|
Сөзү : Темир Назаровдуку
Обону : Мирлан Ниязовдуку
Не могу я без тебя,
Ты меня с ума свела,
Твои чёрные глаза,
Это радость для меня
Я с тобою и ты со мной
Кайырма:
Знаю я, ты навеки и навсегда,
Будешь только моей всегда,
Не отдам тебя никогда.
Знаю я, ты навеки и навсегда,
Будешь только моей всегда
Не отдам тебя никогда.
Лучезарная моя,
Ты в душе моей свеча.
Лишь одна ты для меня,
В этой жизни как вода.
Кайырма:
Сөзү : Алтынбек Алымовдуку
Обону : Мирлан Ниязовдуку
Көздөрүңө байланып,
Көргүм келип сагындым,
Карегиңе кадалып,
Махабатка кабылдым.
Ананай сенин кара көзүңдөн.
Кайырма:
Садагам, мага ай болуп жаңырган,
Мага гүл болуп ачылган,
Бакыт коштогон асыл жан.
Садагам, мага ай болуп жаңырган,
Мага гүл болуп ачылган,
Бакыт коштогон асыл жан.
Уйкум качып уктабай,
Унута албай сен дедим,
Сезимдерим сел болуп,
Сен дедим, ай, сен дедим.
Кайырма:
Сөзү : Ильяс Кудретовдуку
Обону : Ильяс Кудретовдуку
Түн, жамгыр басылбай,
Отурамын сени ойлоп, сагынып.
Мен, сезимдерге багынып күтүп,
Санааларга келемин батып.
Кайырма:
Асыл жаным, ай,
Кантип сени сагынбайм,
Жүрөгүм көңүлүм сүйүп турса.
Асыл жаным, ай,
Кантип сени сагынбайм,
Көздөрүң жылдыздай күйүп жанса.
Түн ортосунда, сөзүңдү ойго саламын мен,
Ардагым жалгыз сени сүйөм деген.
Мейли, менден кетсе өкүнбөймүн, өкүнбөйм,
Үмүт бар, мен сени күтөм деген.
Кайырма:
Сөзү : Э.Ибраевдики
Обону : Г.Садыбакасованыкы
Сөзү : Гүлсара Момунованыкы
Обону : Мирбек Атабековдуку
Атыңды угуп калсам капыстан,
Алоолоп күйүп-жанам унчукпастан.
Унут деп өзүмдү-өзүм алдасам да,
Ичимен берилип улутунам.
Көрө албаска, ал сөздөргө азгырылып,
Мен жүрөм жолун таппай, жазыгымдын.
Таң калам жоругуна ашыгымдын,
Ишенип, ишене албай...
Кайырма:
Азыр деле жашайсың,
Жүрөгүмдөн өчүрө албайм.
Ак сүйүүмдү башка жанга,
Көчүрө албайм, унута албайм,
Баары бир сени...
Күч барбы түйүп коер сүйгөн жанды,
Сен мага ишенбедиң айла барбы.
Канчалык мен өзүмдү-өзүм сооротсом да,
Жүрөктүн буйругуна арга барбы?
Таттуу тилек, максаттар кайда калды,
Кол жеткис көк мелжиген жайда калды.
Курманы болбойлу айың кептин,
Өчпөгөн үмүт калды...
Сөзү : И.Жумановдуку
Обону : И.Жумановдуку
Кичинекей сапсары,
Тайтай-тайтай басканы.
Бассаң апаң кубанган, ай,
Сары, сары, сапсары.
Кайырма:
Ай, сары кыз, сары кыз,
Баары жокко дары кыз.
Ат коюшту Сары деп, ай,
Болсун бизге дары кыз.
Баары сени сары деп,
Ат коюшту Дары деп,
Дары болуп жүргүн сен, ай,
Тайтай басып күлгүн сен.
Кайырма:
Тамтуң-тумтум басасың,
Токто десе качасың,
Кыт-кыт күлүп шашасың да,
Шашып кайда барасың?
Кайырма:
Сөзү : Б.Борбиевдики
Обону : Б.Борбиевдики
Ийинимде артылган, куржун толо ырым бар,
Жүрөгүмдө басылган, сандык толо сырым бар.
Чырмалышкан дүйнөмө, чечилбеген түйүн бар,
Теңеле албай башкага, тебеленген сүйүүм бар.
Кайырма:
А мен пенде шашпаган,
Жараланган, аксаган.
Жараткандан бак тилеп,
Жаман жолго баспаган.
А мен пенде жашыкмын,
Дале болсо ашыкмын,
Аруу сүйгөн жан элем,
Кай жеримден жазыктым.
Арман менен кайгымды, айтып берет кайрыгым,
Андан башка мүмкүн жок, ошол менин байлыгым.
Ыдыраткан жашоомду, ырас ошол түйүн бар,
Ырым муңдуу болсо да, ызаланган сүйүүм бар.
Сөзү : А.Атабаевдики
Обону : А.Атабаевдики
Он сегиз жаш,
Тоодо тунук булак белең?
Болбосо андан учкан бубак белең?
Кайрылбай кайда кеттиң, айтчы деги?
