|
Кайырма:
Мен өзүмдү өзүм өңдөн аздырып,
Өмүр бою өтөм сени азгырып.
Жетпейм, бирок жетпейм сага атайын,
Жаш сезимди сакташ үчүн жаш кылып.
Дайым жаш кылып.
Тоскоол болуп тороп турсам жолуңду,
Жолукканда коё бербесем колуңду.
Токтобой кет, токтобой кет, суранам,
Көңүл коюп бөлбө мага оюңду.
Күндө айланып үй жагыңа барармын,
Көрсөм эгер көз ирмебей караармын.
Кечирип кой, кечирип кой, суранам,
Сени дагы сансыз ойго салармын.
Кайырма:
Турсам эгер жүрөгүңө дем берип,
Мени ойлонуп, баспа, баспа сенделип.
Башкалардан канча жакшы болсом да,
Боло албасмын, жаным, бирок сенчелик. Кызыгарсың кыялымды эскерип,
Мейли кызык, сага ошол эстелик.
Мен сүйсөм да мени сүйбө, суранам,
Жеткен сүйүү жерде калат тепселип.
Кайырма:
Сапырылган сары жалбырак,
Санааларга мени азгырат.
Тереземе келип тигилсем,
Үнсүз дарак тиктейт жалдырап.
Кайырма:
Жаш жүрөгүм мынча кайгырды,
Көңүл кушун кимге алдырды?
Күзгү нөшөр тынбай төгүлөт,
Көздөрүңдөн жааган жамгырбы?
Теребел да мынча көңүлсүз,
Теректер да ойдон бөлүнгүс.
Тегерете курчап буюмдар,
Термелише тиктейт өзүңсүз.
Кайырма:
Болом деген өзүң түбөлүк,
Асман дагы бүркөө түнөрүп.
Өзүң тургай атың укканда,
Жүрөгүмдөн турчу гүл өнүп.
Мен жалындуу дем менен,
Жарышып жел менен.
Умтулам максатымды бекемдеп,
Бийикти көздөй талпынып, талыкпай.
Жылдыздарды бет алып багыттай,
Учкум келет кыялды кууп жетем деп.
Кайырма:
Бийиктен туруп өмүрдүн бүтпөгөн рахатына канбаймын,
Түбөлүк бакыт баарына ниетимден арнаймын, туптунук дем менен.
Аздектеп сүйүүнү жаңыртып, обондой бүткүл жердин шаарына,
Бейпилдик, шаттык, бүтпөгөн кубаныч тартуулап,
Мен баарына бийлеймин ыр менен.
Жол алдыда кеткенин адамдар өтпөгөн,
Мен барам кыял менен ашыкпай.
Жаркырап улам үмүттөр чакырат,
Канатымдан шоолалар чачырап,
Учкум келет, бийикке такыр чарчабай.
Кайырма:
Сөзү : Каныкей Алымбекованыкы
Обону : Каныкей Алымбекованыкы
Экөөбүз бири-бирибизге жарашчу элек,
Мен ойлочу элем келечекте бирге болсок экен деп.
Көрсө, тагдыр биз ойлогондой болбойт тура,
Бактылуулар баалашып, таалайлуулар талашып,
Кетип калат тура...
Кайырма:
Мен да түшүндүм сени,
Сенин абалыңа келдим.
Бирок анткен менен,
Башкаларды күнөөлөгөн ката.
Мен да түшүндүм сени,
Сенин абалыңа келдим.
Бирок анткен менен,
Адамдын өзү татаал...
Сен мага айтпа, сансыз убараланба,
Мага караба, сезимге жараланба.
Жолдор алыста,
Жашоо, тагдыр, буйрук.
Сөзү : Калыбек Медетбековдуку
Обону : Жаныш Кочкоровдуку
Теректей бойлуу бир өзүң,
Термеле басып жүрөсүң.
Теңирим берген боюма,
Тең болчу да сенин мүнөзүң.
Жигиттин баары мырза эмес,
Жигитке кыйын сызда деш.
Кыскадыр боюм сен үчүн,
Сүйүүм, ай, менин кыска эмес.
Тагдырга болбой көңүл кош,
Сөз айтсам, жигит, кулак тос.
Зыңкыйып боюң, кербезден,
Жактырба, ай, мейли, жолуң бош.
Теректей бойлуу бир өзүң,
Термеле басып жүрөсүң.
Теңирим берген боюма,
Тең болчу да сенин мүнөзүң.
Кайырма:
Жаз келгенде дайра ташып жаңырып,
Жер жамалы жашылданат, көгөрөт.
Жыгачтардын бүчүрлөрү жарылып,
Жибек канат жалбырактар төрөлөт.
Күн күркүрөйт, чагылгандар чартылдайт,
Карагайлар чатырлантат канатын.
Көз алдымда көк да, жер да жаркылдайт,
Кел ошондо, ырдайм сүйүү санатын.
Сүйүү дебе, карай берем жалдырап,
Себеби бар жалдыроонун сыр каткан.
