|
Сөзү : Элдики
Обону : З.Мырзаныкы
Сөзү : Чыңгыз Турдубековдуку
Обону : Чыңгыз Турдубековдуку
Максатыма толук жете албай,
Тагдырымдын жолун чече албай.
Эми сенден азыр алысмын,
Өзүңдү көрө албай.
Өкүнүчтөр курчап тунук сезимди
Күтүлбөгөн убак бизге кезикти
Кайырма:
Мен да кыйнап сени
Сен да кыйнап мени
Неге жүрдүк билбеймин деги
Нечен жылдар өтүп жаңырып,
Ортобузда сүйүү нурданып.
Эми минтип айлам түгөнүп,
Калдымго айрылып.
Өкүнүчтөр курчап тунук сезимди,
Күтүлбөгөн убак бизге кезикти.
Кайырма:
Мен да кыйнап сени
Сен да кыйнап мени
Неге жүрдүк билбеймин деги
Айтылбай дагы сөзүм калды,
Жашырып сенден сырды кантип сактаймын?
Тоготпой кете бердиң, артка кылчайбай,
Сенден мен ажырасам кантип жашаймын?
Кайырма:
Токто, жаным, кетпе! Сени сүйөм,
Эгер көрсөм башка менен оттой күйөм.
Суранам дагы бир келчи кайра мага,
Билесиң жүрөк сыздайт сен деп гана.
Кечирчи, ушул сөздү эми айтпаймын,
Түшүндүм болгон сөздүн баары жалганын.
Ойлонбой сүйлөп сенин көөнүң ооруттум,
Сенсиз жалгыз турмушта кантип жашаймын?
Кубанычка бөлөп сенин көөнүң алайын,
Кучагыма кысып алып сүйүүмдү айтайын.
Ишенгенсиң, дагы ишен менин сүйүүмө,
Сен бактылуу болушуңду дайым каалаймын.
Кайырма:
Сенсиз өтөт жашоом кызыксыз,
Мээримиң төкчү жүрөк жылытып,
Жаз кетип, күз да келди, кайдасың?..
Сөзү : Сейит Жээнбаевдики
Обону : Азат Дооткуловдуку
Деңиздей шарпылдаган, демиңе улам тарттың анан
Махабат дайрасында кыялдар толкундаган.
Сүйүүдөн канат байлап, өмүрлөр тынбай агып барат,
Жаз болуп турам сага, жалбарып көзүң карап.
Кайырма:
Закымдайт сезим талыкпай, таңкы жарыктай,
Закымдайт сүйүү аралында чексиз бакыттай.
Төгүлгөн көздөр жашырбай, көңүл калтырбай,
Закымдайт дүйнөм кубанып, оттой жалындай.
Каалаган бир өзүңдү, калбаган назик көңүлүмдү,
Аярлап күтүп алчы, арналган жүрөгүмдү.
Бакыттын өзү кандай, караймын улам көзүм албай,
Зор майрам бар экениң, пейилиң сенин ак кардай.
Кайырма:
Баарын сага багыштадым, багыштадым калтырбай
Бардык сырым сыртка чыгып, сыртка чыгып катылбай.
Бул дүйнөнүн бүт жыргалын, бүт жыргалын сен алгын,
Бир угуп кой мен байкушту, мен байкушту зар кылбай.
Кайырма:
Сен ал жаным мен жыргоочу күндөрдү
Сен ал жаным мага арналган гүлдөрдү
Сен ич жаным сыйкыр суусун мүрөктүн
Сага берем ырахаттуу түндөрдү
Алгын баарын баарын алгын, баарын алгын калтырбай,
Сага арналат бүт байлыгым, бүт байлыгым катылбай.
Калсаң болду жалгыз өзүң, жалгыз өзүң мен үчүн,
Көздөрүңдү кирпигиңе, кирпигиңе жашырбай.
Кайырма:
Кайдай, кайда бактылуу күндөр кайда Кайда, кайда биз күткөн күндөр кайда
"Армансыз жашоо болбойт бул жалганда",
Деп айткан сөзүн эстейм акылмандын.
Оо, кайран жаштык күндөр өтүп жатат,
Кантейин мен жете албадым, армандамын.
Кайырма:
Оо, жаштык күн кайда,
Биз өткөргөн түн кайда?
Махабатка кумар канбай,
Биз сунушкан гүл кайда?
Тоо жаңырта обон созгон,
Мага тааныш үн кайда?
Кайда-кайда, гүл кайда?
Мага тааныш үн кайда?
Тоо жаңырта обон созгон,
Мага тааныш үн кайда?
Күйдүрүп күндөн-күнгө ачыласың,
Жомоктогу пери сымал азгырасың.
Өзүңсүз кайра күндөр өтүп жатат,
А мен арман дайрасында агыламын.
Кайырма:
Жүрчү, жаным, кетеличи тээ алыска,
Колду шилтеп, ушак сөз, кур намыска.
