|
Саамайың сылап,
Салкын жел жылат.
Ансайын сүйүүм ашып турат,
Күн чыкса күлүп,
Жүзүңдөн сүйүп,
Жүрөккө турат жарык тийип.
Кайырма:
Биз, эгиз жүрөк, бир болсок деп,
Эңсеп жүрөк.
Бирдей дайым максат тилеп.
Бакыт тилеп,
Бири-бирине болор тилек.
Сен да мага,
Мен да сага,
Энчиленген эгиз жүрөк.
Эрдиңден сүйө эзилип жүрөм,
Ээрчишип дайым бирге жүрсөк.
Айга да сени алмашпайм эми,
Сен барда Алла болбойт кеби.
Сөзү : Султан Садыралиев
Обону : Султан Садыралиев
Сөзү : С. Садыралиев, Асхат Субанбеков
Обону : С. Садыралиев
Атакеңди жер каратпа
Апакеңди жол каратпа
Тумар туткан алтын кызым
Тилегим оң тарапта
Кайырма
Кызытайым кызытайым кызытайым
Кызытайым күнүм айым
Кызытайым кызытайым
Эркелеген кызытай
Алла берген алтын кызым
Атасына жакын кызым
Кем болбогуң эч нерседен
Келечеги жаркын кызым
Ыйманыңды сакта кызым
Ырыскыңды чачпа кызым
Атакеңдин айткан кебин
Жүрөгүңө сакта кызым
Окшобогон эч бир жанга чырайлуу
Эч нерсеге алмаштыргыс кымбаттуум
Жараткан сени мага жаным берген
Жар кылып
Ысыгыма суугума чыдаган акылдуум
Кайырма
Көз ачып жумганымча өтөөрүңмүн
Ансыз да сезим таң бул назик көңүл
Көзүңөн айланам
Күлмүңдөп караган
Мен сени сүйөм сүйөм сүйөм кайталайм
Өзүңсүң жарык берген шам чырагым
Сүйкүмдүү кереметсиң карлыгачым
Бүтпөсүн сүйүүлөр калбасын көңүлдөр
Мен сени сүйөм сүйөм сүйөм кайталайм
Чайтаба жаңдаган да сен жүрөгүм
Жандырамын отун жагып мен бөлөнүн
Төгүлгөн мээримиңе төшөлсөм да жетпестир
Берекем аны сезип билип дайым жүрөмүн
Сөзү : Ильяз Абдыразаков
Обону : Ильяз Абдыразаков
Сөзү : Зарлык Камбаралиев
Обону : Зарлык Камбаралиев
Сүйүү сазына батып белчеден
Сагыныч кыйнайт,тартып желкеден
Бактылуу болуу кыялым эле
Ушулбу күткөн бактым эңсеген
Мен да кечейин,сен да кеч мени
Махабат бизге нурун сеппеди
Бактылуу кылам деген сөзүңө
Көзүм жетпеди
Кереги жок кайра жолоштун
Сен деп жүрүп күндөр короттум
Жүрөк муздап,муздап акыры
Сүйүүнү да сени жоготтум...
Кыйнасам бир жөн,көңүлү кош болуп
Чеги жок эркелеп,өзүнчө обу жоктонуп
Сени түшүнүп,ар дайым колдоп жүрчүмүн
Бир туруп сүйгөнүң,бир туруп дос болуп
Жүрөгүм жанчылат...
Үмүттү кескилейм кайчылап
Сезимдерим жаш болуп тамчылап
Сөзү : З.Камбаралиев,
Обону : А.Абдиева
Сени менен
Дал келбей ойлор мен издеген
Муз барбы кунго ээрибеген
Жылытсан болмок демин менен
Бир азга мени издебе
Киргиздим кара тизмеге
Баары бирге калтырдык биз неге?
Себебин билгим келет
Бизге кереги пауза
Оюмду толук жыйнап алууга
Фобия мага сенсиз калуу да
Сен умут бер жол табууга
Токтодук...
