|
Сагыныч сапарында,
Санаанын катарында.
Адашып таппадым, ак сүйүү татаарымда.
Түндө ай мен да жалгыз,
Түйшөлдүм жүрөм алсыз.
Бактыма ким болду экен,
Бал ширин сулуу ал кыз
Ашыгып, шашылам, кабарын таппай.
Бактыма ачылган, кубанычка батпай.
Кайырма:
Ай чырайыңды сүйүп келем,
Назданасың жаным.
Ай кучагында гүлүм берем,
Ой кыялымды самап жүрөм
Кызганамын жаным
Мен сагынычта жашап жүрөм.
Жомоктой эскирбеген,
Жел окшойт жеткирбеген.
Махабат сезимдери табышмак эч билбеген
Мен ошол билбегеним,
Бактымды издегеним,
Сапарга чыктым алыс,
Жаз менен бир келемин.
Ашыгып, шашылам, кабарың таппай.
Бактыма ачылган, кубанычка батпай.
Кайырма:
Сөзү : Ильяс Кудретовдуку
Обону : Ильяс Кудретовдуку, Улан Атанбаевдики
Алма гүл ачкан кезде,
Барамын мен сени издеп айылга.
Көргүм келип, ак жүзүңдү,
Сагынып мен барам жаздын айында.
Кайра-кайра элестетип сени даалай күн өттү,
Аке деген сөзүң менен,
Арбап алдың карындашым жүрөктү.
Кайырма:
Карагаттай көзүң,
Балдай ширин сөзүң,
Суктанамын жаным, ардагым.
Тааныштайсың кылым,
Айтчы мага сырың,
Жүрөгүмдү кантип арбадың?
Агын тоонун суусу, айылдын сулуусу,
Черттирдиң го жүрөк кылдарын,
Ала качпа көзүң, жүрөгүмдө өзүң,
Бул ырымды сага арнадым.
Неге-неге, айтчы неге?
Арбалдым мен айылдык кыз сендейге.
Ыйманыңды сүйдүм, жамалыңа күйдүм,
Болосуңбу деги жубай мендейге?
Айылыңа барып, сага сөйкө салып,
Келемин, ай, чырайлуу кыз канткенде?
Жеңелери коруп, бизге тоскоол болуп,
Койбосунчу колуң сурап келгенде.
Кайырма:
Сөзү : Клара Умаралиеваныкы
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Сөзү : Шахназар Бөрүкуловдуку
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Жаздын жаңы ачылган гүлүн көргөнмүн,
Таңдын күлүп чыккан күнүн көргөнмүн.
Бирок дүйнө кезип издеп келсем да,
Жалгыз сендей сулуу жанды көрбөдүм.
Кайырма:
Кайра-кайра карап тойбогон,
Карагаттай көзүң ойногон.
Карегиңе сенин байланып,
Карлыгачым күндө ойлоном.
Күлүп койдүң көзгө илбедиң,
Көкүрөктү өрттөп күлгөнүң.
Кылыктарың мени арбаса,
Кантип жаным сени сүйбөйүн.
Нурдан жаралгандай сүйкүм келбетиң,
Гүлдөй назик жансың жаным берметим.
Башка жанга сени ыраа көрө албай,
Билгин сени эчкимге жаным бербеймин.
Сөзү : Ж.Исабаеваныкы
Обону : С.Искеналиевдики
Сагынып сага жазган каттарымды,
Билбедим же жактырбай жатканыңды.
Же күздүн бүркүмүнө бүктөп коюп,
Саргайган жалбырактай катканыңбы?
Бир кезде мага жазган каттарыңды,
Көргөзбөй жан адамга катпадымбы.
Сезимден жүрөгүмө уя салып,
Үлбүрөп балапандай бакпадымбы.
Бакпадымбы, каттарымды катпадыңбы?
Өзүңдү күттүм неге?
Өкүнүп бүттүм дебе.
Жарашып алсынчы деп,
Жаштык кез күтмөк беле?
Күн өттүбү, арадан ай өттүбү,
Сезбей калдым, сезимди түнөттүмбү?
Жоолуң күтүп жол карап сен деп жүрсөм,
Жолоочудай жөн гана түз өттүңбү?
Канча ирет карааныңа жагалдандым,
Апкаарып айтар сөздү таба албадым.
Сагынсам да саргайып, жаным, бирок,
Батынып мен жаныңа бара албадым.
Бара албадым, таба албадым, жагалдандым.
Сөзү : Клара Умаралиеваныкы
Обону : Мирлан Баековдуку
Сөзү : И.Жунусовдуку
Обону : И.Жунусовдуку
Жылдыз болуп күнүгө,
Жарык чачат үйүмө.
