|
Сөзү : М.Атаналиевдики
Обону : М.Атаналиевдики
Досум эсиңде барбы,
Ызы-чуу түшкөн мектептин алды .
Бас десе баспай, жаз десе жазбай,
Тажаткан күндөр эже-агайды.
Кайырма:
Мен биринчи атаман, сен экинчиде,
Бирде сени келтектеп, бирде келтек жеп мен.
Канча жолу мушташтык биз кыз талашып,
Аттиң ошол күндөр калды кайда адашып?
Досум бүгүн мен, сен да ,
Өзгөрдү баары, өзгөрдү эл да.
Балалык кезим сенин да менин,
Сагынтат бизди туулган жер да.
Кайырма:
Эх, доске эстей жүр дайым,
Биз ойноп,өскөн мектептин багын.
Тааныткан тамга сага да, мага,
Унутпа дайым эже–агайды.
Кайырма:
Сагынычым улам сага артылып,
Эңсеп келем, чексиз сүйүү артынып.
Алыс жүрсөм аппак тоолор элестейт,
Көз алдымда сен турасың тартылып.
Тунук булак кыз күлкүсү угулат,
Жашоо өмүр бир өзүңдөн куюлат.
Бүт мейкиндик жашыл килем жамынып,
Элим бүгүн гүлдөп-өсүп баратат.
Кайырма:
Асманда нурлар чачырап,
Мөл булак тоодон ашыгат.
Ажайып кооздук биз жакта, кооздук биз жакта,
Ата Журтум, Ата Журтум,
Ата Журтум гүлдө ар убак.
Таазим этем бир өзүңө баш уруп,
Ата Журтум алтын бешик, аты улуу
Салкын аба, атыр желдин жыты аңкыйт
Сенде баары сөз жетпеген сулуулук.
Кайырма:
Билайн менен ошка бар жана мегаком,
Түн уйкуңду бузуп братан мен, чалдым телефон.
Баягыдай балдай таттуу уйкум жоголгон,
Өзүң айткан мени сүйгөн кыздар чоңойгон.
Кайырма:
Биздин кыздар, кыргыз кыздар,
Күн экен, ай экен.
Ойнок болбой, бойдок болбой,
Үйлөнгөн кандай экен?
Үйлөнүүгө аракет кыл, эрте алекте,
Жашың өтсө жактырышпайт да, качып карактер.
Жүрө бербей кыялданып чыкпай агенттен,
Жүрөгүңдүн теңин изде борбор Бишкектен.
Кайырма:
Биздин кыздар, кыргыз кыздар,
Көп экен, бар экен.
Кыргызымдын сулуу кызын,
Тандадым ал жеңекең.
Биздин кыздар, кыргыз кыздар,
Меники ким экен?
Оштон ашып барсам кантет
Баткенден же Лейлектен,
Биздин кыздар, кыргыз кыздар,
Күн экен, ай экен.
Кыргызымдын кыздарына,
Эч кыздар жетпейт экен.
Сөзү : К.Тайчабаровдуку
Обону : Э.Жоошевдики
Жолугуп махабаттын даамын татсаң,
Жүрөгүң үмүт кылат.
Жалгыздык кучагына азыр батсаң,
Жан шерик күтүп турат.
Жүрөк үнү да жалгыз болбойт,
Сүйүп жүргөн адам алсыз болбойт.
Сезимдин оту куйкаласа,
Жалган дүйнө сага даамсыз болбойт.
Өмүрүң көрккө келет жолун улап,
Махабат жандап турса.
Сүйүүгө жүргүн дайым кол булгалап,
Тагдырың калчап турса.
Жүрөк үнү да жалгыз болбойт,
Сүйүп жүргөн адам алсыз болбойт.
Сезимдин оту куйкаласа,
Жалган дүйнө сага даамсыз болбойт.
Турмушуң сызык болот,
Ар кандай кызык болот.
Махабат коштоп турса,
Өзүңдү алдабагын.
Тагдырды кармабагын,
Сүйүү келсе.
Махабат - өмүр көркү.
Жүрөгүң сыздап, ооруп жатса,
Чыдагын сен ансыз болбойт.
Сөзү : Алтынбек Алымовдуку
Обону : Өктөм Сапар уулунуку
Сөзү : Кыялбек Урманбетовдуку
Обону : Эрмек Мамбетов жана Мирлан Ниязалиевдики
Кыялда кымбатым бар аздектеген,
Кышы жай кучагынан жаз кетпеген,
Бар болсоң жер бетинде сен чындап эле,
Бактыма жолугамын албетте мен.
Өмүрдө жарык болуп таралгыдай,
Көңүлдө алтын күндөй жаралдың ай,
Булутка жашынбастан көрүнчү бир,
Бул дүйнө сүйүүсү жок караңгыдай.
Кайырма:
Сүйүүм бол жазды алып келген,
Шыбырап жашыл бариктерден,
Күнүм бол мага жарык берген,
Жалынга толсун жүрөк,
Жанар тоо болсун жүрөк жанып сенден.
Кыздарга кыйын экен уяң болгон,
Кымбатын арбай албай убал болгон,
Кыйналбай айткым келет сүйөмүн деп,
Кыялым калбас үчүн кыял бойдон.
Кайырма:
Күтүп сени жатам
Эми качан
Деги качан кезигем...
