|
Сөзү : Нурмат Садыровдуку
Обону : Эдил Маматовдуку
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Жакшы көрүп, жактырдым мен,
Жарыгым сага жалынып.
Жалгыз сенсиң менин жарым,
Жароокерим, жыргалым.
Кайырма:
Мен эле сүйөм, мен эле,
Сен сүйбөйсүң мени эмнеге?
Созолонуп сыр бербейсиң,
Сыр бербеген сырдуум жүрөк эзбе.
Мөлтүрөгөн бүлдүркөнсүң,
Кызыктырып, кызгантып,
Мен эле сүйүп жүрө беремин,
Сен сүйсөң болбойбу?
Кайталайсың, кадаланып,
Кайрып каш-кабагың,
Кара көзүң, калем кашың,
Кармап арбап, байладың.
Обону : Ернар Айдар
Жалбырактай бул жүрөк,
Унута албай жаз күнүн.
Унута албай эңседим,
Сүйгөнүмдүн наздуу үнүн.
Менин жаныма, менин көзүмө,
Жамгыр жаадырып,
Сен кайда жүрдүң жаным,
Сагынды сени менин жүрөгүм.
Акылымды алып, алып.
Сени колдон учурдум.
Кайран көңүл калып, калып,
Кол жетпесин түшүндүм.
Мен кайра бакытты элестетем өзүңсүз,
Сан гүлдөрдүн ичинен,
Ошондо да сенде көңүлүм.
Кайырма:
Жаным сен мени сүйбөсөң да,
Бала жүрөгүм алданып калды.
Жылынар бир сөз айтпасаң да,
Жаным, ошондо да сүйөм.
Акылымды алып, алып.
Сени колдон учурдум.
Кайран көңүл калып, калып,
Кол жетпесин түшүндүм.
Мен кайра бакытты элестетем өзүңсүз,
Сан гүлдөрдүн ичинен,
Ошондо да сенде көңүлүм.
Намысымдын урматына сырымды,
Көкүрөктүн түпкүрүнө жашырып.
Калдым чекене боло албай бир ырга,
Ырдап берем угасызбы, азыр ук.
Ырдап берем угасызбы,
Обон созом угасызбы,
Ырдап берем угасызбы, азыр ук.
Жок, жок укпа, сыртка чыкпайт ал обон,
Кайрыктарын ичтен кайрыйт жүрөгүм.
Билмексенге салбайын деп турсам да,
Сизди, көздөрүм айтып коёт сүйөрүн.
Көздөрүм айтып коёт,
Өзү эле айтып коет,
Көздөрүм, ай айтып коёт сүйөрүн.
Ырым менин өзүн баркын билбеген,
Асыл ташым аттап өтүп өзгөнү.
Сизди көргөм көп ичинен миңдеген,
Менин, көздөрүм, ай, көздөрүм, ай, көздөрүм
Көздөрүм, ай, сизди сүйгөн,
Көргүм келип оттой күйгөн,
Көздөрүм, ай, көздөрүм, ай, көздөрүм.
Көздөрүм айтып коёт,
Өзү эле айтып коет,
Көздөрүм, ай айтып коёт сүйөрүн.
Сөзү : Камчыбек Өскөнбаевдики
Обону : Сагыныч Нурланбек уулунуку
Сезимдер ыйлап, ыйлап,
Жүрөгүм туйлап турат.
Экөөбүз түшкөн сүрөт,
Жанымды кыйнап, кыйнап.
Кечирип издеп келем,
Кейиткен сөздөрүмө.
Келет деп үмүт менен,
Зар болом көздөрүңө.
Кайырма:
Арзуум бар сага деген,
Сен сезип билесиңби?
Кайгымды унуткарып,
Кайрылып келесиңби?
Өзүмдү арнап сунам,
Ардагым болосуңбу?
Кыялкечим, периштем,
Багыма коносуңбу?
Кетсең да, менден узап,
Кыялым сага учат.
Ак сүйүүм жүрөктү эзип,
Арманым алды тушап.
Турамын сен деп ырдап
Гитара кылы сыздайт.
Кел эми кечир мени,
Таарынтып алгам сыңар.
Кайырма:
Сөзү : Т.Байзаковдуку
Обону : С.Искеналиевдики
Сөзү : Бегиш, А.Кубанычбековдуку
Обону : Чолпонайдыкы
Сөзү : А.Кубанычбековдуку
Обону : Нурсултан Азыкбаевдики
Колум сунуп барамын, кереметиңе,
Кубат берет нур жамалың билсең сезимге,
Барам кечинде, айланып берегиңе.
