|
Seviyorum ben seni inan
Seviyorum hala
Böyle aşk görmedim ama
Affet seni anla
Eski günler geçti
Sensiz hayat zor geldi anlamıyorsun
Yeni günler geldi
Unutamadım seni özlüyorum
Seni benden kim çaldı söyle
Kim yaktı beni böyle
Var mı aşk buna benzer söyle
Arıyorum seni yine
Сөзү : Кудрет Тайчабаровдуку
Обону : Өктөм Сапар уулунуку
Сөзү : Сыймык Бейшекеевдики
Обону : Сыймык Бейшекеевдики
Султан Садыралиев, Бек Исраилов, Гүлжигит Калыков, Гүлнур Сатылганова, Омар, Анжелика, Алтынай Нарбаева, Куралбек Чокоев, Толгонай Арзыкеева, Урмат Усенов, Аваз Акимов, Айганыш Абдиева, Токтобек Асаналиев, Айпери Кубик кызы, Максат Садырбеков, Максат Бегалиев, Нурмат Садыров, Юлия Руцкая, Нурсултан Азыкбаев, Чолпон Талипбек, Аско, Азат Раимбердиев, Кудайберди Айтбосунов, Джонни, Бек Исраилов, Гүлжигит Калыков, Гүлнур Сатылганова, Омар, Анжелика, Алтынай Нарбаева, Куралбек Чокоев, Толгонай Арзыкеева, Урмат Усенов, Аваз Акимов, Айганыш Абдиева, Токтобек Асаналиев, Айпери Кубик кызы, Максат Садырбеков, Максат Бегалиев, Нурмат Садыров, Юлия Руцкая, Нурсултан Азыкбаев, Чолпон Талипбек, Аско, Азат Раимбердиев, Кудайберди Айтбосунов, Джонни "Адамга адам керек"
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Султан Садыралиевдики
Бул күндөр да өтүп кетер,
Кыйналган жандардын үнү жетер.
Баркын билбей бул жашоонун,
Жашадык заманда "өзүм" деген.
Бул сыноолор өтөт, кетет,
Жамандын артынан жакшы келет.
Абалыңды сурай турган,
Бул күндө адамга адам керек.
Узак жолду улап келген,
Ар бир таң өзгөчө кубат берген
Канча кыйын күн келсе да,
Адамбыз баарына чыдап келген.
Бул сыноолор өтөт, кетет,
Жамандын артынан жакшы келет.
Абалыңды сурай турган,
Бул күндө адамга адам керек.
Күндөн дагы, суудан дагы
Эң кымбат адамга адам керек.
Сабыр керек сынбай турган,
Жакшы күн бар али, улай турган.
"Чыңалсын",-деп адамзатты,
Сыноолорду Кудай сунган.
Бул сыноолор өтөт, кетет,
Жамандын артынан жакшы келет.
Абалыңды сурап турган,
Бул күндө адамга адам керек.
Адам жөлөк курбусуна,
Себепкер жаркыган турмушуна.
Кыйын күндө бирге өтөт
Таянып "эл" деген уул-кызына,
Ынтымакта жеңе турган
Кайрат бер, сабыр бер Кыргызыма!
Бул сыноолор өтөт, кетет,
Жамандын артынан жакшы келет.
Абалыңды сурап турган,
Бул күндө адамга адам керек.
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Мирбек Атабековдуку
Сөзү : Марат Осмоновдуку
Обону : Алтымыш Кадыровдуку
Сөзү : Ашира Кулишеваныкы
Обону : Мыктыбек Нурланбековдуку
Сөзү : А.Жакшылыковдуку
Обону : Т.Асанакуновдуку
Сөзү : Токтогул Сатылгановдуку
Сөзү : Акжол Канатбек уулунуку
Обону : Акжол Канатбек уулунуку
Деңиздеги жалгыз калган кайык сымал,
Шамалы жок дарегимден жылбай турам.
Айнек үйгө камакталган балык сымал,
Тагдырымдын тардыгына сыйбай турам.
А сен мага дем бересиң, жел бересиң,
Сен мага түпсүз, терең көл бересиң.
Мен кантип үмүтүмдөн күдөр үзөм?
Ал көлдө өзүң менен бирге сүзөм,
Махабат мейкининде бийге түшөм.
Жер-асмандын ортосунда түркүк болуп,
Табияттын же мыйзамын мен буза алармын.
Алтын тордон бошотууга бүркүт болуп,
Канат күүлөп сен тарапка сыза алармын.
Анткени сен чыгарасың туңгуюктун торунан,
Буулукканда бир өзүңө
жолугам.
Кубат алам көздөрүңдөн алган жообуман,
Себеби билем, менин жеңилүүгө жолум жок,
Бир өзүңдөн башка жанга орун жок,
Эч жүрөгүмдө, көкүрөгүмдө.
Анткени сен мага дем бересиң, жел бересиң,
А сен мага дем бересиң, жел бересиң,
Сен мага түпсүз, терең көл бересиң.
