|
Сөзү : Бек Борбиевдики
Обону : Бек Борбиевдики
Сөзү : Жылдызбек Турсунбаевдики
Обону : Эдил Маматовдуку
Ансайын жетпей убакыт,
Өзгөчө нурун чубалтып.
Өзүңдү сүйүү миң бакыт, өмүр.
Алоолоп жалындайт, айланып табылбай.
Асмандагы куштайсың, өмүр,
Жолуңду каратып, жүз жылды саматып.
Жүрөктү кыстайсың, өмүр.
Ансайын жетпей убакыт,
Өзгөчө нурун чубалтып.
Өзүңдү сүйүү миң бакыт, өмүр.
Кээ бирде жыргал сунасың,
Кээ бирде чалып жыгасың,
Антсе да ыйык тумарсың, өмүр.
Ак-кара жанашкан,
Алыстап бараткан,
Шараккан суудайсың, өмүр
Адамга каш керек, ашыкча жаш керек.
Түбөлүк турбайсың, өмүр.
Ансайын жетпей убакыт,
Өзгөчө нурун чубалтып.
Өзүңдү сүйүү миң бакыт, өмүр.
Кээ бирде жыргал сунасың,
Кээ бирде чалып жыгасың,
Антсе да ыйык тумарсың, өмүр.
Сөзү : Чыңгыз Альберттики
Обону : Чыңгыз Альберттики
Сөзү : Максат Тынаевдики
Обону : Андрей Догайдыкы
Жагымдуу сенин кулкуң,
Кыялдарың миң түркүн.
Ааламда баары сен үчүн.
Табышмак сенин сырың,
Жанырат булбул ырың.
Сезимге бөлөп бардыгын.
Кайырма:
Таңдай, жаңы аткан таңымдай.
Кайдан келдиң Наринай?
Таңдай, агарып аткан таңдай.
Жаздай, жыпар гүлдүү жазымдай.
Кандай жансың Наринай?
Жаркып, жаркып келген жазымдай.
Бийле, бийле, бийле бийикке алгалай.
Наринай, Наринай!
Бийле, бийле, бийле бийикте жаным ай,
Наринай, Наринай!
Жалындуу сезим жанат,
Жан дуйнөңдө махабат.
Алдыга сени чакырат.
Келечекте куч кубат,
Ар дайым курчап турат.
Бул жашоо кызык саякат.
Жаратканым сени колдоп,
Берсин аруу тилегин.
Жакшылыктар сени жолдоп,
Сага болсун тирегиң.
Ийгилигиң эгиз болуп,
Демин берсин жаныңа.
Кубантып сени дайыма,
Кубантып сени дайыма.
Болсун,
Бакыт кушу сага консун.
Жаркыра маанай,
Сенде болсун бак-таалай толсун,
Махабатка жүрөк толсун.
Жароокер кыз ай,
Наринай, Наринай!
Сөзү : Р. Абдыкадыровдуку
Обону : Р. Абдыкадыровдуку
Сөзү : Тимур Салиев
Обону : KG Эльмураттыкы
Сөзү : Айсалкын Алыбаеваныкы
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Сөзү : Бегиштики
Обону : Ч.Талипбек, Н.Абдразаков, И.Өмүркуловдуку
Сен жөнүндө ойлорум...
Деги кандай жансың ойлондурган?
Мен байланам өзүңө,
Ооруң берем жүрөк борборунан.
Музду ээриткен,
Көздөрүн жайдын жылуу убагы.
Тузду кемиткен,
Ээриниң таттуу,
Болом периштен.
Бакыттын жолуна багыт алсак,
Гүлдөй ачылам.
Мен жанында.
Жай, жай, жай
Тартыламын сени карай.
Жай, жай, жай,
Жүрөгүмдөн орун арнайм.
Жай, жай, жай,
Шыбырап сен, сүйөм дечи.
Жай, жай, жай,
Барайын мен сени ээрчип.
Чок салып сен, тутанып,
Жалындады тоңгон сезимдерим менин.
От алып мен өрттөндүм.
Түшунбөдүм сага сезилеби?
Мени дайым баалаган,
Түбөлүк сүйүү арнап,
Коргоочум болуп жүрчү сен!