Мурдагы суйуу жок болуп
Конулсуз кундор топтолуп
Тутанбай калдык от болуп
Капалуу жуктосом stories
Жазба "Good night,good morning"
Журогумдун эркине кой менин
Кыйнады ооруй берип
Сөзү : З.Камбаралиев
Обону : А.Абдиева
Сени көрүү артык жыргалдан
Сөздөрүңө болдум тыңдарман
Кызганып кетем өзүндү
Көздөрүң сүзгөн кыздардан
Башканы каратпай
Мас кылып таратпай
Жүрөктү кызыттың
Жүзүмдөн жасалган кызыл шараптай
Сөзүң жагат таттуу,шеке-шекер
Ашык кылып мени ого бетер
Көңүлүмө туура келбей жүрөт
Жүргөнүбүз биздин жеке-жеке
Таба албайсын даба эч кайдан
Журогуно чокту мен салгам
Тутанып кетсе жалындап
Мен болом сага тез жардам
Сөзү : З.Камбаралиев
Обону : З.Камбаралиев
Бакытыма менин,жазылып озун
Сени менен толук, жүрөгүм бүтүн
Сүйүү менен боёп, сырдасак деймин,
Биз экөөлөп курган махабат уйун
Сен болсон жанымда
Колумдан жетелеген
Сен болсоң жанымда
Таянам, эркеленем
Сен болсон жанымда
Журогу куйуп турган
Сен болсон жанымда
Аярлап суйуп турган
Сен бар учун бармын,сынбай канатым
Кошо аккым келет,кайда агасың
Экөөбүзгө жетет, кубатым менин
Чогу сүзсөк узак жашоо дайрасын
Сөзү : Зарлык Камбаралиев
Обону : Зарлык Камбаралиев
Тынч жатпадым,туйшолуп тынч жатпадым
Сен келчудой,эшикти кылчактадым
Келбээринди кылт этип ойго салып
Жалгыздыктын жаздыгын кучактадым
Арманым бар эч кимге айта албаган
Арманым бар эч кимге байкалбаган
Кун откором ичимден сызган бойдон
Журогум сынган бойдон
Кантем анан,кантем анан
Куйут кошо коздон жаш ылдый агып,
Жалгыздык деп аталган чолдо калып.
Алыс жактан термелип чалкып турсан
Адашыпмын мен сени кол деп алып
Сөзү : Зарлык Камбаралиев
Обону : Зарлык Камбаралиев
Колумда кофе, бугун таң эрте
Оюмда жүзүң, кетпей элестейт
Экөөбүз түшкөн, сүрөттөр бир альбом
Сагындырып сени, сезимди ойготот
Жүрөгүм "Сахара"
Көңүл "Муз океан"
Канткенде унутуп
Канткенде жылытам
Эшикте жамгыр, басам акырын
Сен жок бош барат, ичи кол чатырдын
Өзүңө берип, жүрөгүмдү бүтүн
Болгум келгени чын, биринчин-акыркың
Сөзү : Зарлык Камбаралиев
Обону : Зарлык Камбаралиев
Наздана өтсөм жаныныздан көрбөйсүз
Сезбейсиз да неге көнул бөлбөйсүз
Журөгүмдөн ашык болбой мен сизге
Жүрсөм болмок суйүү деген көйгөйсүз
Кайдан да сүйдум,кайдан да сүйдум...
Журсөм болмок сүйүү деген көйгөйсүз
Сезимдериме неге жалын чачпайсыз
Жанашпайсыз неге бирге баспайсыз
Байымы жок сапатыңыз айынан
Жакшы көрөм кээде бир аз жакпайсыз
Жактырып жүрөм,жактырып журом...
Таарынганда кээде бир аз жакпайсыз...
Сөзү : Тилек Пирматов
Обону : Тилек Пирматов
Бакта алма гүлүн ачкан эле,
Бак аралап бирге жүргөн кезде.
Батынбастан мен сени сүйөм дешке,
Сүрдөгөнүм менин дале эсте.
Сүйүү жазым менин, махабатым,
Дарылачы жүрөк жараларын.
Сүйүп калдым сени не кылайын,
Айтчы неге мынча кыйнаганың?
Көрбөй калсам сени сагынамын,
Жаш балача эңсеп, зарыгамын.
Көңүлүмдө бир гана, өмүрүмдө,
Ойлорумда өзүң жүргөнүңдө.
Жалбырактар түшкөн күздү кезип,
Дале жүрөм, жаным, издеп сени.
Жаштык кезден калган жакшы сезим,
Унутулбай калар бизде эми.
Сөзү : З.Камбаралиев
Обону : З.Камбаралиев
Судоку,тагдырыма башым жетпей
Же сен кетпей,же мен кетпей
Жүрөк улам сени эстейт,мен эместей
Тротуар, колоком жана озум
Жанырат, ыйлаба деген созун
Жакпай абалым
Таппай амалын
Кайда барарым
Адатымды сени жакшы көргөн
Калтырбадым, кантем сага көнгөм
Ойлорумду каптап алып туман
Олтурамын капкарангы бөлмөм
Тундосу саат жылбай, убакыт өтпөй
Же узулбой умут өчпөй
Адат болду жашым төкмөй, көнүл чөкмөй
Жаныңа күнде келем, ең қымбат гүл де берем,
Күлімдеп алмайсың неге?
