super.kg logo

Мика - Неге ыйладын?

Жүктөлгөн: 20-02-2012
Көчүрүү
03:43
8,54 Мб
  • Currently 5.00/5
Жүктөгөн: Makentosh
Комментарийлер(3)
19.02.2012. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kommentariylerinerdi jaza bersener bolot, emnesi jetishet emnesi jetishpeit degendei, tolko ak oiunardy jazsanar trolling gonyat etpei.
19.12.2014. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сөзү, обону кимдики, ыя, Макинтош?
19.12.2014. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман эмес, бирок дагы точнее жазсаң болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
“Элдик аудио” бөлүмүнө жүктөлгөн аудиого жана анын мазмунуна SUPER.KG порталы жоопкерчиликти албайт.
Адамдын кадыр-баркына жана юридикалык жактардын ишкердик беделине шек келтирүүчү маалыматтар, тиешелүү жактардын жазуу түрүндө жеке кайрылуусу менен гана өчүрүлөт.

Мика - Неге ыйладын?

Ай жүзүң сенин турчу нурланып
Көздөрүңдөн агар эле сырлуу нур тамып,
А бирок сүйкүм күлкүң чыкпай сен азыр,
Армандуусуң неге мынча ыйлап сумсайып,
Сени таарынтып сезимдериңде ойногон
Ким болду экен ак сүйүүңдү мынча кордогон?

Айтчы, неге ыйладың?
Неге сыздадың?
Жазгы жамгырдай агат көз жашың.
Неге ыйладың?
Неге сыздадың?
Арманың болсо, айтчы, угайын.

Күтөсүң күндө жолун карап үмүт менен,
Термеле тиктейсиң сен терезеңен
А бирок сенин сезимиңди сыйлабаган
Ким болду экен такыр сезбеген?

Айтчы, неге ыйладың?
Неге сыздадың?
Жазгы жамгырдай агат көз жашың.
Неге ыйладың?
Неге сыздадың?
Арманың болсо, айтчы, угайын.

Убакыт өтсө зымырап учкан куштай,
Ушул күндө сезилгендер унутулгустай,
Сүйүүңө сенин кайрадан жаз да келер.
Жаркырап чыгасың таңкы Чолпон жылдыздай,
Уйкуң качып жамгыр төккөн сыртты карай,
Жашың төгүп терезеден көзүң албай,
Жамгыр сени менен кошо кайгыргансыйт,
Терезеден ылдый агып жүрөгү сыздай,
Кала бересиң элесин эске сактап,
Эч өчүрбөй жылдар өтсө, айлар айлап,
Менин да эсимде го арзуу тун сүйүүм.
А кандай нерсе эле бул махабат?

Айтчы, неге ыйладың?
Неге сыздадың?
Жазгы жамгырдай агат көз жашың.
Неге ыйладың?
Неге сыздадың?
Арманың болсо, айтчы, угайын.
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул элдик аудиого кирди:

Видеоклиптердин саны:
2893;
Аудиоклиптердин саны:
9299;
Элдик видеолордун саны:
36849;
Элдик аудиолордун саны:
18962;