|
Жоокер болуп курал алып колуна,
Кетти жигит кан майдандын жолуна,
Ыйлайт эне, сыздайт байкуш асыл жар,
Тез кел, күтөм, күтөм деди зарыга.
Кайырма:
Заманымдын тумчуктурган турмушу
Төктү канын, далайлардын ырысын,
Эскеремин көз жаш төгүп мен бүгүн,
Күнөөсү жок өтүп кеткен жигиттин.
Көрсөм деген карааныңыды алыстан,
Күтө берип көздөр талып чарчаган.
Отуз жылдап асыраган уулунан
Ажырады эне байкуш карыган.
Кайырма:
Акмактардын жоругунун айынан
Жаш бөбөктөр жетим колду караган,
Алыс жакта сүйгөнүнө жетпестен,
Калды жигит боз топурак жамынган.
Кайырма:
Ырдачы угайын, сени коштоп турайын,
Сага гүлүм сунайын, ардагым, ай.
Ырдайын уксаңчы, мени коштоп чыксаңчы,
Менин эми аяба, жардамың, ай.
Кайырма:
Мен ырдайын бийлеп тур,
Бийлесе бийлейин.
Мен бийлейин ырдап тур,
Ырдап берем.
Бул жаштык мезгилде кайгырбайбыз эч бирге,
Ойногонго не жетсин, ардагым, ай.
Көз ирмемдик өмүрдө эсте калар күндөр бар,
Терең ойго өзүңдү салбагын, ай.
Эсте калар ал күндөр биз бирге ойногон,
Ырдап, бийлеп, сайрандап жыргап жүргөн.
Кайырма:
Мен ырдайын бийлеп тур,
Бийлесе бийлейин.
Мен бийлейин ырдап тур,
Ырдап берем.
Сөзү : А.Алымов, Добрдуку
Обону : И.Абдыразаковдуку
Супер гезит бул – “Супер Инфо”,
Супер гезит менен алдыда бол.
“Супер-Инфодон” гана табасың,
"Супер" менен мезгилден калбайсың.
Мезгил өтөт, заман өзгөрөт,
Убакыт талыкпайт, оку көбүрөөк.
Ошондо гана сен алдыда болосуң,
Өз колуңда сен туура жолдосуң.
Бизди танда биз сени тандайбыз
Бирге, чогуу биз артта калбайбыз.
Талантың барбы, өргө чабар өнөр,
Анда эмне турасың? Биз менен бол.
Бер өзүңө жол, кыл элиңе кызмат,
Бери көздөй чыгып, элиңе бер кубат.
“Супер-Инфо” дайыма бол кабардар,
Бизге кошул, мезгилден артта калба!
Жымыңдаган жылдыздардай,
Көктө жарыктардай.
Сезилет го ал жомоктой,
Тартылат сыйкыры бардай.
“Мезгилден артта калба!” деп
Бакыт тилеп,
“Мекенди ыйык сакта” деп,
Сатпагын деп.
Кайырма:
“Супер-Инфо” элим менен,
Жерим менен, эскирбеген.
“Супер-Инфо” кылымдарга,
Өчпөс болот эскирбеген.
Жолун улай бирге болот,
"Супер" артта калбайт.
Эмгектенет ал талыкпай,
Адашпай жолун ал тандай.
“Мезгилден артта калба!” деп,
Бакыт тилеп.
“Мекенди ыйык сакта” деп,
Сатпагын деп.
Көзү оймок тамчыдай,
Көздөп учам камчылай.
Кирпик кагат адатынча,
Кантип турам мен чыдай?
Оозу оймок кулпунай,
Ойноп турат кургур, ай,
Кылыктана жылмайганда
Кантип турам жутунбай?
Сезесиңби? Секетимди?
Күлмүңдөгөн элесиңди.
Кайырма:
Бакыраң көз, бакыраң көз,
Бакытымсыз, бакытымсыз,
Чачтарыңыз, чачтарыңыз
Кара кундуз, кара кундуз.
Жүзүң жарык толгон ай
Торогонсуйт жолдон ай
Ток карагат көздөрүңдү
Толуп турам кургур, ай.
Кашы чийме карлыгач
Караганды качырбас,
Тизе бүгүп кол сунганда
Түйбөй калат карындаш.
Сезесиңби? Секетимди?
Күлмүңдөгөн элесиңди.
Кайырма:
Сөзү : Нурмат Садыров
Обону : Нуралы Атамкулов
Кадалам мен сенин кара көзүңө,
Тандабас мени болсоң да.
Тартуулайм мен сенин гана өзүңө,
Сунулган гүлүм болсо да.
Жалындай жалындап,
Жылдыз нурун тартуулап,
Жараладың, жабыркадым, карындаш.
Үмүтүм тамчылап, сени күтөм ар убак,
Жүрөккө сүйүү бердиң тартуулап.
