|
Жаш жүрөктү ээлеген,
Таңкы салкын жел менен.
Арзуум, менин берекем,
Сенсиң менин эркем.
Үмүт үзбөй мен күтөмүн,
Сен үчүн жашап жүрөмүн.
Өзүңдү жакшы көрөмүн,
Өзгөчө сүйүп жүрөгүм.
Кайырма:
Кайдасың, менин ардагым?
Ыр жаздым, сен деп ырдадым.
Жазыксыз жүрөк ооруду,
Билгизбей ичтен сыздадым.
Жашоомдун сенсиң кызыгы,
Жүрөктүн сенсиң ырысы.
Сен менин жашоо таалайым,
Сен болдуң менин маанайым.
Кайдасың махабат арманым,
Кусадан калбады дарманым.
Каректен кетпейт элесиң,
Кайрылып качан келесиң?
Кайырма:
Дискотека түнкү Бишкекте,
Достор менен жүрөм кечинде.
Мага жандап күлгөн жигиттин,
Көз карашы дале эсимде.
Кайырма:
Айта албайм сенин атыңды,
Айланттың го менин башымды
Бир канча бийге барсам да,
Тартынып бийге тартпадың
Сүйлөшүп жүрдүк бир далай,
Ал учур мага жыргал, ай.
Бир канча ойду айтсам да,
Түгөнбөй койду сырлар, ай.
Кайырма:
Билем, жаным, сен кайрадан келесиң,
Бирок, жаным, анда баары кеч болот.
Гүлдөр соолуйт, биздин жолду көрктөгөн,
Биз таптаган чыйыр жол да жок болот.
Кайырма:
Ооба, билем, кеч түшүнүп баарына,
Келгениңде мен жолуңда жок болом.
Желбиреттиң, жете албадың баркыма,
Жакшы ыр элем, жалгыз элем мен сага.
Өтөт, кетет, өчөт жарык, сен гана,
Өзгөлөрдөн өзгөчө элем не санаа.
Өрттөп турат өзөгүңдү бир кезде,
Жарык элем, жамгыр элем мен сага.
Кайырма:
Сен келесиң, сен кайрадан келесиң,
Кеткеним чын, эми сага кайрылбайм.
Түңүлөсүң түпкүрүндө санаанын,
Түштөрүңө жаап өтөм жамгырдай.
Кайырма:
Сөзү : Сейит Жээнбаевдики
Обону : Фархат Юлдашевдики
Алтыным, биз жоготкон жомокторго кайрылдым,
Аргасыз ал күндөргө мен кайгырдым.
Канат элең жалгыз сен бактымдын,
Көлөкөм, көздөрүмдөн учуп турат карааның.
Алыстап кеттиңби, менин аралым,
Салмагын тартып келем мен санаанын.
Кайырма:
Эми арманда калдым го,
Жүрөктөгү махабатты чандың го.
Тамчылаган көз жашым,
Тагдыр бизди азабына салды го.
Тумарым, өзүңдү эстеп мен жалгыздап турамын,
Угамын, алыстан үнүң угамын.
Баары бир жүрөгүм сага сунамын,
Кыялым кызгалдак гүлдөй соолуп мен кыйналдым.
Кылчактап карааныңды эч кыйбадым,
Жалгыздыктан ааламга мен сыйбадым.
Кайырма:
Эми арманда калдым го,
Жүрөктөгү махабатты чандың го.
Тамчылаган көз жашым,
Тагдыр бизди азабына салды го.
Ошондо курдашымдын кечесинде жолуктук.
Кара көз сулуу жигит, күлүп калдың өзүмө.
Сен кеттиң такси менен
Менден узап алыска,
Мен калдым жалгызсырап
Жол четинде жалдырап.
Кайырма:
Такси, такси, токто, такси,
Менин сүйүүмдү алып кетпечи...
Кыялымда үмүт менен кууп жетем өзүңө,
Сен узасаң алыстап, жетпей калдым өзүңө.
Капасында камалып көрбөсөм да жамалың
Махабатка багынып сени жүрөм сагынып.
Кайырма:
Сөзү : Элдики
Обону : Элдики
Оо адамдар силер кезип талааны,
Көрдүңөбү ал талаада мазарды.
Ал мазарда жатат менин Айгүлүм,
Түбөлүккө жумган кара көздөрүн.
Айгүлүм.
Түбөлүккө жумган кара көздөрүн.
Турмуш деген зымыраган машина,
Балдар барат кыздарына шашыла.
А мен болсо гитарамды муңкантып,
Отурамын сүйгөнүмдүн жанында.
Айгүлүм.
Отурамын сүйгөнүмдүн жанымда.
Оо карындаш неге мынча карайсың?
Мен бул жакка келгеним жок кыз тандап.
Дал өзүңдөй сүйгөнүм бар Айгүлүм,
Бирок жатат муздак жерди кучактап.
Айгүлүм.
Бирок жатат муздак жерди кучактап.
Сөзү : Алтынбек Алымовдуку
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Сагынамын сени, кыйнабачы мени,
Күтө берем, ардагым.
