аттиң кылбай, бийле тынбай, армандарда калбай.
Кайырма:
Бүгүн жар-жар үлпөт той,
Бүгүн элиң күткөн той.
Бүгүн ырдап, күлүп кой,
Бүтпөсө экен ушул той.
Аксакалдар бата берет,
Жараткандан тынчтык сурап.
Ак жоолукчан чоң энелер,
Ак тилегин тилеп турат.
Эркелешсе неберелер жүрөк кубанат,
Оттой жанып улан-кыздар оюн-күлкү курат.
Кайырма:
Бүчүр байлап арзуулардын түрлөрү,
Кубат алат сезимимдин гүлдөрү.
Аткарылып мен самаган тилектер,
Уланса дейм махабаттын күндөрү.
Кайырма:
Ай, гүлүм, ай, тура албаймын сагынбай,
Ай, гүлүм, ай, сырдашсам дейм талыкпай.
Кубанычым жалындай,
Келем сага жакындай,
Көңүл эргийт басылбай.
Сенден угуп махабаттын дабышын,
Сен деп күйүп, таң булбулдай таңшыдым.
Таасир берип, жан дүйнөмдө жаркыдың,
Сенден сезем ак сүйүүнүн маңызын.
Кайырма:
Ай, гүлүм, ай, тура албаймын сагынбай,
Ай, гүлүм, ай, сырдашсам дейм талыкпай.
Кубанычым жалындай,
Келем сага жакындай,
Көңүл эргийт басылбай.
Сөзү : Жоодарбешимдики
Обону : Жоодарбешимдики
Зымырап учкан мезгилдердей,
Жаштыгым өтүп барат,
Сезбейсиң аны, сезбейсиң сен,
Ойлоруң кайда учат...
Сагыныч болуп жүрөгүмө,
Алоолоп күйүп-жанат,
Көзүңдөн тамган мөлтүр жаштар,
Айтчы өзү, ким деп тамат?
Мен болсо сени ойлоп, мен,
Ар күнүм сагыныч, куса менен өткөрөм,
Дениздей ташты жарган,
Сүйүүгө жанчылып.
Билбеймин, билбеймин мен,
Сүйөмүн, сүйөмүн не себептен өзүңдү,
Кысылып кең ааламга,
Батпай мен сүйөмүн..
Алыстан учкан ак куулардан,
Саламым сага айтам.
Жымыңдап жанган жылдыздарга,
Кошулуп таң атырам.
Билейсиң аны, билбейиң сен.
Жыттуусу гүлдөрдүн,
Ашыкмын сага, ашыкмын мен,
Айтамын бүгүн сырым...
Кайырма:
Сөзү : Жоодарбешимдики
Обону : Жоодарбешимдики
Сөзү : Алым Токтомушевдики
Обону : Түмөнбай Колдошовдуку
Мен турган тушта - сен туулган кыштак,
Тулпарлар туйлап, туйгундар учкан.
Жалгыз бир кезде жарк этти эске,
Жагоочон күндөр жадымдан чыккан.
Барайын дедим, бара алган жокмун,
Карарган деңиз, агарган толкун.
Тунарган жакты турамын карап,
Туш-туштан шоокум, шооладай жанат.
Бир мезгил келет жамгырдай төгүп,
Бир мезгил кетет шамалдай сабап.
Бүл дүйнө ушундай жаралган досум,
Карарган деңиз, агарган толкун.
Шамалбы, карбы, өкүнбөйм эч бир,
Кезинде жаады, кезинде кетти.
Тек гана дүйнө жазындай болгон,
Кумарлуу кездер көзүмдөн өттү.
Сенин да билем, тизмеңде жокмун,
Карарган деңиз, агарган толкун.
Сөзү : Байэлдики
Обону : Байэлдики
Арбалып бассам жаныңда,
Теңсинбей мени күлөсүн.
Ак сүйүүм сага арнасам,
Карабай мени жүдөттүң.
Кайырма:
Көздөрүң кара,каштарың кара,
Басканың жаным башкача.
Жылмайып карап кылыктана,
Кетпечи жаным сен башкага.
Суктанам айдай жүзүңө,
Келчи нур чачып өзүңө.
Ашыктыгымды айтайын сага,
Колуң сунчу сен мага.
Кайырма:
Сөзү : Мирбек Атабековдуку
Обону : Мирбек Атабековдуку
Көңүлүмө бөлүнүп,
Мээримиңе чөмүлүп,
Бир өзүңө суктанам,
Жамгыр болуп төгүлүп.
Мен да ыраазымын сага,
Ушул келген бактыма,
Жалгыз жүрөгүм эңсейт сени гана!
Кайырма:
Жүрөгүмдөн чыккан сырларым,
Кубандырып турабы?
Махабаттын сүйүү ырларын,
Сага гана арнайын.
Жаркыраган жылдызым,
Жалгыз сенсиң ырысым.
Жан жүрөктү эргиткен,
Жазгы сүйүүм сен белең?
Мен да ыраазымын сага,
Ушул келген бактыма,
Жалгыз жүрөгүм эңсейт сени гана!
Кайырма
Сөзү : Б.Чотурованыкы
Обону : С.Искеналиевдики
|