|
Сөзү : Нурлан уулу Аргендики
Обону : Муратбай Ниетуллаевдики
Сага арнап жакшы ыр жазгым келип жүрөт,
Санаага, сагынычка батып жүрөк.
Жүзүмдөй мөлтүрөгөн жароокерим,
Жүзөөгө ашар бекен аруу тилек?
Толкуса көңүлүңүз мени самап,
Тор жайган балыкчыдай көлдү карап.
Токтоосуз чалынсам дейм торуңузга,
Мен болуп сиз эңсеген, мен болуп сиз эңсеген алтын чабак.
Өмүрдүн өтчү кези өткөн кезде,
Өткүрлүк өз айылынан көчкөн кезде.
Өзөккө чок таштадың өчпөй турган,
Өрүкзар гүлүн күбүп төккөн кезде.
Армандын ачуу даамын ким татпаган?
Ашыктык алоосуна ким батпаган?
Айыкпас оору болду таппай жүрөк,
Сиз берген жылуулукту мен башкадан.
Арбалып ай жүзүңө алда качан,
Айрылбай элесиңден турсам-бассам.
Тушалган туткун болдум бир өзүңө,
Айперим чыгарып ал боор оорусаң.
Жоодурай карап коюп бирибизге,
Жол таппай жүрүптүрбүз дилибизде.
Ак сүйүү нурун чачты мына бүгүн,
Жашыбыз тоскоол болбойт эми бизге.
Сөзү : Кудрет Тайчабаровдуку
Обону : Сапар Эркебаевдики
Сөзү : Бек Борбиевдики
Обону : Бек Борбиевдики
Сөзү : Сейит Алтымышовдуку
Обону : Тараз Асанакуновдуку
Сөзү : Айсалкын Алибаеваныкы
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Ээлечи, жүрөктү жалгыз өзүң,
Экөөбүз, бололу бирге түбөлүк.
Жашоонун даамын бирге,
татып күндө жаным,
Бүт өмүр, бирге болуп,
жашайлычы дайым.
Кайырма:
Тагдырдын татаал жолун, басып өтүп экөөбүз,
Түбөлүк кол кармашып болуп бирге жүрөлү
Эркеси жүрөктүн болуп өзүң,
Жүрөлү күндөрдү бирге өткөрүп.
Турмуштун жолу татаал
билем аны жаным,
Экөөбүз жеңип бирге
жашайлычы дайым.
Сөзү : Таалайбек Абдыганиевдики
Обону : Таалайбек Абдыганиевдики
Сөзү : Автандилдики
Обону : Автандил, Эдил Маматовдуку
Сөзү : Бек Борбиевдики
Обону : Бек Борбиевдики
Айла жоктон неттим ай,
Акылымдан кеттим ай.
Сүйүп калып сени, Эркинай.
Жолдоп айтып болгонун,
Жолболдудай Чолпонум,
Сен деп ырдайм
Мен да, Эркинай.
Кайырма:
Аттиң, неге жолуктуң?
Сени алам деп оолуктум,
Улуу кызым окуп калганда.
Үчүнчүсү төрөлүп,
Ак бешикке бөлөнүп,
Ортончусу басып калганда.
Тоодой ойду толгоюн,
Токтогулдай боздоюн,
Сүйгөнүм чын сени, Эркинай.
Ырга салып торгоюм,
Ырыспайдай боздоюн,
Сүйгөнүм чын сени, Эркинай.
Кайырма:
Бирге турсам жанашпай,
Бирге бассам жарашпай,
Каламынбы сага, Эркинай?
Албырып күйгөн чырактай,
Арманым деп Чубактай,
Каламынбы же мен, Эркинай?
Сөзү : Тимур Салиевдики
Обону : Кайрат Примбердиевдики
Сөзү : Айсалкын Алибаеваныкы
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Ээлечи, жүрөктү жалгыз өзүң,
Экөөбүз, бололу бирге түбөлүк.
Жашоонун даамын бирге,
татып күндө жаным,
Бүт өмүр, бирге болуп,
жашайлычы дайым.
Кайырма:
Тагдырдын татаал жолун, басып өтүп экөөбүз,
Түбөлүк кол кармашып болуп бирге жүрөлү
Эркеси жүрөктүн болуп өзүң,
Жүрөлү күндөрдү бирге өткөрүп.
Турмуштун жолу татаал
билем аны жаным,
Экөөбүз жеңип бирге,
жашайлычы дайым.
Сөзү : Жолочу Рысбаевдики
Обону : Адылжан Абдуллаевдики
Сөзү : Бегиштики
Обону : Теддми
Сөзү : Сооронбай Жусуевдики
Обону : Рысбай Абдыкадыровдуку
Сөзү : Кудрет Тайчабаровдуку
Обону : Өктөм Сапар уулунуку
Сөзү : Бактияр Токторов
Обону : Бактияр Токторов
Сөзү : Тимур Сариевдики
Обону : Эдиль Маматовдуку
Сөзү : Сайра Батыркулованыкы
Обону : Данияр Жаныбек уулунуку
|