|
Сөзү : Ж.Исабаеваныкы
Обону : Т.Пирматовдуку
Сөзү : Г.Момунованыкы
Обону : Б.Мамаевдики
Барсыңарбы, кыргыздын жигиттери,
Эл деп туулуп, жүрөгү эл деп соккон?
Барсыңарбы, кыргыздын жигиттери,
Эл деп иштеп, кайрымдуу, колун созгон?
Барсыңарбы, кыргыздын кыраандары,
Калкан болуп элине жанын тоскон?
Барсыңарбы, кыргыздын шумкарлары,
Жакырлыктан куткарчу алып колдон?
Кайырма:
Канатыңар кайда кайкып бийик учкан?
Кайратыңар кайда, жигит, тоону бузган?
Кайдасыңар, эр Манастын тукумдары?
Кайда даңкың, атагың аалам уккан?
Эл- жер ойлоп бир өзүнө намыс кылган,
Ак эмгегин эл-журтуна азык кылган.
Барсыңарбы, кыргыздын жигиттери,
Барчылыкты эл-журтуна насип кылган?
Эр Манастар качан өзүн ойлочу эле?
Болбогонду эл-журт үчүн болтурчу эле.
Кара мүртөз душмандарга башын сайып,
Ал душманга өзүн-өзү окточу эле.
Кайырма:
Канатыңар кайда кайкып бийик учкан?
Кайратыңар кайда, жигит, тоону бузган?
Кайдасыңар, эр Манастын тукумдары?
Кайда даңкың, атагың аалам уккан?
Ой толкуп, сезим көңүл ачып,
Жүзүңдөн сенин нуруң чачып.
Сүйүүнүн сүйкүм күчү коштоп,
Сезим ойго батып.
Кайырма:
Сезимге тартуу кылган,
Махабат музыкасы.
Өмүрдө бир келип,
Сүйүүгө дем берип,
Жүрөктү дегдетти.
Жан дүйнөм эргип өсүп барат,
Өзүмдөн сага көчүп барат.
Сүйүүнүн сүйкүм күчү коштой,
Сезим ойго батат.
Кайырма
Мен айлуу түндө жалгыз калам,
Элесиң издеп сага барам.
Сүйүүнүн мукам саптарынан,
Издеп сени табам.
Кайырма
Жүрөккө жалын кошкон,
Махабат музыкасы.
Өмүрдө бир келип,
Сүйүүгө дем берип,
Жүрөктү дегдетти.
Сөзү : Ж. Садыковдуку
Обону : Ж. Мамажановдуку
Сакта деп өзүң берген жалгыз сүрөт,
Сакталуу ошол бойдон менде жүрөт.
Тиктешиң тамашалап турган өңдүү,
Неге сен, неге сен, неге сен түштүң экен күлүмсүрөп?
Неге сен, неге сен, неге сен түштүң экен күлүмсүрөп?
Күлкүңө шектүү карап күткөн жүрөк,
Сезимге бир башкача ой түшүрөт.
Өкүнөм сен кайрылбай кеткениңе,
Калбай деп, калбай деп, калбай деп эч болбосо беттен бир өөп.
Калбай деп, калбай деп, калбай деп эч болбосо беттен бир өөп.
Өппөдүм, мен өппөйүн, өкүнүч көп,
Мени алдап түшүмө окшоп кеттиң жөнөп.
Байкатпай мурдагыдай жүргөндүрсүң,
Башкалардын, башкалардын, башкалардын жүрөгүнө башың жөлөп.
Башкалардын, башкалардын, башкалардын жүрөгүнө башың жөлөп.
Эгерде бирөө болсо менден бөлөк,
Же тытып сүрөтүңдү, же өрттөмөк.
Мен тытпайм, күнөө сенде, сүрөттө эмес,
Сүрөтүң, сүрөтүң, сүрөтүң жүрө берсин күлүмсүрөп.
Сүрөтүң, сүрөтүң, сүрөтүң жүрө берсин күлүмсүрөп.
Сөзү : С.Момунбаеваныкы
Обону : А.Дооткуловдуку
Күттүм сени, күндөр өттү арадан,
Күйүт күчөп, арылбадым санаадан.
Карааныңды күндө эңсеп сагынам,
Айтчы, жаным, анан кантип унутам?
Кайырма:
Күндө тартып сүйүү нурлуу жебесин,
Көз алдымда сенин гана элесиң.
Муңга толгон жүрөгүмдү шаңдантып,
Айтчы, жаным, эми качан келесиң?
Кайда сенин келем деген убадаң?
Күтө берем, ал бир менин убарам.
Чын сүйүүнүн жалындары чачырап,
Илебине күйүп-жанып баратам.
Кайырма:
Кайда кетти, кайда сенин карааның?
Эми сени кайдан издеп табамын?
Бир көрүнүп дартым козгоп жок болдуң,
Жүрөктөгү эски сүйүү жараны.
Кайырма:
Сөзү : М.Жангазиевдики
Обону : Б. Токтобаевдики
Күттүм сени,
Күн баткандан таң сүрүлүп атканча,
Үкү келип,
Уясынан уйкусурап жатканча.
Кайырма:
Күттүм сени,
Кайда жүрдүң?
Кимдин колун кармадың?
Эмне мынча жалдыратып,
Эмне мынча алдадың?