Сага көздөй басамын.
Сөзү : Ташкент кызы Гүлдүкү
Обону : Мүзүр Мамбетовдуку
Сөзү : Жаңылай Кекееваныкы
Обону : Нияз Абдыразаковдуку
Бактыма сен барсың,
Бакыт берген жансың
Жанымда, тагдырымда.
Татаал турмуш кечтик,
Баарын бирге жеңдик
Жаралып жалганга
Сенин барың күч берет, күнүм керемет,
Бизди күтөт келечек, күтөт келечек.
Кайырма:
Жетелешип басып жүрөлүк,
Сезимдерди сактап түбөлүк
Биз түбөлүк, түбөлүк, биз түбөлүк.
Жалындаган сезим,
Жакын жүрүп сездим,
Жылуулугуң сенин...
Аруу, таза сезим,
Сүйүү кереметин
Башкадан издебеймин...
Сенин барың күч берет, күнүм керемет,
Бизди күтөт келечек, күтөт келечек.
Кайырма:
Сөзү : Адахан Мадумаров, Анатай Акбаров
Обону : Бек Борбиев
Сөзү : Круздуку
Обону : Бегиштики
Сөзү : Акжолтой Канатбековдуку
Обону : Амир Аскаровдуку
Жазым болдуң сен менин,
Жалгыздыкта канча издедим сени.
Жан дүйнөмдү термедиң,
Кандай бакыт мага келгениң,
Асылым менин!
Сага түбөлүккө берилдим, жан эркем, менин.
Кайырма:
Сага жүрөгүм, жүрөгүм арнадым.
Сүйөмүн, сүйөмүн сени толкундап, толкундап.
Сен деп жүрөмүн, жүрөмүн балдайым.
Келемин, келемин миң бир жол тандап, жол тандап.
Жарым болдуң сен менин,
Жан дүйнөңө мени кел дедиң.
Жанга дарым эрмегим,
Жарыгыма айландың менин,
Ашыгым менин!
Сага түбөлүккө берилдим, жан эркем, менин.
Кайырма!
Сөзү : Омардыкы
Обону : Омардыкы
Ар түрдүү жашоонун катуу сынагына,
Сына көрбө, досум, сен сабыр карма.
Жеңилдик ар азаптын аркасында.
Жалгыздык кыйнап сени жемеледи,
Караңгы түн жол көргөзүп бербеди,
Ишенгин сен жалгыз эмессиң.
Кайырма:
Кудай буйруса, Кудай буйруса,
Бактылуу күндүн нуру дагы жылытат.
Кудай буйруса, издеп жолуңду тап.
Кудай буйруса, Кудай буйруса,
Жазылган сага дагы чексиз ырыс, бак.
Кудай буйруса, иштеп жолуңду тап.
Болот адамдар бул жашоодо жаңылышат,
Андан соң көп ойлонуп кайгырышат.
Тобо кылууну сен эч унутпа
Айды, Асманды, Күндү тең бөлүшкөндөй
Сүйүүнү баарыбыз тең бөлүшсөк не?
Жашообуз ойдогудай узун эмес.
Кайырма:
Кудай буйруса, Кудай буйруса,
Бактылуу күндүн нуру дагы жылытат.
Кудай буйруса, издеп жолуңду тап.
Кудай буйруса, Кудай буйруса,
Жазылган сага дагы чексиз ырыс, бак.
Кудай буйруса, Кудай угуучу зат.
Кайырма:
Жаз гүлүндөй дүйнөм ачылган,
Жан дилиме сүйүү жазылган.
Жалгыздыктан коркуп келемин,
Келчи жаныма, сени сагынам.
Кайырма:
Жашоо азабына,
Салбай казалына.
Келчи, жан шеригим,
Сүйүү дайрасына.
Арзуу сезимине,
Салдың кемесине.
Калдым сени менен,
Сүйүү деңизинде.
Кең дүйнөм да сенсиз ачылбай,
Кайгы-муңга келем алдырбай.
Көрбөй калсам жалгызсыраймын,
Ак жамгырдан калган бир тамчыдай.
Сөзү : Алтынбек Алымовдуку
Обону : Эдил Маматовдуку
|