Сагынамын сени, сагынтпачы мени,
Сүйөм сени ар дайым.
Негедир сагынамын, жаным, сени тез эле,
Көргүм келип мен өзүңдү.
Күндөрүм ай-жылдардай болуп мага сезилет,
Уксам дейм сенин сөзүңдү.
Кусалык жүрөгүмө толуп мени кыйнады,
Элесиңе мен зар болуп.
Көңүлгө сенден башка эч бир адам сыйбады,
Өзүңсүз дүйнө тар болуп.
Сагынамын сени, кыйнабачы мени,
Күтө берем, ардагым.
Сагынамын сени, сагынтпачы мени,
Сүйөм сени, ардагым.
Күтүүгө чыдамым жок көрүнөмүн, секелегим,
Таба алсамчы бир айла.
Кезигип, келет сага кечке чейин эркелегим, Эркелетип сени кайра.
Кусалык жүрөгүмө толуп мени кыйнады,
Өрт болуп сенсиз бул аалам.
Көңүлгө сенден башка эч бир адам сыйбады,
Өксүтпөй келчи, суранам!
Сагынамын сени, кыйнабачы мени,
Күтө берем, ардагым.
Сагынамын сени, сагынтпачы мени,
Сүйөм сени, ардагым.
Баёо сезим артта калып,
Балалыктан өттүкпү.
Жан дүйнөмдүн аруу, таза,
Табышмагын төктүкпү.
Ар бир кадам алга карай,
Суроо менен ташталат.
Мындан ары бизде дагы,
Ойлончу кез башталат.
Кайырма:
Күч берчи, кубат бер,
Кубандырып турайын.
Кубалашып кумар менен,
Куттуу үйүн курайын.
Ак берчи, акыл бер,
Адал такка коноюн,
Ата-энемдин ак эмгегин,
Актагандай болоюн.
Өкүнбөймүн, өтүнбөймүн
Кайра тартып бергениң.
Себеп ошол сен да, мен да
Эрезеге келгенмин.
Теңир тиреп, тилек берсе,
Тик аскага асылбай
Акырында бакыт багын,
Багбан жандай асырай
Кайырма:
Турмуш жолу туйласаң да,
Тумарыңдан тарттырбай.
Туткун болбой туу курса да
Сураганың алдырбай.
Актык менен, адал менен,
Алга карай умтулсам,
Алла Таала арнагандан,
Кур кол дайым калтырбай
Кайырма:
Сенсиз жаным,
Менин өмүрлүк жарым,
Жашоонун кызыгы жок бул дүйнөдө.
Сүйүү шооласын мага чачып турган,
Күн болуп бир өзүңсүң, сен гана.
Сенсиз жаным,
Менин өмүрлүк жарым,
Мынчалык бакыт болбос үй-бүлөдө,
Жашайсың чоң күч-кубат берип мага.
Кайырма:
Тилегеним экөөбүздүн ак сүйүүбүз,
Жашай берсе деп кылымдарга.
Сүйүү гүлүн, бүт өмүрүм,
Арнаймын мен бир сага.
Кайсы жерде жүрсөм да оюм сенде,
Жүрөгүм кумарланат сага тартып.
Көргөнчө шашыламын көз алдыма,
Элестеп жүзүң аппак, татына.
Кайсы жерде жүрсөм да оюм сенде,
Өзүңө күндөн-күнгө сүйүүм артып,
Айтарлык ыраазымын мен бактыма.
Кайырма:
Өмүр дайра, убакыт бар кечкенге,
Өтүнөрүм, мага келсең кеч келбе.
Асылкечим кайдан чыга калдың ай?
Мынтип жашым отуз чактан өткөндө.
Мынтип жашым кырктан өтүп кеткенде.
Жашоо жыргал, кадырына жеткенге,
Эмне жетсин, сүйүү сырын чечкенге.
Жүрөк сыздап жүлүндөрүм зырпылдайт,
Сен жолугуп белден каруу кеткенде.
Сен жолугуп мен алыстап кеткенде.
Сен да селки, асманда эмес жердесиң,
Сен да мендей, күнөөсү бар пендесиң.
Сүрөөрүбүз беш күн өмүр болгон соң,
Сүйүүбүздүн аямакпыз эмнесин?
Караганда, көзүңдөгү карекмин,
Кармаганда, бышып турган данекмин.
Чагып жебей өстүрүп же данымды,
Чамам бүтсө чал катары керекмин.
Сөзү : М.Тургандыкы
Обону : М.Тургандыкы
Бардык адам бала болгон,
Балалыкты эстейли.
Таза жүрүп кыт-кыт күлгөн,
Балалыктын элеси.
Кайырма:
Бала чагым өттү-кетти,
Кайрылбас ал эч качан.
Жүрөктөргө толду го,
Сагынычтар сыздаган.
Келечекти элестетип,
Бирге отурган партада,
Курбуларым, келгиле,
Чогулалы мектепке.
Мезгилдердей кубалашып,
Билим алдык күнү-түн.