Күттүм сени,
Шүдүрүмдүн тамчылары акканча.
Жеңелерим чака кармап,
Сууну көздөй басканча.
Күттүм сени, күттүм сени,
Сен да мени күтөрсүң.
Сүйгөндөрдүн кайыгына,
Калагы жок түшөрсүң.
Күттүм сени,
Күн баткандан таң сүрүлүп атканча,
Үкү келип,
Уясына уйкусурап жатканча.
Күттүм сени,
Кайда жүрдүң?
Кимдин колун кармадың?
Эмне мынча жалдыратып,
Эмне мынча алдадың?
Сөзү : Карагулованыкы
Обону : Т.Казаковдуку
Себеленип ойлордун жумшак жамгыры,
Салкын тартып карааның менден узады.
Кетпе алыска, кетпе менин жаштыгым,
Тумчуктурба агызып шарын ызанын.
Жылт эткен жылдыздын үзүгүндөй,
Сен кайда кеткенсиң,
асылкечим?
Жүрөктө толукшуп сүйүү жазы,
Сен качан келесиң,
асылкечим?
Тереңдерден балбылдап сезим бермети,
Ыйык ойлор шыбырын сенден жашырат.
Күнгө умтулган биздеги жашыл өмүргө,
Аппак жаандай тилектер жаап басылат.
Биз бөлүндүк жамгырлуу жаздын түнүндө,
Кош айтыштык апакай кайың түбүндө.
Андан бери жылдар өттү тизилип,
Келатасың ыр болуп менин үнүмө.
Сөзү : К.Жетимишбаевдики
Обону : Б.Мамаевдики
Назигим, айдай кызым,
Жалгызым, дарманымсың,
Жараткан берген ырымсың.
Бой жетип калдың эми,
Бакытың издеп келди,
Узатам сени, кымбатым.
Кайырма:
Кайнатаң медер туткан,
Келин бол, садагасы.
Коломто отун тутанткан,
Кайненең үмүт кылган,
Келин бол, садагасы,
Каадасын сактап, бек туткан.
Татынакай келинчек,
Ата-энеңе эркелеп,
Жүргөн күнүң калды,
Эсте сакталып.
Татынакай келинчек,
Барган жерге бакыт сеп.
Ажарыңа турсун баары суктанып.
Кабагым-кашым дебе,
Жакпайт ал кайненеге.
Урматың болсун дээриңде.
Сүйүүгө туруктуу бол,
Жашоо - бул эң узак жол,
Басып өт, кызым, эрикпей.
Кайырма:
Карап эле тургум келет талыкпай,
Сенин колуң аппак, жумшак мамыктай.
Жүрөгүң да жумшак болуп колуңдай,
Жүрсөң боло сүйгөндүгүң аныктай.
Кыйгач карап кыйнадың го карыптай,
Суусаттың го суудан чыккан балыктай.
Аздык кылат бир жылмайып койгонуң,
Акактаттың суусун берип жарытпай.
Ашык болгон абалыма карагын,
Суусатпачы, кургап барат тамагым.
Ак сүйүүңдөн бере турчу бир тамчы,
Жок дегенде эрдим нымдап алайын.
Сөзү : Г.Шакированыкы
Обону : Б.Мамаевдики
Тоолук кыз, жан шеригим, жагып калдың,
Чагылган жангандай бир жанып калдың.
Капыстан сезимиме бүлүк салып,
Адашкан мергенчидей мен калып калдым.
Кайырма:
Издегеним, сен элең далайдан издегеним,
Канча ирет өзүңдү издебедим.
Кечтентип жолугууну, эмнеге "күздө" дедиң?
Тоолук кыз, назданбачы, талып кеттим,
Тоолордун шар суусундай агып кеттим.
Адашып жалгыз калган кайберендей,
Арзуумду айта албастан мен калып кеттим.
Кайырма
Тоолук кыз, томсортпочу өчүң бардай,
Элесиң тиктей берем көзүмдү албай.
Кайрылчы, кадырлашып жүрөлүчү,
Бир-бирин кыя албаган асылдардай.
Кайырма
Сөзү : Г.Шакированыкы
Обону : Б.Мамаевдики
Өмүрүмдүн жалгыз арманы,
Өкүнүчтүн жансыз салмагы.
Өзүң деген ыйык тилегим,
Өргө жетпей өксүп калганым.
Кайырма:
Кечирип кой, жаным, эрмегим,
Кымбатымсың, кыйбасым менин.
Түбөлүктүү сенин энчиңе,
Тун сүйүүмдү арнап бергенмин.
Чулгап алып мени кусалык,
Сени күткөн күндөр узарып.
Өмүр токтоп ошол ирмемдер,
Отургансыйм жылбай тушалып.
Кайырма:
Кечирип кой, жаным, эрмегим,
Кымбатымсың, кыйбасым менин.
Түбөлүктүү сенин энчиңе,
Тун сүйүүмдү арнап бергенмин.
Салаалаган ысык жаш тамып,
Самабадым неге башканы?
Жазда кирген албуут дайрадай,
Сагынычымдын ашып-ташканы.
Кайырма:
Кечирип кой, жаным, эрмегим,
Кымбатымсың, кыйбасым менин.
Түбөлүктүү сенин энчиңе,
Тун сүйүүмдү арнап бергенмин.
|