|
Жан дүйнөм ооруп турганда,
Жалдырап мени караба.
Жүрөгүм сен деп турганда,
Жүрөктү, жаным, кыйнаба.
Кайырма:
Садагам, айтчы, күткөнүң барбы?
Сүйгөнүң болсо, бузбайын аны,
Сүйүү деген кымбат, убалы бар анын,
Булгаласа эгер, кечирбестир аны.
Сагынамын сенсиз калсам мен,
Санааркап күтөмүн сени.
Ай сымал көрүнүп калса,
Айлам деп таппай калам мен.
Алыстап менден ардагым,
Сагынтып мени сагынтып.
Болсоң да менден алыстап,
Карааның издеймин, кайдасың?
Над осколками льда, ты идешь без следа,
Не замечая ярких огней.
Вспоминая тебя, закрываю глаза,
В поисках вечных радужных дней.
Время постой, куда?
Ты не спеши, я ведь вся в надежде.
Я навсегда твоя, это судьба.
Кайырма:
Теплые дни нас унесли,
Мы с тобою волною накрылись одни,
Ты обними.Буду рядом с тобой душою на вечность
Скорость быстрого дня, не дает мне понять.
Сводят с ума пустые мечты.
Я любовью грешна, но поймут облака.
Искренность в этой страстной любви.
Время постой, куда?
Ты не спеши, я ведь вся в надежде.
Я навсегда твоя, это судьба.
Жашоодон бакыт издеп турган кезим,
Дем берет, үмүт берет айткан сөзүң.
Канымда калып калат кайрык болуп,
"Кандай?" деп кабарымды алган кебиң.
Кайырма:
Дүйнөмдүн көркү сенсиң, шаңы сенсиң,
Ырымдын ырдап турган жаны сенсиң.
Түн көккө жылдызым деп кадап алар
Ботодой көздөрүңдүн ар ирмеми.
Ааламдын сан жетпеген шамалында,
Сагынткан бир жытың бар жамалыңда.
Арманым болбос эле ошол бойдон,
Ал жытың калып калса ырларымда.
Кайырма:
Сенсиз күн токтогонсуйт, мезгил жылбай,
Кыялга чөмүлсөм да жүрөк сыздайт.
Кусалык каптаганда аргасыздан,
Жан эркең махабаттын ырын ырдайт.
Кайырма:
Азгырып ансыз жолумда,
Алтын каралып колума,
Кыш, чачыласың.
Армандан алыс болууга,
Ак карга жайып оолуга,
Кыш, чакырасың.
Кычырап турса да, ызгаар урса да,
Бул сырларым
Мендеги махабат мага жагат бат.
Кайырма:
Мен сүйгөн, мемиреген айым мартым, жазы, май, апрель
Секелек сезимимдер селкинчек тебели, кел.
Аптап ысык, оюн август жана июль, июнь,
Айтылгыс адреналин, алсыроо азыр кыйын.
Жалбырак жапты жер бетин,
Жагымдуу түстө келбетиң сансыз термейт.
Салкын жер сылап жүзүмдү,
Сагыныч арткан күзүмбү,
Алсыз дегдейт.
Чагылган чартса да,
Булут басса да,
Бул сырларым
Мендеги сезимдер, билем, ал кезигет.
Кайырма:
Сөзү : Каныкей Алымбекованыкы
Обону : Каныкей Алымбекованыкы
Куурчактарга барам
Кумарымды жазам
Сен эмнени ойлондуң?
Мен да ошону ойлодум.
Куурчактарга барам
Кумарымды жазам.
Мен куурчак, сен куурчак,
Куурчакпызбы сезими жок?!
Мен чарчадым көркоо адамдардан,
Мен чарчадым куру ушактардан.
Мен чарчадым калп күлгөндөн
Мен чарчадым адепсиз сөздөрдөн.
Я сам погубил свою жизнь,
Я знаю дальше нет смысла жить.
Мне кажется, что нет больше нас,
И каждый на своей стороне.
Ты где-то далеко от меня,
Я сам всю нашу жизнь поменял,
Хочу побыть с тобою хоть час,
Ты всё равно останешься во мне.
Я не могу говорить о тебе,
Но я хочу говорить о тебе,
А ты опять отводишь глаза,
Я умоляю, не торопись.
За мною птицы кричат тебе "стой",
Остановись, успокой мой покой.
Давай, нажмём вместе по тормозам,
А лучше просто вернёмся назад.
Кайырма:
Туда где утро вдвоём,
Туда где нет никого,
Туда где солнце встаёт,
Где мы с тобою живём,
Туда где ветер поёт,
Куда-то за горизонт,
Туда где солнце встаёт,
Туда где вместе уснём.
Я погибаю без твоей красоты,
Не понимаю этих улиц пустых.
Почему говоришь мне "прощай",
Не оставляя ни минуты себя?