Адашып айлыңды мен сурап келем.
Он сегиз жаш,
Жайдын жарык таңы белең?
Болбосо боз туйгундун шамы белең?
Бир жолу кайрылгыстай тамшандырган,
Жылт эткен жаштыгымдын шамы белең?
Он сегиз жаш,
Күндө беле сенин серең?
Болбосо жүрөгүмдүн теңи белең.
Кош эми, өкүнсөм да унутпаймын,
Өткөргөн өмүрүмдү сени менен.
Он сегиз жаш...
Сөзү : Алишер Тоотаевдики
Обону : Өктөм Сапар уулунуку
Сөзү : А.Осмоновдуку
Обону : Максат Сулайманкуловдуку
Сүйгүм келет жаш жандырып, жаш болуп, ай,
Жашымды алдап жаш кайыңдай мас болуп.
Жанар тоодой жалындаган отуңан, ай
Чыккым келет, жанып чыккан таш болуп.
Кайырма:
Сүйгүм келет миң мертебе жаңылып,
Сүйгүм келет сүйгөнүмө жалынып.
Өз күчүмдү өз күчүмө багынтып, ай,
Сүйгүм келет кээде өзүңө багынып.
Көпкөк асман жерге түшсө жарылып, ай,
Кыян жүрсө жердин үстү тарылып.
Ал кыяндан өтөөр элес кыйналбай, ай,
Бир көз караш, кубатыңды жамынып...
Кайырма:
Сөзү : Өмүркул Кулумбаевдики
Обону : Кубанычбек Осмоновдуку
Энекебай, оо, ыйыгым, ыйыгым,
Энекебай, оо, кутманым, уюгум.
Алып келип тамырыңдан алтымыш,
Алтын өмүр бешигиңе уюдум.
Сен көз жумсаң, унутармын жыл чыдап,
Мен көз жумсам, көз өткөнчө буркурап.
Апакебай, кара чачың куу болуп,
Кош эмчегиң алмак-салмак зыркырап.
Энекебай, билем, туям эмгегиң,
Энекебай, өмүр жашың мен жедим.
Кантип мени карыш жолго узатсын,
Кактап күн-түн ак сүтүңдү эмгенмин.
Кактап күн-түн ак сүтүңдү эмгенмин.
Кирпик какпай канча жолу термедиң.
Татыбайт го минуталык толгооңо,
Менин күндү алып келип бергеним.
Сөзү : А.Туткучевдики
Эстедим жаш чагымды,
Тил албай айтканыңды.
Азабым даалай тартып,
Ак басты чачтарыңды.
Кеттим мен билим сапам,
Күттүң го жолум карап.
Кең жайып тасмалыңды.
Күйүттү эч билбеген,
Күн каалайм кеч кирбеген.
Арка бел атабыздын,
Жоктугун сездирбеген.
Ажалдан күч келсе да,
Ааламды бүт берсе,
Алмашпайм эч ким менен.
Байтерек караныңыз,
Бакыт, кут жамалыңыз.
Кудайдан өмүр тилеп,
Кыйшайсам таядыңыз.
Жараткан аян кылган,
Пайгамбар баян кылган,
Бейиш жай таманыңыз.
Корго деп эл-жериңди,
Тарбия бергениңди.
Апаке кантип актайм?
Ак сүтүм эмгенимди.
Соолбосо асыл денем,
Жер сайып башым менен,
Кайтарам эмгегиңди.
Сөзү : Кудрет Тайчабаровдуку
Обону : Нурлан Насиптики
Бул өмүрдө ак сүйүү бир келет,
Ар жүрөккө бирден түгөй берет.
Ишене бергин жалган жашоодо,
Өзүңдү сүйгөн сезим өзгөрбөйт.
Билемин жаным ишениш керек,
Мындай сезимди жүрөк сезе элек.
Кыялдарымды өзүңө арнайм,
Жакшы тилектер кепилдик берет.
Кайырма:
Сен, мен бакыт издедик,
Тандап кимди сүйбөдүк.
Бакыт дайыма жанаша,
Жүрсө неге сезбедик.
Махабатыбыз ынтымак берсин,
Бакыттын дамын жүрөктөр сезсин.
Сүйүүнүн күчү күн өткөн сайын,
Салкындап кетпей, эселеп өссүн.
Жан шерик издеп, ак сүйүү таптым,
Көп жигиттерден бир өзүң жактың.
Түбөлүк сүйөм, сага сөз берем,
Жөлөгүм сенсиң, таалайым, бактым.
Кайырма:
Жаныбызда болмок чоң бакыт.
Жакшы күндөн калдык адашып.
Жарашыктуу түгөй дедиртпей,
Жашым акты күлкү талашып.
Кайырма:
Болмок эле бизде чоң сүйүү.
Болбой калды жүрөк түшүнүү.
Бар болгону болду ортодо,
Боз жаздыкка көз жаш түшүрүү.
Ортобузда болмок жакшылык.
Орду толгус өкүт шаштырып.
Коюу терең ынак боло албай,
Ойдогудай өтпөй жашчылык.
Кайырма:
|