|
Айдай сулуу айымдар,
Агын болуп бул ырлар,
Силер үчүн, айымдар.
Чырай жүздүү айымдар,
Силер жашоо жалыны,
Чексиз күчүң, айымдар.
Жадыраган жан дүйнөм,
От чачат чексиз.
Нуруң төгүп жүзүңөн,
Баркың кол жеткис.
Кайырма:
Аяна - айымдардын эң назик периси,
Аяна - бакыттын белгиси.
Аяна - жадыраган менин жан садагам,
Аяна, берекем, Аяна.
Толкун жашоо шарында,
Таазим кылам айымга,
Таң булбулу - айымдар.
Эне болуп балага,
Дары болуп жарага,
Аман болсун айымдар.
Балбылдаган көздөрүң,
Жымыңдап сулуу.
Бал жыттанган сөздөрүң, Баарынан улуу.
Кайырма:
Аппак, аппак таң,
Айлуу түндө маанайым ачкан,
Өзүңдү ойлоп өмүрүмдүн тынчтыгы качкан.
Арзуум албууттап ашыгып, жаным, сени тапкам.
Айтчы, алтыным, жамалың кайда нурун чачкан?
Кайырма:
Таңдагы сулуу жан белең,
Табышмактуу жан дүйнөң менен.
Таттуу сүйүүнүн,
Даамын татчы, перим, мени менен.
Тумарым болчу, туздуу жаштан мени сактаган,
Туурума кончу, түбөлүктүү сүйүүм арнасам.
Жалынып сага өмүрүмдү арнайм өзүңө,
Жылуу сүйлөсөң жылынамын сенин сөзүңө.
Кайырма:
Көзүмдөн учуп элесиң,
Көңүлдү бийлеп келесиң.
Жабыркап жалгыз жүргөндү,
Жарыгым качан сезесиң?
Кайдасың азыр кайдасың?
Тагдырдан тапкан табылгам.
Кылчая карап өткөнгө,
Сагынам сени сагынам.
Өчүрүп көңүл арманы,
Ак сүйүүм келет арнагым.
Жылт этип мага көрүнчү,
Жылдыздуум менин ардагым.
Кайырма:
Аппак, аппак таң,
Айлуу түндө маанайым ачкан.
Өзүңдү ойлоп өмүрүмдүн тынчтыгы качкан,
Арзуум албууттап ашыгып, жаным, сени тапкам.
Айтчы, алтыным, жамалың кайда нурун чачкан?
Кайырма:
Таңдагы сулуу жан белең,
Табышмактуу жан дүйнөң менен.
Таттуу сүйүүнүн,
Даамын татчы, перим, мени менен.
Тумарым болчу туздуу жаштан мени сактаган,
Туурума кончу, түбөлүктүү сүйүүм арнасам.
Жалынып сага өмүрүмдү арнайм өзүңө,
Жылуу сүйлөсөң жылынамын сенин сөзүңө.
Кайырма:
Сырымды айткым келип жүрөт өзүңдү сүйдүм деп,
Жолукканда сыр бербей неге жылмайдың эркелеп?
Жаркыраса маанайың мага, бактылуумун анда,
Келчи, сүйгөнүм, кел жымыңдап махабат таңында,
Чын сүйүүнүн шаңына.
Кайырма:
Бактылуумун жанымда
Өзүң болсоң дайым.
Махабат таңында,
Сүйүүмдү айтайын.
Жүрөктөгү сүйүүмдү,
Обон кошкон сөзүмдү,
Ырымды арнайын.
Гүл терип сага келем бүгүн, тосолу кадыр түн,
Сырыбыздын айтылбай келген чечели түйүнүн.
Махабаттын майрамын тосуп, дайым бирге болуп,
Кызыгына баталы өмүрдүн, сүйүүбүз өчпөсүн,
Түбөлүккө гүлдөсүн…
Кайырма:
Сөзү : Нурлан Насиптики
Обону : Нурлан Насиптики
Айлуу түндө мен жалгыз,
Отурамын сени эстеп.
Бирге жүргөн күндөрдү,
Сагынып жүрөк эңсеп.
Унута албай келем мен өзүңдү,
Балбылдап жанган кара көзүңдү.
