|
Обону : Актан Исабаевдики
Сөзү : Кыялбек Урманбетовдуку
Обону : Мирбек Атабековдуку
Эң кымбат белектей,
Өмүрдү кадырлаш керектей.
Жеттимби баркына?
Аптыгам айта албай,
Артыма кайта албай.
Көнсөм да адамдын дартына,
Көнбөй койдум калпына!
Кайырма:
Бала кезге баргым келет,
Жалганды билбеген,
Жай-кышы гүлдөгөн.
Адам бойдон калгым келет,
Мансапка байланбай,
Маңкуртка айланбай,
Ак жашап...
Өткөндү кектебей,
Пейилиңди оңдосоң,
Өзүмчүл болбосоң.
Чындыктан четтебей,
Адамды сыйласаң,
Жан дүйнөңдү нур басат.
Көнсөм да адамдын дартына,
Көнө албадым калпына!
Кайырма
Бала кезге баргым келет,
Адам бойдон калгым келет.
Мансапка байланбай,
Маңкуртка айланбай,
Ак жашап,
Ак жашап...
Сагынып эңсейм мен каректериңди,
Гүл сунуп кучактап жүрөм элесиңди.
Жүрөм унута албай, сүйүп жаным сени,
Өчпөгөн жыргалым, жүрөктө калды элесиң.
Кайырма:
Айдайым, айдай перим,
Асылым жалгыз менин.
Күлгөнүң күндөй жарык сенин.
Ардагым, айдай перим,
Жылдызым жалгыз менин.
Сезимге өчпөс болуп,
Айдайым, айдай перим,
Оо, перим...
Сыдырып чачың, жел менен сылаймын,
Оролуп гүл менен, ой басып, самаймын.
Учуп кыялымда, келем жаным сага,
Кулачың жаясың кучагың тосуп сен мага.
Кайырма:
Сөзү : Абдырашит Супаналиевдики
Сөзү : М.Ниязовдуку
Обону : М.Ниязовдуку
Алыска кеткен периштем менин,
Коштошордо сүйөмүн дедиң.
Ошондон бери кыйналдым жетпей,
Сагындырдың эсимден кетпей.
Кайырма:
Куштай жандап учкум келип,
Кучагыма кыскым келип,
Күтөм сени үмүтүм өчпөй.
Жабыркап калдым эми, эми,
Жараткан, кайрат берчи, берчи.
Санаага салбай деги, деги,
Кара көз, кайра келчи, келчи.
Үмүттүү жыттап,
Элестейм сени,
Магдыратат махабат деми.
Билбесең дагы сен аны эч бир,
Сүйүү гүлүн соолутпай өстүр.
Ай где же счастье словно талый снег
Где же Фаина твой серебристый смех
Прячешь ты глаза от меня
И уже среди бела дня
Ты с другим целуешься при всех
Фаина Фаина
Фаина Фаина Файна на
Фаина Файна на
Фаина Фаина Фаина Фаина
Шинанай да опа шина шинанай
Шинанай да шинанай да опа шинанай
Шинанай да опа шина шинанай
Шинанай да шинанай да опа шинанай
Фаина Фаина
Файна на
Фай Фай Файна
Да в этой песне только капля слез
Ну зачем же Фаина ты мне утерла нос
Если даже я тебе не гожусь
Я свою забуду печаль и грусть
А наша песня останется только нашей пусть
Фаина Фаина
Фаина Фаина Файна на
Фаина Файна на
Фаина Фаина Фаина Фаина
Шинанай да опа шина шинанай
Шинанай да шинанай да опа шинанай
Шинанай да опа шина шинанай
Шинанай да шинанай да опа шинанай
Фаина Фаина
Файна на
Фай Фай Файна
Жамалыңдан жанып турган элесиң,
Көз алдымдан кетпей тартылат.
Гүл болуп жазда ачылгандай,
Чырайыңдан нуруң чачылат.
Кайырма:
Сезимде, ал сезимде
Махабатым сен, сен ак сезимде.
Сезимде, ал сезимде
Махабатым сен, сен ак сезимде.
Кучагымды жайып тосом сагына,
Үмүтүмдү үзбөй күтөмүн.
Асманда айдай жаркырасаң,
Булут болуп жандап өтөмүн.
Кайырма:
Сезимде махабатым азгырат,
Алыстан кол булгалап чакырат
Ак жүзүң арбалып, жеткизбей талпынат
Жеткизбей ал мага, алыска талпынат
Сөзү : Омардыкы
Обону : Омар жана Азамат Такырбашевдики
Ар бир күн,
Ар бир түн,
Ар согушу жүрөктүн.
Айтып берет мүнөзүң,
Сенин сүрөтүң.
Ак сүйүүм сен үчүн,
Болду бекен жан күзгүң?
Океандай күйүтүм,
Менин бул сүйүүм.
Бактыма сен кичине эркесиң,
Бактыма сен кичине тентексиң,
Кудайым мага берген кымбат белеги.
Муздак жашоо күтсө бизди алдыда,
Жылытсам дейм сен кучагымда,
Сүйөмүн жаным, сүйөм сени, унутпа.
Кабылдык сүйүү көр жазасына,
Чакадык биз анын азабына,
Биздин кеме жабыр тартты айсберг алдында.
