|
Сөзү : Кайрат Пиримбердиевдики
Обону : Кайрат Пиримбердиевдики
Бул дүйнөгө кимдер гана кимдер келип кетпеген,
Татаал мезгил таразасына кимдер гана түшпөгөн.
Калың журтту канжалатып хандар өткөн дүйнөдөн,
Кара жондон камчы кетпей, кулдар өткөн дүйнөдөн.
Көргөн жанды адаштырган сулуу өткөн дүйнөдөн,
Эки элди чабыштырган уруу өткөн дүйнөдөн.
Сыноо үчүн жаралганбыз (оо,бурадар дүйнөдөн???)
Бирде ылдый, бирде өйдө жалган экен бул дүйнө,
Алла сөзүн даңазалап, пайгамбарлар жашаган,
Оо адамзат, акыл берчи, Алла берсин жараткан.
Жаратканды дайым даңктап, кечирим тап намаздан,
Ууру кылбай, ушак айтпай, алыс болгун жалгандан.
Алакандай кыргыз элим алты санга бөлүндү,
Түндүк, Түштүк деген сөздөр эл ичинде көбөйдү.
Ынтымагы бар эл болсо ырысы бар элдин,
Бөлүнбөстөн бирге болсок, келечеги кең элдин.
Кыздарыбыз намыстанбай, дене саткан күн келди,
Арак ичкен, кыргыз уулу жерде жаткан күн келди.
Эртеңибиз кандай болот, ойлон элим, ойлончу,
Ыйман менен жүрөк толук ойгон элим, ойгончу.
Алла, кечиргин менин күнөөлөрүмдү, Алла,
Ыйманга толтурчу жүрөгүмдү Алла (2 жолу).
Тагдыр жазганын билдим, түшүндүм,
Сен деп жаңылып, эми өкүндүм.
Жалган көздөрүң арман коштогон,
Муздап жүрөгүм, жалын кошпогон.
Кайырма:
Мен сагына берем, сагынып келем,
Арманыма азаптан жазылган белең?
Эмнеге билбейм, мен такыр ишенбейм,
Кабарың жок түшүнбөйм, кай жактан издейм?
Сен деп жашагам өмүрдү өткөн,
Жол карап дайым озунуп күткөм.
Эми кайдасың, аттиң, арман?!
Ким менен кеттиң, жашынып жалган?
Кайырма:
Мен сагына берем, сагынып келем,
Арманыма азаптан жазылган белең?
Эмнеге билбейм, мен такыр ишенбейм,
Кабарың жок түшүнбөйм, кай жактан издейм?
Алыстан сапар тартып,
Айдың кеч кербен келет.
Тааныштай ээрчип аны,
Көк менен булут сүзөт.
Шыңгыры коңгуроонун,
Угулат кулагыма.
Алаксыйт көңүл кушум,
Ашыктык ырларына.
Кайырма:
Сырдашып аппак булут,
Ырдасам ыйлап барат.
Гүлгө окшоп турсам сонун,
Аяйт го, атаганат.
Дайрадай акканымды,
Шамалдай шашканымды.
Ак булут, ак куу болуп,
Айта бар арманымды.
Жымыңдап жылдыз көктө,
Жылгада жатсаң көрөт.
Апаппак булут менен,
Кошулуп кетким келет.
Кыйырсыз чексиз аалам,
Бар болуп калганын көр,
Ырчыга ошол дүйнө,
Тар болуп калганын көр.
Кайырма:
Сырдашып аппак булут,
Ырдасам ыйлап барат.
Гүлгө окшоп турсам сонун,
Аяйт го, атаганат.
Дайрадай акканымды,
Шамалдай шашканымды.
Ак булут, ак куу болуп,
Айта бар арманымды.
Кабарлап койсоң кана,
Үнүңдү угар болсом,
Үмүткө жетелене,
Сагынып күткөн болсоң.
Ак булут айтып барар,
Ак сүйүүм, махабатым.
Кербендер айтып барар,
Кусалуу жүрөк дартын.
Кайырма:
Сырдашып аппак булут,
Ырдасам ыйлап барат.
Гүлгө окшоп турсам сонун,
Аяйт го, атаганат.
Дайрадай акканымды,
Шамалдай шашканымды.
Ак булут, ак куу болуп,
Айта бар арманымды.
Сөзү : Түмөнбай Байзаковдуку
Обону : С.Искеналиевдики
Сагынуулар калган кезде чогулуп,
Сырдашабыз аз да болсо жолугуп.
Буга күбө бак кирпиктүү айлана
Буга күбө көктө сүзгн ай гана.
Көп сөздөрдү айткың келип турса да,
Көкүрөктү сыр ташкыны урса да.
Жашырасың сүйлөбөстөн чечилип,
Жаз кабары калып жатат кечигип.
Кайырма:
Эмнегедир ачык айтпай сөзүңдү,
Эзүүдөсүң, кыйноодосуң сезимди.
Мүмкүн ойдун чиеленген түйүнү,
Менден катып жаткан чыгаар сүйүүңдү.
Жаз келгенде гүлүн ачаар сыр дагы,
Жалбырактай кыналышып ыргагы.
Күн шооласын төккөн кезде ынактай,
Купуя ышкы ийип кетээр булактай
Кайырма:
Сөзү : Үсөн Дайырбековдуку
Обону : Съездбек Искеналиевдики
Айланам караңгы түндө
Кайгыда күн батат күн өтөт
Туруксуз кыздардын жүрөгү
Сүйүүсү тез эле өзгөрөт
Кыздарга эч качан ишенбе
Алдатып оо курбум тиштенбе
Сулуулар туруксуз, жеңил ой
Алардан чын сүйүү издебе
Алардан чын сүйүү издебе
Кайырма:
Эх сүйүү кайгыбы, арманбы?