Я виноват, я всё сам погубил,
Испортил нашу любовь, всё забыл.
Теперь себе я говорю "всё, бросай",
Но не могу засыпать без тебя.
Я помню тот поцелуй под мостом,
И разговоры всю ночь обо всём.
Я не хотел от тебя уходить,
Но эта осень сломала меня.
Сижу один, закрываю глаза,
Хочу тебе обо всём рассказать.
Давай, нажмём вместе по тормозам,
А лучше просто вернёмся назад.
Кайырма:
Сөзү : Хабибилла Азиреткулов
Обону : Хабибилла Азиреткулов
Жүзүмдү салкын жер аймалап,
Жүрөктө ызалык айланат.
Аттиң ай кайрылып келсечи,
Ай менен сырдашкан махабат.
Жаралуу жүрөктү мас кылып,
Жаныңда жүрсөм дейм каткырып.
Кечеки кыялдар бүгүн жок,
Кеткенсийт бурганак сапырып.
Чолпондой алоолоп үмүтүм,
Чогундай кызарат күйүтүм.
Жүрөктөр биригип сыр чечкен,
Кайдасың жылдыздуу айлуу түн.
Сөзү : Т.Бектургановдуку
Обону : Т.Бектургановдуку
Балбылдап жанган чырагым элең,
Жанымда жүргөн ынагым элең,
Алыста жүрсөм, таштап сен кеттиң,
Ардагым менин туруксуз белең.
Кайырма:
Азыр да ойдо элесиң турат,
Сагыныч отун өзүңө бурат,
Эстесем өткөн күндөрдү,
Көзүмдөн жашым агат, куюлат.
Андан бери күндөр өттү уланып,
А мен болсо жүрөм сени сагынып,
Жүрөгүм сыздап кетет сени ойлосом,
Унутпай эстей жүргүн мени дагы.
Кайырма:
Сүйгөнүм, мен тагдырга таарынбаймын,
Сүйбөсөң – сүйчү деп жалынбаймын,
Күтөмүн, күтө берем махабатым,
Сүйгөнүм, сүйчү элем сени дагы.
Кайырма:
Ысык-Көлүм пейлиң кенен, тоо койнунда төрөлгөм,
Толукшуйсуң күмүш түскө, бермет түскө бөлөнгөн.
Бир кумарым таркабады, таркабады өзүңдөн.
Кучак жайып толкунуңа кетким келбейт жээгиңден.
Кайырма:
Ырыс, бакыт көл жээгинде,
Күлкү, шаттык, жаштык той.
Сен экенсиң кыргызыма,
Жалгыз бүткөн бейиш жай.
Ысык-Көлүм ырдын кени, канча акын ырдаган,
Кылым жолдо өткөндөргө кимди куштар кылбаган.
Күн тийгенде толкундарың күмүш нурун чагылтып
Көркөмүңдү ар күн сайын алмаштырам жаңыртып
Сөзү : Чыңгыз Турдубековдуку
Обону : Чыңгыз Турдубековдуку
Жалгыздап күндөрүм бүткөндөй,
Суусаймын негедир күткөндөй.
Бушайман тартып бир көңүлүм,
Суусу жок дарактын бүрүндөй.
Үмүтүм үзүлөндөй...
Кайырма:
Эстебей өзүңдү турсам да,
Көңүлүм башкага бурсамда,
Жалгыздык желкелейт мойнумдан.
Эстебей өзүңдү турсам да,
Көңүлүм башкага бурсамда,
Жалгыздык желкелейт мойнумдан.
Өткөргөн ошондо сен менен,
Күндөрдө жүрүпмүн дем менен
Ал кезде бактылуу жүрсөм да,
Артымда калдыго дем менен
Ал күндөргө жетпейм мен...
Кайырма:
Сөзү : Айардыкы
Обону : Эдил Маматовдуку
Күн нурун чачкан кезде,
Кызгалдак ачкан кезде.
Эстеймин элесиңди,
Тажабай таңда кечте.
Күлгөнүң дайым эсте.
Жалындуу жаштык кезде,
Жолуктум сени менен.
Оюмдан кетпей койдуң,
Мончоктой көзүң менен.
Бал иширин сөзүң сенин,
Кайырма:
Сен махабатым,
Сен сүйүү багым,
Чын жүрөктөн сүйөм ар дайым.
Мен сага болгон ак сезимимди,
Эч бирөөнө арнай албайм, ардагым.
Сагынам көрбөй калсам,
Жылмайган күлгөнүңдү.
Убакыт өтпөгөнсүйт,
Туйлатып жүрөгүмдү.
Кызгантып кан жүрөктү,
Ойготуп жан дүйнөмдү.
Төгүлүп ай шооласы,
Жылдыздар жымыңдашат.
Экөө тең кош жылдыз деп,
Ак куулар үн салышат.
Махабат ыр ырдашат.
|