Алма бактуу мектебибиз,
Алтын сарай биз үчүн.
Кайырма:
Балалыкты эске алып,
Чогулалы, курбулар.
Урмат-сыйга бөлөнүшсүн,
Эжекелер, агайлар. Маалыматты өзгөртүү
Бак аралап бара жатсам, капилеттен кезиктиң,
Ажарланган ошол күнү мендик болуп сезилдиң.
Ортобузда айырма бар, бир жыл эмес, тогуз жаш,
Эмнеликтен болуп кумар ак сүйүүгө болдум мас?
Жадыраган жазгы кечте жан дилимден берилдим,
Махабатым жетип чекке билбейм неге эриктим.
Ортобузда айырма бар, бир жыл эмес, тогуз жаш,
Эмнеликтен болуп кумар ак сүйүүгө болдум мас?
Кенже красотка, знай лишь одно,
Ты в небе как звезда, я на земле
Смотрю на тебя, каждый день о тебе вспоминаю,
О красивой Кенже я мечтаю,
Хочу быть с тобой рядом всегда,
Трудности и радости вместе пройдя,
Тебе я посвящаю красивые слова ни только слова
Бардык жакшылыкты каалайм сага, Кенже эже!
Шайырланып ошол күнү өткүр элең, шок элең,
Ачылат деп сүйүү гүлүн арзуу күткөн жок элем.
Ортобузда айырма бар бир, жыл эмес, тогуз жаш,
Эмнеликтен болуп кумар ак сүйүүгө болдум мас?
Чоктой ысып жалындадым, кучагыңдын ысыгын,
Ортобузга чырак жакты бал сүйүүнүн кызыгы.
Ортобузда айырма бар, бир жыл эмес, тогуз жаш, ай,
Эмнеликтен болуп кумар ак сүйүүгө болдум мас?
Сөзү : Г.Садыбакасованыкы
Обону : Г.Садыбакасованыкы
Кайдасың жан эркем кайдасың?
Издеп таппадым.
Күтүүдөн таңдар да кечте өзүңсүз,
Аябай чарчадым.
Күндөрүм айларга алмашты,
Жылга алмашты.
Кайырма:
Жалынам сага,
Түшүмө кирдиң ар убак.
Сагынып күткөн махабат,
Каректен ысык жаш тамат.
Окшобос болду,
Өзүңө такыр башкалар.
Оболоп учкан турналар,
Сүйүүмдөн кабар айта бар.
Кайдасың жан эркем кайдасың?
Кай жерде жүрөсүң?
Капалуу көңүлүм жабыркаганым,
Сен качан билесиң?
Күйүттүү от салдың сезимге,
Келчи тезирээк.
Кайырма:
Жалынам сага,
Түшүмө кирдиң ар убак.
Сагынып күткөн махабат,
Каректен ысык жаш тамат.
Окшобос болду,
Өзүңө такыр башкалар.
Оболоп учкан турналар,
Сүйүүмдөн кабар айта бар.
Сөзү : К.Урманбетовдуку
Обону : М.Турсунбаевдики
Алтын эмес, бакыт
Алалбайсың сатып.
Бир тамчысы бир өмүргө татып.
Төгүлсө да мейли, түгөнбөсүн дейли,
Таразалайт убакыт.
Кичинекей өлкөм, бирок бийик, көркөм,
Кенен, кандай кереметин көрсөм.
Ырысыма балкып, ырдабайын кантип
Ала-Тоодо төрөлсөм?
Элим, гүл өмүрдү сунайын эми,
Ынтымагың сурайын.
Биригип көкөлө, көкөлө ылайым куштай.
Элим, алакандай кыргызым, элим,
Жерге түшпөй жылдызың, өркүнүң өссүн,
Таттуу болуп турмушуң туздай.
Максат эмес кызмат,
Маңдай териң кымбат.
Майдаланба көр дүйнөгө сыздап,
Асмандаган кезде акыл сөздү эсте.
Токой болбойт жалгыз бак.
Жакшыны да билдик, жаманды да билдик,
Аза болбой, таза болсун бийлик.
Улуу өлкө куруп, улут бойдон уюп,
Эне тилде эргийли...
Кайырма
Неге сен, неге сен жаш жүрөгүңдү кыйнадың.
Жазды күтүп кеч күздө, жан оорутуп ыйладың.
Бардыгы сен үчүн
Кабагыңды бүркөбөчү
Сага деп арналат,
Чыккан күн таң зардан.
Неге сен, неге сен өзүңдү өзүң сүйбөйсүң,
Карангыга жашынып, неге калдың адашып.
Бардыгы сен үчүн
Кабагыңды бүркөбөчү
Сага деп арналат,
Чыккан күн таң зардан.
Неге сен, неге сен - гүл өмүргө ишенбейсиң,
Тарчылыкка малынган тагдырды “ташбоор” дейсиң.
Убакыт термелет,
Термелип жан кейитет
Кайрымдуулук жашаган,
Жан дүйнөңө жылуулук бер!
|