Сагындым ошол чексиз күндөрдү,
Саргайтпай келчи жүрөктү.
Сагындым жаным, сени сагындым,
Махабаттын отуна малындым.
Арбалып сүйүү отуна жаным,
Азаптуу күнгө кабылдым.
Азаптуу күнгө кабылдым.
Карай берем жолуңду,
Келеби деп кайрылып.
Ушул бойдон өзүңдөн,
Каламбы же айрылып.
Кабарыңды айтпадың,
Өзүңдү мен таппадым.
Унута албай, сыздап ыйладым.
Түнү бою наристедей,
Ыйлап чыгат менин сүйүүм.
Терметсем да көз ирметпей,
Туйлап чыгат менин сүйүүм.
Кайырма:
Балыгым менин, балыгым,
Суйкайган сулуу балыгым.
Тилегим сүйүү сурайын,
Бактылуу кылчы алтын балыгым.
Суу жээктеп менден качасың,
Сырдашчы сулуум, жан сырым.
Сумсайтып жалгыз калтырба,
Сезимдер жансын...
Кайырма:
Чалкыган көлүң болоюн,
Чабыктап сүзүп ойногун.
Ай аалам бизге суктанган,
Бактылуу түгөй бололу.
Кайырма:
Сен десем батам дайым ойго терең,
Жүрөгүм сыр билгизбей жүргөн менен.
Карекке катып алган элесиңди,
Кадыр кез сен жок кезде карай берем.
Арнагам бир өзүңө жүрөгүмдү,
Ар дайым бил жаныңда жүрөрүмдү.
Ар кандай жагдайларда, кыйын күндө,
Унутпа мен сени сүйөрүмдү.
Карагаттай көздөрүң,
Ээлеп алды ойлорумду.
Таппай жүрөм мен азыр,
Сага барар жолдорумду.
Көздөрүң карагаттай жанып турат,
Жүзүңдөн жылуу сезим агып турат.
Кайталап кайра-кайра күлгөн сайын,
Күлгөнүң жүрөгүмө жагып турат.
Өкүнбөйм, бул жашоого келгениме,
Жашоону пенделерге бергенине.
Чынардай кучак жайып өсө бергин,
Жаралып бул жашоого келгениңде.
Кайырма:
Көл үстүндө көпкөк, көк жылгаяк,
Бара жатат андагы эл абайлап.
Эл артында мен дагы бара жаттым,
Шылдың болуп калбайын деп,
Башты жерге салбайын деп, көк жылгаяк,
Көк жылгаяк, көк жылгаяк.
Эсте калды ошондогу бир кыш убак,
Көңүлдөрдө кубаныч, шаттык улап.
Сыйгаланып жыгылды бир сулуу кыз,
"Тура кой" деп колдон тартып, жайды сурап,
Алды сурап, жайды сурап.
Кандай сонун табигаты кышындагы,
Карарган жер жамынып күмүш карды.
Кызыгына мен батып табигаттын,
Унутупмун таптакыр, эстебедим таптакыр
Жылгаякты, жылгаякты, жылгаякты.
Тагдырыма таарынам,
Экөөбүздү айрыган.
Тагдыр экен, кантейин,
Көз жашымды агызам.
Кимде күнөө билбедим,
Мен өзүңдү издедим.
Таалайыма жазыптыр,
Сүйүп жүрүп жетпедим.
Кайырма:
Кош, арманым,
Кош бол, ардагым.
Унутпай эстей жүргүн деп,
Ушул ырды арнадым.
Эстейм өткөн күндөрдү,
Сүйүү отун жандырган.
Сыздап кетет жан дүйнөм,
Махабатка таарынган.
Ата-энеңди кыя албай,
Айтканынан чыга албай,
Кете бердиң башкага,
Көздөн жашың тыя албай.
Кайырма:
Сезим талды, көңүл тойду,
Ойлонгон ойлорду тагдыр жеңип койду.
Алдырбаска айла барбы?
Артыңда ырга айланткан арман калды.
Кайырма:
Мен барда каткырып күлгөн ай жүзүңдөн,
Көрө алдым жалгыз арманды күйүтүнөн.
Карагым, саналуу беле сапарыбыз?
