|
Сөзү : Г. Шакированыкы
Обону : А. Дөөткуловдуку
Жанып турсам байкадыңбы?
Жылдызымдай асмандын.
Капилеттен көрүп алып,
Мен да сага шаттандым.
Кусалыгым тарап кетти,
Нурларындай ак таңдын.
Жакшы сөзүң жанга кубат,
Жалыныңа капталдым.
Кайырма:
Көкөлөсөң көңүл кушу эргип,
Көздөр менен сүйлөйлү.
Сезимдерге күү төгүлтүп келчи,
Сүйүү бийин биз бийлейли.
Сени гана сезимиме,
Катып алдым кайтарып.
Көздөрүңдүн ирмеминен,
Турду баары байкалып.
Аруу сезим кандай күчтү,
Алсыз ойду майтарып.
Жарык болсун эртеңки күн,
Жакшы ойлорго кайталык.
Кайырма:
Күлүк аттай таптадым качпагын,
Изиң менден жашырып катпагын.
25 жаш сен үйүмдүн коногу,
Кенен отур, саат карап шашпагын.
Кайырма:
25, 25 сүйүү багы бышкан кез,
Сезим гүлдөп сересине чыккан кез.
Ысык кез, оттой кез, темир ийчү чоктой кез,
Тагдыр ташың өйдө кулап турган кез, турган кез.
Убактың тар билем аны мен дагы,
Убайланып сездиң аны сен дагы.
Ар мүнөттү тек өткөрбөй жан курбум,
Сырдашалы, ырдашалы кел дагы.
Кайырма:
25 жаш алыстадың, узадың,
Жылтыраткан булагыңа суусадым.
Жылдыздарды жүрсөң керек аралап,
А мен калдым арасында кусанын.
Кайырма:
Чырай жүздүү, мүмкүн, түшүм эледир,
Мүмкүн, сени Кудай өзү бергендир,
Аалам жүзү сенден бүткөн өңдөнүп,
Сен деп гана жашам келем негедир.
Баталгага баш сайылган күндө да
Сени гана көргүм келет негедир
Койнумдагы сагынычым тарабай,
Сени гана эңсеп келем негедир.
Көзүң жарган аппак таң,
Арзууларын узаткан,
Шүүдүрүмдөн тамчысы
Жүрөгүмдү суусаткан
Соолуп кетсем кимде айып?
Тамырымдан куураткан
Тамчысынан сүйүүнүн
Чайыналы булактан.
Чырай жүздүү, мүмкүн, түшүм эледир,
Сагынычым жазып күнүм келгендир
Чырайыңа чайынмайн эч качан
Өлүм деле албайт деле мени негедир.
Баталгага баш сайылган күндө да
Сени гана көргүм келет негедир
Койнумдагы сагынычым тарабай,
Сени гана эңсеп келем негедир.
Күндүн нуру шооласын чачкан кезде,
Нурларына айткым келди арманымды.
Жылдыздар жаркырап чыккан айлуу кечте,
Жалгыз сени ойлогонум айткым келди.
Кайырма:
Алыстыкка баш ийем кантем жаным,
Бир өзүңдү көргүм келип мен сагындым
Ушунчалык жолугушпай турган болуп
Бешенеге жазылганбы бул арманым
Сагындым сени жаным
Сагындыңбы сен дагы мени?
Сагындым сени жаным
Сагындыңбы? Айтчы деги
Сагындым сени
Эстейсиңби сен ал жактан,
Кечебизди жаркыраган.
Элестетип сүрөтүңдү,
Күлмүчөгүңдү таппай калам.
Кайырма:
Ааламга адамды жараткан мээримдүү зат болбойт бир Аллахтан
Сакта, Аллах, азаптан, билбей жолдон адашсам,
Сакта азаптын отунан.
Күн менен түндү тактаган,
Бүт ааламды сактаган,
Теңдеши жок сага заттардан.
Кайырма:
Аллахым, Аллах, дүйнөнү жараткан Алла,
Жалгызсың, Аллах, сактагын шайтандан, Аллах,
Аллахым, Аллах.
Жүзүңдү пендеңе бурасың,
Жалынсам, сен үнүмдү угасың,
Мактоо сага жарашкан, болбойт сенден адашкан,
Жоктон барды ал жараткан,
Күн менен түндү тактаган,
Бүт ааламды сактаган,
Теңдеши жок сага заттардан.
Кайырма:
Сөзү : Медер Турсуналиевдики
Обону : Амантай Бержибаевдики
Мысли о тебе мне не дают покоя,
Не могу забыть те дни, не скрою,
Ты влюбил меня.
Знаю, две реки сольются вскоре в море,
Звездопадом грёз твоих накроет,
Я дождусь тебя.
Лишь тебя!
Скоро ты придешь ко мне со светом летним,
Утром ранним мы друг друга встретим,
Ты моя судьба.
Небо от земли так близко, тянем руки,
Избежать не удалось разлуки,
Гаснут два огня.
Два огня!
Сөзү : Жылдызбек Турсунбаевдики
Обону : Болот Алымкуловдуку
Коштошуп кеттиң менден,
Карааның алыс узап.
Айлам жок кала берем,
Көрүнбөс буттан тушап.
Кайырма:
Жүрөгүм кошо кетет,
Ээн сиреп денем калат.
Сагыныч мени эзет,
Көрүүгө сени самап.
Күн өтпөс, ачылбас,
Шашылам көрүшүүгө.
Денеме сүйүү сыйбай,
Сен менен бөлүшүүгө.
Кайырма:
Будто солнце под дождем,
Обретает свет другой.
Обжигая всех огнем,
Золотистым светлым днем.