Жүрөккө окшоп турса дагы жалбырак,
Жүрөк эмес, эки ашыкты ырдаткан,
Эки ашыкты ырдаткан.
Кайырма:
Сүйүү дебе, карай берсе жалооруп,
Себеби бар жалооруунун чынында, чынында.
Жүрсө мейли бир кубанып, миң ооруп,
Өмүр сүргөн күндө жазган ырымда.
Кайырма:
Кимде күнөө, кимде эми?
Күнөөлөйсүң сен мени, а мен сени.
Бактылуу ал күндөрүм,
Бол башынан эстечи сен, эстечи.
Кайырма:
Мейли, мейли эми,
Мейличи деги, ай, мейли эми.
Сүйгөн элең, мен да сүйгөм,
Сен да мени, мен сени.
Ушундайбы махабат,
Бир жарк этип келеби да, кетеби?
Адаштырып азгырган,
Ошол сүйүү бар өзү, ал деги?
Кайырма:
Кечирип кой, алтыным,
Жеңе албады сүйүү менин эркимди.
Агып келер махабат,
Адашпагын, адашпаймын мен эми.
Кетсең кеткин сен,
Кечиргин деген кебиңди айтып болбо убара.
Тагдыр такты эле,
Жаным секелек,
Мен үчүн айтып берет келечек.
Кайырма:
Сагынычымды айта албай жашым төгөм,
Жүрөгүмдүн кыйналганын сага билдирбей жүрөм.
Жашап келем жан дүйнөмдү жалын уруп,
Жок сезимди үмүтүмө
Жарык кылып сүйүүм үчүн, сени эстеп.
Кейиштин дагы чеги бар тура,
Тоспойлу ачык тура тулага.
Сагынбайм эми санаган күндү,
Эңсебейм, жолубуз биздин айрылыш.
Кайырма:
Сөзү : К.Урманбетовдуку
Досторум, жаныңа жаным кошконум,
Досторум, жападан жалгыз окшодум.
Досторум, сагыныч ырын коштодум,
Сагындым, сагындым, мен сагындым.
Кайдасыңар, менин досторум, жоктодум,
Кайдасыңар, менин досторум, жоктодум.
Жоктодум, кечээги жаштык отторун,
Жоктодум, кадыр түн таң да тосконум.
Жоктодум, достордун көзүн жокторун,
Жоктодум, досторум, жоктодум.
Кайдамын мен өзүм жоктодум, досторум,
Кайдамын мен өзүм жоктодум?
Кайдамын мен өзүм жоктодум?
Жаңырат тоолор, сагындым,
Жаңырык болуп жаңырдым.
Сагындым, ай, сагындым, мен,
Сагындым, досторум.
Сөзү : Б.Сарногоевдики
Кырчындай кымбат чак калып,
Кыйлага бардык жаш-кары.
Кундуздай кара чачымдан,
Күмүш кыл турат баш багып.
Баш бакса мейли, баш баксын,
Чачымдын баарын ак бассын.
Жыйырмага чыккан жаңыдан,
Селкилер менен жашташмын.
Жыйырмага чыккан жаңыдан,
Жигиттер менен жашташмын.
Абайлап жүрбөй кокустан,
Ашыппыз бекер отуздан.
"Агатай, кайра кайрыл" деп,
Аркамдан чуркайт отуз жаш.
Салтанат күүсүн көп угам,
Заманам шайыр деп угам.
Кырчындай кыздар турганда
Кырк жашка чыгып не кылам?
Кырчындай кыздар турганда
Элүүгө чыгып не кылам?
Карылык деген кашаң ат,
Карытат эми шакалап.
Карысак шашпай карыйлы,
Картайбайт, бирок махабат.
Кездешер биздин кесилиш,
Коё тур келбей, жетимиш.
Алтымыш ашуу аша элек,
Келбей тур, келбе, жетимиш.
Алтымыш ашуу аша элек,
Коё тур, келбе, жетимиш.
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Мирлан Абдыраевдики
Жылмайып күн да төгүп нур шооласын,
Көрк берип айланага таң да атты.
Термелип салкын желге бир жоогазын,
Керемет жыпарын чачты.
Жаштык кез гүлдөй тура жана дагы,
Жагат сага, мага дагы.
Кайырма:
Ойно, бийле, жырга,
Обон созуп ырда.
Бийик максат танда,
Өмүр келбейт кайра.
Жаштык кезиң барда,
Шаң-күлкүдөн калба.
Аккан суудай мезгил,
Келбейт сага кайра.
Жашагын из калтырып кайгырбастан,
Урматтап улууларды, сыйлаганды бил.
Өмүр сүр, азгырыкка алдырбастан,
Бул жашоого келесиң бир.
Жаштык кез балдай таттуу күндөр менен,
Билинбей өтөт экен.
Кайырма:
Сөзү : Дайыр Исмадияровдуку
Ураанын Манастын,
Жаңыртып элим кылымга.