Эң бактылуу күндөр, балким, алдыдадыр,
Жетеличи бизди күткөн чоң бакытка.
Кайырма:
Сыр сандыкты ача албай,
Же ачкычын таба албай
Жүрөк отун жалындап,
Махабатым таба албай
Кайырма:
Келчи, келчи жаным
Айтчы, айтчы жаным
Сырыңды...
Тамчы тамып бириндеп
Моло ташты жарат деп.
Жылдыздардын ичинен,
Чолпон жылдыз улуу дейт, сулуу дейт.
Кайырма:
Келчи, келчи жаным
Айтчы, айтчы жаным
Сырыңды...
Жан жүрөгүм кусалыкка камалып
Жараландым жамалыңа алданып
Эгиз жандай эркелешип жүрчү элек
Ал күндөрүм артта эми тунарып
Алыстасың махабатым
Жүрөгүмдү кыйнадың
Сүрөттөгү сенин сүйкүм карашың
Ал менин түбөлүктүү аккан жашым
Тагдырга таарынсам да айла барбы
Баары бир өтөм сүйрөп тагдыр ташын
Алыстасың махабатым
Жүрөгүмдү кыйнадың
Карегимде аккан жашым
Сенин сүйкүм карашың
Душа моя рвется в высь
Она сильно больна тобою, обернись
Прими мои цветы и просто улыбнись
Они лишь для тебя
Поверь мне малыш
Поверь, тебе не повезло
Знала бы как тяжело
Боже, ты мой за что?
Это страдание мое?
Радует лишь только одно,
Говорять люди, что любовь она не вечна
Но и тут тесно
Арманга малып салдың айыбым жок,
Издедим же кабарың дайының жок.
Күттүрбөй бир кайрылып келсең боло
Өчпөдү үмүт деген ысыган чок.
Муң азаптын дайрасында,
Чөгүп жатам садага.
Жалгыздыкты айласыздан
Көрүп жатам садага
Кусанын тузагы, жүрөктү муздатты
Сүйүүмдүн узагы, жүрөктү сыздатты.
Көңүлүм кош айтып арманга узатты
Жамгырдын алдында, жалгызмын жалына.
Күтүүдөн тажабай өзүңдү сагынам
Кеттиңби кайрылбай жаным сен башкага
Сүйбөйм сени түбөлүккө муздадым
Бирок анын себептерин билбеймин
Жаш жүрөктө от жандырган жалын жок
жЖз келгенде сага кайтып келбеймин
Сен ин сүйүүң жүрөгүмдү таш кылды
Сенин сүйүүң досторумду кас кылды
Жараланган жанымды дат басты
Сезимдерим азаптарга берилди
Кайырма:
Сүйбөйм сени ырастыгын ким билбейт
Бул сезим жок түбөлүккө муздадым
Күчүм кетти талыкшыган күндөрдө келбеди
Мага сүйүү, сүйбөйм сени
Менин сүйүүм сага бүтүн арналган
Менин сүйүүм жок нерседен жаралган
Жанга кубат керек болгон күндөрдө
Таштап кеттиң карматып от колума
Кайырма:
Сөзү : А. Алымовдуку
Обону : Өктөм Сапар уулунуку
Өмүр бир келет, өмүр керемет.
Өткүндөй өмүрүң өтөт бир күн себелеп.
Өмүр ырахат, өмүр тамшантат
Өмүрүм дайрадай өкүнтүп өтүп шашылат.
Кайырма:
Өмүрүм аккан дайра
Өкүнтүп келбей кайда шашылат
Өмүр сүр келбес кайра,
Өмүр бул кандай таттуу ырахат
Өмүрүм кеттиң кайда
Өрүлүп менден алыс баратат
Өмүргө тойбос адам
Өзгөчө өмүр чиркин ырахат
Кандай салтанат, көңүл нурдантат,
Гүл болуп оролуп гүлгүн жаш өтүп баратат
Алтын жаш курак, алыстап узап,
Аттиң ай артымда калдыңго колум булгалап.
Кайырма:
Жалындап жанган сезимдер өчпөс болду
Ажарың көз алдымдан не кетпей койду
Аралап сан жылдыздарды келемин таппай
Адаштырып кеттиң беле жашырып жолду
Кайырма:
Талыкпай канат кагамын,
Сени издеп айлуу түндүн койнунан
Талпынып сага шашамын
Сагынып сага барчу жолду улай
Алыстан жаным өзүңдөн каламынбы,
Айласыз арман отунда жанамынбы.
Жалгыздык арнап жаныма кеттиң беле
Жан эркем алсыз жүрөгүм аябадыңбы.
Кайырма:
Кайырма:
Оролуп турду мойнума,
Сенин эрке, назик колдоруң.
Мөлтүрөгөн кара көзүңдөн,
Карай берип такыр тойбодум.
Эсимде жанагы, сентябрь аягы,
Саргайган жалбырак, күздүн кеч шамалы.