Кайырма:
Жүрөгүм, жүрөгүм,
Ооруп калды жүрөгүм,
Ойлогон сайын жүдөймүн.
Жүрөгүм, жүрөгүм,
Эңсеп сени сүйөмүн,
Арналат сага жүрөгүм.
Ак куулардын арасынан тааныдым,
Жаныма келчи, жарыгым.
Ай тумарым, ак сүйүүнүн булагын,
Өзүңө бурчу сураарым.
Жалындай жалындап,
Жылдыз нурун тартуулап,
Жараладың, жабыркадым, карындаш.
Үмүтүм тамчылап, сени күтөм ар убак,
Жүрөккө сүйүү бердиң тартуулап.
Кайырма:
Сөзү : Нуркан Койчуманованыкы
Обону : Алишер Мамадалиевдики
Бир өзүң бол даба болгон дартыма,
Бир өзүң бол тагдыр кошкон багыма.
Бир өзүң бол жашоодогу боёгум,
Жалгыздыкта жолдош болгон жаныма,
Жанымдан артык сүйөмүн сени.
Кайырма:
Бир өзүң бол ырларымдын башаты,
Бир өзүң бол өмүрүмдүн канаты.
Бир өзүң бол мукам үнү жүрөктүн,
Турмушумдун колдоочусу, насааты,
Жанымдан артык сүйөмүн сени.
Бир өзүң бол турмуштагы жөлөгүм,
Бир өзүң бол менин тапкан дөөлөтүм.
Бир өзүң бол оргуштаган булагым,
Мүрөк болуп кандырчудай кумарым,
Жанымдан артык сүйөмүн сени.
Кайырма:
Бир өзүң бол ырларымдын башаты,
Бир өзүң бол өмүрүмдүн канаты.
Бир өзүң бол мукам үнү жүрөктүн,
Турмушумдун колдоочусу, насааты,
Жанымдан артык сүйөмүн сени.
Неге сен, неге сен жаш жүрөгүңдү кыйнадың?
Жазды күтүп кеч күздө жан оорутуп ыйладың.
Бардыгы сен үчүн,
Кабагыңды бүркөбөчү.
Сага деп арналат,
Чыккан күн таң заардан.
Неге сен, неге сен өзүңдү өзүң сүйбөйсүң?
Караңгыга жашынып, неге калдың адашып?
Бардыгы сен үчүн,
Кабагыңды бүркөбөчү,
Сага деп арналат,
Чыккан күн таң заардан.
Неге сен, неге сен гүл өмүргө ишенбейсиң?
Тарчылыкка малынган тагдырды таш боор дейсиң.
Убакыт термелет,
Термелип жан кейитет.
Кайрымдуулук жашаган,
Жан дүйнөңө жылуулук бер!
Сөзү : Чыңгыз Алиевдики
Обону : Чыңгыз Алиевдики
Осенний вечер. Улица пуста.
Толпа людей в конце забытого проспекта.
Сидит старик, вновь закурив, и сжав уста,
А взгляд печальный потерявшись, плачет где-то…
Вдали вершины гор бледнеют, видно еле…
Торчит последний за дверями этаж…
В локомотивах где-то там слегка заело…
Смотрю на сизый затуманенный пейзаж.
Кайырма:
Город! Баю…
Завтра день начнется новый
Где же? Не знаю…
Город – старый мой знакомый
Город! Баю…
Завтра завтраком накормят
Где же? А-у-у…
Город – старый мой знакомый
Поет ворона гадкий «кар» в дуэте с эхом,
Усталый город начинает тяжкий храп.
В консервах едут пассажиры в ритме техно…
Какой печальный и скучающий этап.
Вдали вершины гор бледнеют, видно еле.
Торчит последний за дверями этаж.
В локомотивах где-то там слегка заело.
Смотрю на сизый затуманенный пейзаж.
Кайырма:
Сөзү : К. Качкынбаева, Н.Насиптики
Обону : Н.Насиптики
Музыкам сен болдуң,
Муз эрип жүрөктөгү.
Муңумду таратып,
Жылмайып күлөт пери.
Эңсетип өзүңдү,
Эмне эле күн өтпөдү?
Ээлигип жай бербей,
Жүрөгүм сүйөт сени.
Кайырма:
Менин да сүйүүм ушундай,
Сенин да сүйүүң ушундай.
Тагдырдын тартуусун,
Белегин тосуп бирге.
Калалы бек кармап
Бакыттын кушун учурбай.
Көздөрүң балбылдап
Көңүлдүн шам чырагы.
Көзүңдүн жарыгын
Башкалар мендей туябы?
Күлгөнүң шыңгырап,
Туптунук тоо булагы.
Күмүштөй күлкүңдү
Бөлөктөр мендей угабы?
Кайырма:
Менин да сүйүүм ушундай,
Сенин да сүйүүң ушундай.
Тагдырдын тартуусун,
Белегин тосуп бирге.
Калалы бек кармап,
Бакыттын кушун учурбай.
|