Мен кантип үмүтүмдөн күдөр үзөм?
Ал көлдө өзүң менен бирге сүзөм,
Махабат мейкининде бийге түшөм,
Махабат мейкининде бийге түшөм.
Сөзү : Акылбек Кариповдуку
Обону : Акылбек Кариповдуку
Сөзү : Бек Борбиевдики
Обону : Бек Борбиевдики
Сөзү : Токтомидин Жолдошовдуку
Обону : Токтомидин Жолдошовдуку
Жалгызым, жалгыз сага жаны ыр жаздым,
Жараткан берген мага сенсиң багым.
Жанымда бир азга сен, сен жок болсоң,
Жабыркайм кадимкидей, алган жарым.
Кайырма:
Алган жарым, менин жаным,
Ардактап сүйөрүм чын, сени дайым.
Көбөндө соолуп турган, жүрөгүм сен,
Кайгырсам караан болуп, турарым сен.
Сүйүнсөм сүйүнчүлөп,айтаарым сен,
Жашоомдун жакшылыгы өзүң менен
Кайырма:
Алган жарым, менин жаным,
Ардактап сүйөрүм чын, сени дайым.
Мээримиң чачып турчу жалгыз мага,
Мээримим эриймин го жалгыз сага.
Жараткан сүйүү ырым баары сага.
Жашоодо жалгыз сүйүүм өзүң гана
Кайырма:
Алган жарым, менин жаным,
Ардактап сүйөрүм чын, сени дайым.
Сөзү : Э.Түмөнбаевдики
Обону : А.Сүйүнбаевдики
Сөзү : Тимур Салиевдики
Обону : Эдил Маматовдуку
Сени менен ачамын
Өмүрдө достук барагын,
Жалгыз менин бир тууганымдай.
Жашоо турмуш ырыңды
Жан дүйнө жүрөк сырыңды
Сезип турам ар качан
Кайырма
Жан курбум дайыма - шам чырагым,
кубаныч кайгыңда жаныңдамын.
Жашоодо мен сенин канатыңмын,
менин курбум- жалгыз курбум
Өзүң барсың мен үшин
Мен бармын курбым сен үшин
Жылдар, айлар алыстасада
Бырге шыгып ойымыз,
Тең болмасада жасымыз
бырдей быздын жанымыз
Кайырма
Жан курбым жанымда жан шырагым,
Куаныш кайгыда жаныңдамын
Самгасаң мен сенын канатыңмын
Менин курбым- жалгыс курбым
Улутубуз, жаныбыз болсо да башка каныбыз,
Жашоодо мен сенин- канатыңмын.
Менин курбум- жалгыз курбум.
Кайырма(кырг)
Жан курбум дайыма - шам чырагым,
кубаныч кайгыңда жаныңдамын.
Жашоодо мен сенин канатыңмын,
менин курбум- жалгыз курбум
Сөзү : Ж.Абдраимовдуку
Обону : М.Баековдуку
Ар бириңер кымбат, асылсың,
Бир туугандай жанга жакынсың.
Чогулалы, майрам куралы,
Сагынычтан черлер жазылсын.
Кайырма:
Кандайсынар, классташтарым!
Ачык болсун, дайым асманың.
Бала кезди эстеп алалы,
Окуучулук күнүм жашагын.
Жолугушуп турбай ар айда,
Убакыттар учту далайга.
Амандашып, барып кайталы,
Кабарлашып, эже-агайга.
Саламдашып,эже-агайга.
Сөзү : Б.Карыбековдуку
Обону : М.Мамбетовдуку
Алгачкы кадам, тай-тайлап баскан,
Эсимде Ай кызым.
"Ата"-деп алгач тилинден сенин,
Бакытка балкыдым
Ак тилек менен бешике бөлөп,
Алдейлеп, Ай кызым.
"Апа"-деп айткан, тилиңден сенин,
Бакытка балкыдым.
Убакыт учуп, узатып турам,
Уяңдан Ай кызым.
Урматта кайын журтуңду сыйлап,
Ак жолуң ачылсын.
Ажарлуу келин, мээримдүү эне,
Атына татыган.
Ардакта кайын журтуңду сыйлап,
Аман бол, Ай кызым.
Байлыкка эмес, батага толсун,
Көшөгөң Ай кызым.
Батамды берип узатып жатам,
Бактылуу бол кызым,
Ийменип кайын атаңа дайым,
Алкышын ал кызым.
Ийилип кайын энеңе дайым,
Батасын ал кызым.
Карааным менин, карегим демим,
Канатым Ай кызым.
Колумдан сени учуруп жатам,
Куш кылып Ай кызым.
Кыялкеч бала,балапан канат,
Эркелең Ай кызым.
Өксүбөй дайым ырыскың толуп,
Бактылуу бол кызым!
Өмүрдүн отун өчүрбөй улар
Өзүңсүң Ай кызым.
Өксүбөй дайым, ырыскың толуп,
Бактылуу бол кызым!
|