Вместе с солнцем и дождем,
Нарисована ты мной,
Для тебя я этот мир согрел душой.
Кайырма:
Я рисую этот мир для нас,
Для тебя дышу, живу тобой.
Красота твоих безумных глаз,
Ослепляя, тянет за собой.
Не устану рисовать,
Небо солнце и луну.
И любовью согревать,
Душу нежную твою.
Вместе с солнцем и дождем,
Нарисована ты мной,
Для тебя я этот мир согрел душой.
Кайырма:
Веет лёгкий бриз,
Опустевший летний пляж.
Белым серебром,
Ночь покрыла небеса.
Обними снова меня,
Улыбнись сердце пленя.
Успокой волны сомнений,
Ты для меня.
Кайырма:
Нежный прибой рядом со мною ты,
Время любви бесконечен наш полет.
Всё для тебя, для тебя был создан мир,
Пронести через всю ночь, мне обещай любовь.
Я тону, нежный твой взгляд,
Шепчет вновь “Я только твоя!”
Не спеши, мучить нет смысла,
Ревностью себя.
Не могу, не знаю,
Ты со мной, я сам не свой.
Ночь меня пленила,
Потерял покой.
Кайырма:
Ночь прекрасна, под луной, танцуют две души,
Обвенчали их звезды, обвенчала судьба.
Кайырма:
Татыктуу тамга тандайм өзүңө,
Тартылам кара-кара көзүңө.
Кат сунган сайым неге калтырайм,
Бир тиктеп жок дей салчу сезиле.
Теңебейм теңдеши жок ай-күнгө,
Арбылган айдындагы ал гүлгө.
Күн батар, ай булутка жашынаар,
Гүл бүтөөр күз келгенде ийиле.
Кайырма:
Кайталап баткым келбейт арманга,
Кайрымсыз кылыңан айлага.
Мен эми махабатта кайырчы
Кармалган кай күнөөмө жипсиз байланам.
Жамалың жасап алган жандайсың,
Жарыктык жалган беле кандайсың.
Кайталап жутсам дагы көркүңөн,
Каниет кыла албаймын, канбаймын.
Эриниң элпилдеген эркеси,
Эсиме эрким кайрып бербестир.
Сурабай сулуу сени түбөлүк,
Сүйгөнүм мага күнөө эместир.
Кайырма:
Кайталап баткым келбейт арманга,
Кайрымсыз кылыңан айлага.
Мен эми махабатта кайырчы
Кармалган кай күнөөмө жипсиз байланам.
Биз өткөргөн бактылуу кез,
Унутпаймын эч качан.
Бирге жүргөн махабат кеч,
Учкан белем капкачан.
Кайырма:
Сагынычтан эңсейм,
Саамай чачың желбирей.
Сапар улай эстейм,
Сени издейм.
Тапканыма кубангамын,
Талбай тиктеп тамшана.
Таттуу кыял жашаганмын,
Таарынбаймын тагдырга.
Билесиңби, ушул убакытка чейин,
Бир гана сени издеп жүрөм.
Кудайым берген, алдейлеген,
Үйүмө кеткис ырыскы келген.
Жытыңдан сенин жыттай берем,
Канымдан жаралган кагылам сенден.
Күлгөндө айсың жарык чачкан,
Көңүлдү көктөй көтөрүп ачкан.
Эрмегим менин, эркетайым,
Эр жетип чоңойгун эркелеп дайым.
Кайырма:
Сен берекем, балам, мен эзилип анан,
Талпынып канатың, сактасын Жараткан.
Сен берекемсиң, тирегим жашоодогу,
Өчпөсүн бакытың сенин.
Жетелеп колдон тай-тайласам,
Түбөлүк жолдон жаңылбай басам,
Термелдиң арча бешигимден,
Терметкин бөбөктү сен бешигиңден.
Кайырма:
Кайдан жүрүп кабылдым,
Карааны го жаңы ырдын.
Талкаладың танбайм,
Тамырымдан кармай.
Калемимдин сыясы,
Канымдан го сыягы.
Өмүрүмө арнап,
Өчпөс тамга баскан.
Кайырма:
Өмүрүмдүн кемеси, күн желеси,
Аркамдан калбай.
Туткунуңмун түндүн,
Үмүтүмдүн шооласы,
Жаркыраган суранамын.
Барактардын актыгы,
Канаттарын кактыбы?
Кармана албай калды,
Кай күнөөмө жазды?
Мактанарлык махабат,
Буюрбады мага бат.
Көңүл бурчу, жаным,
Көңүлүмдөн аздым.
Кайырма:
Көз жашыңды көлдөтсөң да,
Көңүл алчы сөзгө өтсөң да.
Жүрөгүм жалгыз ,
жүрөмүн ансыз.
Кайырма:
Жүрөк чиркин муздап калды,
Жүзүң жалган муздап салды.
Жолобо мага, жолуңдан калба, жоругуң арбап.
Тилек байкуш тилден калды,
Тирилгенге тизгин салды,
Тийишпе мага, тизелеп карап, тигиме кайра.
Өмүрүмдөн өткөрсөм да,
Өкүнүчтөн көп көрсөм да,
Көңүлүм калды,
Көркөмүң барбы.
Махабаттын майданын да,
Мага жаккан ай таңын да,
Сезимим сенсиз, тагдырым сенсиз, таалайым сенсиз.
Көз жашыңды көлдөтүп көрсөтпө мага,
Арсыз көңүл анча таттуу сөз айтпа мага,
Жүрөгүм жалгыз, мөөнөтүп жансыз күн,
Жүрөмүн ансыз, каалабайм жалгыз.
Кайырма:
|