Сүйөм деп гүл бересиң, тез кетип үлгүрөсүң,
Гүл менен алдайсың неге?
[Қайырмасы / Кайырмасы:]
Аруым, сен неге мұңайдың? Қабағыңнан айналайын
Мөлдір моншақ үзіліп түскен жанарыңнан айналайын
Сенімсіздеу серпіп көтерген шаштарыңнан айналайын
Қастарыңнан айналайын, айналдым!
Чын эле мен неге муңайдым? Кечириңиз, ойлоноюн
Дартын емес, антын берип турган акылыңдан айланайын
Сыйлатасың сыпайы гана, мүнөзүңдөн айланайын
Бир өзүңдөн айланайын, айландым…
Жагат да күлгөнүңүз, жанымда жүргөнүңүз
Жагат да берген гүлүңүз
Өзін сәл биік көру, сағыныш жиып келу
Жігіттік мергендігіміз
Күлүп турган жамалың,
Мен өзүңдү самадым
Көп ичинен сени.
Бактылуу кыламын,
Ишенсең, чырагым,
Өмүрүмдү арнап.
Жылмайып күлүп кой,
Эркелеп сүйүп кой, жаным.
Жаратканым мага берген белегим,
Жашоодогу жалгыз менин керегим.
Ай жүзүңө арбалдым,
Мен өзүмдү арнадым,
Эзилип жүрөгүм,
Эңседи көңүлүм,
Мен жетемин сага.
Жылмайып күлүп кой,
Эркелеп сүйүп кой, жаным.
Эгер билсең, сенде менин жүрөгүм,
Кандай бакыт, менде сенин жүрөгүң.
Ай жүзүңө арбалдым,
Мен өзүмдү арнадым,
Эзилип жүрөгүм,
Эңседи көңүлүм,
Мен жетемин сага.
Жылмайып күлүп кой,
Эркелеп сүйүп кой, жаным.
Сөзү : Зарлык Камбаралиев
Обону : Зарлык Камбаралиев
Сүйүнүн көзү сокур дечү эле
Көрүнбөй сенден башка эч эле
Махабат жолдорубуз адашып
Ачылбай койду такыр бешене
Мен сени таптым го деп ойлогом
Жүрөктүн ээси го деп болжогом
Ойлонуп көрөлүчү деп анан
Оюмду бузуп салдың ортодон
Сезимиң жоктой мага байкасам
Мен сенин көңүлүңдү таппасам
Көңүлгө карай бербе түшүнөм
Чыныңды айтчы сага жакпасам
Жакпасам убактыңды коротпо
Жакын деп жүрөгүңө жолотпо
Үмүткө байлап койбой жип менен
Сен туура түшүндүрсөң болот го
Сөзү : Айжамал Абдраимова
Обону : Айжамал Абдраимова
Баса турса бала деген,
Бала үчүн баарын жеңген.
Апаларым, баарыңарды
Жер-энеге теңеп келем.
Кайырма
Апаларым, акылманым,
Жүрөгүмө жакындарым.
Ушул ырды өзүңөргө
Чын ниеттен тартууладым.
Күндүз күйгөн, күнүм сөнгөн,
Ай калкыган, түнүм сөнгөн.
Капа болсом, аядыңар,
Чалынсам мен, таядыңар.
Кайырма
Апаларым, акылманым,
Жүрөгүмө жакындарым.
Ушул ырды өзүңөргө
Чын ниеттен тартууладым.
Кыргыз кызың, ырдаарым чын,
Кызматымды кылаарым чын.
Картайбачы, апаларым,
Кылым артта, ыраазымын.
Кайырма
Апаларым, акылманым,
Жүрөгүмө жакындарым.
Ушул ырды өзүңөргө
Чын ниеттен тартууладым.
Аналарым жыламасын,
Жүректерім мұздамасын.
Әрқашанда құрметтеймін
Аналардың державасын.
Сезимим үчүн
Сен мени түшүн
Сени ойлоп , учурганмын махабат кушун
Жүрөгүңдү тандаганмын , жүрөгүм үчүн
Мага жагат сенин көздөрүң
Мага жагат сенин сөздөрүң
Гүл алганың ,уялганың
Жагат күлгөнүң
Сезимдер жалгап, багым болуп өзүмдү сен тандап
Ай-күнүбүз жарашып тургандай
Жүрөгүбүздү койгон го байлап
Ушул сенин көздөрүңдү жаным,
Жараткан го өзүмө арнап
|