Ошондо сен мага көрүндүң башкача,
Көздөрүң чачырап, жылдыздын нурундай.
Кайырма:
Аттиң, ай, ал күндөр кайрылып келсечи,
Өткөргөн бул күндөр кайрылбайт артына.
Эстесем ал күндү жүрөгүм кыйналат,
Унуткус махабат көңүлдү жаралайт.
Кайырма:
Сөзү : Алтынбек Алымовдуку
Обону : Рамис Алиевдики
Жан дүнөмдү ойготуп тынчтык бербедиң
Жалгыз өтүп күндөрүм аны билбедиң
Күттүм карап жолуңду, бирок келбедиң
Санааларга чөмүлүп ойго батамын
Сагынычка бөлөнүп ойгоо жатамын
Сыздап жүрөк ооруду, түйшүк тартып капамын
Кайырма:
Эсимден такыр кетпедиң кай жакка кеттиң,
Эзилдим эрким жетпеди дармандан кеттим.
Айтылбай ак сүйүү дарты азабын чектим
Алоолоп от болуп жанып арманда кеттим.
Көңүлүмдү оорутуп кабар албадың,
Жан дүйнөмдөн мени алдадың
Кеткен ошол жолуңду өзүң тандадың
Кош бол эми түбөлүк жолдон адашпа
Тагдыр ушул а, бирок мени унутпа
Жазган менин бактыма жалганга сен жолукпа
Кайырма:
Сөзү : Алтынбек Алымовдуку
Обону : М.Абдыраев, Р.Абыловдуку
Жердеген ушул мекеним
Мурасы бабалардын
Элимдин жөлөгү ыйык
Милдети аталардын
Өмүрлөр токтобосун
Армандар эч болбосун
Мейли кубанычка ,кубаныч толсун
Бул жыргалымдан,жыргалым блсун
Мейли майрамдардын тандары атып
Элиме тынчтык орносун
Аталар салтын улаган
Келечеке аттайбыз
Түйшүгү түмөн болсо да
Түбөлүккө сактайбыз
Өмүрлөр токтобосун
Армандар эч болбосун
Сөзү : Г.Рысбаеваныкы
Обону : М.Абдыраевдики
Бакыттын даамы сезилбей кетти,
Себеби анын өзүңсүң
Ашыктык оту арманга өттү
Бир келип кеткен сезимсиң
Кайырма:
Неге, неге арбадың?
Неге мени алдадың?
Сенсиз күндөр өтпөй калган кезде
Башка жолду тандадың.
Неге, неге арбадың?
Неге жаным алдадың?
Жүрөк ээси сен деп жүрсөм
Башканы сен тандадың.
Үзүлбөй үмүт дагы эле күтөм
Кыялбай жүрөм өзүңдү.
Сагындым жаным, кол кармап дайым
Жетелеп жүргөн кезимди.
Кайырма:
Неге, неге арбадың?
Неге мени алдадың?
Сенсиз күндөр өтпөй калган кезде
Башка жолду тандадың.
Неге, неге арбадың?
Неге жаным алдадың?
Жүрөк ээси жалгыз сен деп жүрсөм
Башканы сен тандадың.
Сөзү : К.Калыковдуку
Обону : К.Калыковдуку
Түн ичинде караңгы, бир топ балдар баратты
Көчө менен бир болуп, бийлеп-ырдап келатты
Кана кыздар баштайлы ырдагандан качпайлы,
Жигиттерге тамаша айталы да кайталы
Бир, эки, үч, төрт айта берсе сөзүм көп
Ашык болгон сүйүүсүн айта албаган жигит көп.
Бир, эки, үч, төрт капа болгон учур көп,
Кыйынсынып кыздарга каадаланган жигит көп.
Ай чоң жигит шашпаңыз, тамашадан качпаңыз
Эгер болсо сөзүңүз, тартынбаста айтсаңыз
Кана кыздар баштайлы ырдагандан качпайлы,
Жигиттерге тамаша айталы да качалы
Бир, эки үч, төрт эстей берсем оюм көп
Эне-атанын тапканына эркелеген жигит көп.
Бир, эки, үч, төрт табышмактуу ырым көп
Таарынба сен айтканыма тартиби жок жигит көп
Басканың сонун маралдай,
Бажырайт көктө бар айдай.
Балкытып жүрөк эргиткен,
Бар болсун кыргыз кыздары ай.
Суктантып көргөн көздөрдү,
Сулуулар өткөн бир даалай.
Кайырма:
Периште кыргыз кыздары,
Чачырайт көздөн нурлары.
Балкытып жүрөк эргиткен,
Бар болсун кыргыз кыздары ай.
Жарашкан жанга келбети,
Жайкалган көлдүн бермети
Жар салып аалам кессең да,
Бир гана жоктур тендеши.
Жамалы жанды эргиткен,
Кымча бел сулуу келишкен
Кайырма:
|