Сен бар үчүн дүйнөдө,
Үйүм толо күлкүгө.
Кайырма:
Балам, балам, жан балам,
Ананайын садагам.
Элим аман болсун деп,
Атыңды койдум Эламан.
Аман, аман, Эламан,
Гүл белемсиң, садагам?
Жыттап, жыттап тойбоймун,
Ананайын жытыңдан.
Балдан ширин сөздөрүң,
Бүлбүл жанган көздөрүң.
Шириним, ай, шириним,
Узун болсун өмүрүң.
Ата-энеңдин бактына,
Эр жетилгин, садага.
Талыбастан канатың,
Пайдаң тийсин журтуңа.
Кайырма:
Сөзү : Т.Касымалиевдики
Обону : Рыспай Абдыкадыровдуку
Ой, бото көз, бозой сени сагынган,
Жылытсам дейм жүрөктөгү жалындан.
Башың ийкеп бал сөзүңдү таттырбай,
Бачым басып өтүп кеттиң жанымдан.
Калдым жалгыз улутунуп өзүмчө,
Кабак чыттың көчөдө элдин көзүнчө.
Карабадың арт жагыңа кылчайып,
Кантем алдамчынын сөзүнө.
Көргөн сайын короосунан үйүңдүн,
Күүсүн угам күлкү аралаш үнүңдүн.
Барган сайын жалын сымал жылтылдап,
Учкундары сен жакка учат сүйүүмдүн.
Сөзү : Жазгүл Жамангулованыкы
Обону : Сардар Туркменовдуку
Жолуктум сага жоголгон сезим,
Жоодурап мага жолуккан кезиң.
Жылмайган жүзүң, жылдызы жарык,
Жанымда болчу, жанымда, кечир.
Жараткан сага арналган белем,
Жылмайган жүздүү, жылуулук менен.
Арналгам сага, арбалдым бүгүн,
Жаңырып сүйүү, жаңырып келем.
Кайырма:
Жанымда болчу табылган жаздай,
Жактырдым сени эч кимге айтпай.
Ай болчу менин түнүмдө жанган,
Арманым болбо, бул күндө калган.
Жаным, ай...
Күн болчу мага нурларын таккан,
Күйүтүм болбо, көөдөнгө каткан.
Буралган денең, белегиң сенин,
Билгизбей сүйгөн периштем менин.
Денемди өрттөп ысытып барат,
Акырын гана, дем алган демиң.
Таңгалам неге, эркимен чыгып,
Тартылып турам бей тааныш балага.
Жанымда болчу табылган жаздай,
Жактырдым сени эч кимге айтпай.
Ай болчу менин түнүмдө жанган,
Арманым болбо, бул күндө калган.
Жаным, ай...
Алгачкы күндөн таанышкан, бакыт табышкан,
Сүйүүмдү катка толтуруп, арнап жазышкан.
Кулпуруп желдей, Кудайдан келген,
Түгөнбөйт сезим сага деген,
Күнгө теңейм бир сени, билсеңчи,
Бийикте айга теңейм...
Кайырма:
Кубанычта жүрөм, сени гана сүйөт жарышгым,
Кубат берет жүзүң, жүргөндө, күлгөндө дайым.
Кыялдарымдасың, Жаратканым берген, бул дүйнөдө тең,
Назик карап жылмайсаң, аалам бүтүн нурданган.
Бир болуп биздин бактыбыз, берген антыбыз,
Убакыт өтүп шашпасын, сүйүүм сактасын.
Келечек улай, колуңду сурай,
Тилегим мага болсоң жубай
Бизге окшош балдарды жетелеп,
Ойнотсок кандай бакыт...
Сөзү : Ж.Абдыраимовдуку
Обону : М.Баековдуку
Жаңырган айлуу түндү жамынайын,
Жол тартып мен өзүңө камынайын.
Жамалың бир көрүүнү дегдеп барам,
Жайдары тосуп алчы Жаңылайым.
Кайырма:
Жаңылайым менин жаным, ай,
Агарып аткан таңым, ай.
Тоодой багым ай, бактылуу болмокмун,
Болсоң жарым, ай...
Көзүңө карегиңе багынайын,
Көрбөсөм, көргүм келип сагынайын.
Көзү өтүп кетишпесин башкалардын,
Көбүрөөк күлбөй жүрчү кагылайын.
Кайырма:
Ааламдын эгеси, түбөлүктүүсүң Аллах,
Алмаштырып күн менен түн жараттың Аллах.