Же сүйүү кыялбы жалганбы?
Гитара муканып сыздаткан
Биз үчүн кайгы эле калганбы?
Биз үчүн кайгы эле калганбы?
Кызыл гүл колумдан соолуду
Кыйналдым жүрөгүм ооруду
Кымбатым кайрылбай кетти да
Калдайган кайгылар торуду
Калдайган кайгылар торуду
Кайырма:
Эх сүйүү кайгыбы, арманбы?
Махабат жалганбы, жалганбы?
Гитара муканып сыздаткан
Биз үчүн кайгы эле калганбы?
Биз үчүн кайгы эле калганбы?
Махабат жалганбы, жалганбы?
Махабат арманбы, арманбы?
Алтыным, эсиңдеби айтылган сөздөр?
Айлуу түн, кечиндеги жароокер, сулуу көздөр.
Айтамын "ай, эркем" деп, "асылым берсе" деп,
Эңсеп келем эртелеп, эргитип кой, эркелеп.
Жылдыздай жанган көздөрүң,
Жылуулук чачат сөздөрүң,
Айта албай жүрөмүн, алоолоп күйөмүн.
Кайырма:
Арзуумду айта албай, аны сен байкабай,
Махабатым, артыма кайта албай, алсырап барам жай,
Асылым, "сүйөмүн" деп айта албай.
Өчпөгөн жалынсыңбы, өмүрдө жазымсыңбы?
Өрттөгөн жүрөгүмдү өзгөчө бир жансыңбы?
Айтамын "ай, эркем" деп, "асылым бир сен" деп,
Эңсеп келем эртелеп, эркелеп кой, эркелеп.
Жылдыздай жанган көздөрүң,
Жылуулук чачат сөздөрүң,
Айта албай жүрөмүн, алоолоп күйөмүн.
Сөзү : Кыялбек Урманбетов
Обону : Эрик Кадырбаев
Канча жолу өчүп кайра тирилдик,
Касиеттүү эл катары билиндик.
Кара келип боздобосун энелер,
Калкыбызда болуп дайым биримдик.
Кыргызстан,
Кандай жер сага теңелет
Карачы кандай керемет
Менин жерим
Кыргызстан
Ажайып көркү ачылат
Карачы кандай нурданат
Менин элим.
Баары күтөт жакшы заман келишин,
Бак тигели, балдар жесин жемишин.
Наркыбызды сактап бекем туралы,
Намыс үчүн, мекен үчүн, эл үчүн.
Кайырма:
Каныбызда мөл булагы агылат,
Каректерде шам чырагы жагылат.
Дүйнөдө жок мындай жерди издесең,
Биздин гана жүрөктөрдөн табылат.
Кайырма:
Асылдар көп залкар чыгып заманда,
Калайыктын бактысына жаралган.
Ошол үчүн бийик болуп Ала-Тоо
Байыртадан улуу кыргыз аталган.
Кайырма:
Кыз деген кырдын кызыл кызгалдагы,
Өмүрдүн сырдуусу ал сулуу багы.
Жашоонун тунук мүнөзү кызыгы,
Жигиттин ойлогону бар, арманы.
Кыздардын теңдеши жок бир асылзат
Эзелтен баалап келгенбиз адамзат
Жаңы жыл, аземдерде сыйга тартканбыз,
Арналган бакыт үчүн бул табигат.
Кайырма:
Кыздар ай, кыздар ай
Чийилген кашыңдан ай,
Ашыкбыз сансыз жылдыз
Жүзүңдөн ай жангандай.
Кыз деген кызыгы көп кызыл алма,
Сулуулугун бербеген кызыл айга.
Ажары махабаттын гүлү силер,
Өрүлгөн чачтарынан майда, майда
Кыздардын теңдеши жок бир асылзат
Эзелтен баалап келгенбиз адамзат
Жаңы жыл, аземдерде сыйга тартканбыз,
Арналган бакыт үчүн бул табигат.
Кайырма:
Жашоонун кумары,
Жаштыкта туябы,
Жаркыган убагында?
Тарбия булагын,
Калтырган туягын,
Кадырлап турабы ал?
Өмүрдү кадырла,
Өткөнгө кайгырба,
Өкүнбө тагдырга сен.
Кайырма:
Байлыкка умтулба,
Бийликке кол сунба,
Бактыңды кор кылба сен.
Сыноого сынбайлы,
Чындыкты сыйлайлы,
Чырпык да кыйбайлы биз.
Жалганга жеңдирбе,
Жаман ой, жемеге,
Жабыгып кемибе сен.
Күл болуп себилбе,
Куру эле керилбе,
Кумарга берилбе сен.
Таазим кыл Теңирге,
Тар дүйнө теңинде,
Таарынып телмирбе сен.
Кайырма
Жашоо бул оюндай,
Жашайлы корунбай,
Жакшыны кор кылбайлы.
Жазасын албайлы,
Жаш төгүп калбайлы,
Жашоону кадырлайлы.
Кайырма
Жан дүйнөм ооруп турганда,
Жалдырап мени караба.
Жүрөгүм сен деп турганда,
Жүрөктү, жаным, кыйнаба.
Кайырма:
Садагам, айтчы, күткөнүң барбы?
Сүйгөнүң болсо, бузбайын аны.
Сүйүү деген кымбат, убалы бар анын,
Булгаласа эгер, кечирбестир аны.
Сагынамын сенсиз калсам мен,
Самаркап күтөмүн сени.
Ай сымал көрүнүп калса,
Айламды таппай калам мен.
Кайырма:
Алыстап менден ардагым,
Сагынттың мени сагынттың.
Болсоң да менден алыста,
Карааның издейм, кайдасың?
Кайырма:
|