Жаңы жыл кирип келди элибизге,
Күлкү менен шаттык ар бир үйгө.
Аткарылып максат, биздин ойлор
Жаңы тилек, жаңы жашоо
Адамзаттын тазартып дүйнөсүн
Жааган кардай тунук, аппак болсун.
Кайырма:
Жаңы жыл келсин, бак-таалай берсин
Ынтымык болсун, ырыскы толсун
Жаңы жыл кесин, жакшылык берсин
Кыргызды дайым Кыдыр колдосун.
Эгемен элибизге ачык асман,
Бактылуу болсун дайым ар бир инсан.
Каалоо тилек, өмүрдү тилеп,
Тынчтык тилеп дайым бирге
Биз ырдайлы жанып элибизге,
Өсө бергин менин Кыргызстаным.
Сөзү : Жумали Сопуевдики
Обону : Жумали Сопуевдики
Бир көрүштө алтыным, арбап мени алдың,
Жүрөгүмө махабат, сүйүү отун салдың.
Ак маралдай келбетиңе менин сугум артып,
Айдай сулуу жүзүңө ашык болуп калдым.
Жаралады жүрөктү ак куу сымал элесиң,
Кыйноо салып сезимге тынчтык бербей келесиң.
Сен жылмайсаң жаным көрккө толуп айлана,
Шоола чачып көзүңдөн жүрөккө дем бересиң.
Кайырма
Жаныңа барсам жанаша,
Тартынам тике караштан.
Эй сулуу, сөзүмдү угуп,
Түшүнсөң боло садага.
Күйдүрүп жаным жүрөктү,
Бурулуп тетири караба.
Ак сүйүүң чын экенби деп,
Ишенсең боло садага.
Саргаямын сени карап сары жалбырактай,
Айтчы жаным, тезирээк мени жалдыратпай.
Сен да мени алтыным, жактырарың айтсаң,
Жүрөйүн мен ак сүйүүмдү жүрөгүмө сактай.
Асмандагы ай жылдыздай жаркырап жаналы,
Кол кармашып түбөлүк жанаша басалы.
Махабаттын туптунук кенен дайрасында,
Ак сүйүүнүн кемесинде биз бирге агалы.
Сагыныч сапарында,
Санаанын катарында.
Адашып таппадым, ак сүйүү татаарымда.
Түндө ай мен да жалгыз,
Түйшөлдүм жүрөм алсыз.
Бактыма ким болду экен,
Бал ширин сулуу ал кыз
Ашыгып, шашылам, кабарын таппай.
Бактыма ачылган, кубанычка батпай.
Кайырма:
Ай чырайыңды сүйүп келем,
Назданасың жаным.
Ай кучагында гүлүм берем,
Ой кыялымды самап жүрөм
Кызганамын жаным
Мен сагынычта жашап жүрөм.
Жомоктой эскирбеген,
Жел окшойт жеткирбеген.
Махабат сезимдери табышмак эч билбеген
Мен ошол билбегеним,
Бактымды издегеним,
Сапарга чыктым алыс,
Жаз менен бир келемин.
Ашыгып, шашылам, кабарың таппай.
Бактыма ачылган, кубанычка батпай.
Кайырма:
Билем кечиктим, эми жүрөм сагынып,
Тагдырымдын тартып жазганын.
Жашайм өзүң деп, үмүттөргө алданып,
Жан дүйнөмдүн жазган жалганын.
Кайырма:
Убарамын мен сени унута албай,
Термелип ойлор бөлүп,
Кете албадым башкага көнүп
Кубанамын сенин көздөрүң эстеп
Жолуңду карап эңсеп
Жүрөмүн издеп.
Келчи кайрылып, бирок унут өткөндү,
Экөөбүздү бөлгөн жалганды.
Бирге кечебиз, ушул турмуштун жолун,
Аттап өтүп күйүт, арманды.
Кайырма:
Кереги жок эмне?
Кээде сүйлөп жалган.
Баскан жолдон адашкан,
Кезек келер эми.
Кээ бир сөздү айткан,
Арман кылбай сырдашкан.
Кайырма:
Ара, ара жолдун кези,
Бара, бара турган жери.
Таарынбачы сөзүмдү алсам бейм,
Табышмакты ортого салсам дейм.
Тамашалап таарынтып алдымбы?
Тагдырлашым өзүңө кайтсам дейм.
Капа болбо эми,
Кайгырбачы деги.
Болду деги бул жалган,
Кайгыланган көздөр.
Каректешкен көздөр,
Ортобузга от салган.
Кайырма:
Сөзү : Ч.Мырзаевдики
Обону : Өктөм Сапар уулунуку
Сабактан шашып, шамдагай басып
Сага көздөй ашыгам.
Ачык айталбай ашыктыгымды,
Көрсөм кайра жашынам.
Кайырма:
Эрке мүнөз кыз элем,
Ойго салдың го жигит.
Байкатпастан басып кирип бардың,
Жүрөгүмдү сен тилип.
Шайыр мүнөзүң, сүйкүм күлөсүң
Көз карашыңды жактырам…
Кайчылаш баспа, айрыба мени
Арзып тапкан бактыма.
Кайырма:
Эрке мүнөз кыз элем,
Ойго салдың го жигит.
Байкатпастан басып кирип бардын,
Жүрөгүмдү сен тилип
|