Жылдыз күлүп жылмайып, сага суктанып,
Көздөр сүйлөйт сыр билгизбей, жанып нурданып,
Сенин жаныңда болуу мага бакыт.
Бир өзүң... Жүрөмүн...
Жүрөгүм... Ар дайым сүйгөм сени түгөйүм.
Жарымым, жарыгым, эркелейсиң, эркем дейсиң,
Кыялымдан орун алдың жаным тумарым,
Жанып турамын, балбыл көз чырагым.
Жылдар учуп өтсө да, сезим өчпөйт бир сага,
Белек кылам терип, бир сен үчүн өмүрдүн гүлүн,
Байкасаңчы жүрөгүмдүн үнүн.
Кайырма:
Бир өзүң... Жүрөмүн...
Жүрөгүм... Ар дайым сени сүйгөм түгөйүм.
Жалгыз калгым келбейт жалганда,
Айдай нуруң...
Бир өзүң тагдырыңдын конгон кушу боломун,
Жүрөмүн, өзүң гана мен эңсеген жомогум.
Жүрөгүм, көздөрүңдү карап ар дайым сүйгөн,
Сени түгөйүм...
Кайырма:
Көздөрүңдү карап, ар дайым сүйгөм сени түгөйүм.
Бир өзүң...
Жүрөмүн, өзүң гана мен эңсеген жомогум.
Жүрөгүм, ар дайым сүйгөм сени түгөйүм.
Сүйгөнүм...
Сөзү : А.Кубанычбековдуку
Обону : Н.Токтакунованыкы
Сөзү : А.Кубанычбековдуку
Обону : А.Замировдуку
Билинбей күндөр, бир сени сүйдүм,
Сен баарын ээлеп алдың жүрөгүмдүн.
Эрке кыял, эрмегим болуп,
Көздөрүңдө бакыт бар бир өзүңдүн.
Сен бар үчүн, бир сен бар үчүн, күндөр өтөт.
Жалгызымсың сен билсеңчи, бул өмүрдө.
Кайырма:
Сен, сезимдерди ээлеп алдың сен,
Ак сүйүүнү сунуп таң менен.
Айга сени теңеп алдым мен,
Биз тагдырыбыз бир жаралдык.
Серпилип ойлор, сен менен бассам,
Чеги жок сүйүү сунат, нечен кадам.
Бийик учуп, жылдыздай жаркып,
"Бир өзүңдү сүйөм" - десең, жанам.
Бүт дүйнөнү мен ээлегендей, сүйдүм сени,
Баргым келет ар убакта, сага желдей
Кайырма:
Кыздар өтүшөт, жылдыздай жарык чачып,
Кыздар өтүшөт, гүлдөрдөй жыты аңкып.
Бирок негедир, ишенбей жигиттерге,
Муздак карашат, сырларын ичке катып.
Көздөрү сүйкүм, күлкүсү шыңгыр, тунук,
Жүздөрү болсо, кол жеткис аппак болуп.
Бирок негедир, ишенбей жигиттерге,
Күмөн санашат, жигитти сынап туруп.
Жигиттер жүрөктөн сүйүүшөт,
Жалындап алоолоп күйүшөт.
Жанган сүйүүсү туруктуу,
Түбөлүккө күтүшөт.
Жалган айтып жүрөк жибитпе,
Ишенгиле, кыздар жигитке,
Табы кайтпас күйгөн оттой,
Сүйүү жашайт жигитте.
Жигит сүйүүсү, нөшөрдөй жазда жааган,
Жигит сүйүүсү, шамалдай айгай салган.
Бирок жигиттер намысты бекем тутат,
Самашат тунук, сезимди эсте калган.
Жигит сүйүүсү, ак толкундай көлдөгү,
Жигит сүйүүсү, ыпысык күн чөлдөгү.
Жандап өтпөстөн, жылмайчы мага сулуу.
Жанымды берем, көзүм башка көрбөдү.
Байыртан ата салтын улаган эл,
Кыйын күндү жеңип өткөргөн.
Ынтымак, ырыс-кешик кураган эл,
Душмандары коркуп, сезгенген.
Кайырма:
Ала-Тоонун нурусуң,
Ак пейилдүү улутум,
Баатырлардын мекени жерим.
Кыргызымдын уулусуң,
Көтөрөлү бир бурчун,
Желбиретип бийик желегин.
Тарыхың жол көрсөтүп караңгыда,
Урпактарга келген кептериң.
Таңеймин күндөн дагы жарык нурга,
Бабалардын баскан издерин.
Кайырма:
Ар күнү шайыр мүнөз ырга жакын,
Обон созуп ак жүрөгүнөн.
Дасторкон жайып дайым сыйга жакын,
Бата берип ак тилегинен.
Кайырма:
|