Ар бир күн,
Ар бир түн,
Ар согушу жүрөктүн.
Айтып берет мүнөзүң,
Сенин сүрөтүң.
Ак сүйүүм сен үчүн,
Болду бекен жан күзгүң?
Океандай күйүтүм,
Менин бул сүйүүм.
Бактыма сен кичине эркесиң,
Бактыма сен кичине тентексиң,
Кудайым мага берген кымбат белеги.
Муздак жашоо күтсө бизди алдыда,
Жылытсам дейм сен кучагымда,
Сүйөмүн жаным, сүйөм сени, унутпа.
Боло албайм кооз дос,
Начальник же босс.
Жүрөгүм алсыз,
Сенсиз турат жансыз.
Жалгызсырап алсыз,
Сансыз күндөр сенсиз.
Сага сүйүүм чексиз,
Жашоом болду тузсуз.
Жүрөгүм сага деген үмүтүн эч үзбөдү,
Ойлорум учуп, көңүлүмдү сага түзөдүм.
Сөзү : М.Орозовдуку
Обону : Ө. Сапар уулунуку
Ойнобой жашынмак,
Бойлойлу жашыл бак.
Убакыт учкан куш,
Удургуйт закымдап.
Шам болуп жаналы,
Бал болуп тамалы.
Кош булак өңдөнүп,
Кошулуп агалы.
Кайырма:
Асылсыз акактай,
Тунуксуз булактай.
Түйшүккө салдыңыз,
Түгөнбөс азаптай.
Болбоско терикпей,
Болсоңуз деңиздей.
Эзилет жүрөгүм,
Эсимден сиз кетпей.
Күн санап кезиккен,
Күндөрдү көп эстейм.
Күйүткө салбаңыз,
Күтөмүн күндө мен.
Жалындын кучагына,
Мени, мени таштаба.
Жалбарып күтөм,
Ыраа көрбөй башкага.
Жадырап күлүп алдымдан,
Чыга мени тосуп ал.
Жарыгың төгүп,
Жылмая карап наздана.
Кайырма:
Айткым келет сага кел деп,
Эми тезирээк.
Айтчы, жаным ал күн,
Неге, неге кечигет?.
Сагынычым сага күчөп,
Улам-улам мени кыйнады.
Сага арналат,
Ушул сезим ыргагы.
Саамайым сылап өтсө,
Өтсө таңкы эрке жел.
Сага окшотуп,
Жаралуу жүрөк туйлады.
Кайырма:
Айткым келет сага кел деп,
Эми тезирээк.
Айтчы, жаным ал күн,
Неге, неге кечигет?
Ар бир саатым өтпөйт жылга айланып,
Ар бир күнүм мага кылым сезилет.
Сагынычтан саргайган бүтпөс күндөр өттү,
уланып
Жүрөгүмдө сага деген кусалык толуп
Уктабастан түндөр өттү.
Көз алдымда учту сенин сүйкүм элесиң, тагылып,
Кыялымда канат байлап өзүңө учам
Махабаттын отун чачып.
Кайырма:
Махабат сезимимден тарабай,
Издегенден тажабай
Кумарым эч таркабай,
Махабат...
Түбөлүккө менин кош дебеске аргам жок,
Жүрөк суз.
Кечир эми кечир деген сөздөрүң жүрөктө,
Муңга батат кайра кайтпас
Кайырма:
Махабат сезимимден тарабай,
Издегенден тажабай
Кумарым эч таркабай,
Махабат...
Кошкунуң, кошкунуң деп айтамын,
Кечире албайм капамын.
Кетирдим кечиргиз күнөө
Махабат, жүрөк сыздайт,
Кечире албайм, кечире албайм
Кош бол махабат
Сөзү : М.Орозовдуку
Обону : Э.Орозованыкы
Алтыным, сага арналат ырым,
Айтылып калсын жүрөктө сырым.
Жалбырак өңдүү саргайбай сүйүүм,
Жапжашыл болуп жашасын кылым.
Кайырма:
Алтындан кымбат ардагым менин,
Айга да теңейм ажарың сенин.
Толкунуң менен толкусун жүрөк,
Толтуруп турчу дүйнөмүн кенин.
Ажарың сүйкүм асманда айдай,
Айлансам жерди артыңдан калбай.
Каркыра куштай катарын бузбай,
Каккандан такыр канатым талбай.
Эңсеген сайын эңсегим келет,
Энчиме бүткөн эң кымбат белек.
Жамалың сенин жаркырып турган,
Жаныма менин күч-кубат берет.
Сагынам сени сагынам,
Жыргалы белең жанымдын
Билинип сенин жоктугуң
Уктабай жаттым ойгонуп.
Кайырма:
Ошол күнү жаады жамгыр эч токтобой,
А мен сени ойлонуп эч жоктобой.
Ошол күнү жаады жамгыр эч токтобой,
А мен сени ойлонуп эч жоктобой.
Сагындым сени сагындым,
Суу болуп жардан агылдым.
Суранам сенден кечирчи,
Сүйүүмдү кантип жашырам?
Кайырма:
Ошол күнү жаады жамгыр эч токтобой,
А мен сени ойлонуп эч жоктобой.
Ошол күнү жаады жамгыр эч токтобой,
А мен сени ойлонуп эч жоктобой.
|