Агымы толкуп баратат бул күндө.
Эркиндикти курууга, эл биригип турууда.
Дүңгүрөп дүйнөгө биримдигиң, кыргызым.
Ынтымак гана жүрөктө жашаган,
Ата Мекен - ыйыгым, ал кең пейил кыргызым.
Кайырма:
Кадырлап, барктап берметин,
Тарыхын баскан кездерин.
Умтула бүгүн,
Сакталып келет эл деми.
Ысык-Көл бермети,
Бүтпөсү болгон кебимдин.
Ала-Тоо бийик - асманын тиреген,
Керемети жеримдин,
Ал сыймыгы элимдин.
Жараткан бергени,
Касиет болгон кендерин.
Каректей сактап,
Кийинки жолдогу урпактарга берели.
Кайырма:
Аскалуу ак бийик тоодой,
Көркөмүнө көзүң тойбой,
Айта берсең сөзүң жетпейт чегине.
Кылымдардын агымында,
Кыргызстан деп аталып,
Мекен болуп келет кыргыз элине.
Берекеге толгон жер деп,
Белгилүүсүң баарына.
Бекем тынчтык сени коштоп,
Жүрө берсин дайыма.
Кайырма:
Алга, алга!
Алгалай бер ал-күчүң барда.
Эркиндикке бөлөнүп,
Элиң сансыз көбөйүп,
Өркүндөй бер, өсө бер, талба.
Атагың бар алыс кеткен,
Көтөрүлүп Айга жеткен,
Ата Журтум, кадыр-баркың жогору.
Кыргыздардын ким экенин,
Өзгөчөлөп маалымдайт,
Манас баатыр басып өткөн жолдору.
Берекеге толгон жер деп,
Белгилүүсүң баарына.
Бекем тынчтык сени коштоп,
Жүрө берсин дайыма.
Кайырма:
Билбейм, башкачасын, мага жагат жылмайган көз карашың,
Жүрсөм мен эркелей, сен жүзүмдү көлөкөлөп жетелей.
Эңсегеним бир сендей, мени тапсын, тапсын эч кимге бербей.
Карабачы, теңебей, келди бактың жамгыр болуп себелей,
Тим эле сүйкүм, сүйкүм мага жагымдуу күлкүң.
Экөөбүз бирге миң бир түн, табышмак.
Кайырма:
Келчи, менин жаныма,
Жазылгансың багыма,
Кээде, кээде сагынам, сагынам.
Колумдан сен кармачы, жүрөгүмдү самачы,
Жашоо сонун карачы, карачы.
Таттуу кыялдарым, сага деген ойлорум тыя албадым,
Таптым сүйүү багын, колум сунуп сүйүү жолун арнадым.
Эңсегеним бир сендей, мени тапсын, тапсын эч кимге бербей,
Карабачы теңебей, келди бактың жамгыр болуп себелей,
Тим эле сүйкүм, сүйкүм мага жагымдуу күлкүң.
Экөөбүз бирге миң бир түн, табышмак.
Кайырма:
Сөзү : Айпери Сыдыкованыкы
Обону : Нурлан Насиптики
Кош бол эми көрүп бүттүм анык жүзүңдү,
Коргойм эми кор кылдырбайм алсыз сүйүүмдү.
Отко салдым сүрөтүңдү ыйлап ызамдан.
Оор болсо да унутамын жаным өзүңдү.
Кайырма:
Сагынбайм, кайгырбайм, кайра азгырба,
Каректерим кургап калган,
Көңүл калган, бүттү актанба,
Жүрөгүмдү оорутуп, оорутуп,
Кеттиң башкага.
Күнү-түнү сени ойлоп, сенсиз кыйналдым,
Күйүтүмдү ичке салып азапта калдым.
Ыйлабайм деп сооротомун алдап өзүмдү,
Жалган айтып булгап алдың тунук сүйүүмдү.
Кайырма:
Сагынбайм, кайгырбайм, кайра азгырба,
Каректерим кургап калган,
Көңүл калган, бүттү актанба,
Жүрөгүмдү оорутуп, оорутуп,
Кеттиң башкага.
Сөзү : Чыңгыз Турдубековдуку
Обону : Чыңгыз Турдубековдуку
Алыстап менден керемет,
Үстүмдөн муздак себелеп.
Дүйнөнүн сырын көтөрүп,
Өзүмдү турам жемелеп.
Кайырма:
Айрылып сенден калдымбы?
Өзүңдөн аздымбы?
Унутуп эми калдыңбы?
Эмнеден, жаздымбы?
Садагам, сенден азмынбы?
Өткөрүп күндөр тереңдеп,
Беришип сөздөр бекемдеп.
Коштоштук баары бүткөндөй,
Каректе калды элестер.
Кайырма:
Айрылып сенден калдымбы?
Өзүңдөн аздымбы?
Унутуп эми калдыңбы?
Эмнеден, жаздымбы?
Садагам, сенден азмынбы?
|