Салтыңа таарындым, тагдыр, калдым жалгыз.
Бактың билем байлап берген,
Бапестеп барктап ал, досум, бакыт тилейм
Ажары белең арнап келген?
Акылым жетсе да алсыз, издеп келем.
Кайырма
Сөзү : Муса Жангазиевдики
Обону : Абдыманап Нышановдуку
Сабалып, сабалып, гүлкайырдай агарып,
Чебердин колунан ак калпагым жаралып.
Сабалып, сабалып, гүлкайырдай агарып, ачылган,
Чебердин колунан ак калпагым жаралып.
Кайырма:
Ак калпагы кыргыздын,
Жарчысы бол достуктун.
Ак калпагы кыргыздын,
Элчиси бол тынчтыктын.
Калпагы калкымдын ыйык болот жанынан,
Дүйнөгө кыргыз деп ак калпактан таанылам.
Калпагы калкымдын ыйык болот жанынан, баарынан,
Дүйнөгө кыргыз деп ак калпактан таанылам.
Кайырма:
Бакыттын кучагында,
Жүргөнбүз ал убакта,
Таштадың сен жалгыздыкка.
Түн калып кучагыма,
Түшүпмүн тузагыңа,
Көңүлүм сени сагына.
Жалгызмын сени самап,
Жан дүйнөмдө сендик дарт,
Ашыгып, жалгызым, сага.
Кайырма:
Сагынам жүрөгүм туйлап,
Санааркап мен сенсиз ыйлап.
Сагынам сени ойлоп,
Көңүлсүз жалгыздыктан.
Элестеп жалгыз дарак,
Жүрөгүм сени самап,
Күдөрүм үзбөй жол карап.
Уйкусуз узун түндөр,
Көңүлсүз окшош күндөр,
Бир келчи, бактылуу күндөр.
Көңүлүм сени самап,
Үмүтүм өчпөй жанат,
Жан дүйнөм сени сагынат.
Кайырма:
Бакыттын кучагында,
Жүргөнбүз ал убакта,
Таштадың сен жалгыздыкка.
Түн калып кучагыма,
Түшүпмүн тузагыңа,
Көңүлүм сени сагына.
Көңүлүм сени самап,
Үмүтүм өчпөй жанат,
Жан дүйнөм сени сагынат.
Сөзү : Жоодарбешимдики
Обону : Жоодарбешимдики
Канча убакыт өттү арадан,
Сен экөөбүз жүз көрүшө албай.
Жаман ойлобо, жаман ойлобо,
А мен дагы эле ошол бойдонмун.
Ой, убакыт, ой, убакыт,
Өзгөртүпсүң мен ашыккан сулуу перини,
А мен дагы эле ошол бойдонмун.
Кайда жүрдүң, абалың кандай?
Сени көрүп агардым тандай.
Өзгөрдү дебе, өзгөрдү дебе,
А мен дагы эле ошол бойдонмун.
Ой, убакыт, ой, убакыт,
Өзгөртүпсүң мен ашыккан сулуу перини,
А мен дагы эле ошол бойдонмун.
Сөзү : Нурлан Насиптики
Обону : Нурлан Насиптики
Жалгызым менин, жашоомдо сенсиң,
Кылыктарың чыгат эркелесең сенин.
Жаратканымдын энчилеп мага,
Буюруп койгон белеги сенсиң.
Сен, мен түбөлүк дайым,
Кол кармашып жүрөлүк, жаным.
Махабатка чөмүлүп бирге,
Таталы сүйүүнүн даамын.
Кайырма:
Мен, мен сени сүйөмүн,
Татынакайым, таарынчагымсың, балапаным.
Мен, мен сени сүйөмүн,
Жан дүйнөмдөн көкөлөп учкан, көпөлөгүм.
Тамаша айтсам таарынып мага,
Капа болот менин тентегим.
Түбөлүк мага колуңду сунуп,
Өмүрүмдүн гүлү болчу сен.
Гүлдөрдүн түрүн үзөйүн тандап,
Жүрөктөн сунам сүйүүмдү арнап,
Бир келген бакытты учурбай, жаным,
Жүрөлү жанашып сүйүүнү барктап.
Кайырма:
|