Сыйынабыз сага, түбөлүктүү улуу затка,
Кылалы ыйлап дуба, убакыттын барында.
Кайырма:
СубханАллах, ааламдардын эгеси,
СубханАллах, тазалыктын эгеси.
СубханАллах, сенин убадаң чын,
Сенин бейишиң чын, мактоолор сага гана.
СубханАллах...
Күбөлүк беремин, жаратты бизди Аллах,
Шериги жок, ал жалгыз кудурет сенде гана.
Сыйынабыз сага, түбөлүктүү улуу затка,
Кылалы ыйлап дуба, убакыттын барында.
Кайырма:
Сөзү : Б.Чотурованыкы
Обону : Кубик Калыковдуку
Булт этет неге, бул кызык деле,
Бул эмне десем, буттарың беле?
Эркелеп деле, элесиң көрө,
Жылмаям жыргап, жыттагым келе.
Балам, балам, балам эркетай,
Бакытыма сени берсечи, ай,
Бул жарыкка аман көз жарып келсең, ай.
Балам, балам, балам эркетай,
Бакытыма сени берсечи, ай,
Бул жарыкка аман көз жарып келсең, ай.
Туйлаган кезең, толкундап кетем,
Бул эмне десем, колдоруң бекен?
Төрөдөй көсөм, төрөлсөң экен,
Ак бешик күтөт, апакай бөпөм.
Сүйүнчүлөр турса айтылып,
Сүйүнүчкө көңүл артылып.
Бакыт тилеп сага, жүрөгүм тартылып.
Сүйүнчүлөр турса айтылып,
Сүйүнучкө көңүл артылып.
Бакты тилеп сага, жүрөгүм тартылып.
Жылуу койнумда, жытың сонун да,
Чачыла чачсам, жентек тоюңда.
Торолсоң анан, тойбой оюнга,
Жетелеп жүрсөм деймин оюмда.
Кайырма:
Бала, бала, балам эркетай,
Бактыма сени берсечи, ай,
Бул жарыкка аман көз жарып келсең, ай.
Сүйүнчүлөр турса айтылып,
Сүйүнучкө көңүл артылып.
Бакты тилеп сага, жүрөгүм тартылып.
Сөзү : Ильгиз Абдалиевдики
Обону : А.Акимовдуку
Ак куудай сулуу аппагым, кериле басканың,
Катар басып жаныңда, жанаша басайын.
Таза, тунук сезимдериң мага арнайсың,
Эркелетип "аппагым" деп, ырыңды ырдайсың.
Кайырма:
Аппагым, ай, аппагым,
Сени издеп тапканмын.
Жүрөктөгү сырымды мен,
Сага айтайын.
Көркөмүң сулуу периштем, чырайың келишкен,
Көз артышып бардыгы, суктанып ээрчишкен.
Сен да мага ашыгып акылга жетесиң,
Сезимдерди ойготкон, ай кандай немесинң?
Кайырма:
Сөзү : И.Жунусовдуку
Обону : И.Жунусовдуку
Түнөрбөгөн ынагым, ай ынагым,
Күн кезиккен себепсиз.
Бакытка, күйүткө, ай күйүткө,
Биз экөөбүз себеппиз
Кайырма:
Түгөйүм, ай түгөйүм,
Жаз гүлүндөй гүлдөгүн.
Беш күндүк бул дүйнөдө,
Балын ичели өмүрдүн.
Шерик болгун өмүр,
Муз салбагын көңүлгө.
Тирөөч болуп өрүүдө,
Орток болгун өмүрдө.
Кайырма:
Келди бизге жылуулук,
Өчүрүп аны албайлы.
Жаман өттү өмүр деп,
Өксүүдө биз калбайлы.
Кайырма:
Сөзү : Илгиз Абдалиевдики
Обону : Данияр Эрматовдуку
Нур шооласын төгүп,
Ай жүзүңдөн өбүп,
Кыялымда сени гана.
Таалайыма жазса бир өзүңдү мага,
Болор белең мендик гана?
Кайырма:
Эзилип жүрөк,
Эңсеп сени жүрөт,
Эби жок согуп жүрөк.
Түгөнбөгөн күйүт үзүлбөгөн үмүт,
Жолуңду карап күтөт.
Тамшанып жүзүңө,
Табышмак көзүңө,
Тартылам дайым өзүңө.
От болуп махабат,
Сезимге чок салат,
Жан дүйнөм сага байланат.
Кайырма:
Сөзү : Кудрет Тайчабаровдуку
Обону : Гүлжигит Калыковдуку
|